Чырактай болгон бир тууганыбыздан
айрылып, кан жутуп отурабыз…

Урматтуу "Алиби"
гезитинин редакциясы!

Биз сиздерге аргасыздан кайрылып отурабыз. Себеби, жалындап жанып турган бир тууганыбыздан айрылып калдык. Анын кайгысын көтөрө албаган апама кыйын болду.
Кырсык дейин десек, андай эмес экен. Толгон-токой далилдер оркоюп көрүнүп турат. Бирок, ал далилдерди тергөөчүлөр менен прокурорлор көргүсү жок. Анткени, милиция менен прокурорлор тергөөнү текейден тескери жүргүзүп, кылмышкерлерди калкалоонун амалын издеп жатышат.

Окуянын чоо-жайы төмөндөгүчө болгон

Өткөн 2012-жылдын Жетинин айынын 21инде (ноябрь), болжол менен саат 20.30 чамасында Талас дубанындагы Кара-Буура районунун Молдо Асан айылынан өткөн Талас-Бишкек жолунун жээгинен менин иним Кубандыков Мырзаалы Абдыбековичтин жансыз денеси табылган. Инимдин баш сөөгү жарылып, кан көп кетип, өз убагында жардам көрсөтүлбөй, окуя болгон жерде кансырап жатып каза болгону маалым болду.
Аталган факты боюнча 2012-жылдын Бештин айынын 2синде (декабрь) Кара-Буура РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 281-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. Тактап айтканда жол кырсыгынан каза болгон деген жыйынтык чыккан. Кылмыш ишин козгоо үчүн он күндөн ашык убакыт кимге керек болгон?
Тергөө амалдары башталып, кылмыш иши Кара-Буура РИИБинин тергөөчүсү Мирбек Айтымбетовго тапшырылган. Тергөөчү М.Айтымбетов болсо соттук-автотехникалык экспертиза дайындоо токтомун 2012-жылдын Бештин айынын 20сында (декабрь) кабыл алган. Эмнегедир 1 ай бою шашпастан жүрүп алган. Бул убакыт дагы кимге керек болду?
Кылмышка жалгыз шектүү адам Назармамбетов Жаныбек Орозбекович камакка алынган эмес. Кылмышты жол кырсыгы катары карап, тергөөчү М.Айтымбетов тергөө жүргүзүмүш боло берген. Окуяны жөн гана күтүлбөгөн жол кырсыгы катары эле баалап койгон. Тергөөчүнүн бул кылгандарына ынанбай, биз анын үстүнөн Кара-Буура районунун прокуратурасына кайрылганбыз. Прокурорлор кылмыш ишин тергөөнү мыйзам чегинде жүргүзгүлө деп тергөөчүлөргө эскертүү дагы берип койбоптур. Болгону кылмыш ишин Кара-Буура РИИБинин тергөө бөлүмүнүн начальниги Канат Тургуналиевге берген болуп коюшкан.
Адвокатыбыздын даттануусунун натыйжасында шектүү Ж.Назармамбетов бир айлык мөөнөткө камакка алынды. Бирок, "Карга карганын көзүн чокубайт" дегендей, кылмыш ишин тергөө алгылыктуу жүрбөй жатат. Мурунку тергөөчүнүн кылганын кайталашып, окуяны жол кырсыгы катары эле карашып, шектүү Ж.Назармамбетовго Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 281-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде айыбы угузулумуш болду.
Биз тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун бул кылгандары менен макул эмеспиз. Бул окуя жол кырсыгы катары бааланбай, шектүү Ж.Назармамбетовго "атайылап адам өлтүргөн" деген күнөө коюлушу мыйзам ченемдүү деп ойлойбуз. Себеби, оркойгон далилдер, жүйөөлөр менен жагдайлар ачык бойдон калып калды. Чындыгында окуянын чоо-жайы төмөндөгүчө болгон.
Иним М.Кубандыков ошол каргашалуу күнү Таласка, областтын борборуна кызмат иши менен Жоон-Дөбө айыл өкмөтүнүн атынан чогулушка барган. Жанында өзүнүн АУДИ автоунаасы менен Ж.Назармамбетов бар экен. Чогулуштан кайтып келе жатып Ж.Назармамбетов кимдир бирөөлөр менен арак ичиптир. Себеби, соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда анын мас экендигин тастыктаган жыйынтык бар. Ал эми менин иним М.Кубандыков соо экен. Анын арак ичпегендигин тастыктаган дагы соттук-медициналык корутунду бар.
Ж.Назармамбетовдун айылына, Молдо Асан айылына келгенде Ж.Назармамбетовдун үйүнө кайрылышыптыр. Ошол күнү Ж.Назармамбетовдун аялынын туулган күнү белгиленип жатыптыр. Үйү толо коноктор бар экен. Муну текшерип коюу дагы кыйын эмес. Ал жерде канча убакыт болушканы белгисиз, Ж.Назармамбетов иним М.Кубандыковду Жоон-Дөбө айылына кайрылган кайрылышка жеткирип келиптир.
Ж.Назармамбетовдун тергөөдө берген көрсөтмөсүндө "Мен Мырзаалыны поворотко жеткирип келгенде экөөбүз чырлаша кеттик. Мен аны жерге түшүрүп коюп, машинаны айдап качканда, ал машинага илинип калып, сүйрөлүп кетиптир. Андан аркысын билбейм, эсим ооп калыптыр" дейт. Мына, жалгыз кылмышка шектүү Ж.Назармамбетовдун айтканы менен болушуп, кылмыш ишин жол кырсыгы катары карап жатышат.
Ал эми инимдин баш сөөгү жарылгандыгы, окуя болгон жерден канжалаган таш табылгандыгы унутта калгансыйт. Ташка жугуп калган кан М.Кубандыковго, менин иниме таандык болуп чыккан. Шектүү Ж.Назармамбетов В 96 16 L болгон АУДИ автоунаасынын ичиндеги резина полигиндеги кан дагы М.Кубандыковдуку деген экспертизанын жыйынтыгы бар.
Эгерде Ж.Назармамбетовдун айтканы чын болсо, анда менин инимдин каны кантип машинанын ичиндеги поликке барып жугуп калат? Эгерде "машинага илинип калды" деген Ж.Назармамбетовдун сөзүнө ишенсек, жылмакай машинанын кайсы жерине, кантип илинип калат? Машинанын капталына илинип калса, баш сөөгүнүн арты, каракуш мээси кантип таш менен ургандай болуп жарылып калат? Шектүү Ж.Назармамбетовдун аялынын туулган күнүнө келген коноктор кимдер? Эмне үчүн Ж.Назармамбетов ылжыган мас болуп туруп, машинанын рулуна отурган? Ж.Назармамбетов акыл-эсин кантип жоготкон? Өтө мастыгынанбы? Же бирөө урганбы? Менин иним машинанын сыртында болсо, анда Ж.Назармамбетовду ким урду? Ж.Назармамбетов эси ооп жатса ким жардам чакырды? Себеби, окуя он-он беш мүнөттө бүткөн.
Иним өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө досу Анарбеков Бекболотко телефон чалган, алып кетүүсүн суранган. Телефон чалып жаткан учурда, анын чуркап келе жаткандыгы байкалган. Анткени, анын бышылдап сүйлөп жаткандыгы А.Бекболотовго билинип, угулуп турган. Нары жакта көп адамдар сүйлөшүп жаткандыгын телефондон уккандыгын күбө Б.Анарбеков айтып жатат. Жыйырма мүнөт өтпөй окуя болгон жерге келип, Б.Анарбеков досун таппай калган. Айланып жарым сааттай жүрүп, акыры досу М.Кубандыковдун жансыз денесин жолдон алыс эмес жерден тапкан. Ооруканага алып барганда Мурат аттуу дарыгер "өлүктү эмнеге алып келдиңер?" деп кыйкырган. Анын өлүк экенин, Мурат карап көрбөстөн кантип билип койду? Мүмкүн Ж.Назармамбетовду алып келгендердин арасында, балким мушташкандардын арасында Мурат дагы бар болгонбу?
Шектүү Ж.Назармамбетов дагы денесинен жаракат алгандыгы такталды. Демек, менин иним менен Ж.Назармамбетов мушташып кетишкендиги чындык. Иним "мас немеге теңелбейин" деген, бирок ага карабастан Ж.Назармамбетов инимди таш менен башка уруп өлтүргөн. Окуя кечки саат 20.30дарда болуп жатат. Мындайча айтканда эл ордуна отура элек маал. Демек, күбөлөр болушу мүмкүнбү? Мүмкүн.
Бул окуяда денени дүркүрөткөн дагы бир кылмыш бар. Шектүү Ж.Назармамбетовду окуя болгон жерден туугандары ооруканага алып кетишкен. Ал эми иним М.Кубандыковду кансыратып таштап салышкан. Чындап кырсык болсо экөөсүн тең ооруканага алып барышса болмок беле, болот болчу. Анда эмне үчүн инимди таштап кетишкен? Дегеле таштап кеткендер кимдер?

Мына, урматтуу
"Алиби" гезити!
Ушундай суроолорду ачык калтырып, жол кырсыгы деген шылтоо менен кылмыш ишин чала тергеген болуп жатышкан тергөөчү менен прокурорлордун кылган кылыктары.

Кубандыков Эрик,
Талас дубаны, Кара-Буура району, Жоон-Дөбө айылы, Жакыпбек көчөсү 29-үй 0-778-28-20-59