Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Диний билим алуу тармагы көз жаздымында калдыбы?

"Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана диний билим алуу" аталган парламенттик угууда Жогорку Кеңештин комитет жетекчиси, депутат Каныбек Осмоналиев Кыргызстанда 2 миң 285 имам иш алып барып жаткандыгын, алардын 1 459у атайын билимге ээ эместигин билдирди.

Бул чыны менен эле тынчсыздана турган факт. Себеп дегенде акыркы 20 жылдын аралыгында башка билим тармагын айтпаганда да, диний багытта көптөгөн Жогорку окуу жайлары (университет, институт), атайын медреселер ачылганы белгилүү. Анда аларды бүтүрүүчүлөр кайда кетип жатат? Бүгүнкү күндө дүйнөлүк масштабда салттуу исламды ичинен иритүү аракети жүрүп жатканы жашыруун эмес. Мындай шарттарда мечит имамдарынын тиешелүү диний билимге, болгондо да салттуу исламга жаткан билимге ээ болушу аба-суудай зарыл нерсе.
Депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында Кыргызстан Мусулмандар Башкармалыгына караштуу 75 окуу жайы, 91 мекеме иштеп, буларда баш аягы 4 630 адам окуп жатыптыр. Же болбосо 10 жогорку ислам окуу жайында 1124, 65 медреседе 2495 студент билим алат экен. Көрүнүп тургандай, бул аз эмес. Бирок, коомчулукту жана бул маселени көтөрүп жаткан депутат К.Осмоналиевди түйшөлткөн бир маселе бар. Бул Кыргызстандын диний окуу жайларында жалпы базалык билим берүүнүн абалы. К.Осмоналиев "диний окуу жайларында математика, физика, химия, биология, анатомия, география, информатика, экономика, укук таануу предметтери окутулбайт" дейт.
Буга Кыргызстандын азирети муфтийи Рахматулло ажы Эгембердиев каршы пикирин билдирди. "Депутат муфтияттын ар намысына шек келтирип жатат" дегендей айтты. "Диний окуу жайларында бүгүнкү талапка ылайык окутуу үчүн чоң каражат жана мамлекеттин колдоосу керек" деди.
Кыргызстан-светтик өлкө. Конституциябызга ылайык дин-мамлекеттен тышкары. Андай болгондон кийин Кыргызстандын официалдуу бийлиги дин иштерине түз кийлигише албайт. Дин саясаты кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы аркылуу жүзөгө ашырылат. Ал эми аталган комиссия Кыргызстандын диний окуу жайларында эмнени окутуп, эмнени коюп жатканын билүүгө милдеттүү. Себеби, дүйнөлүк диндердин таасири улам артып бара жаткан шарттарда диний мектептердин багытынын ачык болушу, андагы окуп жаткан жаштарыбыздын толук кандуу билим алып чыгышы өтө маанилүү. Демек, бул жерде мамлекет менен муфтият эриш-аркак иш алып барбаса, көп нерседен уттуруп коюшубуз мүмкүн. Ал уттуруу мамлекетибиздин келечегине балта болуп чабылышы да толук ыктымал.




"Трибуна" гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков:
"Менин кабинетимден граната таап чыгышты... ишти ушундай сабатсыз уюштурушабы?"

4-мартта, Борбордук Ала-Тоо аянтына чукул, "Киев" көчөсүндөгү "Илбирс" фабрикасынын 3-кабатында жайгашкан "Трибуна" гезитинин редакциясынан РПК-5 үлгүсүндөгү граната табылган эле. Аталган гезиттин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковдун айтымында окуя мыйдайча болгон.

Эртең менен ишке келсе эшиктин алдында ИИМдин Кылмыш издөө бөлүмүнүн 7-8 кызматкери күтүп турган болот. Алар "редакциянын ичин текшергени келдик" дешип текшерип кетишет. Көп өтпөй ИИМден, Улуттук коопсуздук кызматынан, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнөн 20-25тей кишилер келишкен. Алар күбөлөрдү да даярдап алып келишиптир. Булардын топтолуп алып келишкени кызык болду. Андай эле текшере турган болушса, алгач оперативдүү кызматкери келип, текшерип, протокол толтуруп, анан тергөөчүгө өткөрүп, ал тергеп кылмыш ишин ачышы керек эле. Булардын "оптом" келишип, ишти "оптом" бүткөрүп коюшкусу келишкени бир жагынан өкүнүчтүү, экинчи жагынан күлкүлүү болуп турат.
Алар столдун алдындагы коробканы алып чыгышып, "граната табылды" деп калышты. Анан башка коробкаларды карамыш этишип, текчедеги китептердин арасынан гранатанын запалын "таап" чыгышты. Анан менин китебимди барактап, качан, кайсы жерден, канча нуска менен чыкты эле?" деп сурап калышты. Андан соң протокол толтурушуп, шаардан эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алышты. Мен "мындайда колго кишен салып эле алып кетиш керек эле" десем, "жок байке сизге ишенебиз" деп коюшту. Начальниктеринин бирине "уюштурган ишиңерди ушундай да сабатсыз жасайсыңарбы" десем, анысы күлүп койду.
Ы. Өмүрзаковдун айтымында милицияга Байтик көчөсүндөгү таксофондон кайсы бир аял чалыптыр. Алар эми ошол аялды издеп жатышкан экен. Ал эми "эмне үчүн уюштуруп жатышат деп ойлойсуң?" деп сураганымда, "7-апрель жана Түштүк коогалаңы журналисттин көзү менен" деген китеп чыгаргам. Анда азыркы бийлик башында отургандардын бүтүндөй былыгын ачып чыккам. Булар ошол үчүн мени сындырыш үчүн мына ушул окуяны уюштуруп жатышат" дейт журналист.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??