Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Ата Мекен жетим калды

Саломалейкум Турдакун Усубалиевич! Сизге, көлдүк аксакалдардын атынан кат жазууга туура келди. Бул дүйнөдө Ата Мекенден өткөн кымбат нерсе жок. Ата Мекен - бакыт-таалайыбыз, ырыс-кешигибиз. Бүгүнкү күндө көрүнгөнгө сатылып жатат. Ата Мекенди сатууга эч кимдин укугу жок. Союз убагында Ата Мекенге чыккынчылык кылып, саткандарга "расстрел безоговорочно" болчу эле. Бүгүнкү күндө картошка саткандай сатылып жатат. Саткандар мамлекеттин башында тургандар. "Кой"- дээр киши жок болсо, ошентип сатылат экен.

Эгерде минтип сатыла берсе Кыргызстан жоголуп кетчүдөй. Мамлекет башчысы деген элин-жерин жанындай көрүп бүтүндүгүн сактап турган, коргоп турган жол башчы болуш керек. Биздин башчылар, кудай берген, тээтиги Манас ата баш болгон баатырларыбыз сактап келген жерди көрүнгөнгө сатып, өз курсагынын камын көрөт. Мындай жетекчилер элдин душманы эмеспи. Биринчиден алар кыргыздын казынасын соруп бүтүп, көкөлөгөн үйлөрдү салышты. Анан "өлгөнү жатам, мага жардам берчи"- деп башкалардан сурап калышты. Бирөөнүн "тоогун жесең каз байла, казын жесең кыз байла" дегендей, аларга кыздын кереги жок, "мага жер бер"- дейт. Ошентип кичинекей кыргыз жери таланып кеткени турат. Кыргызстанга ак санаган башчы жок. Жалаң өз курсагын ойлогондор башкарып калды, жалаң Бакиевден орден алгандар. "Каркыра" деген жер- тээтиги Манас атадан калган абдан ыйык жер. "Көкөтөй аш бергенде ошол жерде ат чаптырган"- дейт эл оозунда. Ошол жерди казактарга берип койду Бакиев. "Каркырага" каркыралар Индиядан учуп келип балдарын өстүрүп, анан кайра учуп кетчү жыл сайын. Ошондой канаттуу куштар жакшы көрүп, балдарын чоңойткон биздин касиеттүү жерибизди казактарга берип койду, Бакиев деген чыккынчы. Эл ошол Каркыра үчүн көз жашын төгүп, кошок кошту. Бакиев ага көңүл бурган жок. Бакиев - кыргыз эли-жери менен жоголуп кетсе да "мейли"- деген чыккынчы. Токсон миң гектар жерди Кытайга берди. Ошол жерди Кытай сураганда, ал "Жерди мен билбейм, жер элдики, мен жерди берип койсом эл менин башымды кесип, итке салат"- деп жооп бериш керек эле. Эч кимден коркпой Кытайга кармата берди. "Эмнеге Кытайга бересиң? Жер берилбейт"- деп эч ким айтпады.
"Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру"- дейт элдик макалда. Министрлер, окумуштуулар, жазуучулар, калган билермандар "бербе" деп ооз ачпады. Мисалы, сиз, Турдакун Усубалиевич жана Чыңгыз Айтматов экөөңөр. Акаев жерди Кытайга бергенде "эмне үчүн Кытайга бересиң, азыр кайра ал. Болбосо көргүлүктү көрсөтөбүз"- деп катуу айтсаңыз силерден Акаев коркот эле, анан жерди кайра алат эле. Бул сиздин жана Айтматовдун Ата Мекен үчүн, эл үчүн жасаган чоң эмгегиңер жана Ата Мекенди коргогонуңар болот эле. Бул кийинки президенттерге, дегеле кыргыз башчыларына чоң сабак болот эле. Эл "биздин Усубалиев, биздин Айтматов"- деп пайгамбардай көрүп калат эле. Силер урушуп, түз, айтканга укугуңар чоң жана милдеттүү элеңер. Силер унчукпай койдуңар. "Акаевге эч ким эч нерсе деген жок"- деп Бакиев Каркыраны казактарга берип койду. "Каркыра" үчүн көлдүктөрдүн ичинен кан өтүп турат. Жараткан кудай кыргыздын бешенесине берген жерди кайдагы бир кудайдан жөө качкан шайтандар казактарга берип койду. Кыргыздын эли үчүн, кыргыздын жери үчүн сиз жана калган кадырлуу карылар чогулуп, кайра алалы. Казак, өзбек, тажик, кытай басып алган жерлерди да толугу менен кайтарып алалы. Манас ата жана андан берки баатыр аталарыбыз душмандарга бир метр жер берген эмес. Биз деле ошол аталардай баатыр болушубуз керек. Ошол аталар сактаган жерди биз дагы сакташыбыз керек. Биз деле ошолордой эле кишилербиз. Ал убакта мындай билим болгон эмес. Азыркы күндө билимибиз артык, алардыкынан. Сиздей аксакалыбыз болуп жана сизге окшогон акылдуу журт башчыларыбыз болуп туруп, эмне үчүн Ата Мекенди коргобойбуз? Коргошубуз керек. Ата Мекен жетим калбаш керек.
Ата мекен баарынан кымбат. "Топ болсоң төбөңдөгүнү аласың, ала болсоң алдыңдагыны алдырасың"- дейт эл оозунда. Жерди көрүнгөнгө элден чыккан чыккынчылар берди. Анан элди кырып салып, качып кетишти. Буларды кармап келип, ысык темир казыкты бир жерине басыш керек. Анан "кимге бердиң, жерди ошондон кайра алып бер"- деш керек. Бул закон ченемдүү жаза. Жанагы Бакиевдин, Акаевдин кошоматчылары жазаларын алыш керек. Назарбаев Бакиевди конокко чакырганда жанындагы бирөөсү айтат дейт "кантип куру кол барабыз "Каркыраны" берели"- деп. Бүгүнкү күндө ошол неме жана ошого окшогондор мамлекеттин башында отурат. Анан кантип кыргыз мамлекети көтөрүлөт? Өкмөт болуп тургандардын баары мамлекетке ак ниет, ыйманы таза болуш керек. Биздин өлкөдө "кантип мамлекеттен бекер акча жеп, кантип байлыгым ашкан киши боломун, мамлекетти жеп-ичип алып жооп бербей, моюн бербей койду, жеткен азамат экен, жеткен мыкты экен деген даражага жетсем"- деп ойлойт. "Мамлекетти эл өзү карап алсын, аны менен менин ишим жок"- дейт. Мына ушундайлардын кесепетинен кыргыздын казынасы какшып калды.
Ушул кичинекей Кыргызстанды бир колхозду башкаргандай эле башкарып коё турган жөнү бар эле биздин өкмөттүн. Тартип деген такыр жок. Закон катуу эмес. Бакиевдин туугандарын камап коюп, "ооруп жатат"- деп чыгарып жиберет. Ушундай да түрмө болобу? Түрмө деген - бул дүйнөнүн тозогу болуш керек. Бакиевдин туугандарын түрмөдөн бошоткондор да Бакиевдин кишилери. Айталы, тартиптин катуулугунан мындан он-он беш жыл мурда, Кытайда мамлекетке чоң зыян келтирген жүз элүү кытайды элдин алдына алып чыгып, автомат менен кырып салды. Тартиптин катуулугунан ушунча миллиарддаган кытайларга тамак да, кийим да, эмне керек дегендин баары жетип, кытайлар жыргап жашап жатат. Биздин кичинекей Кыргызстан болсо ууру-кескилердин өлкөсүнө айланууда, өкмөтү баштап.
Дагы эле "Каркыра" жөнүндө сөз. Көлдүн ары башындагылар айтат, "мурда малыбызды чыгарып, айдап жиберчүбүз, кечке "Каркыраны" аралап оттоп, анан кечинде тойгон кезде өздөрү келчү эле. Азыр болсо кырга чыкканда эле ар жакка казактар айдап кетет"- дейт. Казактын жери аттын бүт денесиндей, кыргыздын жери аттын кашкасындай. Ошого ыраазы болбой "Кыргызстанды кыргызы менен каратып алсам" деп аракет жасайт. Назарбаев кыргыз өкмөтүн конокко чакырып, жанына акча берип "казакка киргиле"- десе да макул болчудай буларың. Кыргызда (биздин өкмөттө) кайраттуу, айбаттуу мекенчил киши көрүнбөйт, ошону көрүп туруп Назарбаев кыргыздын каалаган жерин өзү билип алып жатат. Элим деген өкмөт болсо эч кимден эч нерсе сурабай, бирөөгө күнүбүз түшпөй өзүбүздүкү өзүбүзгө жетип, жакшы жашайт элек. Акаев деген чыккынчы айтты эле: "Кумтөрдүн бир жылдык кирешеси менен Кыргызстан сегиз жыл эгин экпей, мал бакпай, кекиртектен жашайт"- деп. Ал киреше кимдин сол чөнтөгүнө түшүп жатат? Караган киши жок. Кыргыздын жеринен бир район жерди кытай алды, бир сельсовет жерди тажик алды, буга ээлик кылган киши жок. Ушул катка маани берип, биздин өкмөткө акылыңызды айтат деген ойдобуз, биз, карыялар бирикмеси.
P.S. Урматтуу редакция, кандай жазылса, ошондой чыгаргыла. Башкаларга шылдың болдук.

Бакачы МАНСУРОВ,
Ысык-Көл району, Сары-Ой айылы






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??