Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Атаханов таластык милицияларды эмнеге куугунтуктоодо?
Атахановдун
реформасы суу кечпейт
УӨнүн төрайымы Р.Отунбаева жана кадырлуу мүчөсү А.Атамбаев 2010-жылдын 7-апрелинен кийин, "Уюшкан кылмыштуу топтор алдыдагы шайлоого тоскоол болуп, бир партиянын кызыкчылыгына иштеши мүмкүн. Андыктан, уюшкан кылмыштуу топтордун терс жактарын жок кылуу керек" деген максатта ИИМдин алдында Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгын (ГУБОП) түзгөн. Аталган башкармалык түзүлгөндөн кийин бир топ уюшкан кылмыштуу топтор талкаланып, көптөгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кылтакка илинген. Бул башкармалыкта эмгектенген опер кызматкерлердин ыкчам аракетинин негизинде М.Садыркуловдун өлүмүнүн бети ачылып, К.Бакиев 24 жылга, Ж.Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылып, булардын генералдык наамы аскердик сот аркылуу жокко чыгарылды. Ушундай алгылыктуу иштерди аткарган башкармалыкты реформанын негизинде жоерун жакында эле ИИМ министри Ш.Атаханов айтты. Бир топ ийгиликтерди жараткан мыкты кызматкерлердин аракеттерин эске албаган Атаханов бул бөлүмдү жоюп жиберүүсү акылга сыйбаган нерсе. Атаханов "Реформа. 10-башкы башкармалык" деп жатат. Субъект катары УКМК менен ИИМдин терроризм менен күрөшүүгө акысы бар. Себеби, бул мыйзам чыккан. Дүйнө жүзүндө терроризм, наркотизм жана адам сатуу деген үч коркунуч бар. Кыргызстанда терроризм да, наркотизм да кездешет. Анткени, биз Фергана аймагына жакын жайгашкандыктан бизде террористтик коркунучтар көп. Андыктан ИИМ министринин "түштүктөгү 10-башкы башкармалыкты жоебуз" дегени чыккынчылык. Хизбут-тахрир, терроризм боюнча кармалгандардын тизмеси түштүк тарапта 85-90 пайызды түзөт. Ошондуктан министр мырза тескерисинче Ош аймагындагы терроризм менен күрөшкөн кызматкерлердин санын көбөйтүп, алардын эмгек акыларын жогорулатса болмок. Өлкөбүздөгү хизбут-тахрирчилердин арасында жогорку билимдүүлөрдүн, жаштардын көбөйгөнү байкалууда. Булар активдүү иш жасап, саясатка аралашууга аракеттенишүүдө. Шайлоолордо, башаламандыктарда элге кошулуп, аны күчөтпөй, тескерисинче тартипке чакырымыш болуп калкты өздөрүнө тартышууда. Өткөндө бир хизбутчу өлгөндө ачык эле 500-600дөй адам келип көмүп, каза болгон адамдын оозуна муздак суу куюп, аны жаш балдарга ичирип, "Аллаху ахбар" деп кыйкырып окуучу балдарды өздөрүнө тарткандары белгилүү болду. Мурда Кыргызстанда болуп көрбөгөн хизбут-тахрирчилердин лидери дайындалды. Мындай мурун өлкөбүздө болгон эмес. Ошол лидери дайындалган соң, министр мырзабыздын "10-башкармалыкты жоготом" дегени эмне дегендик? Бул эмне кыргыз элине кылган кастыгыбы?

Рысалиев жөнүндө...
Экс-министр Зарылбек Рысалиев министр кезинде жаш кесипкөй кызматкерлерге жарылуучу техникалардын деталдарын, колго жасалган жардыруучу куралдар жөнүндө маалымат бердирип, ИИМдин алдындагы атайын класста окуткан. Кесипкөйлөргө атайын тартылган тасмалар да көрсөтүлгөн. Ал эми бүгүнкү министрдин 10-башкармалыктан жардыруу техниктеринен "тигини алам, муну ыргытам. Түштүктөгүсүн жоем" дегени эмнеси? Тинтүү иштерине барган опер кызматкерлердин мындай деталдардан маалыматы болбосо, анан кантип алар кылмышкерлерди кармап чыгат?

Атахановду
ээрчиген Жаныш
Бакиевдин балдары...
Ш.Атаханов УКМКга барганда артынан Ж.Бакиевдин балдары ээрчип барганын эл жакшы билет. Кийин ИИМге келди эле, кайра эле баягы Жаныштын балдары ээрчип келди. Муну жашырсак да оркоюп көрүнүп калууда. Ушул нерселерди карапайым калк анализдеп жатат. А эмнеге президент менен премьер-министр анализдебейт? Атахановдун орун басарлары жана бөлүм жетекчилери эмнеге байкабайт? Же булардын көздөрү сокурбу? ИИМде отурган урматтуу полковниктер, генералдар, эмне ушул нерселерди айтууга духуңар жетпейби?! Же бир кызматты сакташ үчүн түз айта албаган жугундукорлорго айландыңарбы? Же болбосо силер да өз көр дүйнөңөрдөн алыс чыкпаган адамдардан болдуңарбы? Болбосо ушундай кемчиликтерди айтып чыксаңар болот эле го... ИИМде "Клуб генералов" деген уюм бар. Ал жерде менменсинген кыргыздын генералдары, менменсинген министрдин орун басарлары иштеп жатат. Б.Жусубалиевге окшогондордун сүрөтү гезитке чыкса, төшүнө медаль, орден батпайт. Ошончолук баатыр, төшү толо орден экен "бул жериңиз туура эмес" деп Атахановдун бетине айтпайбы?..

Отунбаева менен
Атамбаев адашканбы?
Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгын түзүп Отунбаева менен Атамбаев адашканбы? Эгер андай болсо "силер туура эмес түзгөнсүңөр. Биз силерден акылдуубуз" деп А.Атамбаевге Ж.Жакыпов, жана Ш.Атаханов ачык айтып, анан жок кылбайбы. Бул башкармалык жоюлса, эртең эле "уюшкан кылмыштуу топтор чыкпайт. Атышуу болбойт" деп Атаханов кепилдик бере алабы? Оштон Т.Шоноевди атып кетишти. Кудай сактасын, эгер түндүктөн ОПГга каршы иштеген бир кызматкер кырсыкка кабылса, анда бул жердеги оперлер көтөрүлүп, милиция кызматкерлери менен ОПГнын ортосунда чоң согуш чыгып кетиши да мүмкүн. Ошондо Ш.Атаханов, Г.Алиева, Ж.Жакыпов жана Мамыров деген реформаторлор ошону токтото алабы? Эч ким токтото албайт. Жөн жерден кызматкерлердин шоруна калышары бышык. Булардын сокур реформаторлугунан айрымдар жабыр тартып калышы мүмкүн. Өткөндө Атаханов "Люди ходить с авторитетом, потому что от них меньше зло" деди. Бул эмне деген сөз? Бул сөзү менен кылмыш дүйнөсүндөгүлөргө актандыбы? Алардын сөзүн тазалап жатканыбы? Бул эмне деген талкуу, эмне деген түшүнүк?! Министр да ушинтип айтабы? Эмне элди уюшкан кылмыштуу топко барсын деп жатабы? Анда мамлекеттик түзүмдүн, мыйзамдын эмне кереги бар? Анда ар бирибиз коктуларда бирден хан же бий болуп жата бербейлиби? Бир жолку жыйында "172 кылмыш иши козголуп, 75 ОПГны кармоо болуптур" деди. 172 кылмыш иши кайсы убакта козголгон? Ар бир кылмышты кароодо бир жыл, эки жыл, эки ай деген убактылары бар. Анда эмнеге ар кимдин үстүнөн козголгон иштер сотко өткөн жок? Айтылган иштерди министр териштирди бекен? 172 баланын ишин эгер министр министрдей болсо "эмне үчүн буларга иш козголду?" деп ойлонушу керек эле да. Эмнеге бир жыл болсо да сотко бул иштер өтө элек? Канчасы сот чечими менен соттолгонун билиш керек болчу. Ал балдардын баары өзгөчө кылмыш кылган балдар. Бүгүнкү күндө бир топтогу 3-4 бала кармалса, алар чоң кылмыштын жүзү ачылбаш үчүн бири-бирин көзгө уруп же бир жерге тээп, "мына, мени бул уруп көгөрттү" деген сөздөр менен кутулат имиш. Ал эми биздин прокурорлорго эптеп эле отчет керек. ИИМдин үстүнөн иш козгоп коюш шарт. Эгер Ш.Атаханов өмүрүндө бир кылмыш ишин ачкан же болбосо бир кылмышкерге наручник салган болсо, анан кылмыштардын бети кандай ачылаары туурасында маалыматы болмок. Бизге кызыгы Ш.Атаханов кандай кылмыштардын бетин ачты экен?! 75 кылмыш иши катталдыбы? Ал жерде бир топ киши уюшулган кылмыш. 75 кылмышта үчтөн адам болгондо эле канчалаган адам кармалып жатат. Министрдин жумушту билбестигинин далили "ГУБОП кызматкерлери кылмыш ачууга, өзгөчө чыгашадан 4 млн. сом кетиптир" деп туура эмес маалыматты берип жүрөт. Ошол 4 млн. сом эмнеге кетти? Аны билбейби? Бүгүнкү күндө далилдүү факт катары бир канча кылмыш иштери менен бул акчалар соттук кароодо. Сот иши бүтүп, күнөөлүүлөрдүн баары камалып кетмейинче, соттордун сейфинде жатат. Сот жыйынтыгынан кийин бул акчалар кайрадан келип кассага түшөт. Ш.Атаханов комсомолдук кызматкер болгон соң, ал комсомол боюнча эле калат. Кооз сүйлөйт, бирок, эч нерсе кыла албайт.

"ИИМге Рысалиевдей гана жетекчи керек"
Ш.Атаханов элдин башын айлантып, милицияны элге шүмшүк көрсөтүүдө.
Эптеп турган милицияны да бузуп талкалап жибербесе болду. Структуралык өзгөртүү кыларда эмнеге генералдарды чогултпайт? З.Рысалиев министр болуп турганда ИИМдин структуралык реформасын караганда Армения, Грузия, Кытай, Казакстан, Россия, Тажикстандан коноктор келген. Депутаттар, эксперттер, мамлекеттик эмес жана коомдук, жарандык уюмдардан өкүлдөр, ардагерлер чакырылып, атайын илимий конференция өткөрүлгөн. Ошондо З.Рысалиев "Казакстан, Россия, Кытай бай өлкөлөр. Булар бир нерседен жаңылса акчасы көп басып коет. Биздин кымындай да жаңылганга акыбыз жок. Себеби, бюджетибизде ашыкча акча жок" деген. Аталган конференцияны ошондогу ИИМ бюджеттен бир тыйын албай демөөрчүлөрдүн жардамы менен өткөзгөнү анык. Кийин сырттан келген коноктор "Ушундай күйүп жанган министр иштеш керек. Бизди мындай жыйынга башка өлкөлөр чакырган эмес. Россия,Казакстан канча жаңылдык. Кыргызстан мыйзам жолу менен түз баратасыңар" дешкен. Ал жыйында З.Рысалиев 12 позиция менен чыккан. Андыктан, ИИМге З.Рысалиевдей гана жетекчи керек эле. Ал эми учурда ИИМди кандай адам, кандай жол менен башкарып жатканы көпчүлүккө маалым.

Таластык болуп калганыбызга күнөөлүүбүзбү?
З.Рысалиев кызматтан кеткен соң, карабууралык милициялар куугунтуктала баштады. Кайсы күнөөсү үчүн? Таластык болуп калганы үчүнбү? Же Ш.Атаханов, Ж.Жакыповго "Талас-тын балдарын садага чапкыла!" деп буйрук берилгенби? Эгер андай болсо, өздөрү садага чабылып калышы мүмкүн. Таластыктар тийишпейт, тийишкен кишини оңдурбайт. Эсиңерде болсо керек, карабууралыктар Куловду колдоп ачкачылык акцияга чыкканда, Акаевчилер аларды камап койгон. Бакиев бийлигин кулатууну 6-апрелде таластыктар баштаган. Акаев-Бакиев бийлигинен коркпогон таластыктар Атамбаевдин бийлигинен коркуп калыптырбы? Керек болсо алар кайра күчөйт. Талас толкуса, жаман болоору 6-апрелде көрүнбөдү беле. Же аны Атаханов унутуп койдубу? Эми Атаханов "карабууралыктар мафия" деген сөзүн далилдей алаар бекен? "Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" деген кыргызда макал бар. Таластыктар ордунан козголсо жаман болот. Андыктан, талас-тык опер кызматкерлерди З.Рысалиевдин артынан куугунтуктаган туура эмес. Ага эч кимдин акысы да жок!

Нурбек Таалай уулу





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??