Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Саламат САДЫКОВА, Кыргыз Республикасынын эл артисти:
"Мени бирөө "ырчы болосуң" деген деле жок, өзүм эңседим"
КРнын эл артисти Саламат Садыкова убактысынын тардыгына карабай чечиле сүйлөп берди. "Эже, бакытты кандай түшүнөсүз?"- десем, "Адамдын алты саны аман болуп, оорубай, жүргөн жеринде шаттык жаратып, жайдары көңүл, жылуу сөзүң менен нуруңду чача жүрүшүң керек. Бакыт - деген ушул. Мен көп кабаттуу үйлөрдө жашайм. Кээ бир адамдар бар, алар бул дүйнөгө эмнеге келгенин өздөрү деле түшүнбөйт. Кабагын болушунча түйүп алып үйүнө кирип чыгышат. Көргөн сайын "бул бечарага эмне жетпейт болду экен?"- деп таң калам. Бакыт деген бул - амандашуу. Жашоодо адамга адам керек, адам менен адам амандашат. Бул жашоо ошондой"- деп жооп берди. Элдик ырлардан баштап, таланттуу композиторлордун ырларын комуздун, эстраданын, оркестрдин коштоосунда ийине жеткире ырдап,кыргыз өнөрүн кыйырга таанытып келаткан калкыбыздын кадырлуу ырчысына көңүл буруңуз, урматтуу окурман.

- Адамдын калыптанышына анын туулган жери да таасир бербей койбойт дешет. Өрүкзарлуу Баткендин таза аба, кооз жаратылышы да сиздин чыгармачылыкка таасирин тийгизбей койбосо керек?..
- Ооба айылыбыз чакан болгону менен сулуулукка бөлөнгөн кооз жер эле. Өрүк гүлдөгөндө эми бир керемет болуп калчу. Азыр ойлосом жомоктогудай эле жерде чоңоюптурмун. Бутубуздун алдында чегирткеден баштап, жылан, таш бака, кескелдирик сыяктуу табигаттын бүтүн жандыктары болоор эле. Жайлоого барып, асканын тээ чокусундагы бир тал өскөн гүлдөргө суктанып, бүркүт шаңшып учуп, кекилик чуркаган ушундай бир кооздуктарда чоңойдум. Ошол күндөр азыр да менин жан дүйнөмдү толтуруп турат.
- Ошондой кооздукка айкалышкан бала чагыңыз жөнүндө уксак?..
- Менин бала чагым азыркы шаарда өскөн балдарга караганда табигат менен күнүмдүк турмуш күргүштөгөн дарыянын шоокумундай жандуу өтүптүр. Эрте туруп, эшик алдын шыпырып, өз убагында сууп сээп, мындайча айтканда тазалыкка да үйрөтүптүр. Кыз балдарды катуу кармап, тиричиликке бышык, чыйрак өстүрүшүптүр азыр ойлосом. Ата-энебиз эмес бүтүн айыл ошондой эле. Эс тарткандан баштап сайма сайганга үйрөттү. Сайманын түрүн сайчубуз. Тор токуганды, машина тиккенди, курак кураганды, жүн тытканды, ийик ийригенди койчу эми баарын билип чоңойдук. Ал жагынан алганда мен балалыгыма аябай ыраазымын.
- Балалык кыялда ырчы болом деп самачу белеңиз, өнөр сизге кимден өткөн?
- Тагдыр экен ата-энемден эрте айрылып калдым. Эрте ажыраганым менен аябай кыялкеч элем. Ыраматылык энем Мария көркөм дүйнөгө жакын болчу. Шаңкылдап ырдап, жомок, дастандарды көп окутаар эле. Анын пайдасы деле тийди мага. Бала кезимде ырчы болом деп самап, ушул күндөрдү бала кезимен көздөп, тилеп келгем. Мени бирөө "ырчы болосуң" деген деле жок, өзүм эңседим. Анан жетим калганда дагы ыр дүйнөсүнө умтулганым бир чети мени сактап калдыбы деп ойлойм. Анткени мен өз дүйнөмдө бай, түгөл болчумун.
- Чыгармачылык, ыр дүйнөсүнө кандайча келдиңиз? Кимдерден таасир алдыңыз?
- Ал кезде айылда "ырдайт деген эмне" дешип, уят көрүшчү да. 1967-жылдын жазы болчу. Анда мен 4-класста окуп жаткам. Акыркы коңгуроодо ырдашым керек болчу. "Мени акыркы коңгуроодо ырда деп жатышат" - деп өгөй атаман уруксат сурадым. Ырдагым келип, "уруксат берсе экен" деп ичимен тилеп атам. "Эмнеге ырдайт экенсиң?"- деп эле жактырбай калды. Мектеп директору Баба деген киши эле, ал менин өгөй атамдын досу болчу, "Баба аяш атам ырда деп атат"- деп эле ага шылтай салдым. "Мм, Баба айткан болсо, анда ырда" деп уруксат берди. Ошентип биринчи жолу уруксат алып, мектепте акыркы коңгуроодо ырдагам. Самара Токтакунованы теледен көрүп, аябай кумир тутчумун. Ал кишинин комуз черткени мен үчүн керемет болуп, азгырып турчу. Эрмек Мойдунов, Зейнеп Шакееваларды жакшы көрүп жүрүп чоңойдук. Мына ошондой залкар таланттарга филармонияга келгенде жолуктум.
- Өнөрдү аздектей билиш оорбу, атак-даңктын пайдасы-зыяны кандай?
- Туура айтасың, өнөрдү аздектей билүү аябай оор. Чыгармачылыгыңдан, эмгегиңден тапкан атак-даңкты да көтөрө билүү керек. Ичкилик чыгармачыл адамдарды көп коштоп, көпчүлүк адамдарды талкалап салат. Көбү ошол ичкиликтин азабынан өмүрүнөн эрте кетти. Мына ушундай нерселер өнөр адамдарын бир жагынан кош колдоп сыйлаганы менен экинчиден ошол адамдын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирет. Ошондуктан ага да туруштук бериш керек. Чыңгыз агабыз "адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуш" деп айтпады беле. Ал эми чыгармачыл адамга андан да оор. Жөнөкөй болуп, көчөдө көөдөндү ордуна коюп басуу ар бир эле чыгармачыл адамдын колунан келе бербейт. Артисттердин баары эле акылдуу деп айтуу кыйын. Арасында көңдөйү да, ала көөдөнү да бар.
- Кыздарыңыз жөнүндө айтсаңыз, убагында ырдайбыз деген учурлары болдубу, кантсе да чыгармачыл адамдын балдары да?..
- Эки кызды чоңойттум. Экөө тең Кудайга шүгүр билим алып, иштеп, эл катары үй-бүлө күтүштү. Бул да жаман эмес. Улуу кызым Кундуз кичинесинен эле "мен жакшы үй-бүлөлүү болуп, көп балалуу болом" - дечү. Көрсө жаштын тилегин берет экен. Мына азыр күйөө балам Кубаныч экөө эки балалуу болушту. Убагында экөө тең шакардай кайнап, ыр дүйнөсүнө умтулуп, берилип турушту. Бирок, менин чыгармачылык жолумда трайбализм абдан чоң роль ойноду. Убагында көп эле интрига көрдүм. Чыгармачыл чөйрөдөн аялзаты эле эмес мырзалар да бут тосуп, менин атымдын жаркырап турушун каалашпады. Чыгармачылыктагы мына ушундай жагдайлардан улам кыздарыма багыт берип, ушул дүйнөгө түртө албадым. Анткени өзүмдү-өзүм араң сүйөп, эчен жыгылып, эчен турган күндөрүм көп болду. Менин андай күндөрүмдү көргөн кыздарым өздөрү эле түшүнүштү.
- Чыгармачыл адам катары жашоодо эмнеге жүрөгүңүз ооруйт?
- Бир гана нерсеге жүрөгүм ооруйт. Чыгармачылыгымдын аркасында бир топ өлкөлөрдө болдум. Ташы, куму сапырылган араб өлкөлөрүнө да көрдүм. Ошолоруң деле жайкалып, көйкөлүп жакшы жашап жатат. Биз кандай гана керемет жерде жашасак да мамлекетибиз өнүгө албай келет. Кечирип коюшсун, биздин чиновниктерибиздин 99%ы жалганчы, ууру. Аны баарыбыз эле көрүп жатабыз. Калп айтып, мамлекетти жалмап жатышат. Биздин атка минерлердин "тойдум, айланайын элиме, журтума берейин, элге-журтка бир иш жасайын" дегенин көргүм келет. Ниетти түздөмөйүн, эл кантип оңолот. Мен сыртка чыккан сайын уялып келем. "Биздин элдин көзү жумулган бойдон жашоодон өтүп кетип жатат" - деп кээде ойлоп кетем.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??