Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Жарыяланганга кайрылабыз
Өз ишин билген
милиционер арадай жерде чарадай маселе пайда кылбайт…

"Алиби" гезитинин 2013-жылдын 20-февралындагы №13 санына Маевка айыл кеңешинин депутаты Бинали Дурсуновдун "Участкалык милиция менин үйүмдү мыйзамсыз тинтти", Маевка айылдык милиция бөлүмүнүн начальниги Эмиль Көкүмбековдун "Б. Дурсунов "ушул участокту албасам, сенин үстүңөн арызданып жүрүп, кызматыңан кетирем" деген" жана аталган айыл кеңешинин төрагасы Манас Алыкуловдун "Бул жерден улуттук маселени көтөрүүнүн кереги жок" деген пикирлери жарык көргөн. Редакциянын кызматкери талапка ылайык эки тараптын пикирин тең чагылдырган.

Маселени ушуну менен жыйынтыктап койсок деле болмок. Бирок, укук коргоо тармагынын өкүлү Эмиль Көкүмбековдун арсар жана өз кызматынын деңгээлине жооп бербеген аргументсиз маалыматтарынан улам аталган макалага кайрылууга туура келди. Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн окуяны кыскача баяндайлы. Сөз жогоруда аты аталган Б. Дурсуновдун ээлигиндеги 40 сотых жер жана милиция кызматкери Э. Көкүмбеков экөөнүн ортосундагы мамиледен улам жаралган жагдайлар туурасында болгон. Тараптардын талаштуу маселесинде эки адамдын өз ара кайым айтышуусунан улуттар ортосундагы маселе жаралат деп кооптонуу жаратуу негизсиз. Ошондой эле милиция тармагынын өкүлү менен Б. Дурсуновдун "40 сотых жерди мыйзамсыз сатып алган" жана "милиция кызматкерин кызматтан кетирүү аракетин көргөн" деген бирин-бири айыптоолору гана талаштуу жагдайды жараткан.
Айрыкча, түшүнүксүз жагдайды Маевка айылдык милиция бөлүмүнүн начальниги Эмиль Көкүмбековдун берген маалымат жаратты. Маевка айылдык милиция бөлүмүнүн начальниги Э. Көкүмбеков талаштуу жагдайды жөнгө сала турган укук коргоо тармагынын өкүлү. Алгач эле ал "Б. Дурсунов 12-январда "тууганым өлдү" деп кайрылганы чын. Ал боюнча тийиштүү чараларды көрүп, андан кийин жолугуп калып, учурдан пайдаланып, мыйзамсыз жер сатып алгандыгын айткам" дейт. Э. Көкүмбеков талапка ылайык Б. Дурсуновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши жана ал боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгы туурасында тастыкталган маалымат берген эмес. "Тактап кетүүчү нерсе, Б. Дурсунов айыл өкмөтүндө депутат жана жер боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалган" деп маалымат берген Э. Көкүмбеков Б. Дурсуновдун кайсы учурда дайындалганын көрсөткөн эмес. Кылмыш болгон учурда дейли десек, начальник Б. Дурсуновго кылмыш иши козголгону тууралуу так маалымат жок. Талаш болгон 40 сотых жерди сатып алуу келишими түзүлгөн учурда Б. Дурсуновдун айылдык кеңештин жер боюнча комиссиясын жетектегенин тактадык, бирок ал айыл өкмөтүнүн депутаты эмес, айылдык кеңештин депутаты болгон. Учурда Маевка айылынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча түзүлгөн, курамы 4 адамдан турган комиссиясынын төрагасы И. Макешов, айылдык кеңештин жер боюнча курамы 7 адамдан турган комиссиянын төрагасы болуп О. Алиев дайындалган.
Э. Көкүмбеков андан ары "Өзүңөр ойлоп көрсөңөр 4 сотых жериң 3-4 миң доллар болуп жатса 40 сотых жерди ит бекер алып жатпайбы. Анткени, буга чейин да ушинтип, арзан баада жерлерди алып үстүнө акча кошуп сатып бизнес кылып алган" деп окурманды дагы адаштырат. Биринчиден, кеп болуп жаткан 40 сотых жер айыл чарбага багытталган жана баасы көз карандысыз баалоочулар тарабынан коюлат. Ал эми Э. Көкүмбеков айтып жаткан баасы 3-4 миң доллар 4 сотых жер турак-жай курууга багытталган. Болгону укук тармагынын өкүлү Б. Дурсуновдун жабырлануучу же айыпталуучу экендиги аныкталбагандан кийин "буга чейин да ушинтип, арзан баада жерлерди алып үстүнө акча кошуп сатып бизнес кылып алган" деп маалымат берүүдө бул боюнча колунда тийиштүү иштин материалы бар беле деген суроо туулат.
"Эл бизге "эмнеге Б.Дурсунов эле жер алат, ал эми канча жылдан бери кезекте турган бизге жер тийбейт" - деп арызданып жатышат" деген маалыматты тастыктай турган жергиликтүү тургундардын арызынын милиция тармагына тиешеси барбы? Же ИИМ жер бөлүштүрүүчү тармактын дагы милдетин алды беле? Б. Дурсуновдун жерди кезексиз алышына жол берген айыл өкмөтүнөн тиешелүү справка барбы? Бул боюнча кылмыш иши козголду беле? Ал эми макалага тийиштүү жагдайларга келсек, бул жерде Б. Дурсунов "кезексиз жер алгандыгы туурасында" эмес, "мыйзамсыз жер алгандыгы туурасында" сөз болуп жатпайбы. Б.Дурсунов өзүнүн жанагы мыйзамсыз 0,40 сотых жерин алдырып албаш үчүн "эң жакшы коргонуу бул биринчи чабуул коюу" деп менин үстүмөн ИИМГе, Чүй облустук ички иштер башкармалыгына, Аламүдүн прокуратурасына арыз жазды. Алар мени келип текшерип кетишти" деген маалыматты тактадык. Чындыгында Б. Дурсунов ИИМге эки жолу, прокуратурага, Чүй райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган экен. Аламүдүн районунун прокурорунун орун басары Э. Жандаевден жооп келген.
Э. Көкүмбековдун Б. Бекешованын арызы менен Б. Дурсуновду тааныштырууга барган эки кызматкер туурасында берген жообу да так эместикти жараткан. "169-буйрукта участкалык милициянын айылдагы ар бир үйдүн жашоочуларынын үй мүлкүн, малын жазып коюу деген милдеттемеси бар. Ал үй ээсинин уруксаты менен үйүнө кирип, өз оозунан бардыгын жазып кеткен" Бул эмне болгон буйрук, кандай жагдайда ишке ашырылат? Опись кимдин оозунан, кандай максатта жазылгандыгы туурасында маалыматтар барбы бул көп суроону жаратат. Бүгүнкү күнгө чейин Б. Дурсунов К. Бекешованын арызы менен таанышты беле? Арыздын негизинде эле анын үйүнө опись жүргүзүүгө участкалык милиция кызматкерлеринин укугу бар беле? №169 буйруктун негизинде Б. Дурсуновдун үйүн текшерүүгө кайсыл жагдай негиз болду? Айтор, ПОМдун начальнигине суроолор көп.
Э. Көкүмбековдун "Эгер мени ар бир адам эле ушинтип шантаж кыла берсе мен эмне кылышым керек? Эгер силер Маевка айылына барып элден сурасаңар, түрк улутундагылардан сурасаңар эмне деп жооп беришет экен. Мен элди улутка бөлүп жатыптырмынбы, ошону элдин өзүнөн сурап көргүлөчү?" деген жообу арыз менен кайрылган тараптын маселесин чече турган эмес, жардамга муктаж калктын катмарынын өкүлүнүн жообундай таасир калтырат.
Маевка айылдык кеңешинин төрагасы Манас Алыкуловдун " Эгер Э.Көкүмбеков келип башынан эле "бизге арыз түштү ошонун негизинде текшердик" десе эч кандай маселе козголмок эмес" деген пикири бул маселеге так жооп десек болот. Э. Көкүмбеков укук коргоо тармагынын иш-аракетине ылайык "ташка тамга баскандай" иш алып барганда, милиционер менен айыл тургунунун ортосундагы пикир келишпөөчүлүгүнөн улам келип чыккан маселеге улуттук кызыкчылыкты көтөрө чуркоонун кажети жок болмок.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??