Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Бир ишти 10 жыл "тепкилеп" бүтпөгөн соттор…
Биздин өлкөбүздөгү соттордун "соккон" чечимдерине нааразы болгон элдин санын саначу болсок, миллионду чапчып түшсө керек. А балким андан да көп чыгар. Себеби, эсеп-чотко алган жан жок, алганда деле не? Калыстык издеп сотко кайрылган адамдарды соттор, кылмышкерлерге "ылайыкталып" жазылган мыйзамдар менен "как башка" уруп, "билгениңди кылып ал" таризинде жолго сала берет. Чындыгында, жогорудан баштап ылдыйга чейинки соттордун "жоруктарын" жолго салуу мүмкүн эмес. Мыйзамыбыз ошондой.

Айтканым курулай жалаа болуп калбаш үчүн, аны "Чубактын кунундай чубалжып" 10 жылдан бери бүтпөй келе жаткан бир окуянын мисалында тастыктап берейин.
Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Бөкөнбаев көчөсүнүн 19-үйүнүн ээси Т.В.Ермолина ар кайсы банктардан карыз ала берген баштанат. Убагы келгенде ал карыз акчаларды төлөй албай калгандыктан, соттон чечим чыгып, күрөөгө коюлган үйү сатыкка коюлуп, 2004-жылдын 7-апрелинде Аламүдүн районунун сот аткаруучулары тарабынан сатылып кетет. Үйдү сот аткаруучунун уюштурган сатыгынын жеңүүчүсү А.Танабаев протоколдун негизинде, мыйзамдуу түрдө сатып алып, мыйзам чегинде тийиштүү мекемелерден каттоодон өтөт.
А бирок, үйдүн мурунку ээси Т.В.Ермолина "сот аткаруучулар сатыкты туура эмес жүргүзгөн" деген шылтоо менен сатыкты жокко чыгарып берүү жөнүндөгү арыз менен Чүй областтык райондор аралык сотуна кайрылат. Арызды сот 2004-жылдын 17-декабрындагы чечими менен канааттандыруусуз калтырат. Бул чечим Чүй областтык сотунун 2005-жылдын 7-апрелиндеги чечими менен өзгөртүүсүз калтырылат.
Бирок, Жогорку Соттун 2005-жылдын 9-декабрындагы чечими менен жогорудагы чечимдер жокко чыгарылып, сот аткаруучунун уюштурган сатыгы жараксыз деп табылып, жаңы чечим кабыл алынат. Ушул чечимдин негизинде аталган иш азыркы күнгө чейин уланууда. Жакында 10 эле жыл болот.
Т.Ермолина А.Танабаевди үй-бүлөсү менен аталган үйдөн чыгаруу жөнүндөгү арыз менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылат. Ушул эле сотко тосмо арыз менен А.Танабаев адилеттүү сатып алуучу катары таануу жөнүндөгү арыз менен кайрылат. А.Танабаевдин арызы Аламүдүн райондук сотунун 2006-жылдын 12-апрелиндеги чечими менен канааттандырылат. Ал эми Т.Ермолинанын арызы канааттандыруусуз калтырылат. Бул чечимди Чүй областтык соту өзүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы аныктамасы менен жана Жогорку Соттун 2006-жылдын 5-сентябрындагы токтому менен өзгөртүлүүсүз калтырылат.
Т.Ермолина токтоп калбас-тан "жаңы ачылган жагдайлардын негизинде" деген арыз менен сотко кайрадан кайрылат. Бул арыз 2007-жылдын 12-ноябрындагы Аламүдүн райондук сотунун чечими менен канааттандыруусуз калтырылат. Чечимди Чүй областтык соту күчүндө калтырган. Жогорку Сотко даттануу келтирилген эмес.
"Бөтөн адамдагы өз мүлкүн алып берүү" жөнүндөгү Т.Ермолинанын кезектеги арызын Аламүдүн райондук сотунун судьясы Б.Кубанычбеков 2007-жылдын 8-майындагы чечими менен канааттандырып салат. Кайсы мыйзамдын негизинде мындай арыз сотто каралды? Жөнөкөй, карапайым адамдарга маалым болгон жагдайды адис судья кантип билбей калган? Тактап айтканда, "карызын төлөй албай калгандыгы үчүн сот аркылуу алдырып койгон үйүн" кайрадан талашып жатканы эч кандай адамдык түшүнүктөргө дал келбейт да. Андан да кызыгы бул чечимди Чүй областтык сотунун судьялары Б.Батырканов, Г.Мамбеталиева жана К.Туйбаев күчүндө калтырышып беришкен. Бирок, Жогорку Соттун 2009-жылдын 20-февралындагы адилеттүү чечими менен жогорудагы аталган чечимдер жокко чыгарылган.
"Жыгылган күрөшкө тойбойт" дегендей Т.Ермолина Аламүдүн районунун соттук аткаруучусунун кыймыл аракетин мыйзамсыз деп таап берүү жөнүндөгү кезектеги арызын Чүй областынын райондор аралык сотуна кайрадан берет. Бул арызды сот канааттандырып салат. Бирок, Чүй областтык соту 2009-жылдын 2-мартындагы чечими менен бул чечимди жокко чыгарып салат. Жогорку сотко арыз берилбейт.
Эрикпеген Т.Ермолинанын экинчи ирет жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайрылган арызы 2008-жылдын 2-июлундагы Аламүдүн райондук сотунун чечими менен канааттандыруусуз калтырылган. Чүй областтык соту 2009-жылдын 25-августундагы чечими менен чечим күчүндө калтырылган. Жогорку Сотко даттануу келтирилген эмес.
Сотко кайрылгандан тажабаган Т.Ермолина Чүй областтык райондор аралык сотуна Аламүдүн райондук Мамкаттоосунун кызматкерлеринин кызматтык кыймыл-аракетине… деген кезектеги доо арызы менен кайрылат. 2010-жылдын 6-октябрында судья Дос-матов арызды канааттандырып, "Мамкаттоонун кызматкерлери аталган үйдү туура эмес каттаган" деген чечим кабыл алат.
Бирок, бул чечимди Чүй областтык соту адилеттүү түрдө жокко чыгарган. Бул калыс чечимди Жогорку соттун судьялары Э.Сыдыков, Д.Арстанбаева жана К.Осмоналиевдер "кайрадан каралсын" деп биринчи соттук инстанцияга жөнөтүп салган.
Ишти кайрадан караган биринчи соттук инстанциянын судьясы Курманов А.Т. адилеттүү чечим кабыл алып, "А.Танабаев адилеттүү, калыс сатып алуучу" деп таанып, доо арызды канааттандыруусуз калтырат. Чүй областтык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, "Т.Ермолинанын бул үйгө эч кандай тиешеси жок" экендигин баса белгилеп, "Т.Ермолина өзүнүн үйгө болгон менчик укугунан үйүн күрөөгө коюп, бирок төлөй албай калган маалдан тартып ажыраган" деп аныктап берет.
Мына ушундай чечимдерди Жогорку Соттун экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары А.Мухамеджанов, Б.Акматов, Н.Арапбаев жана К.Осмоналиевдер уламдан-улам, кайрадан кароо үчүн райондук сотко жөнөтүп жатышат.
Эми, Т.Ермолина Аламүдүн мамкаттоосунун кызматкерлеринин үстүнөн "Кыймылдабай койдуңар" дегендей, расмий тилде айтканда "на бездействия работников Госоргана" деген шылтоо менен кайрадан доо арыз келтирип, Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна кайрылган.
Мына, урматтуу окурманым. "На действия, на бездействия, ничтожная сделка, истребование имущества из чужого владения и тыды, и тыпы" дегендей. Ушу сыяктуу ар түрлүү арыздар менен Т.Ермолина сотторго кайрыла берет. Ал эми соттор болсо он жылдан бери бир эле үйдүн тегерегиндеги ишти бүтүрбөстөн "сүйрөп" келе жатышат.
Калыстык иретинде айта кетсем, соттордун баары адилетсиз дегенден алысмын. Арасында Ч.Садыровага окшогон калыс, "кара кылды как жарган" соттор дагы жок эмес. Судья Ч.Садырова өзүнүн 2011-жылдын 14-апрелиндеги адилеттүү чечими менен жогорудагы арызга "жирный чекит" койгон. "Т.Ермолинанын бул ишке, бул үйгө эч кандай тиешеси жок, иш боюнча ал тарап эмес" экендигин баса белгилеп, ишти кыскартуу жөнүндө калыс, адилеттүү чечим кабыл алган. Бул чечимди областтык сот күчүндө калтырды.
Бирок, кайра эле, баягы Жогорку соттун Д.Максымбекова, Н.Арапбаев жана К.Осмоналиевге окшогон соттору эч негизи жок эле ишти кайрадан кароо үчүн биринчи инстанцияга жөнөтүп салышып жатат.
Биринчи инстанциядагы сот отурумунда Мамкаттоонун өкүлү С.Сагимбаев өтүнүч келтирип, Т.Ермолинанын бул ишке тиешеси жоктугун белгилеп, тараптардын талаш-тартышы жок экендигин айтып, ишти кыскартууну суранган. Бирок, судья Н.Бекбаева Жогорку соттун судьялары Д.Максымбекова, Н.Арапбаев жана К.Осмоналиевдердин талабын аткарып, өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырган. Бул чечим областка даттанылган. Областтык сот Н.Бекбаеванын чечимин күчүндө калтырып салган. Жогорку сотко даттануу келтирилди.
Мыйзамдын негизинде сотто каралбай турган ишти, Т.Ермолинанын эч кандай тиешеси жок ишти, талаш-тартышы жок ишти, биринчи соттук отурумдун судьясы Ч.Садырованын адилет чечимин бузуп, 2012-жылдын 4-октябрындагы Жогорку соттун судьялары А.Мухамеджанов, Б.Акматов жана К.Осмоналиевдердин чечими менен үчүнчү ирет "кайрадан каралсын" деген чечим кабыл алынып, ишти кайрадан артка кайрып салышты.
Бул ишке чекит коюлары белгисиз болуп калды. Себеби, ушул бир иш Жогорку сотто ОН БЕШ жолу каралып, бирок али ушу күнгө чейин бүтпөй келе жатат. Бүтөрү да күмөн болуп калды.
Анан сот системасынын кайсы реформасын айтып жатабыз?
Соттордун "жаңыланып" жатканынан "жарып" кеткенибизге мактана алат бекенбиз, окурманым?

P.S. Бул иш эми 28-мартта Жогорку Сотто каралмай болду.

Молтой Туман






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??