Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

"Алиби" араздашкан
тараптардын эрмеги эмес…

Таластын Кум-Арык айылында жайгашкан мектеп-интернатынын жетекчиси К. Орозалиев менен аталган билим берүү мекемесинин алты мугалиминин кайым айтышуусу Кыргызстандын кыйырына жетти. Ар бир нерсенин чеги болот. Эки тараптын үзбөй келген каттары дөбө болуп үйүлүп, кеткендиктен эки тараптын пикирин бир макалага батырууну эп көрдүк. Анткени "Алиби" гезити булардын маселесин кайталап, кайрыла бергенге гезит бети да, редакциянын кызматкеринин мүмкүнчүлүгү да чектелүү.

Гезиттин 29-январдагы №4 санына Башкы прокурорго, айрым депутаттарга аталган мектептин директору К. Орозалиев, кызматкерлери Ж. Тыналиев, К. Акжоловдордун "Прокурор Калиев бирөөнүн колу менен чок кармагысы келеби?" аттуу арызы жарык көргөн. Анда Талас облусунун прокурору Замирбек Калиев мектеп интернатынан өз арыздары менен бошоп кетишкен, пенсия курагындагы С. Курманалиева, А. Борбашева, Б. Абакирова, К. Мураталиева, Г. Стамкулова, Н. Качкыноваларга колдоо көрсөтүп, алардын жазган арыздарындагы фактылар облустук финансылык полиция тарабынан текшерүүлөр болуп, ал текшерүүлөрдө эч кандай мыйзам бузуулар аныкталбаганы айтылган. "Бизге карата козголгон кылмыш иши эч кандай негизи жок, толук текшерилбей, кимге зыян келгендиги такталбастан мектеп директорун иштен четтетүү аракети менен жасалгандыгын" белгилешип, бир катар фактыларды келтиришкен .

"Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын
башы чыгыптыр же Талас элин тажатып бүтүргөн
К. Орозалиев ким өзү?"

Аңгыча жогоруда аттары аталган мугалимдерден "Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр же Талас элин тажатып бүтүргөн К. Орозалиев ким өзү бул?" деген кат келген. Кат ээлери "шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабай тургандыгын", чырдын башы болгон 2010-жылдын 31-мартында майып балдардын камкордугун көрүү үчүн өткөрүлгөн кайрымдуулук марафонунан түшкөн акчаны К. Орозалиев кантип "мойсоп" жибергендигин, мектеп интернаттын директору муну менен чектелип калбастан, диктатордун режимин күчөтүп, мугалимдерди кара жумушка иштетип, алардын эмгек маяналарына кол салып баштаганын" баяндашкан. Ал турсун К. Орозалиев майып балдарды пикетке чыгарып, бир жылда жыйырмадай кызматкерди иштен четтеткен экен. Андан ары А. Орозалиевдин аталган мектеп-интернатка келгенге чейинки ишмердүүлүгүнүн ак-карасына токтолушкан. К. Орозалиевдей Талас түгүл Кыргызстанда ызы-чуу менен коштолгон жетекчи болсо керек деп суроо коюшкан. 2005, 2008, 2009-жылдары аталган адамга укук коргоо тармагы, коопсуздук кызматтары тарабынан ага кылмыш иштери козголгондугун тизмектешкен. Билим берүү министрлиги тарабынан анын ишмердиги боюнча текшерүүлөр да болуп келгендигин маалымдашкан. 2007-жылдын март айындагы окуя коомчулуктун көз алдында К. Орозалиевдин чектен чыккан жоругуна Талас шаарындагы мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери, педагогдор түп көтөрүлө каршы турушуп, мэриянын имаратында конуп-түнөп, ачкачылык жарыялап, аны менен иштей албай тургандыгын билдиришип, бул окуяга саясий түс берилип, жергиликтүү бийлик менен билим берүү министрлигинин баш оорусуна айланганынан бери көрсөтүшкөн. "К. Орозалиев "кылдан кыйкым таап", ишке келгенине 3 жыл боло элек турруп, облустун прокурору Замир Калиевди күнөөкөр көрөбү?" деп суроо коюшкан. "Чейрек кылымга тете убакыттан бери эле райондук, облустук укук коргоо органдары башка иш калбай калгансып К. Орозалиевге асыла берет имиш. К. Орозалиевдин дагы бир орчундуу калпы, "бул облустун прокурору марафонго жана майып балдарга сокур тыйын берген эмес" деп жазган З.Калиев облустун прокурору болуп, 2010-жылдын июнь айында келип жатса, ал эми марафон 2010-жылдын 31-мартында өткөрүлсө, кантип марафонго катышууга мүмкүн же К. Орозалиевдин логикасы ушул жөнөкөй маселеге жеткен эмеспи?" деп суроо коюшкан. Андан ары "Бирок биздин нааразычылыгыбыз укук коргоо органдарынын жогорку инстанциялары тиешелүү түрдө көзөмөл жүргүзбөй жатат. Анын натыйжасында Талас райондук прокуратурасы жана Талас райондук ИИБ тарабынан кылмыш иши объективдүү тергелбей негизсиз чечимдерди алууга туура келди" деп көрсөтүшкөн. Бул катка Г. Стамкулова, С. Курманалиева, Д. Андашева, А. Борбашева, Н. Мамбетова, Н. Качкыналиева, жана К. Мураталиевалар кол коюшкан.
Редакция бул боюнча экинчи тараптын да пикирин угууну туура таап, алардан төмөндөгү жооп келди. Гезит бети чектелүү болгондуктан кыскарттык.

"БЕТИ ЖОКТОРГО,
АЛЛА ЖОКПУ?"

Кат ээлери андан жогоруда аттары аталган алты мугалимдин К. Орозалиевдин, окутуунун жаңы формасын колдоп, облустун аймагында биринчилерден 2 лицейдин автору экендигин, майып балдар үчүн мыкты шарттарды түзгөн жетекчи экендигин айтышат. Андан ары "арыз жазгандан баштары чыкпаган алты мугалимдин мурдагы жетекчи Ш. Жоробекованын тушунан бери жарытылуу сабак өтпөй, "белен аш жеп көнүшкөндүктөрүн" интернаттын эмгек жамааты эле эмес, айылдын эли да беш манжасындай билишет.Ошого карабастан жакшы ишти көрө алышпай, колдорунда бир дагы укуктук финансалык документтери жок болуп туруп, облустун прокурору З.Калиевди оолуктуруп, "Орозалиев жеп койду, Орозалиев ичип койду", "бизди кара жумушка иштетип жатат" дешип жоро-жолдошторун, кудаа-сөөктөрүн төш кылып, жыйындарды уюштурушкан. Бердике Баатыр айыл өкмөт башчысы К.Турдумбековду алдыларына салып алышып К.Орозалиевди жана сырттан келгендерди иштетпей, колунан сүйрөп чыгарып таштайбыз" деп чуу кылышкан. Алардын жазган ондогон жалаа каттарын негиз кылып, Таластагы жардамчы мектеп-интернатын текшербеген республикада жана областыбызда, ошондой эле районубузда бир дагы текшерүүчү мекеме, уюмдар калбады көрүнөт. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктарында К.Орозалиевдин үстүнөн жана биз тараптан бир дагы мыйзам бузуучулук же болбосо кылмыштын белгилери аныкталган жок.
"Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба" деген элдин сөзүн эске алып, алардын катынын ушагынан биздин ишибиздин натыйжасын артык көрүп, иштеп келе жатабыз. (Мындан ары К. Орозалиевдин жетекчилиги менен бюджеттен тышкары акыркы 3 жылда 9 миллиондой акча каражаты тартылып, мектеп-интернат капиталдык ремонттон өткөрүлүп ж. б. иштер жасалып жаткандыгы айтылат).
Замир Калиев өз кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, жогорудагы "жалаакор айымдардын" жалган арызын областтык финансылык полиция тарабынан ийне-жибибизге чейин текшертти. Акыры колго илинер эч нерсе таба албаган соң "Талас жардамчы мектеп-интернатынын жооптуу кызматкерлери тарабынан 2010-жылдын 31-мартында өткөрүлгөн кайрымдуулук марафонунда түшкөн акча-каражатын бухгалтерияга кириштебестен, кызмат абалынан пайдаланышып, ишенип берген мүлктү өздөрүнө ыйгарып алган" деген токтомду токутуп, ага өз колун бажырайта коюп, 2012-жылдын 5-апрелинде КР КЖКнын 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту менен атайылап, негизсиз кылмыш ишин козготууга жетишти. Эми ал тергөөнүн жүрүшү жөнүндө, андагы мыйзам бузуулар туурасында, мыйзамдуулукту тескөөчү областык "баш" прокурору мыйзамды бурмалагандыгы үчүн кандайча "мыш" прокурор болуп калгандыгы боюнча аталган иш КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Туманов, К.Осмоналиев жана баш прокуратуранын кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен 8 ай өтүп, КР КЖКнын 28-беренесинин 2-бөлүмү менен кыскартылгандан кийин биз 2012-жылдын 24-декабрында А.Саляновага, Т.Тумановго, А.Калматовго жазган арызыбызда анын үстүнөн иш козгоп, мыйзам чегинде сот жообуна өткөрүү өтүнүчүбүз, бүгүнкү күнгө чейин жоопсуз калды.
Баарынан да "айылдын ушакчы, ажаан аялдары дүрбөсө, айылдын дөбөттөрү кошо үрөт" дегендей биздин интернатка кыпындай тиешеси жок, ээгин ата сакалы эмес, алда качан "айылдын ак сакалдары" аталып калган О.Салыбаев, С.Өмүрканов, Т.Султаналиев өңдүү абышкаларга жол болсун!
Ушактарды, алдын ала жалган маалыматтарды таратышкандыктары үчүн мектеп-интернаттын мурдагы мугалимдери, жалаакор С.Курманалиева. Г.Стамкулова, Н.Мамбетова, Н.Качкынова, Д.Андашова, Б.Абакирова, Н.Дүйшеева, К.Мураталиева, А.Борбашева, Д.Сулаймановалардан жана алардын туугандары К.Турдумбеков, О.Салыбаев, Т.Султаналиевдерден бизге келтирген моралдык жана материалдык зыяндар үчүн 1 миллион 300 миң сом өлчөмүндөгү чыгымдарды өндүрүп, мектеп-интернаттын атайын эсептик счетуна котортуп беришин Талас райондук сотуна мектеп-интернаттын жамаатынын жалпы мүчөлөрүнүн атынан суранып, доо арыз бердик. Эми аларга райондук сот туура баасын берет деген ишеничтебиз" деп Тыналиев Жолчу, Көчөрбаева Жылдыз, Жекшенов Кушбек, Сүйүналиева Жыпар жана мектеп-интернаттын жалпы эмгек жамааты баш аягы 36 адамдын аты-жөнү жазылган.
Мына ушундай жооптордон улам бул бир эмгек жамаатынын, райондук элге билим берүү мекемесинин алкагында чечиле турган маселеге жакын арада чекит коюла турганына көз жетпейт. Бизди кыжаалат кылганы К. Орозалиев жана ал жетектеген жамааттын маселесин билген Талас облустук билим берүү башкармалыгы, Билим Берүү министрлиги бул маселени жеринде чечкенге чамасы жетпей калганбы? Облустун прокурорунан бери аралашкан бул ишке айыл аксакалдары да аралашып, айтор акырына чыкчудай эмес. Кандай болгон күндө да "Алиби" гезити бул маселеге бир нече жолу кайрылды. Бүгүн да гезит бетинен орун берди. Айта кетүүчү жагдай гезит элдин үнү болгону менен жаакташкан тараптардын майдан талаасы эмес. Алым-сабак айтышкандардын маселесин маал-маалы менен чагылдыра берүүгө жогоруда айтылгандай гезиттин да, редакциянын кызматкеринин да мүмкүнчүлүгү да чектелүү. Ошондуктан, бул маселеге чекит коебуз.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??