Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кайдасың,
кайрымдуулук?

"Кайдыгерлик деген неме,
Кайран элди
Чокуга чабабы дейм,
Кара жолго кареги агабы дейм,
Жомок жолборс жолою жоош элдин
Жонун тилип тамгасын салабы дейм,
Жок кылып алабы дейм"
Акын Шайлообек Дүйшеевдин "Кайдыгерлик" деген ыры менен кайра куруунун маалында туулган балдардын мууну чоңойду. Кайдыгерлик калган жок. Акындын аталган темадагы ыры дагы бир жолу жаңырды. Кайдыгерлик ошол бойдон.

"Көкүрөк коңгуроосу"

Кечээ редакцияга Аскарбек Иманбеков аттуу ардагер журналист макала апкелиптир. Өзгөртүүсүз берели.
"2013-жылдын 1-марты. Ак үйдүн түбүндөгү коомдук кабылдаманын чакан фойесинде элдин көптүгүнөн кулак тийишет. Жогорку Кеңештин депутаттарына көкүрөктөрүндөгү көйгөйлөрүн айтып, бугун чыгарууга кезек күткөндөрдүн арасында көздөрү китирейген жаш келин турду. Аңгыча коляскадагы баласы ыйлап, анын жанында турган 3-4 жашар уулу кошо:
-Апа, курсагым ачты, суусадым, нан берчи-деп мазасын алды. Мына ушуну күткөндөй ал элди карап алып олтура калды да, шолоктоп кирди.
- Кой ыйлаба, кызым, алда байкушум ай!....-деп карыган байбиче боор толгоп сооротууга кирди. Баарыбыз оңтойсуз абалда калдык.
Келиндин аты-жөнү Үмүтай Абдылдаева экен. Арча-Бешик жаңы конушунда батирде турушаарын, азыр Жалдагы №3-республикалык балдар ооруканасында баласы Элеманды операцияга даярдатып жатканын, акчасы жок болгондуктан Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбековдон мындан бир ай мурда жардам сурагандыгын, бирок А.Жээнбеков материалдык жактан жардам берээрин айтса да, Кутман, Темир деген кызматкерлери кайдыгер мамиле кылып акча бербей жатышкандыгын айтты.
_Канча күндөе бери келесиң бул жерге?
- Бир аптадан бери. Күнүнө жок шылтоону айтышат. Кечке дейре кезерип отуруп кетебиз….
Мына, замандаш! Эгемендүү эл болдук, улутка тең болдук дегенибиз менен баягы эле шордуулар ашка жетпей, кийимге жетпей акчасы жок. Ушул эле убакта депутатпы, министрби бийлик ээлери бүлкө-бүлк казы-карта чайнап, миллион сомдук автомашина тээп, чардап жатышпайбы?
Бир чиновник айына 40-50 миң маяна алат. Квартал сайын сыйлык, командировкалык чыгым, 13- айлык, курортко…баары болуп айына 70 миң болот. Ал эми тигил келинге окшогон шоркелдейлер ичээрге оокаты жок, ичинен чыккан баласын коргой албай, жертөлөлөрдө, батирлерде күн кечирип жатышат. Элүү жыл тынымсыз эмгектенген карапайым калктын бир айлык пенсиясы бир кап ун, 10 кило кумшекер, 5 кило майга жетет.
Ушул да демократиябы? Бул үчүн сөзсүз элдик контролдоо комитетин түзүү зарыл. Ошондо гана эл өзүн-өзү контролдогондо жеп-ичкичтер ооздукталат. Арам тамактар арына келет…"

Кайрымдуулук
Президент менен эле спикерге керекпи?

Спикер Асылбек Жээнбеков Үмүтайдын Жогорку Кеңештин эшигин сагалап жүргөнүнөн кабары жок болсо керек. "Чөкөтаандын балдарындай" чурулдап, маасыдан гөлөчтү чечкендей маселени чече салып, өкмөттү өпкөгө койгулагандан башка эрмеги жок депутаттарга баш-көз болуу канчалык түйшүктүү. Ага кошулуп Үмүтайга окшоп, үмүт кылып келгендердин аягы үзүлбөсө. Биз билгенден майып баласын жетелеп, үй сурап, учас-ток сурап, тамак-ашка акча сурап президент менен спикерге кайрылгандардын катары арбын. "Алиби" гезитине, башка жалпыга маалымдоо каражаттарына мындай каттар күнүнө келет. Сырттан караган кишиге президент менен спикер соцалдык коргоо тармагынын эки бөлүмүн эле башкарып жаткандай таасир калтырат. Албетте, мамлекет башчысы кыргыздардын жана кыргызстандыктардын татыктуу жашоосу үчүн кам көрүшү керек. Бирок бул кат жазган, жеке кайрылган, жакыр жашоодон тажагандардын ар биринин маселесин бир талдан чечип берет деген түшүнүктүн катарына кирбейт. Социалдык маселелерди чечүү үчүн социалдык коргоо министрлиги баш болуп, аким, губернаторлор төш болуп отурушат. Эгерде кыргызстандыктар муктаждыктарын президент жана спикер аркылуу гана чече турган болсо, мындай бюджетти соруп отурган тармактардын кереги барбы?
Тиешелүү тармактар дегеле иш алып барбай калганбы же карапайым калктын өкүлдөрү "жыгылсаң нардан жыгыл" дегендей түз эле Бишкекке, Президент менен Спикерди көздөй жөнөйбү? деген да суроого жооп издедик. Биз билгенден Жогорку Кеңеште кандай гана маселелер каралбайт. Айыл округунун, акимдин, губернатордун деңгээлинде чечиле турган маселелерди күн сайын Жогорку Кеңеште көтөрүшөт. Бир гана жыйынтык. Тиешелүү тартипте иш алып барылбайт.

"Diesel Forumдун" аларга кереги жок…

"Diesel Forum" сайтынын "Боорукердик" деп аталган бөлүкчөсү бөтөнчө Үмүтайдын уулуна окшогон наристелерге жардам көрсөтүүдө чоң таяныч болууда. Жардамга муктаж карапайым калктын, ар улуттуу өкүлдөрү интернет аркылуу боорукер адамдардан жардам сурап кайрылышат. Арасында президент менен спикердин эшигин баш кылып кайрылып, айла кеткенде боорукер элден үмүт кылып отургандары канча?
Алардын катары арбын. 8 жаштагы Бакыт уулу Саматка, 9 айлык Богдан Трубицынга, Алисага, Беловодскидеги психо-неврологиялык үй-интернатка, Нижне-Серафимовкадагы карылар үйүнө жардам керек…
Арасынан "баланча деген саясатчы же министр, аким, губернатор бир комнат үйдө тыгылып, бала-чакасын бага албай жатат, акчага муктаж" деген сап жок. Алар Үмүтайга окшогондор жашаган батирлерде баш калкалабайт. Балдары ооруп калса, жалдырап көрүнгөндөн акча сурабайт. Айлыктан айлыкка, карыздан карызга жашабайт. Төшүнө "жардам бергиле" деп жазып алып, "Ош" базарды аралап, кайыр сурабайт. Ошондуктан "Diesel Forum" форумдун аларга кереги жок.

Ат-Башынын Ак-Муз деген айылынан…

Аскарбек Иманбеков Үмүтай Абдылдаева Ат-Башынын Ак-Муз деген айылынан экендигин айтып кетти. Артынан ойлонуп калдык. Биз билгенден "Кайдыгерлик" деген ыры калың журтка жеткен Шайлообек Дүйшеев чыккан айтылуу Ат-Башыдан Аскар Салымбеков баш, генерал Мелис Турганбаев төш болгон элге таанымал адамдар чыккан. Бул адамдардын кыргыздар жана кыргызстандыктар үчүн жасап жаткан эмгеги ат көтөргүс. Муну эч ким жокко чыгарбайт. Бул адамдар ар бир кыргыздын, ар бир атбашылыктын чекесинен сылап, каралашканга милдеттүү эмес. Бай болуп калгандыктары үчүн күнөөлүү да эмес. Бирок, "жакшынын жарыгы жалпыга тиет" дейт элибизде. Ошол жалпы кыргыздын кызыкчылыгына берилип келе жаткан каражаттын бир аз бөлүгү акмуздук келиндин муктаждыгына кетсе ашыктык кылбас эле. Биз бул макала аркылуу атайы үмүт кылып, Жогорку Кеңешке барган Үмүтайдын үмүтүнө "суу септирбей", жогоруда аттары аталып кеткен, аттары аталбай калган атбашылык агалар жардамга келет деген ойдобуз.

Кайдасың,
кайрымдуулук?

Үмүтайдай жакыр жашоого белчесинен баткандар Ат-Башыда эле эмес атпай кыргызда толуп жатат. Бакиевдерди каргап шилеген менен Бакиевдердин тушундабы же андан мурунбу же кийинби, айтор, маңдайларына жазылып май чайнап калган байлар да "иттин кара капталынан". Жашоонун теңсиздигинен акыркы жылдары алакандай өлкө эчен ирээт чайпалды. Кырчындай жигиттер кырылып кетти. Ушул деле сабак болгон жок кыргызга.
Тарыхта "бай", "кедей" деген ажырым болуп келгендигин эч ким танбайт. Ошентсе да, кылымдарды карыткан кыргыз мына ушул "кайрымдуулук" деген улуу сапаттын аркасы менен, жарты токочун бөлүшүп жашап келген үчүн жер үстүнөн жок болуп кетпей, бүгүнкү күнгө жетсе керек. Айтылуу Кыдыр чоң ата "Байлыгың бар бойдон, жокчулук жок бойдон турбайт. Оомалуу дүйнө ошондой" деген экен. Тирүүчүлүктө өлүү дүйнөгө дөгүрсүбөй, Үмүтай сыяктуу жашоодон кыйналгандарга кол сунгандардын катары арбыйт деп үмүт кылалы.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??