Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Азимбек Бекназаров:
"Кумтөрдү" денонсациялоонун ордуна саясый соодалашуу жүрүп жатат
Алиби: Азимбек, 3-революция чындап эле жакындап келатабы? Эмне дегенде коомчулукта эмнегедир бул туурасында сөз көбөйө баштады.
А.Бекназаров: 3-революция качан болоорун билбейм, болушун да каалабайм. Эки революциянын башында жүрүп, революция эмне экенин абдан жакшы түшүнөм. 3-революция жөнүндө сөз бийликтин 2 революциянын максаттарын ишке ашыра албаганынан, айрыкча "Кумтөр" маселесин чечпей, үч айга соодалашууга барганына күчөп баратат окшойт.
Алиби: Эмне үчүн "Кумтөрдү" чечпей коюшту деп ойлойсуң?
А.Бекназаров: "Кумтөр" маселесине чекит коюуга бүгүнкү бийликке бардык мүмкүнчүлүк берилип, шарт түзүлдү. Парламенттик, мамлекеттик комиссиялар "Кумтөр" кени Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштебей жатканын, мурдагы бардык келишимдер коррупциялык схемалар менен түзүлгөнүн, Кыргызстандын ондогон мамчиновниктеринин аракеттеринде кылмыштын курамы бар экенин, экологиялык, экономикалык зыяндар миллиарддаган долларды түзөөрүн так, ачык айтышты. Парламентте бул маселе карала баштаганда мен ойлогом "мурдагы келишимдер денонсацияланып, парламент тарыхый чоң саясый бурулуш жасайт, 3-революциянын алдын алат го"- деп. Эмне дегенде, парламенттеги 4 фракциянын айрым депутаттары (СДПКдан И.Исаков, "Ар-Намыстан" Б.Мамырова, "Ата Журттан" К.Келдибеков, С.Жапаров, Т.Мамытов, К.Ташиев, "Ата Мекенден" Ө.Текебаевдер) "Кумтөр" долбоору боюнча мыйзам долбоорлорун киргизишкени мага белгилүү эле. Бирок, ошол эле депутаттардын айрымдарынын "кылтыңдаганынан" улам маселе 3 айга жылдырылып калды. Бул деген көшөгө артындагы баягы эле саясий соодалашуу, саясый сойкулуктун жыты жыттанып жатат дегенди билдирет.
Алиби: Эмне үчүн үч айга калтырылды? Сен тажрыйбалуу юристсиң, "Центерра Голд" компаниясынын "эл аралык сотко беребиз"- дегенинин канчалык реалдуу чындыгы бар?
А.Бекназаров: Үч айга калтырылгандын негизги себептери төмөнкүлөр:
Биринчиси : Азыркы бийликте отурган адамдардын, мисалы, Президенттин, премьер-министрдин, спикердин "Кумтөргө" кандайдыр бир катыштыгы бар экендиги айтылып калууда. Акаев, Бакиевдердики болсо белгилүү. Ушул 5 кызмат адамы менен бекем байланышы бар ондогон адамдар парламентте, өкмөттө, президенттин аппаратында, башка мамлекеттик бийликте отурушат. Эгерде алар "Кумтөрдү" денонсациялоого жол беришсе өздөрүнүн "Кумтөр" боюнча коррупциялык схемаларда орду бар экенин "Центерра Голд" айтып чыкпай жаны жокпу? Ошондуктан, азыркы бийликтегилер өздөрүнүн тагдырынан коркушат.
Экинчиси : бул жабык иш эртеби, кечпи баары бир ачылат. Ошондуктан, азыркы кыргыз бийлиги 3 ай ичинде бул мөөнөттү узартуунун жолун издейт. Ага да убакыт керек.
Үчүнчүдөн : жол таппаса "Центерра Голд" да, азыркы кыргыз бийлиги да 3 айдын ичинде азыркы Жогорку Кеңешти таркатып, келечектеги Жогорку Кеңешке өздөрүнүн адамдарын алып келүүгө аракеттенишет. Ага каражатты ушул эле "Центерра Голд" өзү берет. Анткени, "Кумтөр" маселесинин тарыхын карап отурсаң, Жогорку Кеңештердин мөөнөтүнөн мурда таркашына, президенттердин качышына, айрым адамдардын кырсыктан каза болушуна байланышы бар экенине ишене баштайсың. 2005-жылы март революциясынан кийин мен тарабынан "Кумтөр" боюнча эки кылмыш иши козголуп Акаев, Бакиев, Нанаев, Сарыгулов ж.б. сурак иштери жүргүзүлүп, 2005-жылы 19-сентябрда мени кызматтан алынып, 21-сентябрда бул иштер дароо токтотулган. Негедир, мунун да байланышы бар сыяктуу. "7-апрелде кылмыш иши өрттөлүп кетти"- деген шылтоо менен Акаев, Танаевдерди азыркы бийлик алып келүү аракеттерин токтотуп койду.
Алиби: Анда Жогорку Кеңеш 3 айдын ичинде таркап кетээрин билбейби?
А.Бекназаров: Маселе - көпчүлүк депутаттардын аны билгендигинде болуп жатат. Алар кийинки парламенттеги ордун "Кумтөргө" байлап жатышат. Азыр да кеч эмес, 3 айды күтпөй, бул маселени чечип койсо болот. Анткени, 3 айдын ичинде "Кумтөрдү" чечпей коюшту- деп таркатылып калышы мүмкүн. Эгерде Жогорку Кеңеш "Кумтөрдү" денонсациялоо мыйзамын кабыл алса, жоопкерчилик президентке барып такалат эле. Ал мыйзамга кол койбосо, эмне үчүн кол койбой жатканы тууралуу элге айтышы керек. Эгер Жогорку Кеңеш "Кумтөрдү" денонсациялабаса, эртең президент элге айтат: " Бул менин милдетиме кирбейт. Конституция, мыйзам боюнча бул парламент менен өкмөттүн иши"- деп. Анда президенттин сөзү туура болот. Ошондуктан, бул парламент ойлонуш керек.
Алиби: "Эл үнү" кыймылы мыйзам жаздыңар эле, эмне болду?
А.Бекназаров: Биз, жогоруда айтылгандай, депутаттар мыйзам долбоорун даярдашканын билгенден кийин "айырмасы жок. "Кумтөр" денонсацияланса болду" деп токтоп калдык эле. Эми кайра 10 миң шайлоочунун жазган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сөзсүз киргизебиз. 10 миң шайлоочу мыйзамдын автору катары ошол күнү Жогорку Кеңештин алдында турабыз, мыйзамды алганга чейин.
Алиби: Эмне, митинг болобу? Эл митинг, пикет дегендерден деле чарчагандай болду го. "Бекназаров, Келдибеков, Бабанов дегендер элди көтөрүшкөнүн койбойбу"- дегендей сөз таркап, НТС телеканалынан Бабанов айтып чыкты го "мен Бекназаров, Келдибеков менен эмесмин, аларды колдобойм"-деп.
А.Бекназаров: "Кумтөрдү" денонсациялоо боюнча мыйзам долбоору Конституцияга ылайык 10 миң шайлоочу тарабынан даярдалды. 10 миң шайлоочу Конституциялык укугун колдонуп, өз мыйзамын колдоп, "Кумтөр" үчүн ошол күнү парламенттин алдына келип турушат. Бирок, "Чыңгызхан" болушпайт, тынч митинг түрүндө болот. Бабановго окшогондор андайда аны колдобойт, келишпейт, аны жакшы билебиз. Бирок Кыргызстанда "коммерсант саясатчылардан" башка да "жердин, кен-байлыктардын ээси"- делинген карапайым эл бар. Жүздөгөн тонна алтын, күмүш ж.б. байлыктар 20 жылдан бери бир ууч кыргыз бийлигинде жүрүшкөн "качкындар" менен "коммерсанттарга" эле буйруп, калган эл булганган, бузулган экологияны тиктеп, карап калабы? Митинг, пикет, революциялар жакшы жашоодон же бийликтин өз элине жүргүзгөн туура саясатынан чыкпайт. Айрыкча, революцияны бийликтен кулагандар жасабайт, патриот, таза, карапайым эл жасайт. Үзүрүн "кузгун-жору" же "коммерсант саясатчылар" көрүшөт. Анткени, революциядан кийинки шайлоолорго "сатып ал, сатыл, сат"- деген үч принцип менен барып, байкуш элди сатып алып, анан сатып кетишүүдө. Ошол үчүн эл кайра митинг, революция жөнүндө сөз кылышууда. Бабанов менен мен "революция, митинг" жөнүндө сүйлөшкөн жокмун, ал туура айтат, сүйлөшө да албайбыз. Менин оюмча, ал өз НТСинен чыкканына караганда "Абий агасына" актанганы го, себеби Учкун Ташбаев СНБнын СИЗОсунда жөн жатат беле, көрсөтмө берип жатса керек.
Алиби: Бийлик деле 3 айда чечебиз деп жатпайбы? Митинг өткөрбөй күтө турса болбойбу? "Кумтөр" саясатка айланган жокпу?
А.Бекназаров: Күтсө болот, эгер ишеним болсо. Бирок, элибиз легендардык парламенттеги алтын комиссиясынын, айрыкча Ш.Мамбетов, Р.Дырылдаевге окшогондордун иши эмне менен бүткөнүн, кийинки 2002-2003 - ж.ж. депутат О.Дүйшеев бул маселени көтөрүп, анда да эмне менен бүткөнүн, эми болсо С.Жапаров бул маселени кайрадан көтөрүп, каякта отурганын, кечээ эле парламенттеги талкуудагы сөздөрдү угуп, көрүп туруп, 3 айдан кийин бир нерсе өзгөрөрүнө ким ишенет? Мисалы, мен ишенбейм. А.Келдибеков, Ж.Жолдошева, К.Осмонов, Б.Мамырова, И.Исаковдорго окшогон депутаттар илгеркидей эле аз болуп жатпайбы? Же 2009-жылы СДПКнын депутаты катары "за" добуш берген азыркы спикер А.Жээнбеков, "Кумтөрдүн" ТЭОсунун 176 млн АКШ долларына ашыкча бааланышына кол койгон ошондогу министр, азыркы премьер-министр Ж.Сатыбалдиев өзгөрөбү? 1,5 млрд салыкты чыгарууга корутунду берген А.Салянова Акаев, Танаевдерди, Бирштейни , Чудинову ж.б. менен жоопко тартып, алып келеби? Албетте жок. Анда эмнеге күтөбүз? Булар да мурдагыдай дагы бир коррупциялык схема ойлоп чыкканга чейинби? Жок.
Мен ойлойм, "болду, жетишет, өз жерибизге, байлыгыбызга, саясатыбызга өзүбүз ээ бололу, өз акылыбыз менен жашайлы"- деп. Орусиянын президенти В.Путиндин ар бир курулуш, коммуналдык чарбалардагы, министрликтердеги, региондордогу бала асырап алуу, жетим балдарга чейин ж.б. ондогон жылдар бою тамырланган коррупциялык схемаларга мамлекеттик деңгээлде мамиле жасап, жөн эле кылмыш эмес, улуттук саясатка айлантып жатканын көрүп, арданасың, суктанасың. 260 тонна алтын өндүрүлүп, анын 1,4 тоннасы гана дивиденд катары Россияда калса, Россияда эмне болот эле элестетип көрөлүчү. Азыркы кыргыз бийлигинин баарын билип, көрүп туруп эле "эл аралык сотко берсе эмне болобуз?"- деп шылтоологонун көрүп, булар "Центерранын" өкүлү го, кыргыз бийлиги эмес ко деп ойлойсуң. 20 жыл бою "Үзөңгү Кууш", "Каркыра", "Сох", "Кумтөр", "Жерүй" ж.б. кен-байлыктар жөнүндө парламентте сөз болгондо, ар дайым көпчүлүк депутаттар, президент, өкмөт кыргыздын эмес, чет элдиктердин өкүлдөрүндөй аларды коргоп келишкен. Бүгүн да ошондой. Ал эми аз депутаттар баягыдай эле "эл, журт бузарлар".
Эгерде эми 3-революция болсо таптакыр башка болот, чыныгы элдик революцияга айланат. Революция өз максатына жеткенге чейин чыныгы революционерлер элдин жеңишин, өз жерин, байлыгын, саясатын колдон чыгарбайт, шайлоо өткөрбөйт, алданбайт. Ошон үчүн бийлик эсине келиш керек. Азыр көптөгөн көпөс, "кузгун-жору" саясатчылар "митинг, пикет ызы-чууга аралашпайлы, күтө туралы, баары бүткөндөн кийин шайлоодо акча чачып эле бийликке келебиз, андан көрө бүгүнкү бийлик менен жакшы мамиледе туралы"- деп, адаттарынча президенттин короосунда же эшигинде сагалап жүрүшөт. Муну президент деле билип жүрсө керек. Мен өткөндө да айттым эле. Дагы айтам. "Президенттерге кошомат кылып жүрүп, эки революцияга ошолор жол ачты, эки президентти качырып, үчүнчүсүнүн эшигинде адаттарынча жүрүшөт"- деп. Азыр да кеч эмес, "Кумтөрдү" денонсациялап, башка кен-байлыктарды оңдоп, ачык-айкын карап койсо, элде үмүт пайда болот. Жер алдындагы кендерден башка эмнебиз калды? Бардык митинг токтойт. Элди - элге, кыргызды - кыргызга кайраган, экиге бөлгөн саясатты токтотуу керек. Ачуу чындыкты бетке айткандар эл душманы эмес. Кыргыздын душмандары дагы деле бийликтин ичинде жүрүшөт. Эл арасында "Кыргызстанды эки-үчкө бөлүп, жарандык согушка алып келебиз- деген күчтөр бар деген сөз жүрүүдө. Мени аңдыбай, атайын кызмат ошолорду аңдыса, аныктаса. Мен эч качан эки нерсеге барбайм. "Кыргызстандын бүтүндүгү менен ынтымагын бузганга". Аны далай жолу оор күндөрдө, жагдайларда далилдегем.
Алиби: Сенин өмүрүңө коркунуч бар деген сөздөр бар, коркпойсуңбу?
А.Бекназаров: Ажал жетсе, андан ким качып кутулмак эле? Акаев, Бакиевдердин убагында Жалал-Абад абагында, Төө-Ашууда ж.б. жагдайларда аракеттер болгонун билесиңер. 2010-жылдын май-июнь айларында да Убактылуу Өкмөттүн эле айрым мүчөлөрү "Ошто же Жалал-Абадда аттырып койбойлубу? Эл Бакиевдерден же өзбек сепаратисттерден көрүшөт" - дешип, азыр да бийликте жүргөн айрым адамдар менен кеңешкендерин билем. Кокус мен бир нерсе болсом ал адамдардын уяты бары айтып чыгар. Менин душмандарым абдан көп, көпчүлүгү азыркы бийликте.
Алиби: Аты ким, айтып койбойсуңбу? Эмне үчүн андай сөздөр болгон?
А.Бекназаров: Убактылуу Өкмөт кандай шартта, кандай абалда иштеди, өзүңөр жакшы билесиңер. Айрыкча, 2010-жылдын апрель-июль айларында Убактылуу Өкмөттүн ичинде түштүктө качып жүрүшкөн Бакиевчилер, апрель окуясы, июнь окуясы, Конституциянын долбоору, тазалануу, улутташтыруу, кадр маселелери, референдум өткөрүү маселелери айрыкча түштүк региону боюнча, катуу талаш-тартыштар болуп турду. Ошондой маселелерде менин позициям айрым Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө жакпай "бул кийин деле иштетпейт го"- деген ойдон улам ошондой сөздөр болгон окшойт. Атын, албетте, айтпайм, ал сөздөрдү мага айткан мамчиновник азыр тирүү, мүмкүн өзү айтып чыгаар.
Алиби: Душмандарың ким?
А.Бекназаров: "Эки революциянын максаттарын ишке ашырам"- деген максатта революциядан кийин менчелик бирөө да иштебесе керек. Ошол качкын эки президент, алардын жакындары, дос-туугандары, май токочтуу кызматтарынан, улутташтырылган обьектилеринен айрылгандар, кылмыш иштери козголгондор- баары мени душман көрөөрүн, көздөрүндө октору болсо атып салгылары келээрин билем. Бирок, мен аларга өзүм жеке душман болгон үчүн же өзүмдүн жеке кызыкчылыгым үчүн эмес, революциянын, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мыйзам же адамгерчиликтин чегинде аракеттенгеним үчүн көпчүлүгү түшүнүү менен кабыл алат го деген ойдомун.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??