Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Андаш майнинг компани" компаниясы жана "Кентор Голд Лтд" филиалы "Алиби" гезитин сотко берди
Эмне үчүн?
Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаевге,
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ж.Сатыбалдиевге,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Жээнбековго


Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Урматтуу Жантөрө Жолдошевич!
Урматтуу Асилбек Шарипович!

Бүгүнкү күндө "Алиби" гезити менен "Андаш майнинг компани" компаниясы жана "Кентор Голд Лтд" филиалынын ортосунда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Аталган компаниялар "Алиби" гезити менен мени, "Алиби" гезитинин башкы редакторунун орунбасары Болотбек Таштаналиевди өзүлөрүнүн ишкер репутациясын коргоо максатында (о защите деловой репутации) Биринчи май райондук сотуна берип отурат. Бизнес компаниясыбы же жеке адамбы өзүнүн ишкер репутациясын, адамдык ар-намысын, аброюн коргошу керектиги эч талашсыз маселе. Анда "Алиби" гезитинин жана жеке менин эч чатагым жок.
Иштин төркүнү мындай . "Алиби" гезитинин өткөн жылдын 28-сентябрдагы №74-санында менин "Чет элдик компаниялардагы акаевчилер жана бакиевчилер" аттуу макалам жарык көргөн. Ал макалада: "Анча болду, Андаш алтын-жез кенинин айланасындагы "ачылсын же ачылбасын" деген маселеге айрым тактоолорду киргизе кетели. Акыркы он жылдан бери чыр-чатактын обьектисине айланган Таластын көкүрөгүндө Көпүрө-Базар айылынын элин экиге бөлүп, ынтымагын ыдыратканы эч кимге жашыруун эмес. Бийлик алмашып, убакыт өткөн менен эл арасындагы ынтымак ордуна келмек тургай, тескерисинче, абал жылдан жылга оордоп баратат. Эл ушу күндө минанын үстүндө тургандай ахыбалда жашап жатышат. Арийне, мындан бийлик да, кенди иштетебиз деген компаниялар да жыйынтык чыгарбай, "Ормон опузага" салып, бар айлага салып, "кенди иштетмекчибиз" деп өмгөктөөнүн үстүндө.
Мен Андаш алтын-жез кенинин айланасында оголе көп жаздым. Бул кенди иштетүүгө кимдер кызыкдар экенин, эмне үчүн кен чыр-чатактын обьектисине айланганын жакшы билем. Жакында эле уккан маалыматтарыма караганда, Андаш алтын-жез кенин иштетүү компанияларда Акаевдин да, Бакиевдердин да же тагыраагы, Жаныш Бакиевдин үлүшү бар имиш. Ошондон улам, алар өз ара талашып-тартышып, натыйжада алардын сасык интригаларынан улам, кен жайгашкан Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын эли экиге бөлүнгөн. Акаевдин көздөй адамы "Андаш майнингдин" башында отурса, Жаныш Бакиевдин адамы "Кентор Голд компани" тарабында отурат экен, бири-бирин аңдып. А Таласта бир айыл эл Акаев менен Бакиевдин талаш-тартышынын курмандыгы болуп, айыл элинин ынтымагы ыдыраганы факт.
Андыктан, ушундан улам бийлик Андаш алтын-жез кенине байланыштуу бир жактуу, бир тараптуу чечим алууга тийиш деп ойлойбуз. Бийлик элдин ынтымагын, элдин биримдигин ойлосо, мына ушул кадамга барат. Качанга чейин, Акаев менен Бакиев бийликтен кетсе да, алардын көздөй адамдары чет элдик компаниялардын атын жамынып, өз ишин жүргүзө берүүгө тийиш?
Кыргызстандагы жер байлыктары элге жана мамлекетке таандык. Качкын президенттердин кишилерин бул компаниялардан кетирип, алардын ордуна чыныгы элдик адамдар келмейин, Көпүрө-Базар айылынын элинин ынтымагын ордуна коюуга эч мүмкүн эмес" деп жазгам.
Соттук териштирүү башталып, Биринчи май райондук сотунун судьясы А.Сатарова бул ишти карап жатат. Калыстык үчүн айтып коеюн, мен судьянын өз ишин так жана тыкыр билгенине ырасында да ыраазы болдум. Сотто макала дүңүнөн каралбайт. Макала мазмуну соттук териштирүүгө жатпайт. Ошондон улам, судьянын "Мен айыл элинин ынтымагы ыдырап турганын түшүнүп турам. Бирок, доочулар сенден ал макаладагы "Акаевдин көздөй адамы "Андаш майнингдин" башында отурса, Жаныш Бакиевдин адамы "Кентор Голд компани" тарабында отурат экен" деген сөзүңдү далилдеп бер" деп талап кылып жатат. Сен мага ошол айтылган сөздү гана тастыктап беришиң керек" деп кесе айтканы жүйөөлүү экенинде талашым жок. Анткени, доочулар да "Алиби" гезитинен, анын ичинде менден "Андаш майнингдеги" Акаевдин кишиси ким экенин, "Кентор Голд Лтд" филиалындагы Жаныш Бакиевдин кишиси ким экенин далилдеп бер, болбосо чындыкка дал келбегендиги ырас экенин мойнуна алып, кечирим сура деп жатышат.
Мен эмне үчүн "акаевчилер менен бакиевчилер" аталган компанияларда отурат деген ишенимдемин. Биринчиден, бүгүн Кыргызстандын коомдук-саясый турмушунда "акаевчилер менен бакиевчилер" деген түшүнүк жашайт. Мамлекеттикпи же башка бир мекеме, уюм тарабынан "акаевчилер менен бакиевчилер" ким экенин тастыктаган кагаз болбосо да, же алардын маңдайларына Акаев менен Бакиевге тиешелүү экенин көрсөткөн эн тамга басылбаса да, "акаевчилер менен бакиевчилер" кимдер экенин кыргыз коомчулугу жакшы билет. Экинчиден, "Кумтөр" баштаган алтын кендеринин тагдырына, элдин ырыскысына Акаев менен Бакиев балта чаап кеткен. Бүгүн Кыргызстандын бийлиги жана кыргыз коомчулугу Акаев менен Бакиев ботко кылып кеткен иштерди кантип оң жагына чечсек дегенде эки көзү төрт. Алар боткосун чыгарып кеткен иштердин бири "Андаш" алтын кени. Үчүнчүдөн, мен эмне үчүн "Андаш" алтын кенине Акаевдин тиешеси, анын көздөй кишиси "Андаш майнингде" отурат деп жазып жатам? Анткени, Акаевдин өмүрлүк жубайы Майрам Акаева эжекебиз мына ошол Көпүрө-Базар айылынан. Айдар менен Бермет бала чагында жайкы каникулдарда ошол алтын жаткан тоолордо барып ойношчу. Кыргызстандын ырыстуу жеринин баарына көзүн арткан Акаевдердин үй-бүлөсү "Андаш" алтын кени тууралуу көрбөй-билбей, укпай калды дегенге башкалар ишенсе да, мен ишенбейм. Акаевдер "Андаш" алтын кенин менчиктеп алган болушу мүмкүнбү? Мүмкүн. Кыргызстандагы алтын кендерине ээлик кылгандардын арасында фирмасын чет элдик оффшордук аймактарга каттатып койгон кыргызбайлар жокпу? Колдо далилим жок болсо да, андайлар четтен чыгарына ишенем. "Кумтөр" алтын кенинде эле 30-40 мамчиновниктин үлүшү бар экен, башканы айтып не кылабыз. "Андаш" алтын кенине Акаевдердин тийиштиги бардыгы тууралуу Көпүрө-Базардагы эки кишинин бири айтат.
Мен эмне үчүн "Андаш" алтын кенине Жаныш Бакиевдин тиешеси болушу мүмкүн экен деп жаздым? Анткени, жүз жылдап ынтымактуу жашап, жашоонун ысык-суугун, ачуу-таттуусун тең бөлүшүп келаткан Көпүрө-Базар айылынын элинин ынтымагы Бакиев бийликке келгенден баштап ыдырай баштады. "Андашка" Жаныштын көзү түшүп, анын энчисине тийиптир" деген сөздөр эл арасында көп айтылчу. Мен ошол айылда төрөлүп-өскөндүктөн, айыл арасында эмне сөздөр болуп жатканын эң жакшы билем. Эл "Андаш алтын-жез кенин иштетүү компанияларда Акаевдин да, Бакиевдердин да, же тагыраагы Жаныш Бакиевдин үлүшү бар болгон үчүн кенди иштетпей мышык-чычкан ойноп жатышат. Эл ушул экөөнүн сасык интригаларынын курмандыгы болуп бүтмөй болду" деп көп айтышат. Муну мен айткан жокмун. Муну Көпүрө-Базардын эли айтып жатат. Мен ошон үчүн "Жакында эле уккан маалыматтарыма караганда, Андаш алтын-жез кенин иштетүү компанияларда Акаевдин да, Бакиевдердин да, же тагыраагы Жаныш Бакиевдин үлүшү бар имиш. Ошондон улам, алар өз ара талашып-тартышып, натыйжада алардын сасык интригаларынан улам, кен жайгашкан Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын эли экиге бөлүнгөн. Акаевдин көздөй адамы "Андаш майнингдин" башында отурса, Жаныш Бакиевдин адамы "Кентор Голд компани" тарабында отурат экен, бири-бирин аңдып. А Таласта бир айыл эл Акаев менен Бакиевдин талаш-тартышынын курмандыгы болуп, айыл элинин ынтымагы ыдыраганы факт" деп жазып жатам. Кыргызда "жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт" деп коет. Мен "калк айтса калп айтпайт" деп терең ишенем. "Андаш" алтын кенине кимдин тийиштиги бар экендигин териштирүү менин эмес, мамлекеттик компетенттүү органдардын иши. "Андаш" алтын кени мамлекеттин, элдин байлыгы. Эгер аталган компаниялар мени төгүнгө чыгаргысы келсе, анда Көпүрө-Базар айылынын элин да сотко берсин. Бир айыл элдин ынтымагын ыдыратып бүттү эле, эми соттон сотко сүйрөсө, мүмкүн көпүрөбазарлыктар "Андаш" алтын кенинин иштешине макул болуп калар. Төртүнчүдөн, өкүмзордук, коркутуп-үркүтүү аркылуу адамдардын тынчын алуу "Андаш майнингдин" табиятында бар. Бакиев эми эле бийликке келген жылдары "Андаш майнинг компани" компаниясы көпүрөбазарлык З.Кыдыралиев менен К.Айдаралиевди соттон сотко сүйрөп, айыл элинин сый-урматына татыган эки адамды каралоо менен "ишкер репутациясына" ошондо эле доо кетирип алышканы эч кимге жашырын эмес. Демек, "Андаш" алтын кенин иштеткиси келгендер бүгүн гана сот аркылуу коркутуп-үркүткүсү келип жаткан жери жок. Алар үчүн соттошуу тенденцияга айланып бара жатат. Эгер, булар ушул темп менен кете бере турган болсо, анда "Андаш" алтын кени казылып бүткүчө Көпүрө-Базар айылынын элинин жарымынан көбү менен соттошуп чыгарынан эч күмөн санабайм.
"Алиби" гезити, гезит аркылуу мен, Болотбек Таштаналиев, "Андаш" алтын кени "иштесин, иштебесин" деген маселе кен жайгашкан Көпүрө-Базар айыл элинин негизги баш оорусуна айланганын, ошондон улам, бир айыл элдин ынтымагы ыдыраганын, жүз жылдык ынтымакты айылга эки чакырым жакын аралыкта жайгашкан алтын-жез кенин иштетем деген компаниялар себепкер экенин, эл буга Акаев менен Бакиевдин "куйруктары" күнөөлүү экенин айтып келатканын, мына ошолор "Андаш майнинг" менен "Кентор Голддон" кетсе, буга бийлик кийлигишип чечсе деген пикирде экенин жазгам жана бул маселе оң жагына чечилмейин жаза да берем. "Алиби" гезити жана мен үчүн бул алтын казган жана айыл элинин ынтымагын ыдыраткан компаниялардын "ишкер репутациясынан" Көпүрө-Базар айылынын элинин ынтымагы өйдө экенин дагы бир ирет баса белгилегибиз келет. Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаев да, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбеков да, премьер-министр Ж.Сатыбалдиев да, соттук териштирүүнү жүргүзүп жаткан Биринчи май райондук сотунун судьясы А.Сатарова да мына ошондой деп ойлойт деген ишеничтебиз. "Андаш майнинг" менен "Кентор Голд" муну түшүнбөй жана түшүнгүсү келбей жатканы өтө өкүнүчтүү. Бизге эмне керек - "ишкер репутациябы" же ынтымакпы?







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??