Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Оппозиция менен сүйлөшүүдөн бийлик коркобу?
Тээ Бакиев убагында бийлик менен оппозиция теленин түз эфиринен да кайым айтышчу эле. А түгүл оппозиция уюштурган митингге дагы президент менен премьер ээрчишип барган. Бир ирет ошол эле Атамбаев премьер болуп турганда элдин алдына чыгып: "Алтындарым, сабыр кылгыла, мен ишенип турам, баары жакшы болот" деп кеткен. Эми ошол кишинин желдеттери учурдагы оппозиция менен сүйлөшүүдөн коркот экен эй. Акыйкатчы Турсунбек Акун кечээ атайын тегерек үстөл уюштуруп, эки тарапты тең чакырса оппозициядагылар келип, бийлик тараптан чакырган Кулов, Турсунбеков, Нарынбаев, Текебаевдер келбей коюшуптур. Мына сага, оппозиция менен сүйлөшкөндөн коркушса анда кайдагы мыйзамдуу аракеттерди талап кылышат, түшүнүп болбойт…


Атамбаев Ташиев менен келишип алганбы?
Камакта жаткан "Ата-Журтчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Нариман Түлеевдер эч камырабай эле ГКНБнын ооруканасында жатышат дейт. Анан калса кечээ "Ата-Журт" партиясынын активисттери Жалал-Абаддагы акцияларын токтотуп, убактылуу чегинүү жарыялашты. Тиги төртөө болсо деликатестен ашап коюп жатышат дейт. Демейде ооруканага которбой жатат деп эле ызылдап жатышчу эле, ал жакта кебелбей жатышкандарына караганда чын эле сүйлөшүп алышкан жокпу ыя?


Үсөн Касыбеков провокаторбу?
Учурда бийликтеги мародерлорду жата калып коргогон Үсөн Касыбеков деген "абышка" бар. Мындай жүзүкара немени көргөндө "абышка" деген сөздү да айткың келбей кетет. Учурунда ыраматылык Доке (Садырбаев) Аксы окуясына күнөөлүү катары Үсөн "абышканы" жоопко тартууга сунуштама берген экен. Себеби ошондо бийликчил "Кыргыз Туусу" гезитинде күн көрүп жүргөн неме эргип кетип, Акаевге жагынуу максатында ошол окуяны курчуткан макалаларды ышкыртыптыр да кайран. Эми ошол калыбынан жазбай, кечээги Бакиев, Отунбаева, бүгүнкү бийликке түгөл иштеп жаткан кези. Учурда президент Атамбаевге жагынып, оппозицияны "мокочо", "балит" атап турган чагы. Таң гөрү, бу, Үсөн "абышканын" катыгын берээр бирөө чыкпай койду го деги…


Текебаевде бет барбы?
Буга чейин өзүнө каршы чыккан айрым каршылаштарга каршы колдонуп келген "Жин" деген жиндини Текебаев деген эме каратып туруп эле сатып ийди. Өткөн жылы жергиликтүү кеңешке болгон шайлоодо Алтынбек Арзымбаев Кара-Көл шаардык кеңешине депутаттыкка так ушул "Ата-Мекен" партиясынын тизмесинде 7-болуп катталган. Ал ортодо Айсулуу деген айымдын алдап, "Республика" фракциясынын башчысы Алтынбек Сулаймановго каршы тукуруп, аны видеого тартып алып бир ызы-чуу кылганга жетишкен. Ал ортодо айыбы билинип калгандан кийин өзүн ишкер катары тааныштырып, криминалга тийешеси жок экенин айтып чыккан. Ал эми кечээ жакында бирөөнү атып салып камакка түштү. Эми болсо адвокаты бир жактан, ИИМ экинчи жактан актана баштады. Адвокаты аны актайм деп дагы бир топ фактыларды айтып салды. Кыскасы келесоо болуп жайлады да. Ал эми ИИМ болсо бир жактуу Арзымбаевди жактап жатканына караганда Текебаев жаңы министрди жакшы эле куйруктан толгоп койсо керек.

Равшан Жээнбеков:
"Азыр өлкөдө бийликке каршы чыгуучу бирдиктүү күч жок"
Азыр өлкөдө бийликке каршы чыгуучу бирдиктүү күч жок. Мындай пикирин 13-мартта боло турган курултайга байланыштуу маалымат берип жатып депутат Равшан Жээнбеков билдирди. Ал серепчилердин "курултай өткөрүү менен өлкөдө баш аламандык болуп кетүүсү мүмкүн" деген жоромолуна макул эмес жана бул тууралуу кооптонбой эле койсо болот деген пикирде.
"Эч кандай баш аламандык болбойт. Учурда өлкөдө бийликке каршы чыгуучу бирдиктүү күч жок. Ал эми "Ата Мекен" партиясы митинг уюштурганы жатат деп айтылып жаткан сөздөр жалган. Ал жөн гана партияны каралоо үчүн айтылган пикирлер", - деди депутат.
Ошондой эле ал, коомчулук тынчтык митинги аркылуу өздөрүнүн доо арызын бийликке билдирүүгө укуктуу экендигин билдирди.
"Бардыгы мыйзам чегинде болуу керек. Бийликти өткөрүп берүү төңкөрүш аркылуу эмес, тынчтык жолу менен чечилүүсү шарт", - деди Жээнбеков.


Миңбаевде уят барбы?
Кыйладан бери дары-дармек ташып келген "Эрай фарм" деген ЖЧК бар. Жетекчиси Жеңишбек Миңбаев деген неме. Жакында бизге ишенимдүү булактардан аталган ишканадагы былыктар, жетекчилеринин кол алдындагыларга жасаган мамилелери тууралуу маалыматтар түштү. "Эрай фарм" ЖЧКсынын ээси Жеңиш Миңбаев болсо кол алдындагы медициналык өкүл, фармацевтикалык өкүл болуп, эртеден-кечке таманы тешилгиче иштеп жүргөн кызматкерлерге: "Айлык бере албайм, киреше түшкөн жок" деп алакан жайып, босогосунан узатып коюптур. Анан калса, буга чейин иштеген адамдардын айлыгын кемитип эсептеген учурлар арбын экен. Бул боюнча Миңбаев мырза эмне деп жооп кайтараар экен?


Камчыны камакта калтырышты
Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевден бийлик коркуп жатабы же башка себептери барбы, айтор, кыйладан бери ак дебей, же көк дебей эле камакта калтырып келе жатышат. Кечээ дагы 2 айга камакка калтырышты. Бизге жеткен маалыматтарга караганда бул жигит көптү билет экен. Ал эми бийлик "ары бассаң атың, бери бассаң өзүң өлөсүң" таризинде эмне кылаар айласын таппай жаткан го. Ошондой эле дагы бир маалыматтарга караганда, Дубайда жашаган орустар Камчы Көлбаевге таянып, ал кеткенде аябай өкүнүшкөнүн айтышты. Себеби, ал жактагы бизнесмендерге тийишкен "черныйларды" Көлбаев 2 мүнөттө ордуна коюп койчу экен.


Карамушкина "Баатыр энелерибизди" фашисттерге теңеди
Бийликтин КСДПсында Ирина Карамушкина деген ичи ирип кеткен тажаал депутат бар. Башка маселеде унчукпайт да, так ушул улуттук маселе көтөрүлгөндө каршы чыгып жатып калат. Парламенттин жыйынында өгүнү Жалал-Абаддагы митингде катышып жаткан "Баатыр энелерибизди" фашистке теңеп, оозун чоюп сүйлөп жатат. Бу сары чийкил айым кыргызча бир эки сөз сүйлөп, Манас-тан эки сап айта коюп эле оозум бар деп каалагандай какшана берсе жараша береби?




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??