Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Карусель качан токтойт?
Кыргыз Республикасынын президенти
А.Ш. Атамбаевге

Кайрылуу

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Акыркы мезгилде укук коргоо тармагынын өкүлдөрүнүн иш-аракетине нааразы болгон кыргызстандыктардын катары күн санап өсүүдө. Бул жөн жерден эмес. Анткени, коррупцияга белчесинен батып калган сот, прокуратура, ошондой эле ички иштер тармагы ич ара байланышкан мафия. Күнөөлүүлөрдүн акчасын жеп алып, жабырланган адамдарды каалашынча биринен-бирине айдап, ишти акыйкат чечүүнүн ордуна жолун таап, ишти созгонго аракет кылышат. Күнөөлүүлөр баары бир кутулуп кетээрин билгендиктен оңой эле кийинки кылмышка барат. Ошентип коррупциянын гүлдөшү - так ушу органдардын колунда. Ууру, кескиден кор болгон эл эч жерден чындык таппайт. Айласы кеткенде жөн болушат. Ал эми жогорудагы органдар ушундай болуп бүтөөрүн билишет. Ошондуктан, алар акчаны саагандын жолун уланта беришет. Мага окшоп жылдап акыйкаттык издеген жарандар жүздөп саналат. Сөзүм куру болбос үчүн бир арыздын негизинде сот жана прокуратура тармактарын алты жылда эки ирээт айланып чыкканымды фактылар менен далилдеп берейин.

Биринчи айлампа
Уюшулган топ: Ж. Суранаев, Б. Абазканов (адвокат), А. Тургунбаевдер алдын ала сүйлөшүп алып "Береке" дыйкан чарбасына жардамчы техникалары менен трактор сатууну көздөшөт. Мына ушул максатта Ж. Суранаев 2008-жылдын август айында "Береке" дыйкан чарбасына мал чарбачылыгы жана талаачылык боюнча директордун орун басары болуп, эки айлык сыноо мөөнөтү менен ишке орношот. Ж. Суранаевдин алдын ала ойлонулган кылмыштуу аракети менен кабары жок жетекчилик техника алууну ага тапшырат. Аталган топ буга чейин дагы ушундай кылмыштуу иш менен алектенип жүрүшкөндүгү тергөө учурунда Жайыл райондук прокурорунун жардамчысы Акматалиев тарабынан белгилүү болду.
Ж. Суранаев менен А. Тургунбаев дыйкан чарбадан №1 кассалык ордери менен 327320 сомду алып кетип, бир жумадан кийин ишке жараксыз жана документи жок тракторду алып көргөзүшөт. Бул тууралуу соттук-техникалык экспертизанын корутундусу бар. Ошентип, бул кылмыштуу топ бир сутканын ичинде дыйкан чарбанын 10 миң доллар акчасын шыпырып кетишкен. Мына ушундан баштап мен алты жылдын аралыгында укук коргоо тармагынын бардык инстанцияларын жыйынтыксыз айланып чыктым.
Алгач Жайыл райондук прокуратурасы менин арызымдын негизинде Ж. Суранаевге Кылмыш кодексинин 166-, 171-беренелери боюнча №104-08-805 сандуу кылмыш ишин козгогон. 2009-жылдын 11-сентябрында Жайыл райондук соту Ж. Суранаевди Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин 1,2, 3 пункттары, 350-беренеснин 3-бөлүмү менен "күнөөлүү" деп таап келтирилген зыян үчүн айыпталуучудан 327 320 сом Р. Исмаилованын пайдасына чечип берген.
Кызык облустук сотто башталды. Менин чет өлкөдө жүргөндүгүм тууралуу телеграммага карабастан Чүй облустук соту шашылыш түрдө 15 күндүн ичинде (анткени мен 20 күнгө кеткем) "райондук соттун өкүмү жараксыз деп табылсын" деп чечим чыгарат.
Иштин көзүн таанып билген кызматкерлерден сот тармагын такыр куруп калган деп айтуу ашыктык кылат. Минтип, "чылпагын алмак түгүл көзүн оюп салган" Чүй облустук сотунун өкүмүн айыптоочу Ш.Кожомбердиев карап чыгып, айрым жагдайларды эске алып, Жогорку Сотко облустук сот тарабынан чыгарылган өкүмгө карата көзөмөл тартибинде сунуш жиберген. Же болбосо, облусттук соттун өкүмүн жокко чыгарып, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырууну сураган. Жогорку Сот 2010-жылдын 9-мартында бул ишти карап, негизсиз түрдө Чүй облустук чечимин күчүндө калтырган. Менин арызыма Жогорку Соттун ошол кездеги төрайымы Ж. Алиева "Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 384-387-беренелеринин негизинде жаңы ачылган жагдайлар боюча прокуратурага кайрылууга укугуңуз бар" деп жооп берди. Ошентип, бул ишти 2010-жылдын 3-августунда Жайыл райондук сотунун судьясы Т. Самаков карап, кайра мени "күнөөлүү" деп таап, "Р. Исмаилованын эсебинен 32732 сом мамлекеттик пошлина төлөсүн" деп чечим чыгарды. Бул учурда кылмыш ишине түздөн-түз тиешеси бар, бирок соттук териштирүүдө көз жаздымда калган А. Тургунбаев С.Коваль аттуу адамдарды суракка алууну, бул ишти адилет жана калыс иликтеп берүүгө көзөмөл кылуусун өтүнүп, ошол кездеги Башкы прокурор Б. Ибраевге арыз менен кайрылгам. Чүй облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы С. Абылгазиев Кылмыш жаза кодексинин 383-беренесинин 3-бөлүмүн бетине кармап, "жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароонун зарылдыгы жок" деп жооп берип отуруп калды. Ушуну менен бир айлампа аягына чыгып, үч жылдык убактымды алды. Менин жабырлануучу катары укугумдун бузулганын, пенсия курагындагы адам болгондон кийин ден соолугума залал келгенин капарына алган жан болгон жок.

Экинчи айлампа
Апрель окуяларынан кийин "укук тармагынын иш аракети жакшырат, коррупционерлер жоголот" деп калың элдин үмүтү жанданган. Мен Ж. Суранаев менен А Турганбаевге тиешелүү №104-08-805 сандуу кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде карап берүү өтүнүчү менен Жайыл районунун прокуратурасына арыз менен кайрылдым. Анткени, бул кылмыш ишинде негизги фигурант А. Тургунбаевди уюшулган топ атайылап качырып жиберип, бул жагдай иликтөө иштеринде эске да алынган эмес. Райондук прокуратура тарабынан 2010-жылдын 23-сентябрында "жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кылмыш ишин кайра кароо туурасында" чечим чыгарылып, ишти кайра иликтөөгө жиберди. 2011-жылдын 22-апрелинде аталган иш боюнча Жогорку Соттун төрайымы Ф. Жамашевага кайрылдым, жооп болгон жок. Ошол эле жылдын 15-мартында учурда камакта отурган, Жогорку Кеңештин ошол кездеги сот-укук иштери боюнча комиссиясынын төрагасы С. Жапаровго кайрылдым. Депутат С. Жапаров 2011-жылдын 15-мартында менин арызымдын негизинде Жогорку Соттун төрайымы Ф. Жамашевага кат жөнөткөн. Ошол эле күнү Жогорку сот бул ишти карап, жаңы ачылган жагдайлардын негизинде Чүй облустук сотунун 2009-жылдын 30-ноябрындагы өкүмүн жана Жогорку Соттун 2010-жылдын 9-мартындагы токтомун жокко чыгарып, ишти кайрадан кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберди. Чүй облустук соту ишти райондук прокуратурага берди. Дал ушул мезгилде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А. Тургунбаевге бул тууралуу кабар жетет. Ал прокурорго "күнөөнү мойнума алам, издөөнү токтотсоңуз, келип акчаны төлөп берем" деп факс жиберет. Прокурор издөөнү токтоттурат. Кызык ушул жерден башталат.
Жайыл райондук прокуратурасы 270 беттен турган "104-08-805 сандуу жана 340 беттен турган №4-05-281 сандуу кылмыш иштерин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Сыдыковго өткөрүп берет. Ал болсо 3 жылдан бери издөөдө жүргөн айыпталуучунун шеригин бошотуп жиберет. Укук коргоо тармагы бул ишти жогорудан өйдөгө, өйдөдөн төмөнгө футболдун тобундай тепкилеп жүргөн убакта айыпталуучунун шериги А. Тургунбаев качып кетип, Ош шаарында дагы кылмыш кылууга үлгүрүп, учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайда камакта жатат.2012-жылдын 31-июлунда соттор кеңешинин төрагасы Д. Айжигитовго арыз менен кайрылдым. Ал жактан арызга кошуп тиркелген документтер жоголуп кетип, жети айдан кийин келжиреген жоопту колума карматышты.

Бүтпөгөн
дагы бир иш…
Мен 2008-жылдын 21-ноябрында "Береке" дыйкын чарбасында иштеп, жыйынтыгында 243000 сом чыгым келтирген А. Рамазанов аттуу адамдын үстүнөн алдамчылык боюнча арыз жазып, ага кылмыш иши козголуп, Жайыл райондук соту тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 171-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Бирок, прокурор бул ишти мыйзам чегинде карап, жабырлануучунун укугун коргогондун ордуна айыпталуучуга келтирилген чыгымды бир жылдан кийин ордуна коюп беришине жол чапканга аракет кылган. 2010-жылдын 3-августунда мен Жайыл райондук сотуна арыз менен кайрылып, төрт жарым айдан кийин чечим чыкты. Бул аралыкта айыпталуучу А. Рамазанов Узбеков дегенди да сызга отургузуп, 193 коюн базарга сатып жиберип, эки миллиндон ашык чыгым келтирди. Анын арызынын негизинде да А. Рамазановго кылмыш иши козголуп, Узбековдун иши боюнча райондук сот ана 7 жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарып, Узбековго 2064170 сом кайтарып берүүгө милдеттендирген. Бирок Жогорку Сот Жайыл райондук сотуна ишти кайра кароого жиберип, судья Манабеков "3 жыл шарттуу түрдө" деп айыпталуучунун жазасын кыскарткан. Учурда А. Рамазанов эч нерсе болбогондой эки кишинин ырыскысын жеп алып үйүндө отурат.
Айтор чиеленишкен бул иш дагы беш жылдан бери "Чубактын кунундай чубалып" келе жатат. Були ш менен да Жайыл райондук сот, прокуратурасын баш кылып, Жогорку сотко чейин тынымсыз каттап, беш жылдан бери убарамын. Жыйынтык чыгаар деп Соттор кеңешине да арыз менен кайрылдым, оңчулуктуу жооп жок.

Эл эмне үчүн
ишенбейт…
Урматуу Алмазбек Шаршенович! Сот тармагына карапайым калктын ишеничи кетип жаткандыгынын бирден бир себеби ушул. Жабырлануучу катары жазылган бир арыздын негизинде сот тармагынын бардык инстанцияларын кыдырып, жыйынтыгы жок чечимдерин кайталап карап отуруу кимге кызык? Кыргызстандын сот тармагы жабырлануучунун эмес, айыпталуучунун кызыкчылыгын көздөгөн орган катары иш алып барып калды. Мындай деген себебим, жогорудагы мисалдардан көрүнгөндөй, бир кылмыш иши оңчулуктуу чечилгиче жылдар өтөт. Ал аралыкта мыйзамдуу жазасын албаган айыпталуучу, укук коргоо тармагын оюнчуктай да көрбөй экинчи кылмышка барат. Демек сот жана прокуратура тармагынын мыйзам бузгандар үчүн таасири да жок. Же болбосо, ишти акча алып туруп, айыпталуучунун пайдасына чечип коет. Муну башкача атоого да мүмкүн эмес. Жабырлануучунун бир арызы карусель болуп айланып райондук сот, прокуратура тармагынан жогору жакка чейин жылдап каралган менен жыйынтык жок. Элдин жакыр катмарынын жашоосунун оңолбой жатышынын бир себеби мына ушул десек болот.
Менин сот, прокуратура тармагын алты жыл айланып жүргөнүмдүн себеби, эч кимге пара берген жокмун. Акчамды алдамчыларга алдырып жатып дагы акча сунушташым керек беле?

Р. Исмаилова
Жайыл районунун тургуну






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??