Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Погончон Жылдызбек ким?
Биз азыр эч нерсеге таң калбай калдык. Бүгүнкү бандиттер эртең депутат же министр болуп чыга келиши кадыресе эле көрүнүш. Айтайын дегенибиз, азыркы учурда Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнин кылмыш издөө тобунун улук опер кызматкери Жапаров Жылдызбек учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп жүргөнүн көбү айтып жүрүшөт. Болгондо дагы, кадимки крим-аталык Рысбектин оң колу "Большой Макстын" жан-жөкөрү деген кеп бар. Ал кептерге таяна турган болсок, Жылдызбек эргул ыраматылык Рысбектин, андан соң "Большой Макстын" көзү өткөндөн кийин айтылуу "Водолаздын" этегин кармап, криминалдык чөйрөнүн бир ыптасын чойгондордун катарында болучу дешет. А түгүл, 2007 - жылы ИИМдин кылмыш издөө башкы башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалып, "Водолаздын" тобунун өкүлү катары картотекага түшкөн. Бирок, акчанын күчү менен картотеканы тазалап, 2009 - жылы азыркы кызматына келип алган дешет. Муну айтып жатканыбыз, учурда ИИМге жаңы министр келбедиби. Эми А.Суранчиев агабыз кызыл шапкечендердин арасындагы буга окшогон "чатак" кадрларды териштирип туруп тазалабаса, анда мамлекеттин кадырынын кеткени ошол.


"Мени соттосо, анда Кудайды да соттош керек..."
27-февралда, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын экс-муфтийи Чубак ажы Жалиловдун соту Свердлов районунда болуп өттү. Ажыга "ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес" деген айып тагылууда. Мындай айыпты ажы четке кагууда. "Муфтияттын ажылыктан жана башка жактан түшкөн кирешелери бар. Ошондон "туумдары менен 8 миллион сом төлөгөн эмессиңер" деп айыптап жатышат. Биз муну туура эмес деп ойлойбуз. Анткени, бул акчадан эч кандай салык төлөнбөйт. Зекет дагы берилбейт. Бул 20 жылдан бери төлөнгөн эмес, мындан кийин да төлөнбөшү керек. Биз Кудайдын мыйзамын аткарганга аракет кылдык. Эгер мени азыр соттой турган болсо, анда Кудай Тааланы да, пайгамбарды да соттош керек болот. Себеби, мен өлкөнүн муфтийи катары Курандагы, пайгамбардын осуятындагы шариятты бузбастан аткарууга аракет кылдым" дейт. Ажынын адвокаттары сотто кылмыш ишти козгоо негизсиз болгонун, тергөө талапка жооп бербесин айтып, ишти кыскартуу тууралуу арыз жолдошту. Бирок, судья Чыңгыз Адамкулов бул арызды канааттандырган жок. Судьяга ишенбөөчүлүк жарыяланып, доо арыз жогорку инстанцияга жөнөтүлүп, сот белгисиз мөөнөткө жылды.


Бакиевдер Кыргызстанга алынып келинеби?
Мурдагы күнү Башкы прокуратура Белоруссиянын Башкы прокуратурасына К.Бакиев менен Ж.Бакиевди Кыргызстанга жеткирип берүү талабын жолдоду. Башкы прокуратура бир нече жолу Белоруссия бийлигине кайрылып, Бакиевдерди Кыргызстанга жөнөтүүнү өтүнгөн. Бирок Белоруссия бул талаптарды канааттандырган эмес.
Эскертсек, 2013-жылдын 11-февралында Бишкек гарнизонунун Аскер соту экс-президент Курманбек Бакиевди 24 жылга эркинен ажыратып, иниси Ж.Бакиевге "өмүр бою эркинен ажыратылсын" деген өкүм чыгарган. Б.а. К.Бакиевди сот "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыптап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары, экс-президент ушул эле берененин 4-бөлүгү боюнча айыпталып, дагы 12 жылга кесилген. Ж.Бакиев Кылмыш кодексинин 6-беренеси боюнча айыпталып, ошондой эле "эки же андан көп адамды өлтүрдү" деп күнөөлөнүп, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен жана генерал-лейтенант аскер наамынан ажыратылган.


Балтабаева мигранттарга "балта" чабабы?
Екатеринбург шаарындагы вице-консул Гүлнур Балтабаева мигранттарга балта көтөргөндү мыкты өздөштүргөн дейт нааразы болгон иркутскийлик миг-ранттар. Башконсул Төлөнбай Жаныбековдун башын аттап, тымызын терс саясатын жүргүзүп, келгендерди кабыл албай Кудай болуп алган дешет. Карапайым мигранттарды кой, диаспора жетекчилерине текебер мамиле кылып, көкөйгө көк таштай тийиптир. Гүлнур Балтабаеванын санак жетпеген жоруктары да мындан көп. Океңдерден опуза көргөн кыргыздарга жакшы сөз айткандын ордуна өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп атыр дейт. Ушундай дипломаттын кимге кереги бар?




"Ата Мекен" кезексиз курултай чакырышы керек
"Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы,
партиянын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги фракциясынын
лидери Ө.Ч.ТЕКЕБАЕВге
Урматтуу Өмүрбек Чиркешович! Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын өлкөдөгү саясий иш-аракеттерине, ээлеген позициясына байланыштуу чалкеш маселелер пайда болду. Партия 2010-жылдын апрель айынан кийинки тарыхый мүмкүнчүлүктү туура пайдалана албай, көптөгөн тактикалык каталыктарга жол берди. Өзүнүн мурда жар салган идеалдарынан, принциптеринен тайып, стратегиялык максатынан алыстоодо. Партиябызга карата элдин көз карашы, коомдук пикир кескин өзгөрдү.
Кетирилген каталык, кемчиликтерди талкуулап, реалдуу баа берип, ошого жараша чечим кабылдап, партиянын келечек кадамдарын аныктап алышыбыз зарыл. Ошондуктан, "Ата Мекен" партиясынын республикалык саясий кеңешинин мүчөсү катары мен тез арада партиянын кезексиз курултайын чакырууну сунуш кылам. Бул курултайда:
1. "Ата Мекен" партиясынын бардык мүчөлөрү өз партиясынан Жогорку Кеңеш депутаты жана Өкмөт мүчөсү болуп, мамлекеттик кызматка барган адамдардын ар биринин 2010-жылкы парламенттик шайлоодо шайлоо фондуна кошкон финансы каражатынын суммасы тууралуу ачык маалымат алышы керек. Апрель төңкөрүшүнөн кийинки талап-тоноочулук, чет өлкөлүк - россиялык компаниядан 1 миллион доллар пара алуу сыяктуу партия лидерлерине тагылган айыптоолордун жалган же чын экендиги да аныкталууга тийиш. Анткени, "Ата Мекен" мамлекеттик кызмат орундарын соодалап, акчага сатпагандыгына, ошондой эле, лидерлери уурулук, каракчылык кылбагандыгына биринчи кезекте партиянын жалпы мүчөлөрүнүн көзү жетип, ишениши кажет.
2. "Ата Мекендин" мамлекеттик бийликтеги өкүлдөрүнүн ишмердигине тиешелүү баа берчү мезгил келип жетти. Партиянын Өкмөттөгү айрым өкүлдөрүнүн жана Жогорку Кеңештеги көпчүлүк депутаттарынын шектүү иштери, компетентсиздиги, саясий деңгээлинин төмөндүгү тууралуу адилеттүү сындар айтылууда. Курултай алардын ишмердигин карап, татыксыздарын чакыртып алып, ордун партрезервдеги таза, жаш кадрлар менен толуктоо маселесин чечиши керек.
3. "Ата Мекендин" өткөн парламенттик шайлоонун алдындагы программасынын, шайлоочуларга берген убадаларынын аткарылбай калгандыгынын себеби талкууланышы зарыл. Курамына биздин партия дагы кирген коалициялык өкмөт өлкөдөгү социалдык-экономикалык, саясий проблемаларды жоё алган жок. Мамлекет алдындагы жоопкерчиликти көтөрүп кете албагандыктан, партиянын башкаруучу коалициядан чыгуусу күн тартибине коюлуусу шарт.
4. Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу формасы, ага байланыштуу конституциялык реформа маселеси. 2010-жылы биз сунуштаган саясий реформа иш жүзүндө мамлекеттик башкаруу системасына эч кандай прогрессивдүү өзгөрүү алып келген жок. Тескерисинче, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын талкалап, мыйзамсыздыкты күчөтүп, коомду анархияга алып баратат. Мындай системадан баш тартып, ылайыктуу жол издөө - бүгүнкү күндүн тарыхый талабы.
Урматтуу Төрага, аталган маселелер боюнча өз пикиримди мен "Ата Мекен" партиясынын карапайым мүчөлөрүнө жана жактоочуларына жолдогон кайрылуумда билдирдим. Кайрылуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланат. Ал эми "Ата Мекен" партиясынын Курултайы кечиктирилбестен, ушул жылдын март айынын ичинде өтүшү зарыл деп эсептейм.
Урматтоо менен,
Абдувахаб МОНИЕВ, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү
26.03.2013. Бишкек шаары





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??