Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Пара бербеген түрк жаранын УКМКнын
кызматкерлери куугунтукка алууда

К ыргызстан паракорлордон кутулуу үчүн эки революцияны башынан өткөрдү, бирок тилекке каршы мамлекет бийлигине кайра эле кылмышкерлер келип, өлкөбүздүн коопсуздугун коркунучтуу абалга апкелүүдө.

Эл ишенген, мамлекеттин коопсуздугуна көзөмөл жүргүзгөн УКМКнын кызматкерлери Мамат уулу Чыңгыз жана Алыбаев Мараттын "крышалары" өтө күчтүү болгондуктан, аларга УКМКдан өтө майлуу кызмат орундары берилген. Бул эки кызматкер мамлекеттик консулдук кызмат департаментин (виза берүү), миграциялык департаментти, ДРН ГРСны көзөмөл кылышат. Бул эргулдар ар бир чет өлкөлүктөрдүн визасынан көгөргөн долларды алып көнүп калышкан. Машинеден машине тандап айдашып, май көл, сүт көлдүн үстүндө кызуу жашоо кечиргенди мыкты өздөштүрүшкөн. Ач көздүк алка жакадан алып, тетири жолдор менен тапкан долларлар аздык кылып, иштерин дагы ары карай өркүндөтүүгө башка булактарды издешип, өзүнчө уюшулган топ түзүү менен биздин өлкөдө ишкерлик кылып жүрүшкөн чет өлкөлүк жарандардан куугунтукка алып, пара берүүгө мажбур кылып жаткан кездери. Бул топтун ана башчысы "Агенство НАСА"нын башкы директору Нурбек Абдалиев деген жигит. Нурбек визага кардар табат, ал эми УКМКнын эки кызматкери Чыңгыз Мамат уулу жана Алыбаев Марат визаны алып беришет. Ушундай жолдор менен бул эки кызматкер УКМКнын мыйзамдуу көзөмөл жүргүзүү милдетин аткарбай, тескерисинче виза аркылуу акча табуу булагына айлантып алышкан. Бул уюшкан топтун кирешеси миллиондогон долларды чапчып жыгылат. УКМКда өтө ири суммадагы акча булагы бар экенин бийлик төбөлдөрү толугу менен билет, өзүлөрү парламентте мыйзамдаштырып берген. Мындай көмүскөдөгү акчаны алып жаткан УКМКнын кызматкерлеринин бетин ачканга мен деле кызыкдар эмес болчумун. Бирок, "пара бербей койдуң" деп куугунтука алышканы бул ишти тийиштүү органдар мыйзам жолу менен чечпей жатканы менин айласыздан ушул саясый кадамга баруума түрткү берди.
"Бир кумалак, бир карын майды чиритет" дегендей Мамат уулу Чыңгыз жана Алыбаев Марат аттуу эки эле кызматкер, бүтүндөй УКМКны жаман атка кондурду. Булардын мындай аракеттери жаңы эле барган жетекчиси, генерал Жунусов Бейшенбай мырзаны уруп ойнобосунун белгиси деп түшүнсө болот. Эбак эле коррупцияланышып кеткен УКМКны башкарам деген генерал Бейшенбай Жунусов мырза деги бул кызматка кандай ой менен барды экен?! Же патриоттук кылып "комитетти оңдойм" дедиби? Чындыгында, мындай комитетти тез арада оңоп кетиш оңой иш эмес, анткени ал жерде көбү чоңдордун балдары, инилери, айтор туугандары иштейт эмеспи. Мындай сасыган элита жана алардын чөөлөрү менен кармашыш өтө эле оор иш. Ал эми өлкөнүн коопсуздугун коргойм деген антты уруп ойнобой, өз билгендерин жасап жаткан мындай кызматкерлерге УКМКнын жетекчилиги тарабынан кандай чара көрүлөөрүн байкап туралы.
Алты жыл мурун Кыргызстанга ишкерлик кылуу үчүн келген түрк жараны Ахмед Коч "Агенство НАСА"га келип, анын башкы директору Нурбек Абдалиевден виза алууга юридикалык жардам сурайт. Визасын алып, андан кийин дайыма Нурбектин фирмасынын жардамын колдонуп акчасын колуна берип турчу. Ошондой эле Ахмед Коч Нурбек Абдалиевге көптөгөн Түркиядан келген жарандарды клиент кылып берчү болгон. Кийинчерээк Нурбек Абдалиев визага төлөнгөн акчага алымсынбай, милиция кызматкери Мамасаидов Аваз, УКМКдан Мамат уулу Чыңгыз, Алыбаев Мараттар менен биргеликте топ түзүп, чет өлкөдөн келген жарандардан пара алуу аркылуу ар кандай кылмыштуу иштерге бара башташкан. Мисалы, Ахмед Коч Абдалиев Нурбектен виза алат, ошол эле күнү Мамат уулу Чыңгыз Ахмед Кочту кармайт дагы, УКМКнын конторасына алып келип суракка алып, опузалап коркута баштайт. Ошол учурда кайдан-жайдан Абдалиев Нурбек пайда боло калат дагы, Ахмед Кочту алып чыгат, жакшы, күйгөн киши болуп, андан соң 300-500 долларын сыгып алат. Ушундай учурлар көп жолу болгон. Качан гана Ахмед Коч булардын тымызын каракчылык кылып жатканын билген соң, Нурбек Абдалиевден кол үзгөн. Мына ошо сааттан баштап Н.Абдалиев өзүнүн кол балдары Нихат Иаман, Аваз, Чыңгыз, Мараттар менен Ахмет Кочтун аркасынан куугунтук кыла башташкан.
Ал эми азыркы тапта Бишкек УВДсынын ИВСинде камалып отурган кылмышкер Нихат Иаманга Чыңгыз Мамат уулу менен Нурбек Абдалиев колдоо көргөзүп, көп жылдар бою кылмышын жаап жашырып жүрүшкөн.
1) 2012-жылдын октябрь айынын башында Түркия жараны Нихат Иамандын аялы Айнура Йаман мас абалында иниси Жаныбек (Жаку) экөө Ахмед Кочту сабап кетишет. Анда "мас аялга теңелбейлик" деген ой менен эч бир жерге арызданган эмес.
2) 2012-жылдын 8-октябрында УМККнын кызматкери Мамат уулу Чыңгыз келип Ахмед Кочтүн документтерин текшерип кетет.
3) 2012-жылдын 14-октябрында Ахмет Кочтун коллегасы Жусупов Бакыттын артынан милициянын кызматкери Мамасеидов Аваз дагы бир милиция кызматкери жана үч жигит менен аңдып келип: "Сен унааң менен көптөн бери биздин подозрениеда жүрөсүң, машинаңдан чык тезирээк" - деп кыжырлануу менен коркутуп, "Эй бала, сен абайлап жүргүнүң, биз менен тамашалашпа, керек болсо өзүңдү, үй-бүлөңдү да совсем жоготуп коёбуз, колубуздан келет. Эмне, наша чегип алдың беле, что-то көздөрүң кызарып турат, ...үңдү кысып жүр, болбосо наркотик салып, бат эле карматып коёбуз. Бизди коркутам деп ойлобо, каякка кайрылсаң ошо жакка кайрыл, эгер колуңан келсе. Бирок биз айткан сөздөрдү помни, эсиңен чыгарба. Кийинки жолу сен менен башкача сүйлөшөбүз" деп кетип калышкан.
4) 2012-жылдын 15-октябрында УКМКнын кызматкери Алыбаев Марат келип Б.Жусуповдун жана Түркия жараны Ахмед Кочтун паспортторун эч себепсиз алып, экөөнү УМКК тарапка айдатып барган. Алар М.Алыбаевден эмне себеп менен кармап келгенин сурашканда, "Силерде чоң проблема бар"! деп кесе жооп берип, УКМКнын имаратына кирип кеткен. Бакыт менен Ахмет М.Алыбаевди эки саат күтүп, анан кетип калышкан. Эки күндөн кийин Марат Алыбаев өзү повестка алып келип, экөөнү УКМК тергөөчүсү Адилет Мараттын чакырып жатканын айткан. Алар барганда тергөөчү беш саат УКМК кабинетине кармап, эч кандай сурак жүргүзбөстөн, кечки саат 21:00 араң дегенде кетирген. М.Алыбаев амалданып экөөнүн адвокатын алдап кетиртип ийип, кайра өзүнчө сурак кылганга аракет кылган. Эң кызыгы, Б.Жусуповду, консулдук кызмат департаментинин кызматкерлеринин үстүнөн арыз жаз, биз аларды жакында кармайбыз - деп кыйнашкан. Б.Жусупов М.Алыбаевдин сунушунан баш тарткан. Эртеси дагы М.Алыбаев тергөөчүсү жок эле экөөнү чакырып, кайра алты саат сурак жүргүзгөн.
Таң калычтуусу УКМК кызматкеринин "жумурткадан кыр чыгарып", мыйзамдуу иштеп жаткан жарандарды жумушунан калтырып, кара ниеттик кылгандары мыйзамсыз иш болуп жатпайбы. Мен, УКМКнын кызматкери Марат Алыбаевге "сен бирөөнүн заказын аткарып жатасың, сенин кылганың коомчулукка өтө коркунуч туудуруу менен мамлекеттин коопсуздугуна да коркунуч алып келип жатат" - десем, жооп таба албай койду.
5) Н. Абдалиев кызмат абалын пайдаланып Ахмед Кочту акча табуу куралы катары пайдаланып келген. Мындан бир жыл мурда Ахмед Коч авто кырсыкка учурайт, адвокаттыкка ушул эле Н.Абдалиевди жалдайт. Бул шылуун шагыраган долларларды алып, бир жылдан бери ар кайсы шылтоону айтып, ушул күнгө дейре ишти бүтүрбөй келет.

6) Н.Абдалиев чет өлкөлүк жарандарга виза берип кызмат акысын алат. Бирок, бир дагы акча булактарын салык менен соц.фондго көргөзбөйт. Ал эми иштеген кызматкерлерине айлыкты өз чөнтөгүнөн берет. Мындай көмүскөдөгү акча тууралуу жазган арызыбызды текшерсе, далилдеп беребиз!
7) Бул кылмыштуу топтун башында турган Нурбек Абдалиев жана Нихат Йаман Ахмет Кочтун иштеген ишине ичи тардык, көрөлбастык кылган. Ал эми Ахмет Кочтун офисине УКМКнын кызматкерлерин жибергенде, Ахмед Коч менен Бакыт Жусуповдор алардын алдына чөк түшүп, кечирим суроо менен көк доллар сунуштайт деп күтүшкөн ойлору таш каап, башкача аракеттерди көрүүгө өтүшкөн. Бул иштин акыры жакшылык менен бүтпөсүн баамдаган соң, түрк жараны Ахмет Кочту Кыргызстандын аймагынан депортациялоо жолу менен кетирүүгө чоң аракеттерди жумшап, жүгүрүп жүргөн кездери.

Ушул окуядан кийин Жусупов Бакыттын үй-бүлөсү өтө коркунучтуу абалда турат!
Учурда ушул кылмыштуу ишти иликтеп жаткан КР Башкы прокуратурасынын прокурору Алымкулов Жээнбек Алмаматович, бул ишти туура текшерүү менен ачыкка чыгарып берет деп ишенип туралы. Мыйзам сакчысы, элдин коопсуздугун коргогон кызматкерлер акырындан каракчыга айланып бараткандыгы өтө өкүнүчтүү. Коомчулуктун ишеничин кетирген, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурган, мындай кубулган (оборотень)- "погончон каракчыларды" тезинен кызматтан кетирүү керек. "Булар дипломдуу офицерлер жана Элин коргоого ант берген" - деп, жөн гана сөгүш жарыялап коюу, элди маскаралап, акырын гана иттен чыгарып кою дегенди билдирет. "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?" дегендей, көнүп алган мындай кылмышкерлер эч качан оңолбойт.

Качкын БУЛАТОВ,
укук коргоочу






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??