Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Султан палван министр болду

6- мартта, Жогорку Кеңеш жыйынында Маданият, маалыматтык саясат жана туризм министрлигинин жетекчилигине көпчүлүк добуш менен Султан Раев шайланды. Ошентип, бир учурда кеткен министр кайтып келди. Ал жерди учурунда Султан Раев беш жыл башкарып кеткен. Угушубузча, эки-үч талапкерден "компромисттик фигура" катары тандалып, премьер-министрдин сунушу менен эл өкүлдөрүнүн элегинен өткөрүлдү.

Депутаттар маданият тармагындагы көйгөйлөр, алардын чечилиши, маданият тармагына тиешелүү имараттардын абалы, эл ичиндеги көмүскө таланттар, тарыхый объектилерге жаңыча мамиле ж.б. тийиштүү суроолорду жаадырышты. Депутат Нарынбек Молдобаев искусство багытындагы окуу жайларда окутуучулардын билим деңгээлин көтөрүү зарылдыгын, дүйнөлүк классикалык искусствону байма-бай аралаштырууну айтса, Урмат Аманбаева талапкердин туризм тармагын өнүктүрүү багытындагы иш-планын сурады. Кенжебек Бокоев айыл жергесиндеги Маданият үйлөрүн каржылоону жергиликтүү бийликке эмес, министрликке өткөрүүнү сунуш кылып, Жылдызкан Жолдошова "мурдагы министрдин алгылыктуу иштери улантылбай калбасын" деп эскертип өттү.
Албетте, бардык эле талапкер министрлердей, Султан Раев да жетиштүү "багаж" менен келип жатканын билдирди. Депутат Майрамкүл Тиленчиева, мурунку министр "чапчыша" кеткен орус драмтеатрынын мүдүрү Борис Воровьевдун "өзүнчө ханга айланып алганын" айтып, Султан мырзадан аны эмне кыларын сурады эле, "Жакында Маданият министрлигинин коллегиясында комиссия түзүлүптүр. Маселени ошол комиссиянын бүтүмүнө ылайык чечебиз" деп жооп берип, туризм тармагына көп күч жумшоону, ал үчүн башын сайып (!) иштеп берээрин убада кылып, "Негизи туризмди өнүктүрүүдө бир гана Ысык-Көлдү эле эмес, башка тармак, аймактарды чогуу карашыбыз керек. Бай чет мамлекеттердин жарандарында Кыргызстан боюнча маалыматтар жок. Туризмди, анын ичинде улуттук туризмди өнүктүрүүнү мамлекеттик маанидеги стратегиялык тармак катары кабылдашыбыз керек. Ал үчүн өлкөдө туруктуулуктун болушу чоң мааниге ээ" деп, министрликтин карамагындагы бардык тармак боюнча бир кыйла "перспективаны" айтып өттү. Маданиятта мыкты адистерди даярдоо боюнча орусиялык театралдык окуу жайлары менен сүйлөшүүлөр болорун, "Китеп - руханий маданияттын булагы" деп, министрликтин артыкчылык багыттарынын бири - китеп окуу маданиятын калыбына келтирээрин, кыскасы, маданияттын системалуу түрдө өнүгүүсүн калыптандыруу башкы максат экенин баса белгиледи. Маданият тармагындагы билим берүү жайларынын окуу программасы жана ички тартиби да кейиштүү абалы да экенин сөз кылып, "Жогорку окуу жайларда моралдык-психологиялык абал да начар" деп, министр болору менен баарын оң жолго саларын кошумчалады...
Акыры, чындап эле жактырыштыбы же макулдашылганбы, айтор, электрондук ачык добуш берүү менен эл өкүлдөрү Раев Султан Акимовичтин талапкерлигин 94 "макул" добушу менен жактырышты. Эми Султан мырзанын канчалык "башын сайып иштеп берээри" эл сынында болот.




Мамчиновниктердин эле эмгеги элге өтүп, карапайым эл текей териптирби?
Кыргызстанда бийлик башында жүрүп пенсияга чыккандар менен кара жумушта иштеп жүрүп пенсияга чыккандардын пенсияларынын ажырымы өтө эле жогору. Айталы, Парламенттин төртүнчү чакырылышынын экс-вице-спикери Чолпон Баекованын пенсиясы 65 миң сом. Айрымдарыныкы андан да жогору. Ал эми карапайым адамдардын пенсиясы 3 миң сомдон да ашпайт. Миң сом пенсия менен жашагандар да бар. Мындай өтө чоң ажырым карапайым калкты күйгүлтүккө салып келет. Мына ушул сандардын өзү эле бул багытта пенсиялык реформа жүргүзүү керектигин туюнтуп турат.
Мамлекеттик чиновниктердин пенсиясы эмне үчүн мынчалык көбөйүп кетип жатат? Мисалы ошол эле Ч. Баекова 65 миң сомдук айлык менен иштеген жок да. Анын айлыгы 15 миң сомду гана түзчү. Бирок ага өлкөгө сиңирген эмгеги, иш стажы, алган медалдары, сыйлыктары делип отуруп жогорудагыдай пенсияны чектеп койсо боло берет экен. Муну мамчиновниктер "өлкөгө сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн" деп формировкалап жүрүшөт. Кыргызстанда учурда 560 миңден ашык пенсионерлер бар. Алардын ичинен 2 миңге жакыны 10 миңден ашык пенсия алышат. Ырас булардын арасында мамлекеттик чиновниктерден тышкары да маданият, экономика ж. б. тармактарда эмгеги сиңгендер да бар. Ал эми 230 миңден ашык пенсионерлердин алган пенсиялары тамак-аштарына таптакыр жетпейт.
Адам чай, нан менен эле олтуруп калбай, эт, айран, сүт, май, ж. б. менен да азыктанып туруш үчүн быйылкы жылы ар бир адам кеминде эле 4,5 миңге жакын сом сарпташы керектигин экономисттер эсептеп чыгышкан. Аз пенсия алгандардыкын бул суммага жеткириш үчүн 4 миллиарддай сом талап кылынат. Өткөн жылы Өкмөт пенсияны көтөрүш үчүн бюджеттен 2 миллиардга жакын сом жумшап, натыйжада 2,3 миң алгандарга 150 сомдон, ал эми 20 миң сомдон ашык алгандарга 1,5 миң сомдон кошулган болчу. Чындыгында бул карапайым карыларды шылдыңдагандык! Ансыз да Өкмөттүн жыртык бюджетинен эптеп өөнөлгөн акча баягы эле очойтуп пенсия алгандарга ооп кетип жатпайбы.
Кыргыз Республикасынын Башмыйзамынын 53-статьясында өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсионерлер жашоо-турмушуна жетээрлик пенсия менен камсыз кылынаары жазылган. Өткөн үч жыл аралыгында республикалык бюджет эки эсеге, Социалдык фонддун бюджети деле бир топко өстү. Андай болсо Башмыйзамда жазылган критерийлерди кантип аныктайбыз? Экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз качан пайда болот? Болбосо Башмыйзамдагы бажырайтып жазып коюшкан жобону алып ташташ керекпи? Кандай болгон күндө да мамлекет ансыз да "май көл, сүт көлдүн" үстүндө жашап жаткандарын эмес, эптеп өлбө жаным өлбөлөп жашап жаткан карапайым карыларын камкордукка алышы керек го! Кошуна Казакстан менен Россия карыларын бөпөлөп турмуш-тиричилигине жетээрлик пенсияларын камсыз кылып коюшкандыктан, атуулдарыбыз ошол өлкөлөрдө оту менен кирип, суусу менен чыгып иштеп да болсо алардын жарандыгын алып, пенсияга чыгууга аракет кылып жатышкандыгына биздин журт башындагылардын бети кызарар бекен?!







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??