Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Жинге" жин тийдиби?
Өткөн жылы "Республика" фракциясынын башчысы Алтынбек Сулаймановду ак жерден каралап, өзүн коомчулукка бир таанытып алган "ата-мекенчи", аталган партиянын тизмеси менен Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланып, ал ортодо бирөөнү бычактап, анда дагы кутулуп чыккан "Жин" аттуу каймана аты бар Алтынбек Арзымбаев мурдагы күнү, 5-мартта бир кишини тапанча менен атып салып, камакка алынды. Ал эми ок жеген киши оор абалда ооруканага түштү. Өмүрбек Текебаевдин ишенген кадрлары ушинтип уят кылып койгону жаман да.


Пираттар чектен чыкты
Учурда Бишкектин кинотеатр-ларында күн сайын көрсөтүлүп, актуалдуулугун жоготпой келе жаткан "Салам, Нью-Йорк" тасмасын кимдир бирөөлөр кино көрүп жаткан жерден эле тартып алып, интернеттеги кайсы бир сайтка жайгаштырып жиберген. Аны байкаган тасма ээлеринин бири Руслан Акун сайттын ээсине сүйлөшүп, алдырып салат. Ал аңгыча дагы бирөөсү сайтта турган жеринен дароо ала коюп, базардагы диск сатуучуларга соодалаганга үлгүрүптүр. "Дордой Евразия" базарында ошол дисктерди сатып жаткан жеринен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери текшергени барган экен, аларга кол көтөрүп, ит акмагын чыгарышыптыр. Учурда кол көтөргөндөр сатып жаткан дисктери менен кошо камакта.


Каныбекте эмне өчүңөр бар, ыя?
Кайта-кайта аты өзгөргөн архитектура жана курулуш агенттигинин башчысы Каныбек Нарбаевге кастарын тиккендер көп экен. Буга чейин башкалары анын кызматына көз артып жатты эле, эми башкасы бүтүп, аталган мекеменин байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Калича Умуралиева менен Николай Кравцов да ачык эле анын отставкасын талап кылып баштаган чагы. Кайратынан жанбай тарсылдап иштеп жаткан Каныбек мырзага мынча асылып калгандарына караганда бул экөөнү Нарбаевдин оппоненттери каржылап, түртүп жаткан жокпу?


Чагымчынын үкасы кармалды
Мындан 2 жарым жыл мурдагы июнь коогалаңын тутандыргандардын бири Иномжан Абдрасуловдун жакын иниси Абдрасулов Х.П деген шүмшүк кармалып, Орусияда шүмшүңдөп качып жүргөн жеринен колго түштү. Ага Кылмыш кодексинин 299-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн. Ал эми агасы канкор Иномжан Абдрасулов болсо сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Учурда кайсы коңулда жүргөнү белгисиз.


Аялзаты - үйдүн куту, элдин тиреги
Урматтуу Кыргызстандын аялдары! Сүйүктүү апалар жана карындаштар!
Сиздерди жаратылыш ойгонуп, күн нурун чачкан 8-март - жаз майрамы менен чын дилден куттуктайм! Сиздер ар бир коомдун тиреги болуп келгенсиздер. Тышкы жана ички миграция күчөп турган ушу күндө да бардык кыйынчылыкка сабырдуу мамиле жасап, коомдун жөлөгү болуп келе жатканыңыздарга ыраазычылык айтабыз. Турмуштун ысык-суугуна чыдамдуу болуп, үй-бүлөнүн очогу болгонуңуздарга таазим! Кыргызстандын тарыхында аялзатынын орду өзгөчө болуп, ар дайым ата-баланын, жалпы коомчулуктун ишенимдүү кеңешчиси болуп келгени маалым. Ушул жаркын майрам күнү бардыгыңыздардын тилегиңиздердин орундалышына тилектешмин. Сиздерге бекем ден соолук, бүтпөс кубаныч, ийгилик, үмүт, тынчтык жана ишеним каалайм!
Үйдүн куту, үй-бүлөнүн тиреги болгон аялзаты, майрамыңыздар кут болсун!

Сиздерди урматтоом менен "Замандаш-Современник" саясий партиясынын тең төрагасы
Эмилбек Өмүракунов


Ишенбек мырза кызматынан кетти
Газетабыздын 1-марттагы санында "Каракол качан оңолот?" деген аталыштагы мэр Ишенбек Өмүркановдун ишмердүүлүгү тууралуу сын макала жарыяланган эле. Аптанын башында И.Өмүрканов арыз жазып, өз каалоосу менен кызматынан бошонду. Мындай кадамга барышка депутаттардын көпчүлүгү мэрге ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп чыккандыгы себеп болгон. Өз учурунда кемчилигин сезип, кызматын өткөрүп берген Ишенбек мырзанын башка чөйрөдөгү иштерине ийгилик каалайбыз. Бул арада депутаттар мэр кызматынан кетсе да, "жер боюнча түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгын угуп, маселеге саясий баа беребиз" дешүүдө. Кетчү адам кызматынан кетти, Караколдун түмөн түйшүгү чечилбей кала берди. Эл өкүлдөрү эми жаңылбай, мыйзамсыз иштерди ооздуктап, шаардын көйгөйүн өз көйгөйү сымал чечүүгө дарамети жеткен жетекчини шайлап алышат деген үмүттөбүз.


Эр болсоң дебатка чык
Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Т.Сариевди "эр болсоң КТРКга мени менен теледебатка чык" деп турган чагы. Д.Сарыгулов "Т.Сариев мени ак жеринен күйгүзүп, жалаа жаап жатат" деген ниетте. Ошондой эле "…атайлап ачык кат жазсам берген жообу далилсиз, конкреттүү фактылары жок. Башкы прокуратура далилдесин" дейт. Кыскасы, Сарыгулов Сариевди дебатка чакырды. Эми экөөнүн айтышын эрмек кылат окшойбуз.


А.Малиев элчилер менен "атышты"
Кыргызстандын Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык коомдор союзун - "Кыргызстандын элдик дипломатиясы" деп аташат. Ошол коомдук уюмдун президенти Арслан Малиев Бишкекте отурукташкан чет элдик элчилерди бильярд талаасына чакырып, алар менен кызылчеке шар атышты.
"Санклаб" оюн борборуна АКШ, Франция, Россия, Казакстан, Корея, Индия баш болгон мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери толугу менен чакырылып, бильярд боюнча мелдеш коомдор союзунун жетекчилиги менен Малиевдин өз каражатына өткөрүлдү. Белгилүү болгондой элдик дипломатия уюмунда 54 мамлекет менен иш алып барып жаткан коомдор бар. Аларды А.Жумагулов, И.Айтматов, А.Матубраимов, Н.Кемелбаев сыяктуу республикабыздын мурдагы мамлекеттик, коомдук көрүнүктүү кызматкерлери жетектешет.
Малиев демилге кылган ушундай эле бильярд мелдеши өткөн аптада "Манас" транзиттик жүк ташуу борборунун (АКШ) полковник Кори Мартин баштаган жетекчилиги менен болуп өтүп, оюн тең чыгуу менен аяктаган болучу. Кыргызстан ушинтип, чет мамлекеттер менен теңата болор күн кайда?!


ЖоКени жомокко
айланткан депутат
айымдар
8-март майрамын быйыл өзгөчө кыргыздар катуу майрамдашты. Айрыкча майрамда "маселесин" чечип алууну көздөгөн эркектер белектерин көтөрүп алып жүгүргөнү жүгүргөн. Кечээ ЖоКеде түрлөнүп кийинген депутат айымдарга комплимент айткан жигиттер жайнап, ал эми айым депутаттар долларбайдын көзүнө карабай алган кийимдерин түрлөнтө кийип келишип, ЖоКе болбой эле жарманке өткөрүүчү мекемедей көрүнөт экен чиркин. ЖоКе эмес эле жомоккана болду окшойт.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??