Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Исаке, жерге түшүңүз!
Бишкек мэри Иса Өмүркулов кечээ күнү "Вечерний Бишкек" гезитинин интернет басылмасына комментарий берип, аны кызматтан кетирүүгө олуттуу себеп жок экенин билдириптир. Ошондой эле ал "Республика" партиясынын Бишкек шаар кеңешиндеги депутаттары заказ менен иштеп жатышканын айтып, өзүн кыйла актаптыр. Мына сага! Эй Иса аке, жок дегенде интернетти барактап, мэриянын алдында төгүлүп жаткан таштандыларга бир көз салып койсоңуз боло, брондолгон кара чүмбөт машинеге түшүп кете бербей…


Түй ата, Илмиянов менен Жороев чай ичишиптир…
Өгүнү 7-апрелдеги революциянын активдүү катышуучуларынын бири капысынан Бишкектеги "Гималай" кафесине кире калып, бир кызык окуяга туш болуптур дейт. Кадимки президент Алмазбек Атамбаевдин оппозиционер кезиндеги шоопуру, учурдагы администрация башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов менен Каныбек Жороев чай ичип отурушуптур. Эгер бул эки эргулдун баткендик экенин эске салсак, Икрамжан эртеңки күнү Баткенге бараарын ойлоп, жердеши, Курманбек Бакиевдин жакын жан-жөкөрлөрүнүн бири Каныбек Жороевди колунан келип турганда бир куткарып коеюн деп жатса керек. Эртең Жороев соттон "жорголоп" чыкса, деле таң калбагыла. Анткени ал Икрамжан менен чай ичти…


Роза Аманова министр болобу?
Бир кезде: "Ак калпагын булгалаган, араңарда бирөө бар" деп элдин баарын тамшандырып, кийин бир ак калпактуунун колун кармап баса берген чечкиндүү, сулуу ырчы эжекебиз бар эмеспи, Роза Аманова деген. Кийин чиновниктин жубайы болгондон кийин консерваторияда сабак берип, андан кийин "Манас" университетиндеги ачылган консерваторияга деректир болуп, айтор карьера жасагандай болуп жаткан. Эми уккан кулакта жазык жок экен, кечээ жакында кызматынан бошогон Ибрагим Жунусовдун ордуна аракет кылып атыптыр деп эшиттик. Болсун, болсун. Чыныгы чыгармачыл, чечкиндүү, анан калса аял кишиден министр боло элек эле Күлүйпа Кондучаловадан кийин...


Текебаевден жеме уккан Кылычбек
Өгүнү парламентте "Ата-Журттун" үлкөндөрүнүн бири Ахматбек Келдибеков "Ата Мекендин" атасы Өмүрбек Текебаевди ой да жанчып алды. Ага кошулуп Жылдыз Жолдошева эжекебиз да катыра сокту. Акыркы кездери ММКлардын кысымына чыдабаган Текебаев ачуусун "Супер-Инфочу", министр Кылычбек Султанов үкасынан чыгарып: "Колуңда 100 миң нускалуу гезит турат. Эмнеге Келдибековду жайлап салбайсың? Оозуңду ачып отура бересиңби? Биз сени эмнеге министр кылып койдук?" деп бакырып, үстөлдү бир муштаптыр. Өмүкөң мындайды катырат да. Тиги Султанов деген неме "алмайдын бермейи бар" экенин ушу жашка келгиче түшүнбөгөнү кызык экен.


Курманбек Осмонов той берди
"Ата-Журттун" аксакал депутаттарынын бири Курманбек Осмонов өгүнү Бишкектин түштүк магистралын бойлой жаңы курулган "Ала-Тоо" ресторанына 60 жаш мааракесин өткөрүптүр. Кишинин көптүгү, машиненин тыгыны түштүк дарбазага чейин жетип, түштүк магистраль саммит өтүп жаткандай жабылып турду. Ооздорундагы ышкырыктан көбүк чыккыча чаңырткан МАИчилер жолду тосуп, Курманбек Эргешовичке чоң урмат көрсөтүшүптүр. Эми Курманбек Осмоновдой "аптаритет" агабызга бир күн кызмат кылып койсо МАИнин бир жери кыйшайып калмак беле. Мааракеңиз кут болсун, Курманбек Эргешович!


Караколдо кайрадан митинг…
5-мартта Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында 400гө чукул адамдардын катышуусунда тынчтык митинги болуп өттү. Алгач митингчилер облустук мамлекеттик администрациянын алдында чогулушуп, колдоруна "С.Жапаров менен "Кумтөр" элге кызмат кылсын!", "С.Жапаров камактан бошотулсун!", "Жаштар Жапаров менен!", "Кумтөр" менен ойногон жетекчилер жазалансын!", "Чындыкты айтсаң, абакка түшөсүң!" деген чакырыктарды көтөрүп алышып, "Жеңиш" паркына карай жөө жүрүш уюштурушту. Митингде жарыш сөзгө чыккандар бийлик "Кумтөрдү" мамлекетке алууга чечим чыгарбаса, С.Жапаровду камактан бошотпосо бул сыяктуу аракеттер улана бере тургандыгын жар салышты. Кызыгы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү укук коргоо кызматкерлери сыяктуу эле ошол жерде жүргөнү менен, "учкундан жалын тутантпай" абалды түшүндүрүп, элге чыгып сүйлөөдөн айбыгып турушту. Эмнеден коркушат да, эмнеге айбыгышат, түшүнүксүз…


Жаз тынч болбойбу?
Буга чейин көбүртүлүп айтылып келген жазгы толкундоолор аздап болсо да жанданып баштаган чагы. Ансайын бийликти бир жактуу мактаган "саясат таануучулар" көбөйдү. Карасаң баягы эле Акаев менен Бакиевдин реформаларын айга-күнгө теңеген "беттер". Ал эми буга ызырынган оппозиция азуусун шакылдатып Ак үйдүн айласын алты кетирип турганы. Эки бийликтин түбүнө ор казган, аты өзгөрүлмө коомдук канал болсо бийликти бир жактуу мактап, оппозициянын аллергиясын карматып, Акаев, Бакиев доорун эске салып турган чагы. Гендиректор Кубат Оторбаев оппозицияда жүргөн чагын унутуп калганы кызык экен…


Атып кетишти…
Кечээ Жалал-Абад шаарынын чет жакасынан дагы бир "кримавторитет" Болот Маматовду атып кетишти. Маматовду үйүнүн жанынан 5-март күнү белгисиз бирөөлөр Макаров тапанчасынан ок чыгарып, күм-жам кылышкан. Бул факты боюнча киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда издөө иштери жүрүп жатат. Кыязы жаздын келиши менен саясий тирешүүлөр криминалдык тирешүүгө айланып бараткан жокпу ыя? Балээ басты го…


Облуста ордо оюну жанданды
Нарын шаарында улуттук ордо оюну боюнча Нарын облусунун ачык биринчилиги өткөрүлдү. Мелдешке Нарын шаарынан бир, Нарын районунан беш жана Ат-Башы районунан эки, бардыгы сегиз команда катышты. Жыйынтыгында Нарын районунун Жаңы-Талап айылынын ордочулары мелдештин кубогуна татыктуу болушса, Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айлынан келгендер экинчи орунду ээлешти. Үчүнчү, төртүнчү орун үчүн Нарын районунун Кара-Чий айылынын ордочулары менен Нарын шаарынын командасы таймашка чыгып, карачийликтер утушка ээ болду.
Мелдешке демөөрчүлүк кылып, Бишкектен атайылап мелдештин жеңүүчүлөрү жана ардагер ордочулар үчүн медалдарды жасатып (бардыгы 40 медаль), жеңүүчү командага берилүүчү кубокту да өз каражатына сатып келген жеке ишкер, "Теңир-Тоо жаштары" коомдук бирикмесинин төрагасы Мустафа Жумакановго мелдештин катышуучулары гана эмес, суукка карабай ордого кызыгып көргөнү келишкен күйөрмандар дагы ыраазы болушту.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??