Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

"Жаман үйдү коногу бийлейт"…

Убакыт өткөн сайын Кыргызстандын бийлигине Орусия лөктөрүнүн кысымы күчөп бара жатканы жашыруун деле болбой калды. Кыргыз бийлиги тышкы саясатта бир векторлуу саясатка ыктаар замат Кремль Кыргызстанга өзүнүн үстөмдүгүн толук орнотуу аракетин ыкчам баштады.

Тээ Бакиев маалында "Камбар-Ата-1" ГЭСин куру боюнча Орусия тарап менен түзүлгөн 2009-жылкы келишимге ылайык, Кыргызстан менен Орусия 50 пайыздан тең бөлүшмөк. Бирок орустар ошол кезде дагы үстөмдүк кыла баштаганын байкаган Бакиев бийлиги дароо чечимди өзгөртүп, Кытай жана Казакстан менен теңме-тең келишим түзүүгө аракет кылганы менен анысы ишке ашкан эмес.
2010-жылдын 7-апрелинен кийин "Камбар-Ата-1" ГЭСи тууралуу маселе кайрадан козголуп, а дегенде акцияны теңме-тең бөлүү боюнча сөз болгону менен иш жүзүндө 75 пайызы Орусия тарапка, 25 пайызы Кыргызстан тарапка чечилген келишимге өткөн жылдын сентябрында кол коюлду. Келишимге Орусия тараптан "Русгидро" ишканасы кол коюп, жоопкерчиликти өзүнө алган. Ал эми 19-февралда Орусия президенти В. Путин "Русгидронун" башчысы Евгений Додду компаниянын эсебиндеги 25 миллиард рубльди мыйзамсыз короткону үчүн сынга алды. Бул деген 1 миллиард доллардан ашыгыраак каражатты түзөт. Эгерде "Русгидронун" башчысы өз өлкөсүнүн каражатын ушунчалык ысырап сарптаса, анда Кыргызстандын каражатын аямак беле деген принципиалдуу суроо пайда болот.

Негизи эле "Орусия Кыргызстан менен түзгөн келишимдерин эч качан ишке ашырбайт, жөн гана Орто Азияга өз үстөмдүгүн орнотуу максатында Кыргызстанды "мишенге" салып берет"- деген кооптуу пикирлердин чындыгы бар. Бүгүн реалдуу түрдө айта турган болсок, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси дээрлик жокко эсе. Ал эми Орусия Кыргызстандын бардык тармактарына үстөмдүгүн орно-тууну дагы деле улантып жатат. Кыргызстанды газ менен камсыз кыла турган "Кыргызгазды" Орусиянын "Газпромуна" суроо-сопкуту жок биротоло бере турган болдук. Кыргызстандагы май куюучу станциялардын (автозаправочный станция) 75 пайызы бүгүн "Газпромдун" колунда. Ачуусуна тие турган болсок, Орусия бизге ушул рычагдарды сөзсүз пайдаланат. Заматта бензини, газы, соляркасы жок калышыбыз ажеп эмес.
Кечээ жакында ишенимдүү булактардан жаңы маалымат пайда болду. Учурда Орусия бийлиги Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевден "Газпром нефть Азиянын" жетекчиси Болот Абилдаевди премьер-министрликке дайындоону талап кылып жатканы, анын дайындалышы менен гана ГЭСтерди куруу иштери баштала тургандыгы айтылып жатыптыр. Эгерде бул маалымат чын болсо, анда эгемендигибизден ажыраганыбыз ушу экен дедим.
2003-жылы Грузия президенти Михаил Саакашвили жаңы шайланганда Владимир Путин менен кездешкен. Жолугушууда Путин Саакашвилиден Грузиянын ошондогу ИИМ минис-трин кызматтан албоосун жана Орусия авиабазасын Грузиянын аймагынан чыгарбоосун суранат. Табиятынан эркиндикти сүйгөн чечкиндүү грузин президенти Владимир Путиндин эки өтүнүчүн тең четке кагып, өз алдынча саясат жүргүзүүгө бет алган. Бүгүн Кыргызстандын президенти жана Жогорку Кеңеши мындай батыл кадамга эч качан бара албайт. Алар Орус бийлигинин айтканын айткандай аткарууга өздөрүн биротоло көндүрүп алганын буга чейинки келишимдер жана сүйлөшүүлөр таасын тастыктагандай болду. Негизи эле Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөт башына келишин ар ким ар кандай кабыл алды. Ал кишинин иши дагы, жетекчи катары өзү дагы мага жакпайт. Бирок ал эгемен Кыргызстандын парламенти шайлаган жана президенти бекитип, атайын Указ менен дайындаган өкмөт башчысы да. Кандай гана чечим болбосун, Кыргызстандын жетекчилиги мыйзам чегинде кабыл алышы керек. Кыргызстанга кыргыз эли жана парламенти көрсөткөн адам бийлик кылышы керек да. Эгер бүгүнкү бийлик өз өкмөт башчысын каалагандай дайындай албаса, анда эмнебиз мамлекет? Бүгүн Абилдаевди кеп кылганда кээ бирлер анын улуту казак экенине, дагы бирөөсү анын Акаевдин жакын адамы экенине жараша мамиле кылып жатышат. Акыйкатында ал казак болобу, же чечен болобу, же орус болобу, жада калса Акаевдин бир тууганы болобу, кеп анда эмес. Абилдаев бүгүнкү кыргыз бийлигинде отурган көп саясатчыларыдан өйдө, билимдүү, акыл-эстүү жигит. Көп коррупционерлерге караганда аз уурдайт. Бирок, кеп мында дагы эмес. Кептин бардыгы ал башка мамлекеттин жетекчилиги тарабынан таңууланганында болуп жатпайбы! Эгер биз өзүбүздү мамлекет катары татыктуу коргой алабыз, өз тагдырыбызды каалагандай чече алабыз десек, анда маймыл болсо дагы Кыргызстандын расмий бийлиги жана Жогорку Кеңеши мыйзам чегинде тандаган адам өкмөт башчылыгында отурушу керек.




Коомдук жактоочу - мыйзамсыз жактоочу - 2
Азимбек иниме жооп
Азыке иним! Мени байке дегениңе чын ниетимен жетине албай, кубанып турам. Байке дегенде кандайдыр сыйкырдуу, жагымдуу, өзгөчө бир жылуу илеп келе калат экен. Рахмат!
Мен да сени элибиздин туусун көтөргөнгө жараган, кең көкүрөк эр-азаматтардан экениңди билем, ошондон улам менин да сый-урматым бар өзүңө.
Өзүм болсо, юстиция тармагында иштегенимди эске албаганда, сотто кырк жылдан ашык мезгил эмгектенген экенмин.
Ошондон соң өз үйүмдөй болуп калгандыктанбы, соттор жөнүндө жакшы айтылса кубанып калам, тескери иштери болсо чындап эле капа болом.
Кийинки мезгилдерде "коомдук жактоочубуз"- дешип эле сот отурумун митинг аянтына, ораторлордун клубуна айлантып алгандарына чыдабай, аталган макала менен өз "протестимди" билдирген элем. Ага каяша жооп берипсиң. Эми мен да жообуңа жооп берейин, Азыке иним!
Жообуңда КР ЖПКнын 5-беренесине шилтеме жасаган экенсиң. Ооба, ал беренеде ар бир юридикалык термин эмне иш аткарат, мүнөздөмө, аныктама берилет эмеспи.
Ошолордун ичинен "мыйзамдуу өкүлдөргө" топтолуптурсуң! Ушул жерде кысынып да, кыйналып да айтар жагдай болуп турат. Ал "мыйзамдуу өкүлдөрдүн" өзгөрүлүшүнө колуң тийген жок беле? Ага сенин колуңдун тийишин такыр каалабас элем. Анткени, ал өзгөртүү юриспруденция тармагынан түшүнүгү өтө төмөн бирөө тарабынан жасалса керек. Мындайча айтканда, "бээ" десе, "төө" дегендей" эле жорук болуп кеткен. "Мыйзамдуу өкүлдөр" - деген термин жетилүү жашына толо элек жабырлануучу, шектүүлөргө гана колдонулат. Алардын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп ата-энелери, асырап алуучулары, алар болбосо жакын туугандары (жакын туугандары кимдер болот алар мыйзамда аныкталган) же багуу, кам көрүү милдетин алган уюмдардын өкүлдөрү боло алышат.

(Уландысы 11-бетте)







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??