Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Мелис Турганбаев менин
досум, Башкы прокурор Аида Салянованын иниси менин бир тууган бажам" - дейт
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Саляновага
АРЫЗ

Эртеси 18-май күнү саат болжолу 12 ченде, мурунку күнү келген 3 бала, Маженов Руслан, Айбек, Таалайбек, Замир аттуу аксакал жана дагы бир топ адамдар үч машина менен келишип, "кошарды өрттөйбүз, силерди өлтүрөбүз, малдын кожоюнун чакыргыла"- деп колдоруна таш алышып, үйдүн ичине, сарайдын ичине киришип, "малдар кайда?" -деп коркутушкан. Бул адамдардын баарын Маженов Р. жана Замир аттуу аксакал башкарып жүргөн. Ошол Замир аксакал малчыма үч баланы кошуп берип, талаадан малдарды айдаттырып келген. Андан кийин Замир аксакал "малдарды Нооруз айылын көздөй айдагыла"- деп буйрук берген. Малдарды Ноорузду көздөй айдап бара жатканда астынан Арсен аттуу участковый инспектор жолугуп, малды кошо айдашып барган. Мечиттин жанына келишкенде бир топ милиция кызматкерлери астыларынан тосушуп, "мыйзамды баспагыла, токтоткула" - деп айтышса болушпай, малчымдын атын тартып алышып, малдарды бирөөнүн короосуна киргизип коюшкан, "малдын ээсин чакыргыла"- деп талап коюшкан. Милициянын кийлигишүүсү менен малчыма ат кайтарылып берилип, бир топ убакыттан кийин малчым малдарды кайра сарайга айдап келген. Бул тууралуу Ысык-Ата ИИБсына арыз менен кайрылгам.
2012-жылы 29-май күнү саат 10 чамасында, менин Ысык-Ата ИИбсына кайрылуумдун негизинде 5 милиция кызматкери кошарга келип, кайрадан боло турган тоноочулукту болтурбоого күтүп отурушту. Ошондо ошол жердин участковый милиционери Арсен түшкү саат 14:00 до "Азыр бир аздан кийин тоноочулук кайрадан башталат, алар камданып жатышат, азыр келишет"- деп айтып келген. Андан жарым саат өтпөй "Джип" машинасы менен Маженов Руслан, Айбек, Таалайбек, Замир аксакал жана дагы бир топ кишилер, мурда келип жүргөн сары түстөгү бортовой Мерседес, кара түстөгү Фольксваген-Пассат мам. номер 83-67 жана дагы 3-4 машина менен келишип, милицияларды көзгө илбей, кой дегендерине болбой, үйдүн, кошардын үстүнө таш ыргытышкан. Андан кийин кошардын жана үйдүн ичине киришип, бардык нерселерди аңтарышып, ар кимиси өзүнө керектүү нерсени карап жүрүшкөн. Короодо байланып турган итти таш менен уруп, көзүн чукуп, айры менен сайып өлтүрүп салышкан. Балдардын баары мас абалында болушкан. Маженов Руслан жана Замир аксакалдын буйругу менен малчым малдарды тоодон айдап түшүп, дагы Нооруз айылына айдатып жөнөшкөн. Үйдө эч ким жок болуп ээн калган. Малчы малдарды айдап келе жатканда милициянын кызматкерлеринин жардамы менен малды Нооруз айылына айдатпай "Бишкекти көздөй айда"- деп айтышты, Горный Маевка айылына келгенде. Бир милиция кызматкери келип, малды "жол менен айдабай, сай менен айда"- деп жолду көрсөтүп бергенден кийин малчым түндөп айдап келип аман калган. Кошар ээн калып талап-тонолуптур.
Маженов Руслан жана Замир аксакал уюштурган бул адамдардын мыйзамсыз аракетинин кесепетинен мага төмөндөгүдөй зыян келтирилди: 1 кой, 11 үндүк, 41 үндүктүн балапандары, 30 тоок, 220 литр солярка бочкасы менен, 1 даана дүрбү, вет.аптечка, 1 жуп керзовый жана 2 жуп резиновый өтүк, 2 даана ат ээр токуму комплекти менен, 1 балта, 1 балка, 3 күрөк, 2 лом, кол араа, чоң араа, 2 палас, 2 килем, 2 тонна картошка. Үйдүн бир айнегин рамасы менен чыгарып, кошардын чоң темир эшигин жулуп, кошардын дубалын бузуп жыгып жана азиат породасындагы итимди өлтүрүп салышкан. Бул келтирилген зыян мен үчүн - олуттуу зыян. Азыркы мезгилде, бүгүнкү күнгө чейин бизге тиешелүү болгон кошар талкаланып ээн турат. Бүгүнкү күндө кошарда эмнелер бар жана жок экенин мен толук билбейм. Ал жакка барып кайрадан иштетүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Анткени, кличкасы "Жантай" болгон Маженов Руслан жана Замир аксакалдын жетектөөсүндөгү уюшулган жергиликтүү "азаматтар" тобунун тоноо жана менчиктештирүү максаттары мага жана менин үй-бүлөмө коркунуч туудурууда.
Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча Ысык-Ата РИИБнын ТБнун тергөөчүсү Б.Т.Дуйшеналиева тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 167-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1.3-пункттары менен №5-12-358 сандуу кылмыш иши козголгон.
КР ИИМ БТБнун тергөөчүсү М.Тешебаев тарабынан 05.01.2013-жылы бул кылмыш иши ЖПКнын 221-беренесинин 1-бөлүмү тартибинде өндүрүштөн убактылуу токтотулган.
Өндүрүштөн убактылуу токтотуу жөнүндөгү тергөөчүнүн токтому мыйзамсыз жана төмөндөгү жагдайлардын негизинде жокко чыгарылууга жатат:
У.Букаевдин, Болжигитов Замирдин жана Р.Маженовдун менин малчыма карата "зомбулук көрсөтөм, өлтүрөм, үйүңдү жана сарайды өрттөйм"- деп колдоруна таш, таяк алып коркутуп, мал-мүлкүмдү ээлеп алган факты боюнча, бул адамдардын аракетинде КР КЖКнын 168-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын составы анык көрүнүп турат, башкача айтканда, каракчылык, өмүргө, ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалган, башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында кол салуу деп квалификацияланат.
Кылмыш ишти өндүрүштөн убактылуу токтотуу жөнүндөгү токтом мыйзамсыз, анткени ЖПКнын 221-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-пункту менен айыпкер белгисиз жакта качып жүрсө кылмыш иш убактылуу токтотулат. Ал эми биздин иш боюнча күнөөлүү адамдар Букаев Урмат, Туркменов Адыл, Молдоастанов Акылбек, Болжигитов Замир, Айбек жана Таалайбек айылда эле жүрүшөт. Ал эми "Жантай" кличкасындагы Руслан Маженов Бишкек шаарында эркин күрөш боюнча башкы тренер кызматында иштөөдө. Мындан тышкары, тергөөчү өзүнүн токтомунда "Букаев белгисиз жакта жүргөндүгүнө байланыштуу ага сырттан айып угузуп, издөө жарыялап, баш коргоо чарасын, жашаган жеринен эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил кат алуу тандалсын"- деп көрсөткөн. ЖПК боюнча мындай баш коргоо чарасы жок. Эгер адам келбей качып жүрсө ал адамга карата издөө жарыяланып, камакка алуу тандалат. Андыктан, айыпкер табылганда андан "экинчи качпайм" деген баш коргоо чарасын колдонуу мыйзамсыз.
Р.Маженовдун жана З.Болжигитовдун аракетинде КЖКнын 168-беренесинин 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери бар, алар өздөрү түздөн-түз кандайдыр бир мүлктү көтөрүп алып кетишпесе да кылмышка шериктештиктери бар. Анткени КР КЖКнын 30-беренесинин 1-бөлүмүнүн талаптарына ылайык, эки же андан көп адамдардын кылмыш жасоого атайылап өз ара биргелешип катышуусу кылмышка шериктеш болот деп табылат.
Ушул эле берененин 4-бөлүмүнө ылайык кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген адам - кылмыштын уюштуруучусу деп табылат.
Р.Маженов менен З.Болжигитов мас болгон топ адамдарды уюштуруп, кылмыш болуп жатканда түздөн-түз жетектеген бул факты менин малчым Т.Раимовдун жана анын аялы В.Айдарованын көрсөтмөлөрү менен далилденип турат. Р.Маженов мас адамдарды уюштургандан тышкары, ачык эле бир нече жолу "Өпкөсү жок Таластыктар кеткиле, биз силерди жашатпайбыз, кошарды жана малды тартып алабыз, себеби бул кошар биздин ата-бабаларыбыздын кошары жана биздин айылдын жери, бул жерде жашайм деп убара болбо, кеткин бул жерден, колуңдан эмне келет? Кимге кайрыласың? Ысык-Ата ИИБнин жетекчиси Ажыгулов Айбек менин кудам, Чүй облусунун прокурорунун орун басары Абдраимов Кубат Бейшенбекович менин тууганым, Мелис Турганбаев менин досум, Башкы прокурор Аида Салянованын иниси менин бир тууган бажам" - деп жолуккан жерден айтып жүрөт. Бул айтылган сөздөрдү бир нече күбөлөр тастыктап бере алышат. ЖПКнын 81-беренесинин 1-бөлүмүнүн талаптарына ылайык, жазык ишинде ар кандай такталуу маалыматтар далилдер болуп саналат, анын негизинде мыйзамда аныкталган тартипте тергөөчү, прокурор, сот жазык кодексинде каралган жосундардын болгонун же болбогонун, мындай жосунду шектүү, айыпкер соттолуучу жасаганын же жасабаганын жана айыпкердин күнөөлүү же күнөөсүз экендигин, ошондой эле ишти туура чечүү үчүн мааниси болгон башка жагдайларды аныктайт.
Ал эми ушул эле берененин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык далил болгон маалыматтар шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрү.
Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча прокуратура тарабынан жетишээрлик көзөмөл жүргүзүлбөй жатат, кылмыштын болгонуна 10 ай болуп калды, бирок ушул күнгө чейин күнөөлүү адамдар жоопко тартылбай жана мага келтирилген материалдык зыян ордуна коюла элек.
Укук коргоо органдары тез жана мыйзамдуу чара көрүшпөгөндүктөрүнөн, мен ушул күнгө чейин, сатып алган менчигим болгон сарайыма бара албай жатам, ээн калган мүлкүм да таланып-тонолуп жатат.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" мыйзамдын 1-беренесинин талаптарына ылайык: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы - Кыргыз Республикасында мыйзам актыларынын сакталышын көзөмөлдөөчү орган.
Кыргыз Республикасынын прокуратурасы - Аткаруу бийлик системасындагы мамлекеттик органдардын, кызмат адамдардын, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүү субьекттер жана граждандар тарабынан мыйзам актыларын так жана бирдиктүү аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамда каралган учурларда жана тартипте кылмыш боюнча териштирүү жүргүзөт жана иштерди сотто териштирүүгө катышат.

Урматтуу Аида Жеңишбековна!

Эгерде прокуратура мыйзамга ылайык мыйзамдын так аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн орган болсо, анда эмне себептен мага карата жасалган кыянаттык кылмышка так көзөмөл жүргүзүлбөйт, эмне себептен ушул күнгө чейин күнөөлүү адамдар так аныкталып турса дагы жоопко тартылышпайт, мал-мүлкүмдү кайтарып бергенге чара көрүшпөйт? Эмне себептен прокуратура көрмөксөн болуп милдеттерин так аткарышпайт? Мыйзамдуулук болобу же жогоруда айтылган Р.Маженовдун сөздөрүнө айласыздан ишенүүгө туура келеби, ар ким таанышына ишенип, өзү билген кылмыш иштерин жасай береби?
Азыр кылмыш иши ИИМ БТБсынын тергөөчүсү Сабыр Аманбаевдин өндүрүшүндө. Анын иш телефону 0312 26-61-54; мобилдик телефону: 0 558 31-71-18.
Сизден суранаарым кылмыш ишти чакыртып, окуп-таанышып, ушул мезгилге чейин кылмыш иш кимдер тарабынан "волокита" кылынганын аныктап, эмне себептен райондук жана областтык прокуратура көзөмөл жүргүзбөгөнүн текшерип, кызматтык териштирүү жүргүзүп, күнөөлүү адамдарды тартиптик жоопкерчиликке тартып берүүңүз жөнүндө суранамын жана бул кылмыш ишти өз контролуңузга алып, иш боюнча көрсөтмө берип, ишти созбой тез аранын ичинде күнөөлүү адамдарды жоопко тартып берүүңүздөрдү суранам.
Арыз боюнча кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндө билдирип коюшуңузду суранам. Сизди урматтап,

Жабырлануучу Бекмурзаев
Жылдызбек Жумагулович
Бишкек ш. "Көлмө" жаңы конушу,
Дастан көчөсү 5-үй, тел 0550557071






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??