Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Кумтөр" келишими-кыргыз мамлекетинин тарыхындагы афёранын туу чокусу
Карл Маркс айтылуу "Капитал" аттуу эмгегинде "кайсы гана эл болбосун толук кандуу улут болуп калыптанышы үчүн эң алгач өзүнө таяныч боло турган, өзүн тааныта турган туруктуу өндүрүштүк базасын түзүшү" керектигин жазган. Кыргыздардын мына ушундай өндүрүштүк базасы кайсы болуп калышы керек? Менимче, ГЭСтери менен алтын кендери. Азырынча алтын тууралуу кеп кылалы. Анткени Кумтөрдөгү жана башка алтын кендериндеги чыр-чатактарды бетине кармашып, учурда экологияга күйүмүш болгондор, маселенин маңызына терең түшүнө бербеген жаштар бирикмелери, мамлекеттик эмес уюмдар бир жактуу пикирге өтүп алышып, "алтын кендерине тийбегиле, алтын кендерин урпактарыбызга калтырышыбыз керек" дешип ызы-чуу көтөрүшүп, ансыз деле митингдерден башы чыкпай жаткан Кыргызстанда дагы бир курч кырдаалды жаратышууда.

Атлантида эмне
үчүн суу түбүнө
чөгүп кеткен?
Бул жерде кеп - алтын кендерин кантип казып алышта жана К. Маркс айткан толук кандуу улут болуп калыптанышыбыз үчүн эң алгач өзүбүзгө таяныч боло турган, өзүбүздү тааныта турган туруктуу өндүрүштүк базабызды түзүп алышыбыз керектигинде турат. Туруктуу өндүрүштүк базабызды азыртадан тездик менен түзүп албасак, эртедир-кечтир тумшугун салып келе жаткан ааламдашуу процессинин алкагында башка мамлекеттерге жутулуп кетишибиз мүмкүн. Ал эми туура иштете алсак, алтын кендерибиз тездик менен өнүгүүбүзгө жол ачат.
Айтылуу Атлантида шаары эмне үчүн суу түбүнө чөгүп кеткен? Алтынды Атлантиданын эли өтө баалуу, ыйык нерсе катары санашып, жер алдындагы алтын кенин эч кимге каздырышпай, өздөрү да казып алышпай, урпактарынан урпактарына калтырышып жүрө беришиптир. Ал алтындын дареги бара-бара кошуна өлкөлөргө да жетет. Ач көз кошуна элдер алтынга жетиш үчүн туш тараптан оңурайтып казып киришкенде Атлантида орду-түбү менен суу түбүнө чөгүп кеткен экен. Арийне, бул байыркы уламышты түз маанисинде кабыл албаш керек. Ошентсе да, бүгүн Кыргызстандын алтынына "ажыдаар" мамлекеттер алкымын ачып, сугалактык менен көз артып турушканы чындык.

Япония
кантип өнүккөн?
Экинчи дүйнөлүк согушта Нагасаки жана Хиросима шаарларына америкалыктар атом бомбасын жаруу кесепетинен башкаларга караганда катуу жапа чеккен Жапон мамлекетинин императору Хирохито (1929-1989-ж ж.) "Улут катары сакталып калышыбыз үчүн өзүбүзгө жана улуу океанга гана ишенишибиз керек" деген. Океандын жети катар түбүнө жетип, баарын пайдалангандын натыйжасында, чыгыш өлкөсү бүгүнкү күнү жомокко айланып, бүтүндөй дүйнөгө таанылып отурат. Ал эми Европанын сыймыгы болгон Альпы тоо кыркаларынын кай бир жерлерин европалыктар өткөн кылымда эле ичин көңдөйлөтүп, какшыта иштетишип, ошонун эсебинен да бир топ өнүгүп кетишкендиги белгилүү.

Алтын кыргызга
кызмат кылыш
керек
Бизге "кантишээр экен?" дешип, каш кагып карап турушкан башка улуттар менен тең ата жүрүш жасоодо кыргыздардын пешенесине асман тиреген тоолорду жана алардын арасында катылып жаткан алтындарды буйруган. Дагы айтам, өлкөбүз башка мамлекеттерге көз каранды болбой, тездик менен өнүгүп кетиши үчүн, "алтын кендерине тийбегиле, урпактарыбызга калтырышыбыз керек" деп курулай ызы-чуу кыла бербестен, тескерисинче келечек муундарыбыздын бейиштегидей жашоосун камсыз кылышыбыз үчүн катылып жаткан алтындарыбызды бүгүн казып алышыбыз керек. Албетте, бирок Кумтөрдөгүдөй кылып эмес. Ооба, "Кумтөр" алтыны кыргыз мамлекетинин тарыхында афёранын туу чокусу, өлкөнүн өнүгүшүнө өтө тоскоолдук жараткан трагедия болуп тарыхка кирди. Акыры "Кумтөр" кени калкыбызга кайрылып кызмат кыларына ишеничибизди арталы. Бул трагедияга кириптер кылгандар эртеби- кечпи сот жоопкерчилигине тартылаары шексиз.
Алтынга бай мамлекеттердин бири болуп туруп, итке минген жарды өлкөгө айланып, журт башчыларыбыз баш болуп, башка калктан кайыр сурап, элибиздин тең жарымы тентиреп эмгек мигранты атыгып, дүйнө кезип жүргөнүбүз Кудайга да жакпайт. "Алтынды урпактарга калтыралы" деп ураан чакырбай, "Алтын кыргызга кызмат кылыш керек" деп ураан чакырышыбыз керек го.

Күкүмдөп
болсо да алтын
корун түзүшүбүз
зарыл
Алмуздактан бери мезгил өткөн сайын өз баалуулугун арттырып, бүтүндөй дүйнө коомчулугуна толук таанылып, "байлык" жана "бийлик" деген түшүнүктүн туруктуу символуна айланган бул "сары темир" айрыкча, 21-кылымдагы нанотехникалык коомдо бардык нарк - насилди чегерүүнүн толук формуласы катары кабыл алынды. Бир сөз менен айтканда алтын-бардык мамлекеттер эсептешчү туруктуу акча бирдиги. Алтындын рынок шартындагы баалуулугу "товар-акча-товар" делип, тез арада кайрымдуулугу менен шартталган. Демек, кыргызга алтын эртеңкиге караганда бүгүн болуп көрбөгөндөй керек. Ал турсун тез арада күкүмдөп болсо да мамлекетибиз эбегейсиз алтын корун түзүүгө милдеттүү. Биз алтынды бүгүн өндүрүп, андан түшкөн каражатты алтындан он, жүз эсе кымбат осмий, стронций, европий жана башка сейрек кездешүүчү тоо-кен байлыктарды иштетип, аларды өндүрүштө колдонуучу жогорку технологиялык фабрика, лабораторияларды ачуу зарылчылыгы күн тартибинде турат.

280 дей алтын
кендерибиз
"алтынбектердин" тарпына айланып жайдак жатат
Кыргызстанда алтын өндүрүшү алиге чейин башаламан "бардактан" чыга албай жатат. Жер-жерлердеги мыйзамсыз алтын чайкоочулар же калк каймана ат коюп алышкан "Алтынбектер" жөнүндө ар кандай аңыз кептер айтылып келе жатат. Алар чайкаган алтындардын жигин билгизбей жымырып сатып алып турган өздөрүнүн "барондору" бар. Алар бул тармактагы башаламандыктан пайдаланып болуп көрбөгөндөй валюталык каражат топтошкон. Майда жана орто кендердин мыйзамдуу ишке кириши жана көзөмөлгө алынышы менен алардын кендири кесилип, жашыруун кирешеси кан буугандай токтомок. Жаздын келиши, кардын эриши менен эл арасында, айыл өкмөттөрүндө "алтын элдики, алтын кендерине тийбегиле, алтын кендерин урпактарыбызга калтырышыбыз керек" дешип элди уюштуруп, ызы-чуу көтөрүшүп жатышкандар да мына ошол көмүскөдөгү алтын барондору. "Алтынбектердин" мыйзамсыз чайкаган алтынына айылдык, райондук, облустук аткаминерлер, милиция, коопсуздук, экология кызматкерлери да "колдорун жылытып" түздөн-түз кызыкдар болуп жатышпагандыгына ким кепилдик берет? Болбосо, акыркы беш жылда жер казнасына кол салган бир "Алтынбек" жоопко тартылды деген далил барбы? Алтын өндүрүшү тармагын жакшы билген бир таанышымдын айтымына караганда мыйзамсыз алтын чайкоодон эле жылына 4-5 тонна алтын сыртка чыгарылып кетип, мамлекет бардык салык төлөмдөрдөн кур жалак калат экен. 280 ге чукул орто жана майда алтын кендер иштетилбей, ошол "Алтынбектердин" тарпына айланып жайдак жатыптыр.
Алтынды зергерлик буюм, байлык гана эмес, өнүккөн технология, заманбап жогорку өндүрүш жана билим берүү, дүйнөлүк банк системасындагы ишенимдүү жана туруктуу өнөк, туруктуу жумуш орду, бекем чек ара, бактылуу карылык жана калктын ишенимдүү социалдык гаранты катары кабылдашыбыз зарыл. Ал улуттук байлык болуп, кыргызга кызматын аткарышы абзел. КМШ мамлекеттери ичинен алтын кени боюнча Кыргызстан 3-орунду ээлеп тургандыгынын өзү эле кыргыздар араб шейхтеринен кем эмес жашоого толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтып турат.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??