Мамлекет эмнеге
"Бишкек машина куруу заводуна"
кайдыгер карайт?

"Фабула" гезити 2012-жылдын 24-июлунда "Бишкек машина куруу заводу" Бакиевдин жалданма снайперлерин курал-жарак менен жабдыганбы?" деген аталышта макала жарыялап, анда "Революцияны жалаңтөш патриоттор кылат, үзүрүн арам акчага тойбогон ашкебилер көрөт" демекчи, кандуу 7-апрель процессине байланышкан сот отурумдары адилет аяктаары күмөндүү болуп калды. Айрыкча, 1000ге чукул азаматты жарадар кылып, 90 патриот жигиттерибиздин өмүрүн алган Бакиевдин жалданма снайперлеринин беттери ачылбай жатат. …азыркы бийликтин кымындай уяты калган болсо, изилдей турчу дагы кө-өп нерсе бар. Ал - Бакиевдерге белекке берилген Драгунов (СВД) снайпер мылтыктарынын изи...
…Элди СГОнун же Альфанын снайперлери атпаса, ким атты? Менимче, бул жерде айына миңдеген доллар айлык алып иштеген Жаныш Бакиевдин жашыруун тобунун балдары (алар ошол эле СГО, милиция, рэкет, спортсмендерден куралган) СГО менен Альфанын балансында турбаган башка Драгунов снайпер мылтыктарынан элди кырышкан. Алардын изи "Бишкек машина куруу заводуна барып такалууда" деп жазып чыгып, "…бул маалымат азырынча тактала элек. Аны тактоо эми УКМКнын иши" экенин кошумчалаган.


Биз муну тактадык. СВДлар "Бишкек машина куруу заводунда" жасалган деген имиш чындыкка жатпайт. Аталган завод Драгунов снайпер мылтыктарын чыгарбайт. Болгону, завод стратегиялык мааниде болгон үчүн Драгуновдун снайперлик мылтыктарын кайтаруу үчүн колдонушу ыктымал. Эгер, мамчиновниктерге белекке берилип келген, "изи" 2010-жылдын 7-апрелине такалган СВД үлгүсүндөгү снайпер мылтыктарына БМКЗ заводунун тиешеси болгон болсо, анда стратегиялык заводдорду кайтаруу үчүн Драгунов снайпердик мылтыктарын чыгарган заводдон сатылып алынган куралдар "Бишкек машина куруу" заводу аркылуу "списание" болгон болушу ыктымал. Чынында эле аны териштирүү тиешелүү кызматтардын иши экенинде талаш жок.
"Бишкек машина куруу заводунун" азан чакырып койгон аты - "В.И.Ленин атындагы машина куруу заводу". Союз кезинде учу-кыйырына көз жетпеген зор империянын стратегиялык мааниге ээ аскердик заводдорунун бири боло турган. Атамекендик заводдун чыгарган октору сапаты боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунда турчу. Завод толук кубаттуулукта иштеп турган маалда КССРнин бюджетинин үчтөн бир бөлүгүн толтурган жылдары болгон.
Драгунов (СВД) снайпер мылтыктарынын "изи" демекчи, заводдо УКМК текшере турган бир топ жагдайлар бар экен. Аталган басылманын: "УКМК текшере турчу мындан башка да фактылар бар. Тыналиев Шайхидин демекчи, бул кишинин аты тээ 2001-жылы эле КМШ чөлкөмүнө угулган жайы бар. 2001-жылдын 3-май күнү орусиялык "Московский комсомолец" гезитинде журналист Виктор Сакирконун "Дяденька, дай патрончик", "Киргизия тайно вооружает Армению" деген автордук макаласы жарыяланган. Анда, журналист Кыргызстанды жана "Бишкек машина куруу заводун" конфликттик зонада (тоолуу Карабах чыры) турган Арменияга "автомат патронун сатып жатат" деп күнөөлөп чыккан. Бул кабар Азербайжан ММКларында терс реакция жаратып, алар дагы окуяны изилдей башташат. Ошол азербайжандык басылманын бири мындай деп жазганы бар, "Биз бул маалыматты тактоо үчүн "Бишкек машина куруу заводуна" чыктык. Тилекке каршы, анын директору Шайхидин Тыналиев ири суммадагы акчаны жегени жана ири өлчөмдө автомат патрондорун кымырганы үчүн камакта экен. Ал эми анын ордуна келгендер Арменияга патрон сатылганын айтышты. Бирок канча өлчөмдө, канча акчага сатышканын айтпады. Демек, Арменияга уурдалган патрондор сатылганбы?" деп жазгандарына андай же мындай деп комментарий бергибиз келбейт.
Бирок, антсе да, колдо болгон фактыларга, медициналык экспертизанын чыгарган тыянагына таянып, айта турган жагдайлар бар. Союз мезгилинде стратегиялык завод катары статус алган ишкананы "НЕВМЕНЯЕМЫЙ" деген диагноз коюлган адам башкарып жатыптыр. "Бишкек машина куруу заводунун" башкы директору Шайхидин Тыналиев "НЕВМЕНЯЕМЫЙ" экенин тастыктаган кагаз, 2002-жылдын 2-июлунда чыккан соттук-психиатрдык экспертизанын корутундусу биздин колубузда турат. Ал корутундуга КММА профессору жана РЦПЗнын баш директору, орунбасары, бөлүм башчысынан турган комиссия кол коюптур.
Акаев бийлиги тушунда соттолуп, Бакиевдин уулу Максимдин аркасы менен кайрадан "Бишкек машина куруу заводуна" башкы директор дайындалган Ш.Тыналиев Убактылуу Өкмөттүн жана азыркы бийликтин тушунда эч нерсе болбогондой өз кызматында иштеп жатканы өтө таңгалычтуу. Андай болгондо, Тыналиев эмес, аны кызматында калтырган азыркы бийликтин өзү "НЕВМЕНЯЕМЫЙ" болуп жүрбөсүн? Же Тыналиевге "НЕВМЕНЯЕМЫЙ" деген диагнозду профессорлор өзү "НЕВМЕНЯЕМЫЙ"бы? Эгер, РЦПЗнын аттуу-баштуу чыгарган медициналык корутундуга ишенсек, "НЕВМЕНЯЕМЫЙ" деген диагноз коюлган Ш.Тыналиевдин аталган заводду бир мүнөткө да жетектегенге эч кандай юридикалык дагы, моралдык дагы укугу жок экени талашсыз нерсе. Бул бир.
Экинчиден, эгер колубузда турган "Бишкек машина куруу заводунун" ревизиялык комиссиясынын 2001-жылы түзүлгөн актысына таянсак, андан да Ш.Тыналиевди директорлук орунда бир мүнөт да кармап турууга болбой турганын тастыктаган фактылар калкып чыгат. БМКЗнын 2000-жылдагы финансы-чарбалык ишмердигин текшерген текшерүү комиссиясы завод жетекчилигинин ишиндеги көп былык-чылыктарды таап чыккан. Алсак, "Бишкек машина куруу заводунун" жетекчилиги 2000-жылы эки тараптуу түзүлгөн келишимге ылайык, "Таңкы шоола" аталган ортомчу фирма аркылуу "Сейил" пансионатын сатып алууга жана тендерге катышууга 10,5 миллион которуп бериптир. Кызыгы ушул жерде. БМЗ менен "Сейил" пансионатынын ортосуна далдалчы боло калган ортомчу "Таңкы шооланын" фирмасынын уюштуруучусу, 90% акциянын ээси БМКЗ заводунун директорунун көздөй болгон орунбасары Самидин Белеков экен. Ушул фактынын өзү бул келишим "таза" эместигин, биерде завод жетекчилигинин кызылдай кызыкчылыгы болгонун тастыктап турат. Текшерүү комиссиясы "Сейил" пансионаты үчүн которулган 10,5 миллион сомду "максатсыз чыгымдалган акча каражаты" деп тапкан. Бул бир. Экинчиден, бизге жеткен маалыматтарга караганда, "Сейил" пансионаты БМКЗнын өзүнүн эле пансионаты. Чалды-куйду заманда "Бишкек машина куруу" заводу өз заводун өз акчасына сатып алып отурбайбы. Заводдун акчасына заводдун пансионатын сатып алат деген эмне деген шумдук.
Текшерүү комиссиясы таап чыккан мындай максатсыз жана өзүн өзү актабаган акча каражаты оголе көп. БМКЗ заводу "Сапа" өндүрүштүк фирмасына "Бакыт-Шоола" фирмасы аркылуу 174,0 миң АКШ долларын которушкан. "Сапа" фирмасы БМКЗнын чатырдын ремонту иштерин аткарып бергендигинде талаш жок, бирок, 2000-жылдын 1-январына карата аталган фирма өзү заводдун алдында 124,6 миң сом карызы болгон. Мейли, анын баары ишканалар ортосундагы чарбалык-финансылык алыш-бериш деп койгондо да, "Бишкек машина куруу" заводу жана "Сапа" фирмасы бири-бири менен эмне үчүн ортомчу фирма аркылуу гана финансы маселесин чечишип калганын тактоо тийиштүү органдардын иши экени талашсыз.
Завод эч кандай зарылдыгы жок болсо да, "Мерседес-Бенц-230" жана "Тойота-Прения" унааларын рыноктук баасынан эки эсе кымбатка сатып алган. Кыскасы, бир сөз менен айтканда - финансылык бардак! Заводго ири суммадагы карыздары болгон "Кыргызсервис-контракт" АКна БМКЗ эсебинен каражат которулганы да кызык.
"Фабуланын" маалыматына таянсак, "Ушул фактылардын аркасы менен Тыналиев менен Белеков камакка алынат. Сот иштери 2002-жылга чейин уланат. Бирок ага чейин жакшынакай турган Тыналиевдин "шакыйы" кармап, акыры соттук-психиатрдык экспертиза РЦПЗнын врачтарынын корутундусуна таянып, Шайхидинди НЕВМЕНЯЕМЫЙ деп таап, сот жообуна тартыла албайт деген бүтүм чыгарат" Мына М.Тыналиевдин "НЕВМЕНЯЕМЫЙ" деген диагнозунун сыры каякта жатат.
Арийне, антип Тыналиев менен Белеков Акаев бийлиги тушунда сот жообуна тартылып, бири "НЕВМЕНЯЕМЫЙ" боло калганы менен 2005-жылдан кийин эски достордун жылдызы жанды. Бакиевдердин бийликке келиши менен кайрадан эле ортомчулар аркылуу Максим Бакиевге чыгышып, ортомчуларга тоодой болгон убадаларды берип, кайрадан заводдун жетекчилигине келишти. Эгер жөнөкөй арифметикалык эсептөө жүргүзсөк, бул алардын эки жолу иштен куулуп, кылмыш иши козголуп, үчүнчү ирет БМКЗ заводуна жетекчиликке келиши экен. Маалымат каражаттарынын маалыматтарына таянсак, азыр "Бишкек машина куруу заводу" жана анын алдындагы ок чыгаруучу "Бишкек штамптоочу заводунун" 30 млн. сомдон ашык карызы бар. Стратегиялык завод банкроттук абалда. Банкрот ишкананын башында кылган эткенине, миллиондорду ашаганына карабай сот алдында жоопкерчиликке тартылбай турган документи бар Тыналиев деген чоң отурат. Медициналык корутунду боюнча, Тыналиевдин заводду бир мүнөткө жетектегенге эч кандай юридикалык дагы, моралдык дагы укугу жок! Самидин Белеков жөнүндө айтса сөз түгөнбөйт. Аны жакшы тааныгандар Бакиев убагында "Курманбек Салиевич" деп айтуудан тажабагандардын алдыңкы сабында болчу дешет.
Стратегиялык маанидеги жападан жалгыз заводду мына ушундай эски окчонтойдон калган кадрлар башкарып жатканы Мамлекеттик мүлк фондусунун мамлекеттик мүлккө мамлекеттик эмес мамиле жасап жатканынан кабарлайт. Бизге муну аталган мамлекеттик мекеменин жетекчиси Айбек Осмоналиев эмне деп түшүндүрөр болду экен, жообун күтө туралы.