Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Менин милициям мени кордойт
же эмне үчүн кыргыз
милициясы уятка ууккан
жарлыктан арыла албай келатат?


Советтик мезгилде "Менин милициям мени коргойт" деген эң сонун ураан бар эле. Кийин эгемендүү мамлекет болгондон бери ал ураанды карапайым калкыбыз "Менин милициям мени кордойт" деп өзгөртүшүп ылакап кепке айлантып алышты. Буга биздин милициябыз чычалашкан да жок, дагы деле чычалабай эле келе жатышат. Анан да биздин милициябыз аткаминерлерден айбыгып турушат, алар менен сылык-сыпаа сүйлөшүп, жылдырганын жымырып, акырын узатып коюшат. Бирок, даражасын, чинин көтөртүш, сыйлык-пыйлыктарга жетип туруш үчүн кайсы бир кылмышты ачты деген факт да керек да… Мына ошондуктан кокус карапайым байкуш бирөө колуна түшсө ач кенедей жабышып, коколоп эле жатып калышат.

Кызыл
шапкечендердин
кызыл камчылыгы

Өткөн жылы күч органдарынын кызматкерлери кылмышка шектүү делгендерди күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн 371 жаранды ур-тепкиге алгандыгы тууралуу алардан арыз түшкөн. Башкы прокуратура бул боюнча, убактылуу кармоочу жайларды капысынан текшерүүгө алганда чын эле 31 жарандын кыйноого алынгандыгы аныкталып, бул боюнча кылмыш иши ачылып, алардын жыйырмасы сотко жөнөтүлгөн. 2007-2008-жылдары укук коргоочулар кыйноолор боюнча 87 фактыны көтөрүп чыгышыптыр. 2007-жылы милиция кызматкерлеринин кыйноолорунун кесепетинен төрт жаран бул дүйнө менен кош айтышкан.
Азыркы учурда деле респуб-ликабызда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кыйноолоруна кабылган жарандардын арыздары боюнча бир топ сот процесстери жүрүүдө. Алардын айрымдары "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" болуп жылдан-жылга созулуп келе жатат. Айталы, 2011-жылы сентябрда Бишкек прокуратурасы кылмыш изилдөө бөлүмүнүн начальниги Төлөбек Жунушахуновдун, оперкызматкерлер Нурдин Жузубалиевдин, Мирлан Алиевдин, Марлен Асановдун, Азат Балыкбаевдин, Эрмек Мамбетжановдун чогулуп алышып, Эркин Турусбеков аттуу жаранды кызыл камчыга алып, кыйнашкандыгы үчүн кылмыш ишин ачкан. Алтооно тең "Кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы", "Кыйноого алгандыгы", "Көрсөтмө берүүгө мажбурлагандыгы", "Көрсөтмөлөрдү фальсификациялагандыгы" үчүн статьялары боюнча күнөө коюлат. Бирок сот курамына ишенбөөчүлүк, кылмыш иши жеткире иликтенбегендик, күнөөлүүлөрдүн биринин угуу процессине кандайдыр бир себеп менен келбей калгандыгы өңдүү ар кандай себептерди бетке кармашып кылмыш иши ушул убакка чейин созулуп келе жатат.

"Төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок"
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда да аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн жана Ош облусунун Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн оперкызматкерлери Уланбек Мырзатаев менен Сейитбек Мамитовдун кылмыш иштери каралууда. Бул көпкөн кызыл шапкечендер 2011-жылы 6-апрелде борбор шаарыбыздан 25 жаштагы Нурбек Элаловду кишендеп, күчтөп машинага салышып, ур-токмокко алышат. Аны менен эле тим болушпай, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишип, башына полиэтилен баштыкчасын кийгизишип, жерге бүк түшүрүп, резина таягы менен сабашат. Токмоктолгон жигит менен анын туугандары прокуратурага бир эмес, бир нече мертебе арыз жазышат. Бирок Ленин райондук прокуратурасы "төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок" дешип, кылмыш ишин козгобой атайын создуктуруп жүрө берген. Акыры Нурбектин чыркыраган үнү Башкы прокуратурага жеткенде гана каралып отурат. Башкы прокуратура "ушундай болгон турбайбы, көзүңөрдү ачпайсыңарбы" деп сөөмөйүн кесегенинен гана Ленин районунун прокуратурасы былтыр 25-январда эки "эргулга" "Кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы", жана "Кыйноого алгандыгы" үчүн статьялары боюнча кылмыш ишин ачкан.
Каракол шаарынын тургуну Бактыбек Бейшебаевдин доо арызынын негизинде шаардык ички бөлүмүнүн нөөмөттөгү кызматкеринин жардамчысы Мирлан Кыдырмышевге байланыштуу кылмыш иши да сотко ашкан. Ал өткөн жылдын 22-декабрында Б. Бейшебаевди сабап, денесине залал келтиргендиги соттук-медициналык экспертизада аныкталып, ага да "Кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы" жана "Кыйноого алгандыгы" үчүн статьялары боюнча кылмыш иши козголгон. Мына ушундай эле кылмыш иштери жакында Сокулук, Жайыл жана Москва райондорунун оперкызматкерлерине да козголгон. Алар уурулукка шектүү делген Беш -Корук айылынын тургунуна беш койду мойнуна алдыруу үчүн уруп-сабап кыйнашкан.

"Карга карганын көзүн чокубайт"
Жогорудагы мисалдарыбыз кызыл шапкечендердин кызматтык милдеттерин аткарууда адыраңдап аша чаап кеткендиктеринин айрым гана фактылары. Анын үстүнө биз кылмыш иши козголгондорун гана мисалга тарттык. Ал эми "карга карганын көзүн чокубайттыкка" салып, ары түртүп, бери түртүп, созуп, ар кандай шылтоолорду табышып, ишти жаап коюшкандары канча дейсиң. Мында адатта милиционердин күнөөсү дадилденбеди деген жүйөөнү бетке кармашат.
Төмөндөгү окуяда ушундай болбогондугуна ким кепил болот? 2011-жылдын 11инен 12-июнга караган түнү Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат күзөтүнүн кызматкерлери А. Налеткин аттуу жаранды Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайына алып келип камашат. Эки күндөн кийин ал Токмок шаардык ооруканасына оор акыбалда жеткирилет. Натыйжада "Кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы" жана "Кыйноого алгандыгы" үчүн статьялары боюнча кылмыш иши ачылып, бир айдан кийин Токмок шаардык соту "кайгуулчуларды" актап жиберген.
Ар кандай ыкмаларды колдонуп, ур-токмокко алып, кыйноо менен күнөөсүн мойнуна алдыруу аракетин көрүү жалгыз эле Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине тиешелүү көрүнүш эмес. Мындай фактылар Улуттук коопсуздук комитетинде, Жазаларды аткаруу кызматында, Коргоо министрлигинде, Чек ара кызматында да орун алып келатканын айтышып, укук коргоочулар коңгуроо кагып жүрүшөт. Кыргыз Республикасы 1997-жылы адамдын кадыр-баркына доо кетирген, адамгерчиликке жатпаган, зөөкүрлүк мүнөздөгү кыйноолорго каршы БУУнун Конвенциясына кол койгон болчу. Ал эми өлкөбүздүн Башмыйзамынын 22-статьясында "Кайрылуу же тартипке чакыруу талабы менен эч ким кадыр-баркына доо кетирген, адамгерчиликке жатпаган кыйноолорго, зөөкүрлүккө кабылууга тийиш эмес" деп кашкайып жазылып турат.

Кыргыз
милициясында
криминалистикалык кызмат
өнүккөн эмес
Жогорудагы бакандай эки документтеги талаптарды биздин милиция кызматкерлери эмне үчүн аткарбай келе жатышат? Биринчиден, 2003-жылы кабыл алынган "Кыйноолор" боюнча статьянын бир жактуу, алешем иштелип калгандыгынан милиция кызматкеринин кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы, кыйноого алгандыгы айдан ачык болуп турса деле, кылмыш иши козголду делимиш болуп, шарттуу түрдө өтө жеңил өкүм чыгарылып жүрөт. Демек, ал зөөкүрлүк иш-аракети үчүн эртеси "жооп берип калам" деп коркпойт. Экинчиден, биздин күч органдарында криминалисттик кызматтын өнүкпөгөндүгү. Тактап айтканда, кыргыз милициясынын криминалистиканын функциясы, теориясы, техникасы, тактикасы, методикасы жаатында илим-билимге каныкпагандыгы. Үчүнчүдөн, дегеле күч органдарына кызматка алууда ал жарандын жалпы билим деңгээли, адамгерчилик ариети, таалим-тарбиясы терең текшерилбестен, тескерисинче тааныш-билиштик же жең ичинен акча жылдыруу өнөкөтү орун алгандыгы.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??