Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Таластык "көк бет" абышка, же жеңилбеген принцип

Таласта башына жүн чыккандан бери чындык үчүн чыркырап келген Улукбек Осмонов деген бир "көк бет" киши бар. Өзү беттегенин бербеген, орустар айтмакчы "чересчур скромный" неме. Кайсы бийлик болсо дагы кармашып, коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүп, айбат кылганы кылган. Бир маселеге чап жабышса эзели артка кайтара албайсың.

Тээ союз маалынан тартып эле Абсамат Масалиев бийлигине каршы чыгып, эсил кайран эсэсэрдин эсин оодарып, андан ары оо дүйнөгө узаткандардын бири ушу киши. Андан бери тыным алган жок. Аскар Акаев бийликте турганда облустун чоңдору кызматтын түрүн сунушташып, кызыктырууга аракет жасашканы менен Улукбек аксакалдын үйүнөн "үңүрөйүп чыгышчу" дешет билгендер. Кыскасы эч бир бийликке моюн бербеди.
Кыргызстанда алтын чатагы башталгандан бери Таластагы "Жерүй" кенине көз арткандардын көзүн чукуп алгандай эле иш кылды. Таластын таза жаратылышын коргойм деп "Талас гримпис" деген коомлук фонд ачып, өз жерин көшөрө коргоду.
Бирок, көшөргөндүн көзүн тазаламакка Бакиев бийлиги дагы акыры катуу кийлигишти. 2007-жылы оппозициянын атынан "көпүрө" болмокко аркы жээкке өтө качкан азыркы ажо Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда "Таластыктарды эки сөз менен жайгарам" таризинде күпүлдөп барган. Мындайда хандан, бектен тартпаган таластыктар Атамбаевди Манас айылынан тосуп, "Бакиевге кызмат кылганды көрсөтөлү" дешип машинесин таш бараңга алып, жаалданган элдин сүрүнөн жалтанган Атамбаев жашына качууга мажбур болот. Албетте, бул окуяны атайын бирөө уюштурган эмес. Ошентсе дагы мындайдын эбин тапкан Бакиев бийлиги жыйындын уюштуруучуларын Улукбек аксакалды, Арзыкан эжени баш кылып камакка алат. Бакиев бийлиги бөөдөй нерседен төөдөй проблема чыгарганга уста эмес беле. Улукбек Осмонов баштаган 10 адамга "Массалык баш аламандыкты уюштуруу", "Бийлик өкүлүнө кол салуу" деген сыяктуу оор беренелер боюнча айыптар тагылган. Ошондогу Жогорку Кеңештин депутаттары ортого түшүп жатып буларды камактан бошотушкан. Бирок, диктатуралык ыкма менен тартип орнотмок болгон Бакиев бийлиги Улукбек асакалды тынч койгон жок. Талас шаардык прокуратурасы жалпысынан 42 жылдык мөөнөт сурап, чындык үчүн чыркыраган адамдан тез кутулуу жолун ойлоп тапкан.
2007-жылдын жай айлары болсо керек эле. Мен укук коргоочу эжекебиз Азиза Абдирасулованын кеңсесинде ГКНБ кызматкерлеринен жашынып жүргөм. Бир күнү коңгуроо чырылдап калганынан глазоктон карасам мурутун сербейтип Улукбек байке турат. Аны көрүп амандашып, ал-жай сураштык. Көрсө, а киши дагы мага окшоп бийликтин токмогунан качып келиптир. Азиза эже бизге өзүнүн кеңештерин айтып, экөөбүздү тең Алматыга жөнөттү. Улукбек аксакалдын паспортунун мөөнөтү аяктап калганына байланыштуу ал киши "Чалдовар" посту аркылуу, мен болсо "Ак жол" чек ара посту аркылуу өтө турган болдум. Ошентип, Алматыдагы ООНдун кеңсесинен Улукбек аксакал менен акыркы ирет жолуктум. Алматыдагы кымбат жашоого, шарт-жагдайга байланыштуу мен өзүнчө, ал киши өзүнчө кеттик.
Алматыдагы жалгыз жашоо жакпады. Бөтөн жерде чыдап жашоо оңой эмес экен. Артымдан издөө жарыяланганын билсем дагы чек арадан мыйзамсыз өтүп, Бишкекке барып жашырынып, "Манас" университетиндеги окуумду бир жңсыл кылып чечүүгө аракет кылып жүргөндө мени ГКНБ кармап кетти. Кийин Улукбек байкени дагы Тараз шаарында жашырынып жүргөн жеринен Тараз шаары менен Талас шаарынын милициясы биргелешкен операция уюштуруп кармап кетишиптир. Көрсө жанындагылардын бирөө тымызын маалымдап коюптур. Ошентип, Таластын убактылуу кармоочу жайында кышкы суукта кыйналып отурганда Кыргызстандагы бардык укук коргоочулар бир ооздон ал кишини коргоп отуруп үй камагына чыгарып, акырында Бишкекке, андан ары Алматыга качырып жиберишет. Алматыдагы ООНдун атайын кеңсеси аны бир жуманын ичинде Швецияга жөнөтүптүр.
Өткөн жылы декабрда Улукбек аксакал мекенине кайтып келди. Таласка барганда бир кайрылып учурашып, кобурашып кеткем. "Ошондо кетем деп тежиктенбей менин айтканыма макул болсоң азыр баары башкача болот эле" дейт. "Менин мотурайган эки баламды, өмүрлүк жарымды көрсөңүз антип ойлобой каласыз" дедим. Байбичеси катуу ооруга кабылып, аны Швеция жергесине жашырыптыр. "Шведдер айына 20 миң евро төлөп, жакшы эле сактап калууга аракет кылышты" дейт. Биздин мамлекет качып келген адамга мындай мамиле жасамак тургай, өз жарандарын коргогонго жарабайт.
Жакында Талас шаардык прокуратурасы Улукбек аксакалдын ишин карап, ага коюлган айыптардан толугу менен баш тартып, шаардык сот ишти кыскартканын угуп алып кубандым. Ал ортодо "Бакиевдерге сот өкүмү чыкты, баланча жылдан кесилиптир" дегенди интернеттен окуп калдым. Мына ушундан кийин адам эгер чындап акыйкаттыкты орнотом десе, ал талыбаган аракеттин, тайбаган принциптин аркасы менен гана ишке ашаарын баамдадым. Улукбек аксакалдын бейнеси акыйкаттыктын, тазалыктын, кара кылды как жарган калыстыктын символу болуп калаарынан шек жок. Анын "көк беттиги" бүгүн биздин тыңчыкмалар гана эмес, ар бир кыргызга абадай керек сапат экенине ынандым. Улукбек аксакал, көп жашаңыз, мен Сиз менен ар дайым сыймыктанам!








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??