Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

"Кумтөр" маселеси боюнча баяндамасында
Темир Сариев кайсы документти жашырды?
20-21-февралда, Жогорку Кеңеште, "Кумтөр" алтын кенин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчету угулду. Жыйынга премьер-министр Ж. Сатыбалдиев баш болгон мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, "Кумтөр" алтын кенин иштетип жаткан "Centerra Gold" компаниясынын жетекчилиги менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, тоо-кен тармагы боюнча адистер, жарандык коом өкүлдөрү катышышты. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, экономика министри Темир Сариев иликтөө жыйынтыгы боюнча баяндама жасап, ал талкууга түштү. Депутаттар комиссиянын төрагасына жана мүчөлөрүнүн ишине, 1992-2009-жылдар аралыгында "Кумтөр" кени боюнча түзүлгөн келишимдерге байланыштуу көптөгөн суроолорду берди. Кызыгы, Т.Сариев жашырып, айтпай кеткен документти депутат А.Келдибеков көтөрүп чыгып, баарынын оозун ачырды.

Жыйын башында Жантөрө Сатыбалдиев чыгып сүйлөп, учкай маалымат берди. Премьер 2012-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын иликтөө жыйынтыгында кабыл алынган токтом аркылуу КР Өкмөтүнө "Кумтөр" кени боюнча 9 тапшырма берилгендигин эске салды. Ошол тапшырмалардын негизинде мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын иликтөө жыйынтыгы угулганы жатканын айтты. Андан сырткары, ал ушу тапта "Centerra Gold" компаниясы жана анын акционерлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди. КР Өкмөтү аларга "Кумтөр" кенине байланыштуу бардык сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын аймагында гана жүргүзүү шартын койгон. Ал мындан ары да кызыкдар тараптар менен түйүндүү маселелер боюнча сүйлөшүүгө даяр экендигин айтты.

"Кумтөр" алтын кенин иштетүү 2042-жылга чейин мыйзамсыз узартылган"

Андан кийин, мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев чыгып, иликтөө жыйынтыгы боюнча баяндама жасады. Анын маалыматына караганда, 1992-жылдан 2009-жылга чейин жалпысынан 3 келишим түзүлгөн. Келишимдердин баары мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, жеке кызыкчылыктарга басым жасалган. "Кумтөр" алтын кенинде 716 тонна такталган, жалпысынан 953 тонна алтын бар. Кенди иштетүү милдети тендер менен конкурсу жок, алтын иштетүү тажрыйбасы жок, уран иштетип келген "Камеко" компаниясына берилген. Анын негизинде экспертиза, долбоору жок алтын иштетүү фабрикасы салынган. Фабрика салынып бүткөнгө чейин ишкана бардык салыктардан бошотулган жана ишке киргенден кийин дагы 5 жыл салык төлөбөстүгү белгиленген.
Экинчи келишим 2003-2004-жылы түзүлүп, алтын кендеги биздин акциябыз 33 пайызды, "Камеконун" акциясы 52 пайызды түзүп калган. Ал эми "бул жылы башкаруу кыргыз тарапка өтөт" - деген келишим "башкарууга кесипкөй адистер даяр эмес" деген негизде жокко чыгарылган. 1997-2011-жылга чейин жалпы өндүрүлгөн 260 тонна алтындан Кыргызстан 4 миллиарддан ашуун чыгымга учураган.
Үчүнчү келишим 2009-жылы түзүлгөн. Анда "алтын кенине бардык мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары чектелет" деп жазылып калган. Ал парламентте мыйзам бузуу менен ратификацияланып, Конституциялык сот тарабынан бекемделип берилген. Алтын кенин иштетүү 2042-жылга чейин узартылган.
Баяндамачы Темир Сариев мамлекеттик комиссия мүчөлөрү "Centerra Gold" компаниясы кенди иштетүүнү улантса, улуттук мыйзамдардын негизинде гана иш алпарсын деген чечимге келгендигин, башкаруу бир компанияга өтүүсү, анын башына кыргыз жараны келүүсү, Директорлор кеңешинде кыргыз тараптан 4 жаран болуусу сындуу бир катар талаптар коюлуп жаткандыгын белгиледи. Ага болбосо 3 айлык мөөнөт берип, андан кийин келишимди бир тараптуу бузууга (денонсациялоого) барса болорун кошумчалады. Мамлекеттик комиссия өз сунуштамалары менен жогоруда белгиленген 3 келишимге кол койгон кыргыз бийлигинде иштеп келген аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу маселесин койгон.

"Жалгыз Жапаров эле эмес, бардык көлдүк
депутаттар "Кумтөргө" күйүүдө..."

Баяндамадан кийин баягы эле көрүнүштөр: депутаттар бири-бирине сөөмөй кеземей, акаарат сөз айтмай... "Кумтөр" кени боюнча мамкомиссия бүтүмүн кароодо Садыр Жапаровдун катышуусун талап кылган да, ага каршы чыккан да депутаттар болду. Бөдөш Мамырова сот чечимин депутаттардын добуш берүүсүнө коюп, парламент токтому менен Садыр Жапаровду алып келүүнү сунуштады. Ага Абдыманап Кутушев каршы чыгып, "Садыр Жапаровду уккусу келгендер УКК абагына баргыла. Жапаров "Кумтөр" боюнча митингди атайын өзүн коргоо үчүн колдонгон. Ага каршы имаратка байланыштуу кылмыш иши козголуп, бут астындагы жер күйүп жатканда гана митинг уюштуруп, өз атын актоо аракетин көрүп, "Кумтөрдү" саясый максатта колдонуп кетти", - деди. Аны уккан Жылдызкан Жолдошева: "Кумтөр" кени боюнча иштин бетин жалгыз Садыр Жапаров ачты, ал чындыкты айтканы үчүн камалып олтурат" деп агынан жарылды. "Кумтөр" үчүн бир гана Садыр Жапаров күйбөгөнүн Максат Сабиров айтып чыкты. "Комиссияда бир Жапаров эмес, баарыбыз иштегенбиз. Көлдүк депутаттардын баары эле "Кумтөр" үчүн күйүп жүрөт", - деди.
Парламенттеги "Кумтөр" кенине күйгөн депутаттардын талашына Төрөбай Зулпукаров аралашып, кеп Садыр Жапаров же андан башкаларда эместигин, биринчилерден болуп Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исанов каршы чыкканын айтты. "Н.Исанов каршы чыгып, мындай келишимди түзүүгө жолтоо болгон. Кийин ал киши кырсыктан каза болгону белгилүү"- деди.
Эскерте кетсек, Насирдин Исанов 1991-жылы премьер-министр, ошол эле жылы депутат болуп иштеп, 1991-жылдын 29-ноябрында автокырсыктан каза болгон. Аягында "атажуртчулар" Садыр Жапаров "Кумтөр" кени боюнча комиссия жыйынтыгын кароочу отурумга катышууну кааларын айтып, анын катышуусун камсыз кылып койсоңор" деп төрагадан өтүнүштү эле ал: "С.Жапаров парламенттик жыйынга сот чечими менен гана катыша алат. Андыктан мен ал маселени чече албайм" - деди.

"Келишимдин түп нускасы эч жерде жок"

Түшкү тыныгуудан кийин суроо-жооп болду. Темир Сариевге "жең ичинен сүйлөшүү болдубу?" - деген суроо болгондо, ал комиссия жең ичинен сүйлөшүүгө барбай иштегенин айтты. "Эми биздин бүтүм ишке ашабы, жокпу? Албетте, ал парламенттин колунда. Сиздер кандай чечим кабыл аласыздар, аны кантип көзөмөлдөйсүздөр, баары ошого байланыштуу. Өкмөт да парламентке жооптуу" - деди Темир Аргембаевич. Анын пикиринде, эгер жалтаңдабай, комиссия бүтүмү ишке ашырылса, "Кумтөр" кени Кыргызстандын кызыкчылыгында иштей баштайт экен. Депутаттар Юстиция министри А.Шыкмаматовго "Центерра голд" ишканасы менен 2009-жылы түзүлгөн келишимдин түп нускасы боюнча сурашканда ал мындай деп жооп берди: "Келишимдин түп нускасы Юстиция министрлигинде жок. Архивдеги материалдар ар бир беш жылда жокко чыгарылып турат. 2011-жылы 2007-жылдан берки документтер жокко чыгарылган". Айта кетчү жагдай, мамлекеттик комиссия "Кумтөр" кени менен түзүлгөн 2009-жылдагы келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну сунуштоодо.

"Келишимге кол койгонум боюнча эл алдында жооп берем..."

"2003-жылы, Курманбек Осмонов Юстиция министри болуп турганда келишимге кол койгон. Ал эл алдында жооп берсин" деп Т. Мадылбеков кыйкырганда, К.Осмонов дароо мындай деп жооп айтты: "Силер билесиңер, парламентке кароого кандайдыр бир келишимдер келсе да, ага төрага кол коет. Мен дагы жетекчи катары койгомун. Негизинен, ал учурда өкмөт эч кандай расмий талкуу жүргүзгөн эмес. Бул иш 2008-жылы мен Жогорку соттун төрагалыгынан кеткенден кийин иликтенген. Эгер кенге байланыштуу жемкорлук иштерге катышым аныкталса, анда эл алдында жооп берүүгө даярмын, качпайм". Ал эми азыркы вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2003-жылы өкмөт мүчөсү катары эки жолкусунда тең (31-декабрда жана февралда) "Кумтөр" кени боюнча келишимге каршы пикир билдирип, колдоодон баш тартканын айтты. Эскертсек, 2003-жылы "Кумтөр" кени боюнча канадалык "Камеко" ишканасы менен кайра келишим түзүлүп, Кыргызстан өз үлүшүн 15 пайызга чейин жоготот. Ал эми 1993-жылы түзүлгөн келишим боюнча 2003-жылдан баштап кенди башкаруу Кыргызстанга өтмөк.

Кызыгы...

Ахматбек Келдибеков Темир Сариев баяндамасында жашырып койгон документти көтөрүп чыгып, ага суроо бергенде "аны биз сыр кылып сактап туралы дегенибиз" дегенде депутаттар чурулдап эле калышты. "Эгерде мамлекет кандайдыр бир нерсени жашырып койсо, анда биз эмнеге бул маселени талкуулап жатабыз?" -деди Ж.Жолдошева. "А.Келдибековдун колундагы документ депутаттарга таратылып берилсин!" деген депутаттардын талабы ишке ашты.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??