Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Бакыт Төрөбаев, вице-спикер:
""Өнүгүү" тобуна ким
кошулабыз десе, эшигибиз ачык. Биздин максат -
аз сүйлөп, көп иштөө"
- Бакыт Эргешович, өзүңүз жакшы билгендей, жаз келгенде бизде митинг-пикет башталат. Жакын арада айрым оппозициялык күчтөр "парламент тарасын, Кумтөр улутташтырылсын" деген талап менен митинг уюштурушаарын жарыялашты. Мындай талаптар туурабы?
- Биз 1991-жылдан 2010-жылга чейин 19 жыл президенттик башкаруу системасын көрдүк. Ар кандай окуялар башыбыздан өттү. Мына парламенттик башкаруу системасына өткөнүбүзгө болгону 3 жыл болду. Учурда "парламенттик башкаруу системасы бизге жарабайт" дегенди айрым саясатчылар айтып жатат. Жалпы эл чындап парламенттик башкарууга каршыбы же каршы эмеспи, аны менен эсептешкен эч ким жок. Айрымдар элдин атынан сүйлөшүп эле, өзүлөрүнүн пикирлерин таңуулап жатышат. Эл үчүн эч нерсе жасабай эле, "минтишибиз керек, тигинтишибиз керек, элдин талабы ушундай" деп, элдин атын жамынып алып, ар кайсыны айтып, коомчулукту козуткан көрүнүштү токтотушубуз зарыл. Андыктан биз адегенде элден "парламенттик башкаруу системасы керекпи же кереги жокпу?" деп сурашыбыз керек. Ал үчүн элдик референдум өткөрүшүбүз кажет. Ошондо эл аныктайт, "парламенттик башкаруу керек, же керек эмес" дегенди. Анан эле он чакты саясатчы элдин атынан өз ойлорун таңуулап, "президенттик башкарууга кайтып келишибиз керек, парламентти таратышыбыз керек" дегенге алардын укуктары жок.
Менин жеке пикиримде "президенттик башкарууга кайтып келебиз" деген артка кадам таштоо дегенди билдирет. Анткени президенттик башкарууга кайтып келсек эле көйгөйлөр чечилип калбайт. Чечилсе буга дейре чечилет эле го. Биз жаңы гана бир адамдын, анын үй-бүлөсүнүн жеке басар бийлигинен арылып жатабыз. Анан ушундай шартта, кайра президенттик башкарууга кайтып келе турган болсок, ким кепилдик бере алат, кайрадан бир адамдын, анын үй-бүлөсүнүн бийлиги орноп, ар жерде жеке офистер ачылып, мамлекеттик кызматкерлер ошол жерлерде жүрбөйт? - деп. Эч ким кепилдик бере албайт.
Ошондуктан, мен үч жылдын ичинде парламенттик система өз жемишин бербей жатат, башкаруу системасын кайрадан президенттик кылып өзгөртүү зарыл дегендерге кошулбайт элем. Ооба, парламенттик башкаруу системасын жаңы башыбыздан кечирип жаткандыктан кемчилдиктер да болуп жатат. Аны эч ким танган жок. Бирок жаңы нерсе дароо эле тоскоолдуксуз ишке ашпай турганын да эске алышыбыз абзел. Буюрса кемчилдиктер да жолго коюлат. Азыр бир партия көпчүлүк добушка ээ боло албагандыктан, коалицияга бириккен партиялардын кызыкчылыктары, алдыга койгон, жүзөгө ашырчу программалары бир жерден чыкпай, талаш-тартыштар болуп жатат. Албетте, бул да болсо убактылуу. Келечекте мунун баары өз ордуна келчү мезгил келет.
- "Кумтөрдү улутташтырыш керек" деген маселеге кандай карайсыз?
- Кумтөр маселесинде учурда мамлекеттик деңгээлде кандай кылмыш жасалды деген эң чоң суроо турат. Биз мына ушул суроонун башын ачышыбыз керек. 1992-жылкы келишим боюнча, 2004-жылы Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өтмөк. Тилекке каршы, биздин өкмөт канадалыктар менен 2003-жылы жаңы келишим түзүшүп, "Кумтөр алтын" долбоору боюнча реструктуризация кылган. Натыйжада, мафиялык кылмыштуу жол менен "Центерра Голд Инк" компаниясы түзүлүп, Кыргызстандын Кумтөрдөгү акцияларын өткөрүп берип жатышат. Ошондо Кыргызстан 13 пайыз гана акцияга ээ болуп, башкаруу укугунан толугу менен ажырап жатат. Мамлекеттик деңгээлде кылмыш жасалды. Ошол кездеги реструктуризация жасашкан Камеконун өкүлдөрү азыр "Центерра Голд Инк" компаниясында отурушат. Ошого жол берип, аралашкан биздин чиновниктердин баары аман-соо жүрүшөт.
Менин жеке пикирим, мамлекеттик комиссия болгон экологиялык, каржылык зыяндарды, мыйзам бузууларды аныктап, далилдеп көрсөтүштү. Эми коркпостон эле денонсация кылыш керек. Баарын нөлгө алып келип туруп, анан сүйлөшүүлөрдү жасаш кажет. Ошондо Кумтөрдү кандай негизде иштетебиз деген суроонун башы ачылат.
Ал эми Кумтөрдү улутташтырыш керек дегенде бир топ маселе чыгат. Конституцияда мамлекет жеке компанияны улутташтырса, компенсация төлөп бериши керектиги жазылган. Биз Кумтөрдү улутташтыра турган болсок, биздин мамлекет компенсация төлөп бере алабы? Албетте, жок. Биздин мамлекеттин азырынча ага мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ошол себептен бул жол менен маселе чечүү туура эмес жыйынтык берип калышы ыктымал.
- Эми өзүңүз жакшы билгендей улутташтыруу маселесинин көтөрүлүшү "мамлекеттик комиссия элди алдап жатат, үч ай аралыгында биздин өкмөт мурдагыдай эле соодалашууларды жүргүзүп жиберсе, Кыргызстан куржалак калышы мүмкүн" деген кооптонуулардан улам айтылып жатпайбы?
- Үч ай мөөнөттүн ичинде канадалыктар менен маселени сүйлөшүү жолу аркылуу чечебиз деген жоопкерчиликти мамлекеттик комиссия өздөрүнө алды. Менимче, эгер соодалашуу боло турган болсо дагы, жыйынтык чыкпайт. Анткени кандай гана сүйлөшүүлөр болсун, кандай шарттагы келишимге келишти парламенттин кароосуна коюлат. Ошондо баары талданып, мамлекеттин кызыкчылыгына төп келген чечим кабыл алууга барабыз. Ага парламенттин эрки жетет. Соодалашууларга жол берилбейт.
- Маегибиздин өңүтүн өзгөртсөк, биздин саясатчылар жеке кызыкчылыктарына жетиш үчүн элди ажырымга бөлгөндөн тартынбай калышты. Ушул "ооруудан" кантип арылсак болот?
- Туура, бизде бийликке жетпей кызматсыз калгандар, парламентке келе албай калгандар, президент боло албай калгандар ар дайым ар түрдүү ыкмаларды колдонуп, элди курал катары пайдаланып келе жатышканын танып болбойт. Муну учурда элдин баары жакшы түшүнүп калышты. Кимдин максаты кандай, ким кандай иш жасап жатат коомчулук баарысын көрүп-билип, таразалап жатат. Мына биз Нарында, Ысык-Көлдө, Ошто, Жалал-Абадда, жалпы эле Кыргызстандын ар тарабында эл менен жолугушканда, "бийлик кетсин, оппозиция келсин" деген сөздөрдү деле айтышкан жок. Алар "кандай бийлик болсун, кандай оппозиция болсун, кандай башкаруу системасы болсун, элге кызмат кылсын, элдин жашоо-турмушун оңдоого шарт түзүп берсин, өлкөнүн келечегин ойлоп, экономиканы көтөрүүнү ойлосун, элди бөлүп-жарбай бириктирүү боюнча иш жүргүзсүн, бизге андан башканын кереги жок" дегенди айтып жатышат. Андыктан, жанагы ар түрдүү кооз сөздөрдү айтып, кургак убадалар менен курсак тойгузгандар, биринчи эл үчүн пайдалуу бир кичинекей болсо да иш аткарып коюп, анан сүйлөшсө жакшы болмок.
Эл азыр ким эл үчүн кандай иш жасап жатат, ким жөн гана оозу менен орок оруп жатат баарын билип, баамдап, таразалап калды. Ошол себептен, эптеп жеке кызыкчылыгына жетиш үчүн элге кургак убадаларды берип, калпты чындай айтып алдайм дегендер, тымызын бөлүп-жаргандар жаңылышат. Эртең элден таптакыр чыгып калыша электеринде, элди бөлүп-жарганды токтотуп, эстерине келиши абзел. Элге биримдик, ынтымактан өтөөрү жок. Ким бул нерсеге балта чаба турган болсо, эл өздөрү эле баасын берип, катардан чыгарып коюшат. Мейли алар соттолбой эле койсун, бирок элден чыгып калгандан өткөн жаза жок. Ошондуктан, мыйзамдан коркпой өз билгендерин жасап жаткандар, мына ушул эл катарынан чыгып, ар кимден корунуп күн көргөндөн коркуп, бала-бакыра, урук тууганынын жүзүнө чиркөө болуп жашагандан коркуп, абийир мыйзамынын алдында таза болууга умтулуш абзел. Ошондо бизде элди бөлүп-жарган "оору" өзүнөн-өзү токтойт.
- Мына сиздер жакында Жогорку Кеңеште "Өнүгүү" деген топ түздүңүздөр. Мындай кадамга барышыңыздардын максаты эмнеде?
- Мен сөз башында дароо эле айтып коёюн. Биздин өз алдыбызча "Өнүгүү" тобун түзгөнүбүз, кимдир бирөөлөрдү сатып кетти дегенди түшүндүрбөйт. Былтыр 2012-жылы мен "Республика" партиясынын жетекчиси менен ачык сүйлөшкөм. Биз "Өнүгүү" партиясын түздүк, эми партиянын максаттарын ишке ашырыш үчүн өз алдыбызча кетебиз, ага капачылыктар болбосун деп айткам. Биз бири-бирибизди туура түшүнүп, бир пикирге келгенбиз.
Кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоо болду. "Өнүгүү" партиясы шайлоого катышып, талапкер болгон шаарларда ийгиликтерге жетишти. Мына жакында, парламентте депутаттар өз алдынча топ түзгөнгө жол ачкан мыйзам кабыл алынып, президент кол койду. Ошондон кийин, биз "Республика" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана депутаттар менен сүйлөшүп, "Өнүгүү" партиясынын программасын, максаттарын ишке ашырыш үчүн, эл алдында берген убадарыбызды аткарыш үчүн, керектүү мыйзам долбоорлорун кабыл алыш үчүн өз алдыбызча "Өнүгүү" тобун түзүп жатканыбызды ачык айттык. Алар туура кабыл алышты. Капачылык, таарынычтар болгон жок. Ишибизге ийгиликтерди каалашты.
- "Өнүгүү" тобуна кошулабыз дегендер болуп жатабы?
- Учурда "Өнүгүү" тобунда 4 депутат бар. Башка фракциялардан дагы кошулабыз дегендер болуп жатат. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бизге ким кошулабыз десе эшигибиз ачык. Биздин максат - аз сүйлөп, көп иштөө. Ким сөз менен эмес, иш менен элге пайда келтирем десе, биз ар дайым иштешкенге даярбыз.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??