Аман Саспаев, жазуучу:
"Колумда кол жазмам
гана калды.
Эмгегим шамалга учту"

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу жана котормочу Аман Саспаев карылыктын төрүнө өтсө да али чыгармачылык жигеринен тая элек. Өткөн жылы Бишкек шаарындагы "Турар" басмасынан "Шашкедеги кара туман" деп аталган автобиографиялык романы жарык көрүп, окурмандардын кызыгуусун жаратууда. А.Саспаев менен баарлашуу өтө кызык. "Мен али күүлү-күчтүүмүн, оюмда баптап-таптап жүргөн далай чыгармаларым бар. Жазуучулук тагдырга башымды сайып койгондон кийин калем шилтебеске аргам барбы?",- деп калат кезиккенде. Бешиктен бели чыга элек жаштар алган "Эл жазуучу" деген наам А.Саспаевге эбак эле берилиши керек эле. Тилекке каршы, өкмөттүк мындай жогорку наам эмнегедир бул кишиге берилбей жүрөт. Өзү да жанталашпайт, кимдир бирөөлөрдөй аке-жакелеп тизе бүгүп жасакерленбейт. Анын дүйнөсү - эл окуй турган жакшы чыгарма жазуу. Жазуучунун тагдыры да кызык, анын жаштыгы Кытайда өтүп, Бээжинден окуган.

- Аман аба, канчага келдиңиз? Чарчай элексизби?
- Быйыл паспорт боюнча 84 кө чыгамын.Кудайдын берген кубаты менен азырынча тыңыраак өңдөнөм.
Бирок, кээде бир аз чикирттенип дарыны дос күтмөйүм бар. Жашы келип калган адамга сүйлөшө турган, өткөн -кеткенди айтып болсо да көңүлдү көтөрүмүш болгон убакыттар кыйла чыйралтат эмеспи.
Замандашым, үзөңгүлөш кан досум деп да койсом болот филология илимдеринин доктору, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору Үсөнбек Асаналиев дайыма телефон чалып абалымды сурап турат. Кээде үйгө келип комуз чертип, асиресе "Көкөй кестини" жакшы чертет кадимкидей күч берип кетет. Биздей кары-куртаңдарга бул табылгыс дары.
-Чыгармачылыкка жаш кезиңизден эле аралашканыңызды билебиз. Ошентсе да жаштык кезиңизге саякат жасабайлыбы?
- Архивимди аңтарсам, 1945-жылы туңгуч ырым Кулжада чыгуучу казак тилиндеги "Төңкерис таңы" деген гезитке чыккан экен. Андан бери, албетте, жетимиш жылга жакындаса керек.
- Аман аба, "ичтен чыккан ийри жылан" дегендей, бардык эле чыгармаларыңыз өзүңүзгө жагат чыгар. Жарык көргөн китептериңизди барактап "каап, убактымды коротпой эле койсом болмок" деген ойлорго кабылган учурларыңыз эсиңиздеби?
- Чыгамаларымдын баары өзүмө жаккан үчүн уялбай көпчүлүк окурмандарыма тартууладым да. Эң негизгиси, жазуучунун жазгандарына окурмандардын берген баасы маанилүү. Элдин тагдыры жөнүндө жазылган "Татым туз", "Каныкейдин алтын билериги", "Сарала ит" ж.б. чыгармаларым купулума толот деп ойлойм.
- Сизди биз котормочу катары да жакшы билебиз. Жапон, уйгур, казак, кытай жазуучуларынын аңгемелерин кыргыз тилинде мыкты сүйлөткөн котормочу деп баалаган окурмандарыңыз арбын.
- Котормочулук да чыгарма жазуу менен бирдей. Айталык дүйнөдөгү ар бир элде көптөгөн жазуучулар бар, ошол жазуучулардын аз сандагысы гана чек арадан өтө алат. Мында котормочунун табити, эрки чоң роль ойногонун көрөбүз. Өзүм билген тилдерде жарыяланган чыгармаларды окусам, "ушуну кыргыз окурмандарына тартууласам жакшы болбойбу" деген ойго келем да асиресе өз табиятыма жакын дүйнө адабиятында жаралган мыкты аңгемелерди которуп басылмаларга сунуштайм. Алар да жактырып калса жарыялашат. Башка тилдерге которулган мыкты чыгармалар биздин тилде жок болуп турса, зээним кейийт, намысым козголот. Мисалга алсам, 13-кылымда жазылган белгисиз автордун "Моңголдордун купуя тарыхы" деген китеп Батыш тилдерин мындай кой, уйгур, казак тилдерине которулган. Кайсыл бир жылы Кытай Эл республикасынын Үрүмчү шаарына конференцияга барып калдым. Ошол мүмкүнчүлүктү текке кетирбей "Монголдордун купуя тарыхы" деген китепти таап, Караколго келээрим менен эле "Жаңы Ала-Тоо" журналынын редактору жазуучу Айдарбек Сармамбетов менен кеңештим. Ал китепти которсом андан журналга үзүндү берип тураарын айтты. Убактымды сарптап, которуп бердим. А.Сармамбетов берген убадасы боюнча журналына жарыялады. Ошондой түркий тилдеги улуттарга теңелгенсип кыбым канып калды. Азыр аны "Турар" басмасынын деректири Тилек Мураталиев өзүнчө китеп кылып чыгарам деп жатат. Мындай адамдарга ыракмат айтуу гана керек. Анткени, аны чыгарууга менде каражат жок да.
Биз тарых окусак эле Рим империясынан баштап Александр Македонский, Напалеон, Суворов ж.б.ларды билүүгө умтулабыз. Бирок, биз жашаган Азия чөлкөмүндө кандай тарыхий окуялар болуп өткөнүнөн анча кабардар эмеспиз. Эң мурда Гунндар империясын курган Маодун Шанүй, анын тукумдары Европада империя курган Аттила, андан кийин Евразияда империя курган Чыңгызхан жөнүндө өз тилинде кыргыздар окуса жаман болмок беле?!
- Көңүлүңүздө жүргөн, которсом деген башка да чыгармалар барбы?
Эми өмүрүм болсо, 14-кылымдын акырында эски Хорезм (Чагатай) тилинде жазылган Өтемиш Хаджи ибн Маулана Мухаммад Достинин "Чыңгыз наама" деген китебин которсом дейм, андан кийин уйгур тарыхчысы Тургун Алмас Батыш изилдөөчүлөрү өңдүү эле Кытайдын байыркы булактарына таянып жазган "Гунндардын кыскача тарыхы" деген китебин которсом деген ниетим бар. Буга карап Саспаев жазуучулугун таштап, котормочулукка өтүп кетиптир деген түшүнүк болбостур деген ойдомун.
Менин чыгармам деле, котормом деле элим үчүн да. Айрым котормочулар сөзмө сөз которуп жарыялай берет. Котормочунун милдети - тигил же бул автордун жан дүйнөсүн, айта турган оюн, берейин деген максатын кыргыз окурмандарына жеткирүү да. Улуу Гете: "Жакшы котормочу авторду өз элине алып келет, начар котормочу өз элин авторго сүйрөйт",-деп айткан экен.
Бардык эле котормолорум ойдогудай чыгат деп айтуудан алысмын. 2000-жылдын башында ЫМУнун ошол кездеги ректору Мустафа Кидибаев бир күнү чакырып алып, "сиз көп тил билесиз, жердешибиз Махмуд Кашкаринин "Туркий тилдер сөздүгүн" которбойсузбу?" деген оюн айтты. Мен макул болдум. Анткени, ал китептин уйгур тилине которулганын билчүмүн. Уйгурча, өзбекче, казакча которулганын билип, бирок өзүбүздүн азыркы колдонуп жүргөн кирилл тамгалары өтө ийкемдүү эмес-тигин сезип, кыйналам го деп ойлодум. Ойлогонумдай эле 11-кылымдагы өз тилибизди өз калыбында транскрипциялоо кыйынга турду. Ошон үчүн биздин илгерки тилибизди латын тамгалары менен транскрипциялоого мажбур болдум. Аны компьютерге да түшүрдүм. Бирок колумда кол жазмам гана калды. Эмгегим шамалга учту. Угушума караганда, азыр аны башка бирөө которуп басмадан чыгарыптыр. Мен ал китептин түрк ,кытай, уйгур, казак тилдериндеги котормосуна салыштырып которгон элем да! Бул да кыргызча айтканда, Кудайдын маңдайга жазганы.
- Аман аба, "Кытайча-кыргызча сөздүк" түздүңүз, анын тагдыры кандай болду?
- Менин оюмча жакшы иш болду. Неси болсо да, коңшубуздун тилин билүүгө далалат кылганыбыз пайда гана бериши мүмкүн.
Бээжинде окуп жүргөнүмдө эле "Кытай-Кыргыз сөздүгүн" түзсөм деп кыялданчумун. Жаш кездеги кыялым Эгемендүү мамлекет болгонубуздан кийин гана ишке ашты. 7-8 жыл кара суу, катырма нан менен сазара отуруп иштеп чыктым. Бул сөздүктүн чыгышына ЫМУнун ошол кездеги ректору М.Кидибаевдин, ошол учурдагы министр И.Болжурованын демилгеси күчтүү болду. Чындыгында алар болбогондо сөздүк жарык көрмөк эмес.
Азыр ал сөздүгүмдүн бири да жок. Кытай тилине кызыккандар эмес, Кытайда жашаган кыргыздар да таппай жатышат. Бээжиндеги бир басмаканадан мага кат келди. "Сиз түзгөн сөздүктүн сапаты жогору экен, биз чыгарсак макул болосузбу?" деген маанидеги катты окуп аябай толкундандым. Албетте, кыргызстандык автордун түзгөн сөздүгү кытайдагы түзүлгөн сөздүктөн жогору турса, мен макул болбоско чарам барбы? Кыязы, кыргыз тилин кырк жыл издеген профессор Ху Чженхуа менен тааныштырса керек деген ойдомун. Кудай буйруса бир- эки жылда ал сөздүгүм Бээжинден чыгат.
- Жазуучуларда кандай көйгөйлөр бар дейсиз? Абалыңыз, жашоо-шартыңыз кандай?
- Жазуучу - көркөм - өнөр адамы. Аларды тушаган нерсе материалдык дүйнө. Үйүнөн каршы чыгалбай отурган жазуучулар анча-мынча тапкандарын кекиртектерине уруп, аңгырып отуруп калат. Бир да жазуучу (кыргыз) чыгармачылык сапар менен чет өлкөлөргө барып олчойгон китеп жазыптыр дегенди уга элекмин. Акаев америкалык кеңешчилердин акылын кыргыз жазуучуларынын бардык умтулууларынан жогору көрдү да Жазуучулар Союзун бюджеттен чыгарып таштады. Мурдагы Жазуучулар Союзунун кадыр-баркы азыр барбы? Чыгармаларды талкуулаган кеңештер жок, жазуучулардын командировкасы жок, областтарда адабий кеңешчи деген жок. Кыскасы, "жоктон" башка эмне бар?! Тажикстандын президенти өзү жазуучу экен, ошон үчүн ал жазуучуларды советтик доордогудай колдоп жатат дейли. Жазуучулар өз элинин рухий дүйнөсүнүн летописчиси эмеспи. 20-30-жылдардагы кыргыз турмушун, акыл- эсин, жана жашоо -шартын, бири- бирине болгон мамилелерин биз азыр Түкөмдүн романдарысыз элестете алабызбы? (Т.Сыдыкбеков) Айтаарым бир эле сөз, биздин тарыхый өнүгүү баскычыбызда жазуучуларга кам көрүү керек. Начар чыгармалар жайнайт. Аны акчасы барлар чыгарып жатат. Чала сабат жазуучулардан элибиз эмне тарбия алып жатканын билүү кыйын. Бул айткандарымды ким угат? Азыр акчалуулардын доору эмеспи.

Маектешкен
Шейшекан ЖАНАЛИЕВА,
Ысык-Көл обл.