Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

"Манас" эл аралык аэропортунда
автоматташкан унаа токтотуучу
жайлар иштей баштады

Бүгүнкү күндө аба жолдору аркылуу башка өлкөлөргө сапарга чыгуу өтө ыңгайлуу жана тез. Ошондуктан көпчүлүк инсандарыбыз самолёт менен учуп барууну туура көрүшөт. "Эшигин көрүп, төрүнө өт" дегендей чет өлкөдөн келген конокторубуз да самолёттон түшкөндө эле биринчи биздин "Манас" эл аралык аэропортубузду көрөт. Демек, дүйнөлүк стандартка жооп бере турган шарттарды түзүү абдан маанилүү. Ушундай кырдаалдарды эске алуу максатында "Манас" аэропортунда унаа токтоочу жайлар автоматташтырылды.


Унаа токтоочу жайларды автоматташтыруу - бул дүйнөлүк тажрыйба. Алыс барбай, КМШ өлкөлөрүн алсак, мындай долбоорлор Алматы, Москва, Киев шаарларында ийгиликтүү иштеп жатат.
Бүгүнкү күнү "Манас" аэропортундагы унаа токтоочу жайлар "А", "В", "С" деп үчкө бөлүнүп, унаа кирип чыга турган жерлерге автоматтык терминалдар орнотулган. Бир жыл мурун бир жагында эле болсо, азыр оң рулдуу унаа айдоочуларга да ыңгайлуу болуусу үчүн оң тарабына да терминал орнотулду. Айдоочу унаадан түшпөстөн эле терминалдан карточка ала алат. Карточка алгандан кийин шлагбаум автоматтык түрдө ачылат. Кайра чыгып баратканда карточканы терминалга салса, канча убакыт турганы жана акысы канча сом болгону чыгат. Ал сумманы унаа токтотуучу жайлардын ар бир бурчтарына орнотулган толом павильонунда отурган адистерге же атайын банкоматка төлөсө болот. Андан сырткары шлагбаумдардын жанына видеокамералар орнотулган. Алар ар бир кирген унааны да, айдоочусун да тасмага түшүрүп турат. Мындай видеокамералардын тасмаларынан ар кандай кырдаалга байланыштуу Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери өздөрүнө керектүү маалыматтарды алса болот. Анткени, унааны уурдоо же айнектерин талкалап, ичиндеги буюмдарды, акчаны уурдап кеткен фактылар болушу мүмкүн. Мына ушундай кылмыштардын бетин ачууга да жакшы көмөк көрсөтөт. Андан сырткары башка өлкөгө качып бара жаткан кылмышкерлерди, террорчуларды кармоого, издөөдө жүргөн унааларды да табууга шарт түзүп бере алат.
Айта кетсек, унаа токтоочу жайларды автоматташтыруу долбоорун "Манас" аэропортунун алдында түзүлгөн "Manas Handling Group" ЖЧКсы ишке ашырууда. Компания аба кемелерин жерде тейлөө менен алектенип, ошондой эле аэропорттун тейлөө сапатын жогорулатуу багытындагы долбоорлорду ишке ашырат. Мындай долбоорлордун катарындагы VIP-зал, Taxi Manas кызматтары ийгиликтүү иштеп жатат.
"Манас" аэропортундагы үч унаа токтотуучу аймактын ар бирөөсүнө автоматташтырылган тартип орноттук: аймакка кирип бараткан жерлерде текшерип-өткөрүү пункттары коюлду" - деп белгилейт "Manas Handling Group" ишканасынын директору Марс Телтаев. - Тейлөө сапатын жогорулатуу максатында унаа токтотуучу жайдын кире бериш жана чыгуу жеринде жол кыймылын жөнгө салуучу белгилер орнотулуп, унаалардын агымын азайтуу үчүн кошумча чыгуулар уюштурулду. 40тан ашык видеокамералар күнү-түнү байкоо жүргүзүүдө ".
Окурмандарга толук түшүнүктүү болушу үчүн "А", "В", "С" унаа токтотуучу жайлар төмөндөгүчө бөлүнгөн таблицасын сунуштайбыз:
Бир караганга саатына 20 же 50 сом төлөө кымбаттай. Анткени, биз унаа токтотуучу жайга 5, 10 сом төлөп көнүп калганбыз да. Бирок, башка өлкөлөргө салыштыра турган болсок, алардыкы мындан бир нече эсеге кымбат. Мисалы, алыс кетпей эле боордош Казакстандын Алматы шаарындагы аэропорттун унаа токтотуучу жайына унааңызды токтотом десеңиз бери дегенде эле 1500 теңге төлөйсүз. Ага караганда бизде он эсеге арзан.
"2012-жылдын декабрь айынан баштап унаа токтотуучу жайлар тест тартибинде иштеп жатты, - дейт "Manas Handling Group" ишканасынын директору. - Ал эми 18-февралдан тарта акы төлөө системасы киргизилди".
Белгилей кетчү нерсе, аэропортко кирген унаалар 15 мүнөткө чейин бекер тура алат. Бул убакта кардарларын жана жүктөрүн түшүрүүгө же жүктөөгө жетишет. Бул убактан өтүп кетсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик Монополияга каршы башкаруу агенттиги тарабынан коюлган, жогоруда таблицада көрсөтүлгөн баалар менен акы төлөнөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын акысыз орундар каралган.
Марс Телтаевдин айтуусунда, түшкөн каражаттар автоматташтырылган унаа токтотуучу жайларды үзгүлтүксүз иштөөгө жана штатта эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат. Андан сырткары унаа токтотуучу жайлардын жетекчилиги социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорго жардам берүүнү пландаштырууда.
Бүгүнкү күнү унааларды токтотуучу жайлар заманбап аэропорттун негизги бөлүгү болуп калды. Эл аралык маанидеги аэропорттордогу унаа токтотуучу жайларды автоматташтыруу бардык өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет. Анткени, алар эң негизгиси коопсуздукту, тартипти жана ыңгайлуу шарттарды баалашат. "Манас" эл аралык аэропорту мындай заманбап долбоорду киргизүү менен бирге, жүргүнчүлөрдүн камын гана ойлобостон, өнүккөн өлкөлөр менен автоматташтыруу системасы боюнча тең келе жатат.
Унаа токтотуучу жайлар боюнча эскертүүлөрдү жана сунуштарды төмөнкү телефондор же электрондук почта аркылуу кабыл алабыз:
(312) 69 33 00, (555) 69 33 00
manasparking@gmail.com,
press@airport.kg






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??