Гипократтын антын билесиңби?
Шалаакы
дарыгерлер,
шал болгон бала…

Бишкек шаарынын 14 жаштагы тургуну Талантбек уулу Баатырбек мындан туура он үч жыл мурда "кырсык каш-кабактын ортосунда" дегендей шалаакы дарыгерлердин күнөөсүнөн улам ден соолугунан ажыраган.

Күйүктү
дарылайбыз деп күйүткө салгандар

Баатырбек бир жарым жашка чыгып калган учурда, тактап айтканда 2000-жылдын 7-январында колун күйгүзүп алып, ата-энеси Бишкектеги №4 ооруканага алып келишет. Бейтапты дарыгер Б.Жапаров кабыл алат. Баланын акыбалы оор болгондуктан, дары куюу үчүн катетер коюуга туура келет. Катетерди балага дарыгер Б.Т.Жапаров коет. 12-январь күнү Баатырбек реанимациядан палатага которулуп, баланы палатанын врачы И.Бабичева дарылай баштайт. 14-январь күнү катетер дары куюп жаткан мезгилде чыгып кетет. Баланын апасы Бабичевага кайрылып, ал Жапаровдон сураса, ал "мен катетерди кесип туруп салгам" деп моюн бербейт. Бабичева баланын апасын "Катетердин сыныгы жүрөккө кетсе балаң өлүп калмак" деп жооткотуп коет. Ошол ошо болуп, Баатырбектин колу айыгып, 27-январда эне-бала ооруканадан чыгып келишет. Баланын абалы күндөн-күнгө начарлап, акыры "Жал" кичи районундагы балдар ооруканасында текшерилип, дарыгерлер Баатырбекке "порок сердца" деген диагноз коюшат. Бирок, Улуттук кардиология институтунун дарыгери К.Абдраманов аппараттан көрүп, Баатырбектин жүрөгүндө "башка зат бар" деп тыянак чыгарып, ошону менен профессор С.Жошибаев баш болгон алтын колдуу дарыгерлер ошол жылдын 9-ноябрында беш сааттык опреациядан кийин Баатырбектин жүрөгүнөн 2,5 жана 7 см катетердин эки сыныгын алып чыгышкан.

Алданган ата-эне,
амнистияга илинген
дарыгер

Мына ушундан кийин бала операция болгонго чейин күнөөсүн мойнуна алгысы келбеген 4-оорукананын күйүктөр бөлүмүнүн башчысы Сарбанова, дарыгерлер Жапаров, Бабичевалардын айыбы аныкталган. Баланын ата-энесин ошол мезгилдеги Саламаттыкты сактоо министринин жардамчысы кабыл алып, ал башка бирөөнө тапшырып, акыры комиссия түзүлүп, жогорудагы аттары аталган дарыгерлер кызматынан бошотулат. Кийин аталган үч дарыгер акыры жолун таап, Баатырбектин ата-энесин бал тилге салып, арыз жаздырып алып иштерине кайра орношкон.

"Ийне сая албаган
катетерди
шылтоолойт"

Кызматына илингенден кийин чырылдаган ата-эненин чындыгы четке сүрүлөт. Мына ошондо гана, алданып калганын билген ата-эне Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышат. Тергөө бүтүп, бул иш 2001-жылдын 12-июлунда Ленин райондук соту тарабынан каралып, Инга Бабичева 2001-жылдын 16-мартындагы "Амнистия жөнүндөгү" мыйзамдын жана Кылмыш жаза кодексинин 28, 266, 268-беренелеринин негизинде жазадан бошотулат. Баладан катетерди алган Бабичеванын иши сотто каралып, балага катетерди койгон Жапаров бул иште күбө катары каралып калган. Демек, бул ишке ошол кездеги сотко төрагалык кылган М.Жакыпов жана башкалар "колдун учу" менен мамиле кылган деп айтууга болот. Ал эми Саламаттыкты сактоо министринин жардамчысы Алиев "катетер сапатсыз болгон жана бул үчүн "Жылдыз" фирмасын жоопко тартуу мыйзам ченемдүү экендигин" далилдегенге аракет кылган. "Ийне саптай албаган учук тандайт" дегендей, бул шалаакы дарыгерлерди акташ үчүн айтылган жооп. Министрдин жардамчысы "иш билбеген мындай дарыгерлерибиз четтен чыгат" деп айтмак беле?

Үмүт алга жетелейт..

Шалаакы дарыгерлердин айынан 2-топтогу майып болуп калган баланын түйшүктөнгөн ата-энесинин чолоосу тийип-тийбей жүрүп, учурунда бул ишке көз жумду мамиле кылган Саламаттыкты сактоо министрлигинен моралдык компенсация өндүрүү тууралуу Ленин райондук сотуна жазган 2005-жылдын 5-январындагы арызы тараптардын келип-келбегендигинен улам акырына да чыкпай калган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин сотко учурунда келбегени түшүнүктүү, ким эле мындай жагымсыз ишке жармашсын. Ал эми баланын ата-энесинин дээрлик убактысы баланы дарылатууга кетип, каражаттын жогунан үйүн да сатышкан. Баатырбектин ата-энеси Президент, Жогорку Кеңештин төрагасын баш кылып, 13 жылдан бери кайрылбаган мекеме-уюму калган жок. Мэрия балага коляска берген. Баланын атасы Баатырбекти Москвада дарылатуу үчүн 2 жыл калып, ошол жерде эмгектенген. Бирок жылыш болгон эмес.
Үмүт алдыга жетелейт эмеспи. Шалаакы дарыгерлердин айынан шал болгон, 2-топтогу майып Баатырбектин ата-энеси дагы да болсо жакшылыктан үмүт үзбөйт. Учурда Баатырбекти дарылоого Харбиндеги майып балдарды реабилитациялоочу борбордон жана Израиль мамлекетиндеги ушундай эле борбордон баланын ата-энесине кат келген. Албетте 14 жаштагы Баатырбекти жана анын кичинекей бөбөктөрүн багып жаткан ата-эне үчүн бул каражат оңойго турбайт. Ансыз да 13 жылдан бери Баатырбекти дарылатуу үчүн үйүн сатып, кара жанын карч уруп келишет. Ошондуктан "Алиби" гезити аркылуу Баатырбектин атасы Т. Жортушев жана апасы Ф. Кулмамбетова Баатырбектин тагдырына кайдыгер карабаган адамдар болсо 1190012000739878 ЗАО БТА Банк БИК 119001 эсеп боюнча каралашса болот деп үмүт кылат.




Аламүдүн райондук соту
Абдулланын ишин
"чала артты"…

Жалпыга белгилүү болгондой, депутат К.Осмонов баштаган 2010-жылдын 7-9-апрелинде болгон талап-тоноолор жөнүндө көрсөтмөлөрдү иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары акырына чыкпай "комада" жатат. Наталья Никитенко баштаган комиссиянын айрым мүчөлөрү "бөйрөктөн чыккан шыйрактай" болгон дагы бир корутундусун көтөрүп чыгышкан. Акыры бул ишти акырына чыгарууга үч ай мөөнөт берилген.

Бул арада карап отурмак беле, талоончулукка тиешелүү иштин бир учун Аламүдүн райондук соту алынын келишинче "артып" салды. Тактап айтканда мына ошол төрт депутаттын чекесине чыккан чыйкандай болгон Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев жана Дастан Оморовдун кылмыш ишин жыйынтыктады. Аларга кошуп, А.Акжолов менен Абдулланын жубайы Р.Жоробекованын ишин да "чампалап" коюшту. "Артып салды" дегенибиз аталган кылмыш ишинде "Ата Мекендин" төрт депутатынын "кулактары калдая берип" сот, прокуратура тармагын тажатып бүтпөдүбү. "Каймакка куймак куйгандай" кылып жылмалап салалы десе, бул иштин улам бир жагы "бултайып" калып жатат. Өйдө карап түкүрүп жиберели десе, түкүрүктөрү көздөрүнө чачырайт. Ошол себептен чогуу карабай, көп эпизоддуу кылмыш ишин бириндетип караганда "жабылуу аяк жабылуу бойдон калат". Муну сот, прокуратура тармагы да, кулактары тынчыбай жаткан төрт депутат менен Абдулла да жакшы билет. Ошентип кечээ талап-тоноочулукка тиешелүү бул кылмыш иштин "ичегиси менен тогуз катын" Аламүдүн райондук соту "чала артып", төрт депутатка тиешелүү тарабы же болбосо "калдайган карыны" калып калды. Бул эми көпкө чейин бүксүп, бүтүн кыргызстандыктарды жипкиртип тураары айдан ачык иш.
"Чала артты" дегенибиз саясатташып кеткен бул кылмыш ишти жыйынтыктоо судья Б.Кубанычбеков үчүн кыйынчылыкка тургандай. Судьянын "23 бетин толугу менен окуп берейинби же өкүмдү элеби?" деген суроосуна Абдулла Юсупов "толугу менен окуңуз, бул жерде биздин тагдырыбыз чечилип жатат" деди эле, бир үшкүрүп алып окуп баштады. Бул арада айыпталуучу А.Шергазиев баш, калгандарыбыз төш болуп үргүлөп кетип, судья бир маал танапис жарыялап, сыртка чыгып кайра кирдик. Кызыгы, өкүмдө жабырлануучу тараптын көрсөтмөлөрүнөн башка жагдайлар каралбаптыр. Судьянын колунда Абдулла менен жанындагы айыпталуучулардын алгачкы көрсөтмөсүнөн башка кылмыш ишине тиешелүү материалдар жок болгонбу же "иттен чыгарып коюу" аракетиби, айтор судья Б.Кубанычбеков "алгандыгын", "тургандыгын" деп, жабырлануучулардын көрсөтмөсүн гана тизмектеп жүрүп отурду. Жаңы ачылган жагдайлар, айыпталуучулардын жана алардын жактоочуларынын көрсөтмөлөрү тууралуу бир сөз айтылган жок. Буга чейин маалым болгондой А.Юсуповдун үстүнөн арыз жазган Иминова деген таежесинин арызынан баш тарткандыгы, Башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсүнүн А.Юсупов менен Р. Жоробаевага каршы көрсөтмө берүүдө баш тарткандыгы сыяктуу жагдайларга судья "көз жуумп" койду. Залда жабырлануучулар дагы, алардын жактоочулары дагы катышкан жок. Иминова, Тянь, Илимбаев, сыяктуу жабырлануучулардын аттары эле аталбаса, жактоочулары да көрүнгөн жок, көбү арыздарын кайтарып алышкан экен. Сот аяктаганда судья тергөөчү Алиев аттуу адамды күбөлөрдүн катарына киргизип салганын айтып жактоочулар жарылып кете жаздашты.
Кылмыш иши башталганда эле туура эмес классификацияланып, кийин саясатташып кеткендиктен, судья кутулгуча шашканбы, айтор көп жагдайлар көз жаздымда калып кетип, эки айыпталуучунун мурда соттолгону эске алынып, ар бир беренеге такап отуруп, төртөөнүн жаза мөөнөтү 200 жылдан ашып кетип токтоду. Чала жазылган өкүмдү окуп жатып, судья өзү да чарчап, терин сүртүп, көз айнегин оңдоп, тамагы кургап калды. Мамлекеттик айыптоочу 20 жыл сураган эле, танаписте айыпталуучу Дастан Оморов "мен чыккыча карып кетпейсизби" деп таш ыргытканга үлгүрдү.
Ошентип Аламүдүн райондук соту Абдулла Юсуповго 17 жыл, Дастан Оморовго 16 жыл, Азамат Шергазиевге 17 жыл чектеп, баш коргоо чараларын өзгөртүүсүз калтырды. Сот А.Акжоловго 13 жыл чектеп, Р.Жоробаевага баш аягы 80 миң сом айып салды.
Өкүм акырына чыкканда Абдулланын "Ата Мекен" партиясынан заказ алганыңыз көрүнүп турат. Сиз Текебаевдин мыйзамы менен соттоп жатасыз" деген ачуу кыйкырыгын, жактоочуларынын чырылдаганын укканга алы келбей, судья терин шыпырып чыгып кетти.

Бетти даярдаган
Канышай Мамыркулова