Ойносоң да ойлоп сүйлө
Кыргызстан Арабиянын
колониясына айланабы?
КРнын Жогорку Кеңешинде кийинки мезгилдери кызыктай бир мыйзам долбоорлору сунушталып жүрөт. Айрыкча "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу тарабынан. Эл өкүлүнүн бул мыйзам долбоору парламентте көпчүлүк добуш менен өтүп кетсе, жума - жалпы кыргызстандыктар үчүн дем алыш күнү болуп калмакчы. Бул мыйзам долбооруна ылайык Эмгек кодексинин 112-статьясынын "Дем алыш күндөр" бөлүмүндөгү "Ишемби - жалпы дем алыш күн" деген сөзгө оңдоо киргизилип, "Жума - жалпы дем алыш күн" деп жазылууга тийиш.
Депутаттын пикири боюнча бул мыйзам долбоору жарандардын диний укуктарын коргойт. Ал өз сунушун "Калктын 85 пайызы исламды тутуп, күндөлүк жашоо-турмушунда мусулман үрп-адаттарын аткарып келишүүдө. Ислам шарыяты боюнча мусулман үрп-адаттарынын эң негизгилеринен болгон "жума намаз" жума күнү болот. "Жума намаз" түштө башталгандыктан, көпчүлүк адамдар жумушунан суранууга мужбур болушат" деп негиздеп, "аптанын жумуш күнү ишембиден башталсын" деп айтууда.
Турсунбай Бакир уулу кызыктай бир мыйзам долбоорлорун сунуштап жүрөт дебедимби. Адегенде ал "Ак үйдө иштегендердин көпчүлүгү намазга жыгылабыз деп жатышат" деген таризде Ак үйдө намазкана ачуу демилгесин көтөрүп, бул багытта укук коргоочу Динара Ошуракунова экөө акыйнек айтышканы да коомчулукка белгилүү. Кыргызстандын Башмыйзамынын 7-беренесинде "Кыргыз Республикасында бир дин мамлекеттик дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес" деп жазылып тургандыгы менен Жогорку Кеңеште эл атынан олтурган Турсунбай Бакир уулунун эч бир иши жок. Ал "шариятта Жаңы жыл жөнүндө жазылган эмес" деген таризде өлкөбүздө Жаңы жылды майрамдоо жат көрүнүш экенин тажабай айтып да жүрөт.
Мамлекетибиздин Башмыйзамында Кыргызстан динге көз карандысыз (светтик) мамлекет экени кашкайып жазылып турат. Турсунбай Бакир уулунун эркине койсо Кыргызстанды бизге Аравиядан күч менен таңууланып келген шарияттын жол-жоболору менен башкартып койгусу бар. Мен таңгалам, Турсунбай Бакир уулу деги кыргыз өлкөсүн кай жакка түртүп жатат? Буга чейин ал парламенттин 4 жолку чакырылышынын депутаты, КРнын "Акыйкатчы" институтунун жетекчиси, КРнын Малайзиядагы элчиси болуп, кийин журт башчылыгына бир топ жолу талапкерлигин коюп да келди эле. Эл оозунда жүргөн ушундай кишинин оозунан да ушундай кептер чыгабы? Ал Кыргызстанды диндик фанаттык көз карашка кептегиси келип жатабы? Аны-муну айтпаганда да Кыргызстан бизден тээ канча бир чакырым алыстыкта жаткан Аравиянын колониясына(!)кирбейт да. Депутат Турсунбай Бакир уулунун парламенттеги кызыктай сунуштарын угуп олтуруп, Араб шейхтеринин атайын тапшырмасын аткарып жатабы деген да ойго кетет экенсиң. Диний фанатизм коомчулукту караңгылыкка кептелтип, ар кандай диний чыр-чатактардын очогун жаратышы да мүмкүн. Демек, Турсунбай Бакир уулу көтөрүп келе жаткан сунуштар, азырынча кызыктай болуп көрүнүп жатканы менен келечекте өлкө коопсуздугуна кандайдыр бир деңгээлде коркунуч туудурбайт деп ким айта алат?.

Дайырбек МЕЙМАНОВ




Алтын өндүрсө мамлекет өндүрсүн, котур ташы койнунда инвесторлордун кереги жок
Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин алдындагы методикалык экспедициянын 1997-жылы жүргүзгөн эсептөөлөрүнүн негизинде Жерүй алтын кенинин жалпы кору (запасы) 104,8т. болуп эсептелинген. Ошону менен бирге алтындын корун кошумча 10 тоннага дагы көбөйтүү мүмкүнчүлүгү да көрсөтүлгөн. Демек, Жерүй кени көлөмү боюнча Кумтөр алтын кенинен кийинки алтын кени болуп эсептелинет. Кумтөр кенинин тагдыры өтө эле татаал болуп калды. Ал эми Кемин жергесинде жайгашкан "Талды-Булак сол жээк" алтын кени (80т) бүгүнкү күндө да өзүнүн ордун толук таба элек. Учурунда, коңшу казак инвесторлору келип иш жүргүзө баштаганда "эми иштеп кетет экен" деп сүйүндү элек, тилекке каршы алар өздөрүнүн 60% үлүшүн кытай инвесторлоруна 60млн. доллардан ашык акчага сатып жиберип кетип калышты. Ит бекер алышты да, акчалуу болуп кете беришти.
Жерүй кенинин тагдыры кандай болууда? Жерүй кенин иштетүү "Жер казынасы" мыйзамынын негизинде конкурс жолу менен ишке киргизүү аракеттери болуп жатат. Конкурстун шарттарын иштеп чыгуу маселесинин үстүндө 47 адамдан турган комиссиянын мүчөлөрү 2 айдын тегерегинде өз сунуштарын киргизип, конкурстун жалпы шарттарын иштеп чыгышты. Конкурстун жобосунун ичинде талкууга толук арзый турган көйгөйлүү маселелер бар. Биринчиден , эмне себептен жободо Кыргызстандын үлүшү болбош керек деп жазылган? Ошол эле Кумтөрдө - 33%, "Талды-Булак сол жээк" кенинде 40% үлүшүбүз болуп келсе, Жерүйдө Кыргызстандын үлүшү болбош керек экен. Бул долбоордо мамлекеттин канча үлүшү болсо, биз ошончолук деңгээлде кенди башкаруу процесстерине катыша алабыз, муну азыр бешикте жаткан бала деле түшүнүп калды. Кумтөрдүн башкаруу процесстерине катыша албаганыбыздын себебинен бүгүнкү күндөгү акыбалыбыз оор болуп жатканы эч кимге жашыруун эмес.
Экинчиден . Конкурстун жыйынтыгы менен жеңип алган компания менен Кыргызстан тараптын ортосунда келишим болуш керекпи же жокпу? Комиссиянын сунушу боюнча болбош керек экен. Менин оюмча келишимдин болушу зарыл нерсе. Келишимге үч эле тараптын (геология агенттиги, жергиликтүү бийлик жана компаниянын жетекчилиги) кол коюшу жетиштүү болот. Себеби, конкурстун жобосунда инвесторго коюлуп жаткан талаптарды (акча каражаттары, бонус, комбинаттын курулушу, анын мөөнөттөрү, социалдык пакет маселелери жана башкалар) лицензиялык тиркемеге жазуу туура эмес болуп калат. Эгерде үч тараптуу келишимге бардыгын жазып көрсөтүп, ошол эле мезгилде, эгерде коюлган талаптардын бирөө эле өз мезгилинде аткарылбай калса, анда геология агенттиги лицензияны жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк алат деп жазылса, бул дагы утуп алган инвесторду толук кандуу иштеткенге түрткү болоор эле!
Үчүнчүдөн . Жерүй кенин конкурска алып чыгып сатып жатабызбы, азыркы күнгө чейин толук түшүнүк жок? Себеби конкурстун жобосунда ар кандай түшүнүктөр көрсөтүлгөн, бир жеринде "цена объекта" деп жазылса, экинчи жеринде "стартовая цена" деп айтылып, "стартовая ценасы" 300 млн. долл. болуп чыга келди. Менин маалыматыма ылайык, Кытайдын бир компаниясы 600 млн. долл. төлөп берүүгө даяр экен. Демек, биз аны саткан турбайбызбы. Азыркы мезгилде Жерүй кенинин баасы (жободо көрсөтүлгөндөй "цена объекта") 5,5 млрд. долл. түзөт. 600 млн. долларга Жерүй кенин инвесторго кармата берип, бир эле салыктардын негизинде канчалык пайда табабыз, эсептөөлөр барбы, "алдаткан жокпуз" деп ким кепилдик берет?
Төртүнчүдөн . Конкурс уюштурулуп, конкурска катышкан компаниянын бири 300-600 млн. долл. акча каражатын төлөп берип, "жеңүүчү" деп табылып лицензияны колуна алып иштеткенге келгенде, жергиликтүү элдин талабына жооп бере албай калып, эл иштетпей койсо кандай болот? Ар кайсы региондордогу жайгашкан кен байлыктардын иштебей келиши далил болуп жатпайбы. Буга кошумча Талас элинин кен байлыктарды иштетүүгө 50 жыл мораторий жарыялашы. Мындай жүйөөлүү себептерди да чечим кабыл аларда эске алсак жакшы болоор эле. Республикабыздын бюджетинин тартыштыгы менен жашабай келечегибизди ойлосок туура болмок. Конкурста утуп алган компания 300-600 млн. долл. акчасын төлөп коюп, "эл иштетпей жатат" деп олтура бербейт. Ал лицензиянын негизинде биржага чыгып, акция чыгарып өзүнүн короткон акчаларын бат эле кайрып алат дагы, акционерлер менен Кыргызстанды соттоштуруп коюп, жыйынтыгын күтүп жата берет.
20 жылдан ашык убакыттан бери ар кайсы инвесторлордун колуна тийген Жерүй кенинин эле тагдыры дагы да чечилбей калат, ошондуктан бул жолу да тагдырына балта чаппасак!
Бешинчиден . Эмне үчүн кыргыз эли Жерүй кенин өзү иштетсе болбойт? Адис катары иштетсе болот деп айтаар элем! Иштетүүнүн эң негизги эки жолу бар. Биринчиси. Бул жолду 2010-жылдын жай айларында өкмөткө расмий түрдө сунуштадым эле. Ошол мезгилде Кумтөрдөгү биздин акцияларыбыздын баасы 1 млрд. доллардан ашык болуп турган. (Эсептөөлөрдүн негизинде Жерүй кенин иштетүүгө 400 млн. долл. акча каражаты керектелет). Кумтөрдөгү акцияларыбызды күрөөгө коюп же сатып 400 млн. долл. акча каражатын таап Жерүй кенин өзүбүз иштете берсек болмок. Бирок азыр, тилекке каршы акцияларыбыздын баасы 460 млн. долл. эле болуп калды, эртеңки күнү мындан дагы төмөн түшүп кетиши мүмкүн. Демек, бул жол менен азыр Жерүй меселесин чече албай калдык!
Экинчиси - Жерүй кенинде 104,8 тонна алтын бар деп айтылбадыбы. (Бар экенин далилдеп бере алабыз, бар деп ишенгендеринен инвесторлор келип 600 млн. долл. чейин төлөп беребиз деп жатышат).
Банктар менен сүйлөшүү жолдору менен 10 тонна алтынды күрөөгө коюп, процент менен 450-500 млн. долл. чейин кредит алып андан кийин өзүбүз иштетсек болот. 10 тоннасы кредитке кетсе, технологиянын негизинде 104 тонна алтындан 76-90 тонна алтын өндүрсөк, анын 35-40 тонна алтыны жалпы чыгымдарга кетсе, ошондо дагы өзүбүздө, кыргыз элинде 40-50 тонна алтын калып жатпайбы. Же бул алтын кыргыз мамлекетине кереги жокпу?
Азыркы мезгилдеги конкурстук жол менен башка инвесторго берсек, салыктан башка биз эч нерсе албайбыз. Алтын керек болсо ошол инвестордон биржанын баасы менен сатып алууга мажбур болобуз.
Бул сунушту Өкмөт ойлонуп, туура чечим кабыл алса, 20 жылдык эгемендүүлүк тарыхындагы биринчи чечкиндүү, элибиздин келечегине багытталган кадам болот эле. Кыргыз эли атамзамандан темир, жез, алтын-күмүш кендерини иштетип келишкен. Анан кыргыз адистери алтын өндүрө албайт дегендик былжыраган кеп.

Тоо-кен адиси
Дүйшөн Камчыбеков