Ак-Турпактагы чектен
чыккан чек арачылар

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндө Өзбекстан менен чектеш 3500 гектарга жакын Дүкүр аймагы өздөштүрүлүүдө. Аталган аймакка 2000 метр суу түтүгү, 4000 метр узундуктагы суу каналы курулуп, суу жеткирүү иштери дээрлик аяктап калган. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчыбай Төралиевдин айтымында кошуна өлкө менен чектеш аймактарга тез арада калкты жайгаштырып, чек араны бекемдөө керек. Аны менен бирге бул долбоор ишке ашса, 6000 кожолук турак-жай куруучу жерге ээ болот.

Район борборунан 70-80 чакырым алыстыктагы Ак-Турпак айыл өкмөтү Өзбекстандын Риштан району менен чектеш жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын алды-берди, соода-сатыгы да негизинен кошуна өзбек туугандар менен жүргүзүлөт. Анча-мынча кыз берип, уул үйлөп, кудалашкандар да бар. Айрыкча, Ак-Турпак аймагында күрүч көп өстүрүлгөндүктөн күнүмдүк жалданма жумушчу күчтөр кошуна Өзбекстандан чыгып, күз мезгилинде дыйкандарга жардам берип келген.
Сох анклавындагы чыр-чатактан кийин чек ара жабылып, чычкан өткүс болуп калганы баарына маалым. Анын кесепетинен эки элдин тууган-урук, жоро-жолдошу менен болгон карым-катышы да үзүлгөн.

Чек
арачылары чектен чыкты

Ооба, чек ара жабылды. Тагыраак айтканда Өзбекстандын аймагы чычкан өткүс болуп бекитилди. Бирок, биздин кыргыз тараптан аскерлер чек араны күзөтүү мындай турсун, тескерисинче жашыруун жолдор менен өзбек ишкерлери өндүргөн арзан баадагы күрүчтү Кыргызстан аркылуу Тажикстанга өткөрүүгө шарт түзүп беришет. Мунун кесепетинен жергиликтүү кыргыз дыйкандары өстүргөн күрүчтүн баасы төмөндөп, аргасыздан 50 сомдон тажик ишкерлерине жалынып-жалбарып сатууга туура келет.

Байкоочу мунарасы эстелик кызматын аткарабы?

Өзбекстан Сох анклавына негизинен Ак-Турпак айыл өкмөтү аркылуу өтөт. Аталган айыл өкмөттүн жаңыдан өздөштүрүлүп жаткан Дүкүр айылы ошол чек арада жайгашкан. Деген менен эки өлкөнүн чек арасын бөлүп турган ортодо эч кандай тосмо жок экен. Болгону Дүкүр айылынан 5-6 чакырым алыстыкта Кыргызстандын байкоочу мунарасы орнотулуптур. Аталган мунара эстелик кызматын гана аткарбаса, чек арачыны күндүзү чырак менен издеп таппайсың. Тескерисинче, "өзбек чек арачылары биздин айылга чейин келишип, мал жандыктарыбызды айдап кетип калышат" дейт Дүкүр айылынын жашоочусу Талантбек Таштанов . "Жакында эле өзбек чек арачылары менин 2 уюмду айдап кетип калышты. Андан сырткары канчалаган кой жандыктарыбызды алдына салып, Өзбекстанга айдап кирип кетишкен. Бизде чек арачы деген барбы деги? Болбосо, чек араны коргоону жергиликтүү тургундарга тапшырсын. Аскердик кызматын өтөгөнбүз, автомат атканды билебиз. Бизге ашыкча жеңилдик бербей эле койсун, укук менен курал берсе болгону, чек араны коргойт элек. Ошол эле Өзбекстанда чек арага жакын жашаган жарандарга мамлекет колдоо көрсөтүп, тамын куруп берет экен. Алардын максаты кыргыз жерин ээлеп алууда. Ансыз да күн сайын биз тарапка жылып келе жатышат", -дейт ал.
Аны менен бирге Дүкүр айылы аркылуу Өзбекстандан жашыруун товарлар чыгып жатканын кошумчалады Талантбек Таштанов. "Чек ара жабылды" деп, үн алгы, сын алгыдан тынбай сайрайсыңар. Бирок, өзбек ишкерлери тарабынан жүк ташуучу унааларда түнкүсүн товарлар өтүп жатат. Эч ким токтоткон жок. Арзан баадагы күрүчтөр тажик ишкерлерине жеткирилүүдө. Мунун кесепетинен тажиктер кыргыз дыйкандарынын күрүчүн албай жатат",- деп арманын айтат Талантбек мырза.

Кулагыңа
күмүш сырга

Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Көйгөйдү көрүп, көңүл ооруп турганда аталган аймактын жергиликтүү бийлиги тарабынан жасалып жаткан саамалыктарга күбө болуп, өзүбүз да, көзүбүз да кубанды.
Дегеним, ушундай чек ара менен бирге жумушсуздук маселесин чечүү максатында Ак-Турпак айыл өкмөтү чоң долбоордун үстүндө иш алып барып жатыптыр. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Алчыбай Төралиев маалымат берди. "Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Дүкүр аймагында жалпысынан 3500 гектар жер өздөштүрүлүп, 6 миң метр аралыкка суу жеткирүү маселеси да дээрлик чечилген. 4 миң метрлик чоң канал курулган. Ошондой эле 114 чакырымдык ички чарбалык кичи каналдар курулат. Жаңыдан ачылып жаткан аймакка учурда 40тан ашуун түтүн отурукташкан. Келечекте 6 миң кожолук ушул жерден орун алат. Өздөштүрүлгөн 3500 гектар жердин 1500 гектарына бак-дарактар отуругузулуп, ар кандай дыйканчылык кылууга шарт түзүлүп, жаштарга иш орундар жаралат. Бул долбоорго жалпысынан мамлекеттин бюджетинен 420 млн. сомдон ашуун акча каражаты сарпталууда. Жакынкы убактарда толук иш жүзүнө ашып калат. Ошондо чек ара бекемделип, азыркыдай көйгөйлөр болбойт",- дейт Алчыбай Төралиев.
Мына ушундай окурман, бүгүнкү Кыргызстандын шартында какыраган адырга суу жеткирип, жаңы аймактарды өздөштүрүп, 6 миң түтүнгө жашоо орундун түзүү өтө чоң эмгекти талап кылат. Андыктан, Кудай жалгап бул долбоор иш жүзүнө ашып калсын дейбиз.