Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Айдаркенди "ажатканага"
айландырган Гүлшанга мыйзам барбы?
Айдаркен шаарында канализация бузулуп, анын саркындысы таза сууга аралашып, бир жарым жылдан бери жергиликтүү тургундарга залакасын тийгизип келүүдө. Аны менен бирге таштанды алынбай, айлананы сасык жыт каптап, Айдаркен калаасында күн кечирүү кыйындашып баратканын айтышат жашоочулар.
Редакциябызга келген каттын негизинде Баткен дубанынын аймагында жайгашкан Айдаркен шаарына сапар тарттым. "Жол азабы көр азабы" дегендей, жолдун алыстыгы бир түйшүк болсо, бомба түшкөндөй ойдуң-чуңкуру айлаңды алты кетирет. Айрыкча, Ноокаттын жолдорунан өтүп баратып аргасыздан "канатым болсо, учуп өтсөм" деген ойго келесиң. Ошентип, ойду-тоону аралагандай азап тартып, Айдаркен шаарына да жеттим.
Чындыгында өз учурунда завод-фабрикалар дүркүрөп иштеп, сымап өндүрүү боюнча алдыңкы орунда турган Айдаркен шаары - учурда кейиштүү абалга тушугуптур. Калаа баш аламан болуп, таштандылар алынбай, канализация иштебей калган.
Айдаркен - жакында эле "шаар" деген статуска ээ болду. Буга чейин шаарча болуп аталып келген. Ошол шаарчада 15-20 жылдан бери коммуналдык тейлөө башкармалыгын башкарып келген Гүлшан Ильязова деген атка минер айым бар. Жашоочулардын айтымында коммуналдык тейлөөнү өз алдынча "акционердик коом" деп түзүп, шаар элин каалагандай калчап келет. Тагыраак айтканда, иштебеген канализацияга, тазаланбаган таштандыга болгон төлөмдөрдүн баасын каалагандай төлөтүп, Айдаркендин канализацияга чөкпөс ханышасына айланган.
Гүлшан Ильязованын кысымынан жабыркаган жергиликтүү тургундар жогору жакка бир канча жолу даттанып кайрылганы менен эч кандай майнап болгон эмес.
Айдаркен шаарынын тургуну Бувайда Сыдыкованын айтымында, коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдү өз убагында, алдын-ала төлөгөнүнө карабай, арадан 5-6 күн убакыт өтпөй "дагы 500 сом төлөйсүңөр" деп Гүлшан айымдын жардамчысы Роза Таникулова мажбурлоого алган. "Айдаркен коммуналдык кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башчысы Гүлшан Ильязова карапайым элди какшатып бүттү. Иштебеген канализацияга, токтоп калган таза сууга, алынбаган таштандыга акча төлөтүп жатышат. "Төлөбөсөң сотко берем, түрмөгө отургузуп салам" деп коркутууга алышат. Жакында эле Гүлшан Ильязованын жардамчысы Роза Таникулова деген келип, "акча төлөйсүңөр" деп мажбурлоого алды. Бардык төлөм кагаздарын көрсөтүп, "силер ашыкча акча талап кылып жатасыңар, тиешелүү органдарга кайрылабыз" десек, "колуңардан эч нерсе келбейт, билгениңерди кылгыла" дейт. "Ушул маалга чейин канча күч органдары текшерип эч нерсе кылалбаган, силер ким болуп калыпсыңар" деп шылдыңдап, кайрадан өзүбүздү тергөөчүгө тапшырып койду",- дейт Бувайда Сыдыкова.
Мына ушул пикир келишпес-тиктин үстүнөн иш алып барган Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Шумкар Төрөкулов да карапайым элде эч кандай мыйзамсыз аракет байкалбаганын айтат. "Ошол Айдаркен шаарынын коммуналдык тейлөө башкармалыгынын жазган катынын негизинде иш алып бардым. Чындыгында, маселе башкармалыктын өзүндө, коммуналдык төлөмдөрдүн баасынын көтөрүлгөнү боюнча эч кандай келишим кагаз жок. Жашоочулардын төлөм кагаздары жайында. Анан кантип негизсиз акча төлөтөсүң, бул ишти жаап салгам",- дейт Шумкар мырза.
Айдаркен шаарынын мурдагы башчысы Алтынбек Мурзажановдун айтымында, бүгүнкү күндө канализациянын суулары белгиленген жерге чейин барбай, шаардын ар кайсы жерлерин жарып чыгып, оңдолбой келет. "1996-жылдан баштап шаардын коммуналдык тармагын тейлөө "Айдаркен коммуналдык кызмат көрсөтүү" ачык акционердик коомунун жоопкерчилигине өткөн. Дээрлик ошол учурдан бери Гүлшан Ильязова аталган башкармалыкты башкарып келет. Учурда Айдаркенде абал оор, таштандылар алынбай кароосуз калган. Шаар боюнча таштанды ташый турган бир эле унаа бар. Ал да бир бузулса эки ай оңдолбой жатат. Шаар башчысы болуп иштеп турган учурумда да коммуналдык тейлөөнү шаар башкармалыгынын карамагына өткөрө албадык. Гүлшан айымдын колу узун экен, келген текшерүүчү да жыйынтыксыз кетип калат. Андан сырткары шаар башкармалыгынын балансындагы аз камсыз болгондорго убактылуу берилүүчү 500гө жакын батирди да каалагандай берип, жок кылыптыр. Бир көп кабаттуу имаратты жарымын менчиктештирип, жарымын ишкана кылып алган",- деди экс-шаар башчысы.
Аны менен бирге отурган үйүн Гүлшан Илязовага тарттырып, беш баласы менен тамсыз калган Айдаркен шаарынын тургуну Бүүниса Маматованын да арманы күч. "Ошол 1992-93-жылдары биз да эл катары мамлекеттин эсебинен батир алып, төлөмдөрүн калтырбай төлөп келгенбиз. Бирок, биздин макулдугубузсуз эле Гүлшан Ильязова жашаган үйүбүздү башка бирөөгө 52 миң сомго эле пулдап, бизди айдап чыкты. Канча сот органдарына кайрылсак да, маселе Гүлшандын кызыкчылыгына чечилип келет. Барбаган жерибиз калган жок. Азыр акыйкат издеп Бишкекте жүрөбүз",- дейт ал.
Буга кошумча Айдаркен шаарындагы эң оор чечилбей жаткан көйгөйлөрдүн бири канализациянын чыгындысы таза сууга аралашып кеткени.
Айдаркен шаарынын Гүлистан көчөсүндөгү №2 үйдүн тургуну Акжол Таштанбаевдин айтымында эки жылдан бери үйүнүн короосунан канализациянын суусу агат. "Айрыкча, дем алыш күндөрү аябай жыты буркурап, адам жашагыс болуп калат. Анткени, ошол күндөрү базар, мончо сыяктуунун баары иштеп, канализациянын тешигинен чыккан суу дагы да көбөйөт. Канализациянын саркындысы таза сууга кошулуп, төмөнкү Кен-Тоо көчөлөрүн аралап өтөт. Ал суудан пайдаланган жашоочулар оору-сыркоого чалдыгышып, 2 жылдан бери түйшүк тартып келет. Бул маселени чечип берүүсүн өтүмүн Гүлшан эжеге кайрылганбыз, оңдолбой, тескерисинче абал оорлошуп баратат",- дейт Акжол Таштанбаев.
Ошентип Айдаркен калаасындагы көйгөй менен жакындан таанышкан соң, маселеге жооп алуу максатында "Айдаркен коммуналдык кызмат көрсөтүү" акционердик коомунун башчысы Гүлшан Ильязовага кайрылдым. "Мага айтылган дооматтардын баары калп. Жумушту мыйзам чегинде жасап жатам. Чындыгында бир эле таштанды ташый турган унаабыз бар экен. Ал жетишпейт да. Жаңы унааларды алууга каражат жок. Көп кабаттуу имаратты менчиктештирип алган болсом, акчама сатып алгам. Төрт уулум бар, алар да Кыргызстандын жараны. Ошолорго сатып алып бергем. Менден аны эч ким тартып алалбайт. Иш бар жерде кемчилик бар, көралбастар айта берет. Мага канча жолу текшерүүлөр келди, Кудайга шүгүр ак экем иштеп жатам. Айдаркендеги союз мезгилинде курулган суу түтүктөрүн жаңыладым, эмнеге аны айтышпайт? Жанагы тешилип таза сууга кошулуп жаткан канализация маселесине мен жооп бербейм. Ал аймак мага карабайт ",-дейт ал.
Эскерте кетсек, Айдаркен шаарынын жаңы шайланган мэрине жолугуп, маалымат алууга мүмкүнчүлүк таба албадык.
Мына ушундай, окурман. Маселени териштирип, күнөөлүүнү жоопко тартуу күч органдарынын иши деңизчи. Биз болгону Кудайга жетсе да жогорку бийликке арыз-арманы жетпей жаткан тээ Айдаркен шаарынын аянычтуу көйгөйүн чагылдырып бердик. Биздин өлкө башчыбыз, башкы прокурорубуз жана башка эл өкүлдөрүбүз дегендей, Кудайдан же мыйзамдан коркпогон Гүлшан айымдын айласын табалар бекен? Эгер, маселе чечилсе, биз да "ханышанын" каарынан кутулар элек" дейт айдаркендиктер.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??