Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Каректе калган

Өз жеримде

Швейцариянын кооздугу жөнүндө көп угам. Элди тамшандырган өзгөчөлүгү - ал жердеги айтылуу Рица көлү менен жаратылышына байланышкан дешет. Өз көзүң менен көрбөгөндөн кийин канча макташпасын шилекейиң чубурбайт экен. Көңүл эргиткен, өзгөчө кооз бурчтар ар бир эле өлкөдө нечендеп саналаары шексиз эмеспи.
Мен жаш кезимде жеткире баалай билбеген Күндөжаңыны азыр, Польшада жүрүп ойлосом, элестетсем ажайып сулуу жай экен. Узундугу беш-алты чакырым келген колоттун күңгөй бетинде ышкын, балдыркан, кымыздык, чүкүрү өссө, тескей бети жаңгак, алма, өрүк, алча, алмурут жана башка мөмө бербеген акчечек, ыргай, табылгы, чыргайга окшогон жыгачтарга толгон. Ортосунан булактардын чогулган туптунук, тиш какшаткан муздак суусу жогортон ылдый карай шылдырап, түгөнбөс күүлөрүн чалып, жайдыр-кыштыр акканы аккан. Ошол суудан кочуштап жутуп алып "Кыргыздардын жаралышы жана бүткүл Евразияга таралышы" деген тарыхый чыгарманын автору, раматылык Желден Саякбаев "ой, бул суунун жагымдуу бир даамы бар экен" - деп дагы бир кочуштап жутканы эсимде.
Айтып жаткан өрөөндү биздин ата-бабалар илгертеден эле Күндөжаңы - деп атап келишиптир. Чынында эле күн сайын болбосо да жума сайын кулпунуп, жаңыланып, өзгөрүп турган өрөөн. Тескей бетинин кырын Карачоку дешет. Бул аттын кандайча коюлуп калганына саресеп салган деле жан жок. Кыштыр-жайдыр ошол чокуга отунга барчубуз. Тели-теңтуштар менен эс алганы барчу жерибиз да ошол Карачоку эле. Ага чыгып аркы күңгөй жагын карасаң бетиңи аймалаган жумшак жел менен мурдуңду өрдөгөн жагымдуу жыттар көңүлүңдү куунак тартып, түрдүү парандалардын булбулду коштоп сайраганы кулагыңдын моокумун кандырып, айтылгыс рахатка бөлөйт. Буга окшогон кооз жерлерди Кыргызстандын көп эле кезиктирсең болот. Ошондой жерлерде жашап жүргөндө аларды көп деле эре-төрө албайт турбайбызбы.

Польша -гүлдөрдүн өлкөсү

Башка өлкөнүн чайын ичип отуруп, өз жеримди эстеп рахаттанып кеттим окшойт. Окурмандарыма Польшага барганда көргөндөрүм, андагы кооздуктар жөнүндө айтып бергим келет. Бул өлкөнүн кооздугу анын жаздыр-күздүр саргайбаган, жаратылыш тартуулаган жашыл майсаңында гана эмес, жергиликтүү эл ал сулуулуктарды үзүп-жулкуп, тебелеп-тепсемек турсун өз колдору менен аларды ажарына чыгарып, андан рахат алгандыктарында.
Польшада экинчи жолу болушум. Варшавадан эки жүз чакырым алыстыктагы Мазуры районунун Джвежуты айылына келем. Бул жерде кызым Закия менен күйөө балам Дариуш жашайт. Бир гектарга жакын айдоо жердин ортосуна үй салышкан. Айланасындагы кыска орулган жашыл майсаңынын ичи толгон жаш жемиш көчөттөр. Чет жакасында анда-санда мажүрүм тал менен кайың отургузулуптур. Алардын тескери өскөн керексиз бутактарын эле кесип койгону болбосо башка эч кандай кароо талап кылынбайт. Арык тартуу, сугаруу иштери аларда колдонулбайт. Жери нымдуу болгондуктан өсүмдүктөр бул аймакта суусашпайт. Ошондуктан, трактор айдай турган ачык жерлеринин бардыгы, колот-дөңсөөсүнө карабай жүгөрү, буудай, арпага жыш толгон.
Биз барган учур күз мезгили болуп калгандыктан жашыл бойдон шыкалып турган жүгөрүлөр көзүмө, жүрөгүмө жакын көрүндү. Жаш кезимде огородубузга жүгөрү айдап, аны чаап, түптөп, сугарып, дүмбүл болгондо ичинен чыкчу эмесмин. Балыккөздөн кичине өтүп, сүт боло баштаганда эле кайрып, чокко кактап (анда сууга кайнатуу деген жок эле), шашылганда будалап чала-була бышырып жеп кете берчүмүн. Ошол кездер эске түшүп, бир күнү жолго машинаны токтоттуруп, жол жээгине жакын айдалган жүгөрүнүн ичине кирип, дүмбүлдөн өтүп баратканына карабай төрт баш жүгөрү кайрып чыксам күйөө балам кабак бүркөп, ачык эле нааразы болду "Ата, бул уурулук да"- деп. Чын эле кичинекей уурулук да. Мен болсо эчаккы унутта калган жаш дүмбүлдүн жагымдуу жытын денеме сиңирип, бала кезимди эстеп, көөнүм көтөрүңкү абалда анын кабагына, сөзүнө көңүл да бурган жокмун.
Бул жүгөрү талаалар сүт өндүргөн фермаларга таандыгын уккамын. Негизинен уй кармаган фермерлер менен жүгөрү өстүргөн дыйкандар жармакташып, экөөнүн тең кирешелери уй продукциясынан түшөт. Килейген асыл тукум уйларын тосмо жайытка чыкканда эле көрөсүң. Башка убактарда ферманын ичинде тоюттандырылып, ошол жерде машина менен саалат.
Жаш кунаажындар зымдар менен тосулган көк шибердүү жайыттарда эркин оттоп жүрүшөт. Биринчи туутта алар 22 литр сүт бербесе бордолбой эле этке кетет. Айдоо жерлердин дээрлик көпчүлүгүн арпа, буудай ээлеп, эмнегедир беде айдалган талаалар өтө эле аздай көрүнөт. Чыктуу тоютту жүгөрүдөн эле даярдашат көрүнөт.
Райондун аймагын түзүк эле кыдырдык. Кай жакка көз чаптырба, айтып бүткүс кооздук. Айыл-кыштактагы үйлөр жол боюнан обочороок салынган. Көпчүлүгү бир жарым кабат, кээде эки кабаттуулары да байкалат, бирок көзгө букта көрүнүп, койкоюп турушат. Баарынын айланасы таптаза. Кыркылган көк шибер, тизилип өсүп турган жашыл буялар, анда-санда арча, кайыңдары бар. Үйлөрүнүн чатырлары ар түрдүү, кооз архитектуралык формаларда. Ар биринин терезесинин түбүндө, балконунда, эшигинин алдында чопо идиштерде өстүрүлгөн кызыл-тазыл гүлдөр. Көпчүлүк үйлөрдүн бооруна атайы гүлдөр үчүн анча бийик эмес узата текчелер жасалып, аларга гүлдүү горшоктор тизилген. Жада калса короосундагы огороддун ичиндеги гүлдөр жайнайт. Кыштактардагы жолдордун боюнун баары эле гүл. Деги Польшаны гүлдөрдүн өлкөсү десе туура болчудай.

Миң көлдүү Мазуры

Мазурыны - миң көлдүү район дешет экен. Дариуштун айтуусунда көлдөрү андан деле көп окшойт. Бир тобун көрдүк. Баары эле токой менен курчалган. Көл бетинин аянттары ар түрдүү. Шаарга жакын, аянты чоңдорунун жээктери гүлдөп, түрдүү соода түйүндөрү, анча бийик эмес үйлөр, кафелер курулуп, базар ачылып, эл жык. Мисалы, Миколайки көлүнүн жээги. Ар жактан келген толгон-токой туристтерди кайык, парус, параходдор ойнотуп жүрүшөт. Кээ бир аянты анча эместеринин жээктеринде топураган эл деле көрүнбөйт. Жүргүнчүлөргө эсептелген чакан кафелерде эптеп курсак тойгузса болот. Ал эми айылдан, жолдон алыс көлдөрдүн жээктери чөп басып, жыгылган жыгачтар суусуна малынып, жетимсиреп турушат. Мындайлары көп.
Мазурыдан көргөн кооздуктарга коошпогон, бирок эл тарыхый эстелик катары көп барган "Бөрүлөр уюму" деп аталып калган Гитлердин штаб-квартирасы жайгашкан бункерлер өзгөчө көңүл бурууга арзырлык болду. Бул жер экинчи дүйнөлүк согушка чейин чыгыш Пруссиянын Герлиц Вальд деген токою болуптур.
Экскурсовод аялдын айтуусунда Гитлерге үч бункер таандык болгон. Кайсы күнү кайсынысында экенин баары эле биле берген эмес. Калгандарында анын чөйрөсүндөгү 5000 адам жайгашкан. Бункер деп аталган, цементтен куюлган таштоолордун жер үстүндөгү бийиктиги үч кабат үйлөрдөй болуп, калыңдыгы 16 метрден ашкан (Чеслав пуцято, Вольчелогово). Таң калыштуусу ушул цемент таштардын үстүндө өсүп турган карагайлардан Советтер Союзунун самолеттору бункерлерди көпкө чейин көралбаптыр. Чалгынчылар толук маалымат топтогондон кийин 1945-жылы бомбалаганда бункерлер талкаланбастан жарылып гана калган. Гитлерге зыян келбептир. Экскурсовод аялдын айтуусунда ал өлбөй эле өмүрүнүн акырына чейин Аргентинада жашап өтүптүр. Ал эми музейдеги Гитлердин баш сөөгү деп сакталып турган баш скелеттин ДНКсын текшергенде 40 жаштардагы аялга таандык болуп чыгыптыр.
Бункерден кайтканыбызда түш оой түшкөн. Атайлап эле асфальт жолдон чыгып, токой арасына бурулдук. Ичи күүгүм тартып, карагайлары асман тиреген карт токойго кирген экенбиз, канча жүрсөк да бир четине чыга албай, ичинде эки сааттай адашып убакытты өткөрдүк. Бул маршрутубуз анча көңүлдүү деле болгон жок. Мурунку келгендегидей чатырак мүйүз бугу же жалаңыраак жерлеринде элеңдеген эликтерди деле көрө алган жокпуз. Болгону доңкоңдоп алдыбыздан чыга калган кара чочкону көрдүк.

Токой деп ушуну айт

Шаарларын эске албаганда, Польшанын кайсы бурчуна барсаң кызыл карагайлуу же кайыңдуу токой. Ошого карабастан ар бир өсүп турган жыгачка поляктардын аяр мамиле жасашканы жакты. Мындан төрт жыл мурда Варшаванын чок ортосундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанында бир тартайган алма жыгачынын өсүп турганын көрүп, алып эле ташташпайбы деген ойго келгем. Жаңылган экенмин. Ал алманы бул жолу да көрдүм. Көрсө булар үчүн ар бир өсүп турган бута жандуу нерсе турбайбы.
Токойлорунун ушунча көптүгүнө карабай, карагай, кайың, сосна, дуб, клен көчөттөрүн оголе көп отургузушуп жатышыптыр. Жыгачтары эчак ишке жарап калган картаң токойлорго коңшулаш андан бир аз жашыраагы, анан жаңы отургузулгандары... Түрдүү жаштагы жыгачтары асманга умтулган токой тилкелери жолдордун оң жагынан да, сол жагынан да жолугат.
Токой Польшанын жалпы аянтынын 20 пайызын ээлеп, дүң продукциясынын 30 пайызына жакынын берет. Ошондуктан, анын аянтын өлкө боюнча калыбына келтирип туруу жакшы жолго коюлганы бир районунун аймагындагы иштерден эле байкалып турат.

Краковду
кыдырдык

Краковго жеткенче сегиз шаарды басып өттүк. Баарынын өз жүзү бар, чоң. Көпчүлүгүнө токтобой эле машинеде 10-15 минутадай айланып, кайра өз багытыбызга түшүп жүрдүк. Бир гана Гроец шаарында тамактануу үчүн көбүрөөк кармалдык. Базарына кирсек прилавкалары толгон эле алма. Өздөрү өзүнө тартып турганы менен даамдары биздин алмаларга жетпейт. Алып атышат, өздөрүнө жагат окшойт. Деги эле Польшанын бардык мөмө-чөмөлөрүнүн даамдары супсагыраак сезилип жүрдү.
Үйдөн үрөң-бараңда чыкканыбыз менен Краковго жеткенче түш ооп кетти. Бул жерде жатып калаарыбыз белгилүү болгондон кийин биринчи кезекте эле мейманкана издедик. Орун жок. Четирээк жагынан бир этаждуу мейманканадан орун таптык. Сыртынан жупунураак көрүнгөнү менен ичиндеги сервисине ыраазы болдук.
Эртеси түшкө чейин Краковду кыдырдык. Чынында эле мактанаарлык экен. Бекеринен бир кезде поляктардын борбору болбоптур. Польшанын тарыхынын мерчемдүү бөлүгү ушул шаарга байланышкан. Эстеликтер менен "замоктор" (тарыхый маанидеги чоң курулуштарды булар ушинтип аташат экен) дээрлик ушул шаардын ичинде жайгашкан. Алардын баарын бир күндө эмес бир жумада да көрүп чыга албайсың. Бир эле Польшанын королдорунун тарыхый инсандарынын саркофактары, мүрзөлөрү сакталган соборду толугу менен көрүп чыгууга кеминде эле үч саат кетет дешти. Эл толтура. Үлүлчө жылып отурасың. Поляктардын катастрофага учураган падышасы Лех Качинскийдин сөөгү сакталган секиге жетип кайра артка тарттык, анткени Величкага билет алып койгонбуз.

Туристтер сүйгөн
туз шахтасы

Величканы орто кылымдарда "Magnum Sal" (Улуу туз) деп аташыптыр. Демек, "величка" деген ооздун уңгусу великий (улуу) дегенден келип чыкканы белгилүү болуп жатпайбы. 1290-жылы ага шаар статусу берилип, кийинчерээк туз шахтасынын атына айланып, эми "величка" деген сөз анын синоними болуп калган. Бул туз шахтасы дүйнөнүн башка бир да бурчунан жолукпаган, поляк элинин керемет байлыгы. Ошондуктан, бул туз кенин бир көрүп кетүүнү эңсегендердин саны жылдан жылга артып, бүгүнкү күндө каттаган туристтердин саны жылына миллиондон ашып кетиптир.
Шахтанын адам жете турган тереңдиги 327 метр деп көрсөтүлгөн. Анын ичиндеги "Озеро Теодора Веселя" - деген көлдүн үстүнө курулган кеңири аянтчада концерт ж.б. оюн-зооктор үчүн атайын залы бар. Майда-чүйдө нерселерди сатуучу лавкалар, чакан кафелер, музей, туздан жасалган скульптуралар шахтанын ичине түшкөндөрдү кош көңүл калтырбайт. Менин жүрөгүм тереңдикти көтөрө албагандыктан 135-метринен эле лифт менен сыртка кайттык.

Суктандырган Сдиар

Эртеси Словакия багытындагы трассага эрте чыктык. Айланабыздагы жаратылыш кооздуктары бизди алаксытып атып, Сдиар шаарына тез эле жетип калгандай болдук. Чынында төрт сааттан ашык жол жүрүп коюппуз. Бул шаардын өзгөчөлүгү - ал тоо түбүнө жакын жайгашып, карагайлуу жашыл тоо колотторуна сүңүп кеткендей сезилет. Тээ алыстан көрүнгөн карагайлуу көк жашыл тоолор көзүбүздү кычыштырат, бирок кантип жетесиң? Машина жетчү жерлерин кыдырдык. Тоо боорунда жайылып жүргөн эчкилер көзүмө жакшы көрүнөт. Айрыкча кафесине киргенде жаш кездеги айыл турмушунун чакан үзүндүсүн көргөндөй болдум. Дубалга такай коюлган узун отургучка жаба салынган, ага төшөлгөн мамыктай, самсаалаган ап-аппак жүндүү эчки терилерине биринчи эле мен жыргап отура кеттим....
Джвежутыга түн ортосунда келип, эртеси жолго чыга албай, Колобджегге кийинки күнү жөнөдүк. Мазурыдан төрт жүз чакырым алыстыктагы бул шаарда күйөө балам туулуп өскөн. Апасы, карындашы ушул жерде жашашат. Шаар салыштырмалуу жаш. Заңгыраган он эки кабат үйлөрдүн баарынын эле архитектуралык формалары бирдей эмес. Аралыктары кеңири. Эс алып баса турган жашыл газондор ар бир үч үйдүн ортосунда кездешет. Аларда итин жетелеп же жөн эле басып жүргөндөрдү күн сайын эртең менен көрөсүң. Көчөлөрү таптаза, кеңири. Жээкке жакын үйлөр көп. Алардын ортосунан өткөн асфальт жолдордун кээ бири Балтикага барып такалат. Деңиздин бир капталы шаарды жиреп кирип келгендей сезилет. Эл тарткан параходдор Швеция, Даниядан эле келет окшойт, эки үч эле өзгөчөлөнгөн пароходдорду байкадым. Деңиз жээгиндеги атайын эс алуучулар үчүн жасалган кумдуу аянтчалар жетишерлик. Айланасы кафе, ларекторго толгон. Аларда эмне гана жок. Аялдардын жабышкандары эле бермет, янтарь, шуру. Деңиздин түбүнөн алынгандыктан алар бул жерде бир топ эле арзан дешет.

Көз жетпеген деңиз...
Аккуу пароходдор

Деңиз жээгиндеги кымгууттук саат тогуздардан эле башталат. Он бирлерде шейшеп же одеяло төшөп жатып алып, күн табынан рахат алып жаткандарды араң аралайсың. Ал эми чак түш мезгилде улгайгандар көлөкөгө качышып, бак түбүндөгү асфальт жол менен эркегинин алаканына аялы колун коюп алып ары-бери басып жүрүшөт. Аларды көрүп калган менин кемпирим "биз дагы ушинтип басалы" деп мени кыйнаса болобу. А мен уялам. Бирок, билбейм кимден уялып атканымды. Кейпи көнбөгөндүк ко, өөн учурайт. Бул жээкке үч күн катары менен келип жүрдүк. Ажайып көрүнүш. Акын эместерге да илхом келип, эки-үч куплет ыр жаратып жиберет.

Балтикада

Балтиканын жээгинде, майда кумда,
Эс алгандар жүрүшөт кол кармашып.
Болбосо да өң-түсүбүз аларга окшош,
Арасында биз да жүрдүк аралашып.

Сууга чумуп, суу чачышып, мотураңдап,
Өспүрүмдөр топту ыргытып кылат эрмек.
Аралаша аларга кайкып учуп,
Саламдашат ак чардактар канат сермеп.

Жаткандар көп майда кумду килем кылып,
Рахатта, тийген күнгө жону жылып.
Аялы да, эркеги да кийип жүрөт,
Боз түспөлдүү чолок шымды жаны жырык.

Чалкайган мейкиндикти ээлеп алып,
Пароходдор жылып жүрөт деңиз жарып.
Алды-артыңа көзүң жетпейт,
чексизге окшош,
Сен узаган элдүү жээктер алыс калып.

Түрмөктөлгөн толкундар сени сынап,
Капарсыз пароходду капталга урат.
Чайпалып, бирок аны сезбегендей,
Аккуу болуп койкоюп алга жылат.

Келберсиген Германия

Андан кийинки күндөрүбүздү коңшулаш мамлекеттерди көрүүгө арнадык. Биринчи сапарыбыз Германияга багытталды. Жол кеңири асфальт болгону менен өйдө-ылдыйы көп экен. Одрадан паром менен өткөндөн кийин бирде токой, бирде айыл болуп отуруп, Германияга кирип барганыбызды байкабай калыппыз. Польша менен Германиянын жер шарттары, жаратылышы аябай эле окшош болуп, бизге байкалбаптыр. Же чек ара же тоскон жан жок. Көрсө Cewag деген шаарга кирип барыппыз. Польшанын шаарларынан анча өзгөчөлүгү деле байкалбады. Болгону жазуулары немисче экен. Бизге жакпаганы бардык буюмдар бул жерде үч эседей кымбат экен. Эстеликке да эч нерсе сатып ала албадык. Ошол себептүү немистер дем алыш күндөрү Колобджегге келип соода-сатык кылып, азык-түлүктөрдү ташып кетишет турбайбы. Айта кетчү нерсе кымбатчылык болгону менен буларда орточо айлык акы коңшулардыкына салыштырганда үч эседей көптүк кылат.

Ишсиз калган
автоинспекция

Экинчи сапарыбыз Даниянын Ворхолм аралына болду. Ал жакка баруучулар аябай көп экен. Билет жетишсиз. Үч күн алдын-ала алдык. Жөнөгөнү жатканыбызда билет издеген эле кишилер. Биздин шылуундар болгондо билет алып-сатып эле байып кетмек деп койдум.
Колобжегден Ворхолмго чейин беш саат пароходдо жүрдүк. Көнбөгөн кишиге ушунча убакыт деңиз үстүндө болуу тунжуратып жиберет экен. Маанайыбыз пас Нэхсо шаарына түштүк. Жарым сааттай аралдын турмушу жөнүндө экскурсовод аял орус тилинде, англис тилинде айтып бергенден кийин атайы туристтерди тарткан эки чоң автобус менен далай жерин кыдырдык. Бизди таң калтырганы бул жерде милиция кийимин кийип жүргөн тартип сакчыларын көрбөдүк. Туристтердин "силерде погондуулар көрүнбөйт?"- деген суроосуна, "алардын бизге кереги жок. Ууру же бейбаштык болбойт. Мастарды көчөдөн издесеңер да таппайсыңар. Болгону шаар боюнча эки мамлекеттик автоинспекциябыз бар, алар да жумуш жок жүрүшөт"- деп оозубузду ачырды. Чынында эле ошондой экен. Үйгө кулпу салынбайт. Эшик алдында, көчөдө коюлган машиналар кулпуланбайт. Бирок, магазиндер, чоң ишканалар түнкүсүн кулпуланат.
Оорукана, аптека сейрек деди. Ооругандар чанда болуп, катуурагын атайы самолет менен Данияга жеткиришет. Жакында эле бир кемпир ооруп калып, аны атайын самолет менен Копенгагенге жеткирилгенин айтышты.

Карысын кадырлайт экен

Бул аралда кары-картаңдарга мамиле жасоо өзгөчө жолго коюлуптур. Биздин көзүбүзгө урунган он чакты жаңы салынган бош үйлөр жөнүндө сурасак, алар пенсияга чыга элек карыларга арналган дешти. Эгерде кайсы бир улгайган адамга үй-бүлөсү, бала-бакырасы менен жашоо ыңгайсыз болуп калса, жергиликтүү бийлик чечим чыгарып, ошол үйлөрдүн бирине киргизип, бардык шартын түзүп берет. Атайын алар үчүн ашкана салынып, тамак бекер берилет.
Туристтер үчүн дагы атайын ашкана бар экен. Менюсу негизинен балык этинен жасалган тамактар. Параходдун билетин көрсөтүп эле акысыз кирдик. Баары бекер (тамактын акысы билеттин баасына кошулуптур). Ворхолмдогу жашоо биздин жашообуздан канчалык жогору экендигин болжолдоо кыйын. Көрбөгөн адамдарга жомоктой сезилиши мүмкүн. Андагы көргөн-билгендеримди ушул күнгө чейин айтып бүтө албай келем. Болжолу дагы көпкө чейин айтам го.
Бир гана Ворхолм эмес, деги эле Европа мамлекеттеринен көргөн керемет жерлер, эстеликтер, ажайып кооздуктар карегимде көпкө чейин сакталаары шексиз.

Кашкабай АЛИШЕРОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??