Аа-уу!… министр Канат Садыков, кайдасыз?
Билим берүү жана илим министри кызматына киришип жатып (канчанчысы экени эсибизде жок) Сиз, Канат мырза: "Жогорку окуу жайларында мыйзамсыз иштердин, коррупциялык элементтердин "жыты" билинсе, ректорлор токтоосуз кызматтан кетет" деп салтанаттуу сөз бердиңиз эле. Жаздын келиши менен Караколдогу К.Тыныстанов атындагы университетте паракорлук менен мыйзамсыз акча чогултуу гүлдөп кетти. Сырттан окутуу бөлүмүнүн бүтүрүүчү курстарынын экзамендерин мөөнөтүнөн мурда алдыга жылдырып, сиз ишенген кишилер "иштин ийгиликтүү бүтүшү үчүн" деп, ар бир студенттен 500 сомдон сол чөнтөккө солоп жатышат. Бул расмий түрдө чай ичкен соң, дипломдук ишке жана предметтик экзамендерге корогон чыгымдардан кийинкиси. Бул арада, Сиз аракет кылып сырттан окутуу формасынын атын "дистанттык" формага айландыргандан бери сабакка жигердүү катышкысы келген студенттер кароосуз калды. Башка курстагы студенттер үчүн ушул учурга чейин зачеттук-экзамендик сессиянын ирети түзүлбөй же тиешелүү сабактар учурунда өтүлбөй калды. Кайсыл эшикти түртпө, жабык. Окутуучулар менен кызматкерлер мамлекеттик экзамен жүрүп жаткан аудиторияга тыгылып алышкан. Кирейин десең: "Тоскоолдук кылбагыла, мамлекеттик экзамен жүрүп жатат!" деген жазуу.
Ректор К.Абдылдаевдин көрсөтмөсү менен "окуу корпустарындагы жарыя, сабактардын ирети илинүүчү такталарды жаңыртабыз" деп, окутуучулар менен студенттерден акча чогултулган. Ректорго жакыныраак декандар жамааттарынан 200 сомдон, оппозициялык маанайы бар окутуучулары бар декандар 100 сомдон шыпырып алышып, "кошоматчылык мелдеш" баштап жиберишиптир. Бюджетте окуган студенттер 100 сомдон, контракт бөлүмүндөгүлөр 50 сомдон берүүгө мажбур болушкан. Жакындан бери атына заты жарашкан университеттин "Жалын" гезити чыга баштаптыр. Студенттер менен жамаатты башында "бекер эле окуп бергиле" деп койушуп, гезиттин ар бир санын 10 сомдон зордоп таратып жатышат" дейт, мында иштегендер. Кимге барып жалынып, арманын айтаарын билишпей. "Университеттин бюджетиндеги миллиондор кайда кетип жатат, арзыбаган акча алып иштеп жатсак да, акча чогултмай токтобой койду" дешет. Чын-төгүнүн териштирип, чара көрсө болобу, Канат мырза?...


Бетти даярдаган
Чыныбек
Ажыбеков,
өз кабарчы, Ысык-Көл областы




Өткөндөн сабак албайлыбы?
Сыртта 2013-жылдын жазы…
саясат эски сценарий менен баратат
Учурда өлкөдө ар түрдүү талаптар менен чыккан митинг-пикеттер болууда. Алардын орчундуусу "Кумтөр" алтын кенине байланыштуу жана камакта жаткан "Ата-Журт" партиясынын үч депутатын бошотуу талабы болууда. Мындай абалды оңдоодо серепчилер менен айрым кадыр-барктуу аксакалдар бийлик башындагыларга абалды тереңирээк талдап, нааразы тараптар менен сүйлөшүүгө барууга чакырууда. Айрым бир саясатчылардын ойлонбой сүйлөгөн сөздөрү "чыракка май тамызгандай" абалды жаратууда десем жаңылыштык болбойт.

Өткөн жумада КСДПнын депутаты И.Карамушкина Жалал-Абаддагы митингге чыккандардын аракетин "фашисттерге" теңеп жиберди. Көлдүк депутат Э.Иманкожоева эжекебиз "С.Жапаровдун кишилери "Кумтөр" аферасында Президент А.Атамбаевдин тийиштиги бар деген жалган материалдарды элге таратып жүрүшөт" деп, жар салды. Өз учурунда жапаровчулар мындай маалымат чындыкка дал келбесин айтып чыгышты. Аймактардагы абалга байкоо салсак, бийликтегилер нааразы тараптар менен сүйлөшмөк турсун, "паровоздун алдында чуркаган" аракеттери менен ишти өздөрү татаалдаштырып жаткандай.
Ысык-Көл облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 27-февралда Координациялык Кеңештин атайын жыйынын өткөрүп, анда облустагы коомдук-саясий абал талкууланган экен. Облустук ички иштер башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук комитетинин башкармалыгынын жетекчилери маалымат беришип, Координациялык кеңеш облустагы коомдук, криминогендик абалды байкоо боюнча иштерди күчөтүүнү, коомдук саясий абалдын туруксуздугуна таасир кыла турган бардык деструктивдүү күчтөрдүн иш-аракетине мыйзам чегинде тыюу салуу чечимин кабыл алган. Чечим болбосоң кое кал. "Кумтөрдүн" маселеси менен С.Жапаровдун тарапташтары 5-мартта тынчтык митингин гана өткөрүшкөндөй болду эле. "Коркконго кош көрүнөт" деген ушубу? Облуста чектен чыккан криминогендик көрүнүштөр деле байкалбайт. Анын үстүнө алешемдикке алдырып, дубалдан секирип кетип тутулган депутаттарды "бошотобуз" деп келгендердин эси болсо мыйзам бузууга бара койбос.
Район жана шаар жетекчилерине "жер-жерлерде коомдук тартипти сактоо максатында ички иштер органдары менен бирдикте "Ыктыярдуу Элдик кошундарды" түзүүсү жана алардын сапатын күчөтүү максатында иштиктүү жана моралдык сапаттары менен кошундун алдына коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү тургундарынан даярдагыла" деген тапшырма берилген. Бул эмне облустагы элди бирин-бирине тукуруубу? Мындан тышкары баягы эле жергиликтүү кадыр-барктуу адамдардан турган топторду түзүү менен эл арасында алдын-ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү каралган. Окшошуп жатабы, урматтуу окурман. Жаңылбасам, эл кубалап чыккан эки бийликтин тушунда да жергиликтүү жетекчилер менен кошоматчылар "антимитинг" деп уюштуруп, элди бири-бирине каршы айдактаган. "Дежүр аксакалдар" маселенин чындыгын көрүп турса да көрмөксөн болушуп, бийликтин ырын ой-да созуп беришкени эсибизден кете элек го дейм. Учурдагы жетекчилер өздөрү ошол режимдин запкысын көрүп жүрүп, бүгүн бийликке келгенде алардын сценарийин толугу менен пайдаланып жатканын кандай түшүнүүгө болот? Координациялык кеңеш "тез аранын ичинде" компетенттүү мекеме ишканалар менен бирдикте калктын социалдык жана башка маанидеги көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында иш алып барууга белсенишкен. Кызык, эл митинге чыкпаса көйгөйлүү маселелер көз жаздымда кала бермек турбайбы…
Координациялык кеңеш өздөрү эле түшүнбөсө, карапайым элдин акылы жетпей турган Жети-Өгүз, Тоң райондору менен Балыкчы шаарынын башын кошкон "регионалдык комитетти" түзүп жиберишкен. Комитет "Кумтөр" компаниясынын айланасында жергиликтүү калктын арасында нааразычылык болуп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн чечүү боюнча иш алып барат экен. Бул сыяктуу комитет колунда коко тыйыны болбосо эмне көйгөйдү чече тургандыгы түшүнүксүз. Же элдин талаптарын көтөрүп алып, акча доолап "Кумтөрдүн" жолун тосушабы? Социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн "Кумтөр" облуска 1% акча которуп жатпайбы. Эмнеге бул каражаттын аркасында көйгөйлөрдү чечүүгө болбосун. Анын үстүнө мамлекеттик маанидеги иштерди комитет аткарып калса, айыл өкмөттөрүнөн тартып, райондук жана облустук мамлекеттик органдар эмне кызмат кылышат?
Ал ортодо "Бизди жок жерден 5-марттагы митингдин негизги уюштуруучулары катары көрүп жатышат. Ички иштер башкармалыгы Координациялык кеңештин отурумуна жалган маалымат беришиптир. Болгон окуяга эч кандай тиешебиз жок. Жалган жалаа жаап, маскаралай берсе болобу? дешип, Каракол шаарынын тургундары Айтибек Туруспаев менен Фатима Тагаева редакцияга кайрылып келишиптир. Иштин чынын-бышыгын аныктоо үчүн аталган жарандар сотко кайрыла тургандыгын айтышты. Мындан улам укук коргоо органдары деле абалды так билбей эле, эптеп жетекчилердин алдында отчет берип кутулуу амалын аткарып жатышабы дейсиң. Чала аткарган иштеринин аркасында кимдир бирөөлөр моралдык запкы чегип, ден соолугунан ажырап жатканы аларды "толкундантпайт" сыяктанат.
Митинг-пикеттер учурунда башка облустардагы жетекчилер элге чыгып, калп да болсо "сиздердин талаптарды жогору жакка жеткиребиз" деп жатышса, Ысык-Көл облусундагы Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү М.Асанакунов эмнеге "үндөбөйт" деп өткөндө жаздым эле. Көрсө, Координациялык кеңешинде берчү тапшырмасын берип коюп, "иш кандай өңүттө уланса да, даярмын" деп, Мирбек мырза камбыл жаткан турбайбы…