Мурдагыдай башкара албай калган бийлик, бүгүнкүдөй абалды каалабаган эл

Жаздын келиши менен Кыргызстанда митинг-пикеттер жанданып, айрым саясий элита өкүлдөрү эл арасында кадыр-барк, мансапка жетишип калуу амалын көрүшөт. Ушул жаз да митинг менен башталды. Алсак, Нарында, Ошто, Көлдө ар кандай максаттагы митингдер болуп өттү.

Ал эми Жалал-Абад областынын жарандары үчүн жаздын алгачкы күндөрү кызык жана активдүү башталды десек болчудай. Чү дегенде эле жаздын алгачкы күндөрү, пенсиясын күтө берип жадашкан аксакал - байбичелерибиз нааразычылыктарын билдиришип, областтык бийлик башчысына айтып өтүштү эле, өкмөттүн өкүлү Ж. Төрөмаматов Акаевдин заманында 2-3 айлап деле пенсия ала албай калган учурлар болгонун эстеп, аксакалдарыбызды тынчтандырганга аракет кылып көрдү. Бирок, залдагылар Ж. Төрөмаматовдун бул сөзүн "акаевдик" заманга кайттыкпы? - деп айыпташып, жетекчинин сөзүн кайра алуусун чакырышты. Ошентип, жада калса кутмандуу карылыкта үйдө эс алып жаткан карыяларыбыз да жаз алды өз нааразычылыктарын билдире башташты.
Ошондой эле 5-март күнү жүздөй аял Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратынын алдында топтолушуп, андан кийин имараттын ичине кирип, бош жайларга жайланышып отуруп алышты. К.Ташиев, Т. Мамытов, С. Жапаровду, алардын жан сакчыларын бошотуу талабы менен келгендер "эгерде депутаттар бошотулбаса имараттан чыкпайбыз" деген талаптарды коюшуп, ал түнү имарттын ичинде түнөп калышты. Өкмөттүн өкүлү Ж. Төрөмаматов, шаар мэри М. Арапбаев жана шаардык кенештин төрагасы М. Тагаевдердин аялдардын тобу менен жолугушуусу натыйжа бербеди. Анткени, нааразы болгондор "бийлик 5 айдан бери бизге "соска" берип, "баланар (үч депутат) жакында чыгат, баары жакшы болот" деп алдап келгенсиңер, ошондуктан маселе оң тарапка чечилгенче бул имараттан чыкпайбыз" дешип, имараттын чоң залында төшөк -жуурканы жана тамак-ашы менен камдуу келген энелерибиз калып кетишти. Бүгүнкү бийликке 6-7 көп бала төрөп, тарбиялап өстүрүп келе жаткан энелерибиз да өз нааразычылыктарын ушул формада билдиришүүдө.
Ал ортодо Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы булардын үстүнөн протокол түзүп, шаардык соттун кароосуна жөнөттү. Областтык ички иштер башкармалыгынын маалыматында жогорудагы протокол "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" Кодексинин 371-392 беренелери боюнча түзүлгөндүгү айтылат. Ал эми шаардык сот бул маселени кандай чечет, бул "гумандуу" сотторубуздун абийиринде.
Ал эми 6-март күндөрү Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына, тагыраак айтканда өкмөттүн өкүлүнүн имаратынын бет маңдайына "К.Ташиевди коргоо боюнча уюштуруу тобу" тарабынан уюштурулган митинг башталды. Митингде "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Медер Үсөнов үч депутатты бошотуу, параламентти таратуу жана "Күмтөрдү" сактап калуу боюнча мөөнөтсүз акциялар башталганын жар салды. Митингге "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын 100дөй мүчөлөрү да келип катышышып, өз нааразычылыктарын билдиришти. Жалпысы бул мөөнөтсүз нааразычылык акциясына 1000ден ашуун жарандар катышышты. Алар К. Ташиевге Ысык - Көлдүн тургундары тартуу кылган сегиз канат кыргыз үйүнө дагы бирди кошуп, эки кыргыз үйүн борбордук аянтка тиге салышты. Митингдин биринчи күнкү жыйынтыгында катышуучулар депутаттардын кол тийбестигин албай соттоп жаткан баш прокурор Аида Салянованы жумуштан алуу, үч депутатты 7-март күнү сот залынан эркиндикке чыгаруу, "Кумтөр" алтын кени боюнча келишимди денонсациялоо сыяктуу талаптарды койгон резолюция кабыл алышты.
Эртеси күндүн сууктугуна карабастан нааразычылык акциясына катышып жаткан 400-500 жарандар митингди улантышса, областтык "ак үйдөгү" энелерибиз майрамды митингчилерге кошулуп борбордук аянтта тосо турган болушту көрүнөт. Бирок, майрам күндөрү үйлөрүнө тарап кетишти.
Ал эми Аксы районундагы Апрель революциясынын баатырлары Президент А. Атамбаевге, премьер-министри Ж.Сатыбалдиевге, Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Жээнбековго кайрылуу кабыл алышты.
Ошентип, жаз келээри менен Кыргызстанды митинг" ооруусу каптап баратат. Жугуштуу болгондуктан өлкөнүн бардык аймактарына өтүп бийликтегилерге түйшүк жаратып жаткандай. Кызыгы бул оорууга чалдыккандар жалаң эле карапайым калк болуп жатканында. Буларды дарылоо үчүн бийлик башындагылар туура диагноз коюп, "акыйкат" дарысын качан берээр экен?




Жалал-Абаддагы мөөнөтсүз
митинг дагы деле уланууда
Камакка алынган "Ата Журт" партиясынын депутаттарын бошотууну жана "Кумтөр" боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну талап кылып Жалал-Абадда мөөнөтсүз митингге чыккандар, шаардын борбордук аянтына эки боз үй тигип, мөөнөтсүз митингин 6-март күнү баштады эле. Ошол күндөн бери борбордук аянттагылар бийликтегилерге өз талаптарын коюшуп, эгерде ал талаптары аткарылбаса митингдери улана беришин айтып келишүүдө. Акцияга чыккандардын негизги талаптары бул: Жогорку Кеңеш иштей албай жаткандыгына байланыштуу таркатылсын, "Кумтөр" алтын кени мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн алынсын, Башкы прокурор саясый буйруктарды гана аткарып жаткандыгы үчүн Аида Салянова кызматтан кетсин жана "Кумтөр" үчүн мыйзамсыз камалып жаткан депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор сот залынан эркиндикке чыгарылсын. "Эгер ушул талаптарыбыз аткарылбаса, мөөнөтсүз деп жарыялаган митингибиз улана берет. Ал эми 11-12-мартта аймактардан келген колдоочуларыбыз менен Жалал-Абадда чоң митинг өткөрөбүз. Ал эми 13-мартта биз Бишкекте, Ак үйдүн жанындагы митингке катышабыз, - дейт Жалал-Абаддагы митингди уюштуруу тобунун жетекчиси Медер Үсөнов. Анын маалыматында 8-9-март күндөрү да кар жаап, күн суук болгонуна карабай 100 дөн ашык адам чогулуп, митингге келип катышып жатат.
Митингчилердин үнүн угуп, бийлик тарабынан бир жыйынтык болобу же бир жумалап көчөдө отурган жарандар кыйкырып -кыйкырып эле калып кетишеби, аны убакыт көрсөтөр...