Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Бажарылат…Бажарылбайт…
Президенти болобу, өкмөтү болобу: "…быйыл август айына чейин Ош-Исфана жолун бажарабыз" деп турушат. "Бажарып жиберсе кана?" деп, элдин деле күткөнү ошол. Бирок, аталган жол быйыл деле "бажарылбай" калабы деген кооптонуу күч. Себеп дегенде, бул жолду куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде Кыргызстандык "Империя групп" жана кытайлык "Чайна-Ролд" компаниялары экөө тең утуп чыгыптыр. Эми экөө тил табыша албай, бир-бирин сотко сүйрөп, "бир балакет" эле болуп жаткандай. "Кандайча бир тендерди эки компания утуп чыгат?" деп быяктан биздин башыбыз ооручу болду. Иши кылып качантан күткөн Ош-Исфана жолу "бажарылып" кетсе экен деген эле тилек.


Темирдин термеси
Учурдагы күндүн темасы "Кумтөр" болуп калды. Эки күндөн бери парламентте "эзип" жатышат. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев "Кумтөр" "термесин" куюлта төгүп жиберди эле депутаттардын алды жашып, арты кемшеңдеп, "алданган экенбиз" деп алакандарын шак чаап отуруп калышты. Акыры эсин жыйган депутаттар: "бу, Темир мырзанын мындай өнөрү жок эле, жанагы УКМКда отурган С.Жапаровдон жукканбы, ошонун обонуна салып урдуруп атат" деп турушту. Кыргыздын "термеси" кимди термелтпесин, депутат Ирина Карамушкина: "Темир Сариевдин "Кумтөрүндөй" ыр чыкпайт, ага "Акшумкар" орденин берсек да аздык кылат" деп кандайча айтып жибергенин билбей калды. Айтор, Т.Сариев бул өнөрү барында "Акшумкарды" да алып тынабы?" - деп калдык. Алганына эч кимдин ич тардыгы жок, бирок "Кумтөр" маселесинин чети оюлбай жатканда, минтип И.Карамушкина эле "соктурбаса", элдин оозу барбай турат.


Жылып ЖКга жетти
Башкы прокуратура жылып отуруп ЖКга жетти окшойт. Тагыраагы, ЖКнын Иш Башкармалыгындагы "жылымчы" иштерди козгоп, ары-бери аралаштырып "аба киргизе" баштады. Башпрокуратуранын ЖКга "балта" көтөрүп барышына эсеп палатасынын аудиттеринин жыйынтыгы себеп болуптур. Айтор, ЖК Иш башкармалыгы эки жолку өткөрүлгөн тендерден 9 млн.сомду "тоголотуп" коюшса керек. Башпрокуратура "бул шектүү тоголоктон" кыр издеп жаткан кербези. Ошондой эле ЖК Иш башкармалыгынын жетекчиси сектор башчы кылып Т.С. деген адамды кызматка мыйзамсыз алыптыр. Бул Кылмыш кодексинин 304-беренесине (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315- беренесине (кызматтык жасалмачылык) бап келе түшөт экен дейт. Демейде, ЖКнын үстүнөн карга учуп өтсө деле "эмне учасың?" - деп үрпөңдөп турчу депутаттар эмнегедир үн катпайт.


"Алиби" жазды, Уметов кызматына коюлду
"Алиби" гезитинин 2013-жылдын 18-январындагы №1 санына "Мэрия Уметовдун укугун кантип бузду" аталган макала жарыяланган. Анда Бишкек троллейбус башкармалыгынын башчысынын 1-орун басары Муратбай Уметовдун кызматынан мыйзамсыз алынгандыгы жөнүндө сөз болгон. "Алиби" бул маселе боюнча Бишкек мэриясы менен жакшы эле тартышты. Мэриядан ар кайсынын башын чаргыткан алты кулач жоопторду алып турдук. Акыры чындык жеңип Муратбай Уметов өз кызматына кайра киришти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри жана Троллейбус башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу М.Дербишов редакцияга билдирди.


"Ата-мекенчилердин" абийирин төккөн Осмонов
Парламенттин кечээги жыйыны абдан эле кызык болду. "Кумтөр" боюнча Өмүрбек Текебаев кесиптеши Курманбек Осмоновго таш ыргытып, "Акаевдин убагында Осмонов көп документке кол койгон" деди. Аны угуп ачууланган Осмонов дароо сөз алып: "Акаевдин убагында Үзөңгү-Кууш Кытайга берилип жатканда өзүң барып, кворум түзүп бергенсиң, Текебаев. Мен муну айтпайын дедим эле, өзүң айттырдың. Оппозицияда жүргөндө бийликтен акча алып турчусуң, мен да сага акча бербедим беле Текебаев, аны унутуп калдыңбы?!" -деп ташка тамга баскандай айтты. Ошондой эле Осмонов Текебаев баш болгон "ата-мекенчилерге" мародер деген клеймо такканы үчүн алардын ичи тарып жатканын кошумчалады. Эргеш аксакалдын баласы эр экен!


Вороьбевдун "воробейиби" же…
Мамлекеттик Улуттук орус драма театрынын директору Борис Воробьев апыл-тапыл маалымат жыйынын өткөрүп: "…маданият министри Ибрагим Жунусов жана анын орун басары Кудайберген Базарбаев менден акча үмтөтүп жатат" деп чуулдатып жиберди. Анын сөзүнө ишенсек орун басар К.Базарбаев: "театрдын көйгөйүн да чечебиз, сага "маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамын да алып беребиз" деп бир нерсенин башын кылтыйтыптыр. Акыры тигилер "Россалют" коомдук бирикмесинин жетекчиси Александр Красныйды ортого салып, "20 миң доллар бересиң, кийин ай сайын 5 миң доллардан бересиң" деп айттырышыптыр. Эмнеси болсо да бул сөздөргө укук коргоо органдары көңүл буруп, чын -төгүнүн аныктай турган маалымат окшойт. Бирок, Б.Воробьевдун аталган театрды өз билгениндей башкарып, артисттерди, анда иштеген карапайым жумушчуларды мыйзамсыз иштен кубалап, мамлекеттик мекеменин ичин каалагандай буздуруп-тештирип, кафе, клубга айлантып чартаңбай тээп жүргөнүн элдин баары эле билет. Демек, бул аксынган эргулдун өзүн да жакшылап текшерип көрүү зарылчылыгы бардай.


Текебаевдин жаңы "фокустарынан"
Текебаевдин тетири жоруктарын санаганда не да, санабаганда не. Башка партияларды мойсоп бүтүп, эми өз партиялаштарынын көчүгүн чукуганды адатка айланта баштаптыр. Жогорку Кеңеште Алмазбек Кожомкулов деген жигит иш башкаруучу болуп баарын тейлеп жүрөт. Өзү "Ата-Мекенден". Текебаевдин колго суу куяр жигиттеринен болучу убагында. Иш башкармалыкты жетектегени мүнөзү өзгөрө түшкөнбү же жетекчилиги мүмкүнчүлүк бербей чүлүктөп алганбы, айтор Текебаев сунуштаган бир жигитти иш башкармалыгына катардагы кызматка албай коет. Мындайда аңгиден бетер ашынган Текебаевдин жини келбей коебу? Дароо эле Нурдин жана башка дагы бир топ жардамчыларын туш-туштан агытып, Алмазбек Кожомкулов тууралуу ардемени сайттарга жаздырып кирет. Аны байкаган Алмазбек мурдагы шефине барып жардамчыларын тыйып коюусун суранган экен, кеп жебеген Текебаев: "Алар мени укпайт, кой дегенге көнмөк беле", -деп Кожомкуловду жолго салыптыр. Ой тобо, эгер Текебаевдин жардамчысы шефин укпай калса анда күндүн тетири чыкканы ошол да эй


Кожобектин "кожосу" акчабы же бийликпи?
"Бакылдаган текени, суу кечкенде көрөбүз" деген макал бар эмеспи. Анын сыңарындай парламентте бакылдаган текедей, дардаңдаган немедей көрүнгөн, бирок куулугу чектен ашкан депутат бар. "Ар-Намыстын" атынан шайланып келген. Убагында Куловду сатып кеткендердин бири. Өткөндө Райкан Төлөгөнов менен Турат Мадылбековго адвокат болуп: "Булар мародер эмес, апакай" дегенге чейин барган. Эми болсо кечээги парламент жыйынында "Кумтөр" ишканасына, канадалыктарга ачык эле жан тартып жатты. Кыязы алар жакшылып "сүйлөшүп" коюшкан окшойт. Кайсы жерде болбосун акча менен бийликтин ырын ырдаган Кожобектин кожосу ким болду экен?


Айнуру айтты да эй!
ЖК "Кумтөр" маселесин эки күндөн бери жылбай талкуулап жатканы айтылды. Бул мамлекеттик маанилүү маселе боюнча ЖКда ар кандай пикирлер айтылууда. Депутат А.Алтыбаева: "20 жылдын аралыгында Кыргызстан "Кумтөрдөн" болгону 1,85 млрд.АКШ долларын тааптыр. Эгерде 260 тонна алтын алынса, орто эсеп менен Кыргызстанга тийгени бар болгону 26 тонна болуп калат экен. Бул калыстык эмес. Бизге өндүрүлгөн алтындын 1 пайызы эле тийип калыптыр…Ошондуктан азыркы келишимди "ар жакка ыргытып жиберип", бизге пайдалуу макулдашууларды түзгөнгө барышыбыз керек" деди. "Жакшы айтты" деп, биз да жактырып турабыз.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??