Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Чек ара коопсуздугу - өлкө коопсуздугу
Редакциядан:
Бүгүнкү кыргыз мамлекетиндеги эң орчундуу маселелердин бири - чек ара маселеси экендиги талашсыз. Жыл башындагы Сох чатагы муну ачык-айкын көрсөттү.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чек ара көйгөйлөрү кандайча пайда болууда, алар кандайча чечилүүдө жана аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы чек ара кызматынын төрагасы, генерал-лейтенант Токон Мамытов, Баткен облусунун экс-губернатору Мамат Айбалаев, өкмөттүн делимитация жана чек араны өркүндөтүү комиссиясынын жетекчиси Курбанбай Искандаров жана ИИМдин кызматкери, подполковник Жоробай Абдыраимовдор маек курушат.

- Курбанбай мырза, Кыргызстандын жалпы чек арасы канча чакырымды түзөт?
К.Искандаров: "Кыргызстандын жалпы чек арасынын узундугу 4500 чакырымдан ашык, бирок бул дагы так эмес, анткени, чек аралар такталып бүтө элек, өзгөрүүгө дуушар болот. Азырынча бул маалымат айыл - өкмөттөрүнүн, райондордун берген маалыматтарынын негизинде гана айтылууда".
- Учурда, тактала элек канча чакырым узундуктагы чек ара бар?
К.Искандаров: "Азыркы учурда Кытай менен чек ара такталып бүткөн. Үч мамлекет менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, эки тараптуу материалдарды алмашып, таанышып жатабыз. Казакстан менен 1241 км делимитация боюнча такталып бүткөн. Азыр демаркация иштери жүрүп жатат. Келишимдерге кол коюлуп, ЖК карап, ратификациялап берген, аягына чыгайын деп калды. Эки тараптан 15 - 16 дан мамычаларды орнотуу маселеси турат. Бул маселени бүтүрсөк, иш аягына чыгат. Эң көйгөйлүү маселе Өзбекстан менен Тажикстан болуп жатат".
- Мамат ага, Сиз Баткен облусун жетектединиз. Анклавтар боюнча көйгөйлөргө токтолсоңуз?
М.Айбалаев: Баткенде Өзбекстандын эки анклавы бар; биринчиси Сох, экинчиси Шахимардан. Тажиктердики болсо Ворух анклавы. Тажиктерге тиешелүү маселени караганда чек аранын такталбагандыгына байланыштуу Ворух анклав болбой эле, тескерисинче Баткендин үч айыл - өкмөтү; Самаркандек, Ак - Татыр, Ак - Сай, Лейлек району жана Сүлүктү шаары анклав болгону калды.
- Кыргызстандын ичинде турган кыргыз айылдары анклав коркунучунда турабы?
М.Айбалаев: Баткенден Ак - Татырга үч жыл мурда жол салынды. Бул айылдарга барууда Тажикстандын Сур, Чаркул жана Найман айылдарын аралап өтүүгө туура келген, 1989 - жылдан тартып биздин автобустар, автоунаалар өткөндө тажиктер таш менен урушчу. Эл суранып жатып Азия өнүгүү банкынын кредити менен кытайлар жол салып беришкен. Төрткүл суу сактагычына куйган каналдын жээги менен Көк - Таш айылынан Ортозар айылына барып, дарыядан өткөндөн кийин, элдин айтымында, Жака Өрүк (Жалгыз Өрүк) деген жер бар, анын бир жагында 15 түтүн, экинчи жагында Көк - Терек деп дагы 20 түтүн эл жайгашкан. Ал жерде кыргыздын малы багылып келген. Ошол жер акыркы жылдарда тажиктер тараптан талашка түшкөн. Жол курууну тездетүү максатында мамкомиссия кыргыздын жерин кайра тажиктерден 49 жылга ижарага алдык деп койгон. Азыр билбейм, ал ЖКдан ратификациядан өткөнбү, өткөн жокпу?
Мен өткөн жылы сентябрда Баткенден Лейлекке чейин барып келдим. Ошол жол бүткөндөн кийин кыргыздардын эки айылынан башка айылы болгон эмес. Талаш жерден Мачай деген айыл 3.5 чакырым, Чаркул айылына 5 чакырым келет. Дагы айтам, эч кандай тажиктердин айылы болгон эмес, азыр тажиктердин айылдары пайда болуп, ошол ижарадан улам тажиктер эмес, кыргыздардын жогорудагы үч айылы анклав болуп калуу коркунучунда турат. Ойлонбой туруп кол койгон биздин чиновниктерге таң калам. Азыр тажиктер тынбай үй куруп жатышат.
- Токон ага, азыр түштүктө абал кандай?
Т.Мамытов: "Мен Чарбакта болгон окуяны чечүү максатында Өзбекстандын чек ара кызматынын жетекчиси менен 23-январда бир жолу жолуктум, анан бир дем алыштан кийин, 1-февралда экинчи жолугушуубуз болду. Биринчи жолугушууда негизи ошол жерде болгон окуяны талкуулап, чек ара кызматынын милдети мыйзам чегинде кандай, ушул жанжалдарда, кокустуктарда, мисалы, кандай иштеш керек мына ушуларды макулдаштык. Мисалы; ТашТуусу, Чарбак сыяктуу айылдарда, дагы бөлөк айылдарда аябай талаш-тартыш болуп турган жерлер бар. Элдердин ортосунда жаңжал чыгып кетпесин үчүн мына ушул жерлерде биргелешкен күзөт өткөрүп, иштейли деп чечтик. Ушунун баары кагаз жүзүндө калып калбай, мурда бир топ эле жакшы келишимдерге, протоколдорго кол коюп келгенбиз, бирок баары тең иш жүзүнө ашпай калган, себеби көзөмөл жок болуп келген. Бул жолу протоколубуз кагаз жүзүндө калбай, кээ бир жыйынтык болуш үчүн "квартал сайын чек ара кызматтарынын коллегиясын биргелешкен тартип менен бир жолу, мисалы, Ошто болсо же Баткенде, экинчи жолу Фергана же Наманганда өткөрөлүк" - деп сүйлөштүк".
- Жоробай мырза, ИИМ тарабынан жарандардын коопсуздугун камсыздодо кандай иштер жүргүзүлүп жатат ?
Ж.Абдыраимов: Сиз көтөрүп жаткан маселе Баткен районунун, Баткен облусунун, Чек ара кызматынын же милициянын эле эмес бүтүндөй мамлекеттик бардык структуралардын башын ооруткан маселе болуп жатат. Олуттуу маселе, муну айтканым, мен өзүм Баткен облусунда туулуп - өскөн адаммын, канчалык татаал экендигин жон терибиз менен сезип отурабыз. Коопсуздук маселесине келгенде ИИМ тарабынан колдон келген иштер көрүлүүдө. Мына, акыркы эки жылда Мамат Марипович айткан Таш - Тумшук айылына жергиликтүү бир жарандын үйүн сатып алып, пункт ачтык. Ак - Сай айыл өкмөтүндө, тажиктер менен улам ушундай чыр чыга бергенден улам Кара-Бакта, Андаракта дагы баягы улуттар аралык араздашуудан чыккан ушундай көйгөйлөрдөн улам дагы бир милиция бөлүмү ачылып, штаттар берилип кызматкерлер иштей баштады. Бирок, маселе ушуну менен чечилип калган жок. Бүгүнкү күндө Баткен районунун кызматкерлери өрт өчүргүчтөрдүн режиминде иштеп жатат. Тажиктер менен бирдеке чыкса ал жерге жетет, Чарбакта маселе болсо ал жерге жетет. Чындыгында абал өтө оор. Биз милициянын санын көбөйтүү менен маселени чече албастыгыбызга көзүбүз жетти. Мына, Чарбактагы окуя чыга электе кичи мекениме иш сапарга барып, Таш - Тумшуктагы милиция кызматкерлеринин иши менен таанышып келейин деп атайылап бардым. Таш - Тумшукка барсаңыз, бир үй кыргыздыкы, экинчи үй тажиктики - шахматтык тартипте жайгашкан. Мачаилер деп коюшат, өтө мүнөзү оор эл. Менин көзүмчө жергиликтүү аймактык инспекторлорго догурунганын өз көзүм менен көрүп келдим, формачан жүргөн милиция кызматкерине догурунушат көчөдө ачык айрым эле. Эми, албетте, чек аралар такталмайын бул маселеден кутулбайбыз.
- Мамат ага, Сиз жана сөзүңүздө кыргыздын жерин кайра тажиктерден 49 жылга ижарага алган деп айттыңыз, чечмелеп берсеңиз?
М.Айбалаев: " Кыргыздын бир да чиновниги тажиктен же өзбектен бир сантиметр жер алган эмес. Өкмөттүн протоколдорун көтөрсө болот, барган чиновниктин бардыгы Баткен районунун, Лейлек районунун жерлерин тажиктер менен өзбектерге өткөрүп беришкен. Биздин чиновниктерге таң калам, жогоруда айтылган жолду салуу үчүн 49 жылга кыргыздын жерин тажиктерден ижарага алган. Документке кол койбой эле койбойбу? 200 чакырым жолду асфальт төшөбөй эле кой. Азыр эми тажиктер эки айылга 10 чакырымга чоңоюп жатат. Аны "токто"- да албайсың, бир чиновниктин туура эмес ишинен канча көйгөй жаралды.
Курбанбай Искандаров: Мен кошумчалап кетейин, Мамат Мариповичтин сөзүнө. Убагында ойлонбой кол коюп, кыргыздын жерин тажиктерден алган чиновниктердин айынан азыр бизге дагы проблема жаралат. Анткени, алар айтышат, "Силер бизден ижарага алгансыңар, эми биздин жерден баш тартып жатасыңар"- деген доо коюлат. Бул туура эмес болуп калган. Мына ушундай эле маселе Лейлек районунун Максат деген айылында да бар. Ал айылга баруу үчүн тажиктердин бир канча айылдарын аралап өтүү керек. Ал жерде да таш менен урушат, милициясы деле, чек арачысы деле, бардыгы акча алышат, 6 -7 пост бар. Жергиликтүү элге бир топ кыйынчылыктар жаралууда. Ушул көйгөйдөн кутулуу үчүн лейлектиктер ашар жолу менен жол башташкан. Бул талаш жер тилке катары кирген 78 гектер жер 1958 -жылкы документ боюнча биздин жер. Азыр "жол салабыз"- деген жер. Ал эми 1989 -жылкы документтер менен бекитилген эмес, ошону бетке кармап "ушул жерди ижарага албайсыңарбы?"- деп жатышат, тажиктер. Биз " ижарага алуунун өзү ошондо туура эмес болуп калган биз тараптан. Биз эмес, силер ижарага алгыла, биз бардык документтерге кол коюп берели"- десек алар ага көнбой жатышат. Ал жерде дагы талаш 38 гектар жер бар, ага отурукташып алышкан. Акаевдин учурунда ошол жерге чек араны тосуу максатында үйлөр салынган. Бүгүнкү күндө ошол үйлөрдү да сатып алууга барышууда. Ошол жергиликтүү бийлик ошого жол берип жатат. Анын чек арасын биз Бишкектен барып тосуп бербейбиз да.
- Мамат Айбалаев : Ал жергиликтүү, райондук, областтык бийликтердин милдети.
К.Искандаров: Азыр бир жигитти ошол жерге айыл башчы кылып коюшуптур, тың жигит экен, бир тажикти өткөрбөй жатат. Бирок, жанагы "жылма миграция" деп, жатышпайбы, ал жергиликтүү бийликтен "ажатканамды бир метрге жылдырып алайын"- деп материал менен эле тосушуп, андан кийин "сарайга кичине уруксат бериңиз"- деп жатып, жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрүн сатып алып олтуруп, бир күнү эле жерди ээлеп алышат. Аларда отурукташуу жыштыгы аябай жогору. Ал жерде дагы бир Арка деген биздин массив бар, "Жаңы - Жер" деген айыл - өкмөтү. Ал жерде азыр 70тен ашык үй сатылып кетти. Укуктук негизде каттоо маселеси болбогондон кийин подстовной лицо Кыргызстандын жараны, улуту тажик ага каттатып коюп жашай беришет. Таш - Тумшук айылы ошондой болуп жатат. Мурдагы жылы биз 10 миллион сом бөлүп, ошол жердеги үйлөрдү сатып алалы дегенбиз, үч үй сатып алышты, бирок, тажиктерге саткандан айырмасы чоң болуп жатат. Кыргыздар 10 миң АКШ долларына сатып алса, тажиктер ал тамга 30 - 40 миң АКШ долларын берип жатышат. Албетте, ага кызыккандар көп болуп жатат. "Кыргызга сатканча тажикке сатайын"- дейт да ким да болбосун. Тилекке каршы, ага тыюу салган бизде бир дагы мыйзам жок. Биз анклавдар боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатабыз, өзүнчө шарттарды коюп, бирок, кээ бир чиновниктер ага каршы болуп жатышат. Эмне себептен десек, чек ара жөнүндө мыйзамда бар дешет. Аны эл билбейт.
Тактап айтып кетсеңиз, каршы болуп жаткан чиновниктер кимдер ?
К.Искандаров: Азырынча долбоор, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.Бир аздан кийин билинет ошол мыйзам кабыл алынабы же жокпу? Кабыл алынбаса мен ошондо ачык айтып чыгамын..
Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын программасы, планы барбы? Канча кечиккен сайын "жылма миграция" күчөп, маселе андан бетер татаалдашып кетпейби ?
К.Искандаров: Өзбекстан менен алты айдан бери иш токтоп калган. Эки - үч жолу кайрылдык, алар "комиссиянын мүчөлөрүн алмаштырып жатабыз" жана башка шылтоолор менен кармап жатышкан. Кечээ жакында алар биринчи вице - премьерин баш кылып тизме беришти. Биз дагы биринчи вице - премьер министрди баш кылып өкмөттүн токтому менен бекитип 4 - февралда жолугушууга чакырганбыз. Өткөн жылы бир да чакырым чек ара аныкталган эмес. Азырынча жооп берише элек. Ошондо Сиз айткан маселени коебуз. Өткөн жылы алар бизге мындай доомат коюшкан, Данияр Үсөнов 2009 - жылы Премьер - министр болуп турганда делегациянын башында туруп, декабрь айындагы жолугушууда алардын "такталып, жазылып калган жерлердин айрым жерлерин кайра карап чыгалы"- деген сунуштарына макулдук берип койгон. Биз сүйлөшүүлөрдү баштаганда "13 участокту тактадык, жазалы"- десек, алар "кээ бир мурдагы такталып бүткөн жерлерди кароого макулдук бергенсиңер, ошолорду карап бүтүрүп, андан кийин уланталы"- дешкен. "Кайсыл кээ бир участокторду айтып жатасыңар?"- десек, 38 участокту берип жатышат. Алар 90% такталган жерлер. Эки мамлекеттин 10 жылдык эмгегин жокко чыгаргандык, ага биз макул болбой койдук. "Мейли, айрым жерлерин карайлы, бир жактуу эмес"- деп акылдаштык. Ошондо 20 участокту талаага чыгып, жеринен көрүп чечели"- деп турабыз. Анан жакындагы Сохтогу окуя көрсөтүп койду, такталган жерлерди тосуу иштерин тез бүткөрүү зарыл. Эл чек арада тартылган тикенек зымдарды көрсө, ал жакка малын айдап барбайт. Учурда 600 метрдей жерге мамычаларды орнотуп, чек араны тосуп келдик. Өзбектерди да чакырдык, топосьемка дейт, ошондо 10 метрге биздин чек ара өзбек тарапка жылды, бардыгы документалдуу болсо эч талаш болбойт.
Мамат Айбалаев : Биринчи жолу кыргыз тарыхында 10 метр алып жатабыз де.
- Токон ага, учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда канча өтмөк бар жана анын канчасы иштеп жатат?
Т.Мамытов: Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык келишим бар, бул маселени өкмөт чечет. Ал келишимде негизинен 15 эле өтмөккө көрсөтүлгөн. Бирок, кийин чиновниктер себеп болуп чек аралардын жетекчилери коопсуздук кеңешинин катчылары сүйлөшүп, тышкы иштер министрлери, губернаторлор киришип, сүйлөшүп атып ошол 15 өтмөккө жеңилдетилген жол менен дагы 18 өтмөк кошулуп кеткен. "Ошолорду жаап, келишимде көрсөтүлбөгөн өтмөктөрдү иштетпей эле коелу" деген сунуш бердик. Өкмөттөр аралык комиссия деп коет, алар эми жакында жолугушса карашат. Ошол учурда өтмөктөр тосулуп калгандан кийин, өзүңөр билесиңер, 4-5 күндө эле Өзбекстандын территориясында 500-600 вагон жүгү менен туруп калган. Өзбекстан менен сүйлөштүк, алар Кызыл-Кыяны, Кара-Сууну, Жалал- Абадды, Шамалды-Сайды ачып беришти, жүктөр келе баштады.
- Элдин пикири кандай, кандай талаптарды коюп жатышат? Чек араны коргоо мамлекеттик органдардан сырткары ар бир кыргыз жаранынын атуулдук милдети эмеспи? Ички миграция маселесин ооздуктоого же солгундатууга болобу?
Т.Мамытов: Чарбакка, Согментке барып, эл менен жолугушканда эл үч маселени коюшту:
1. Чегараны тез арада тактоо зарылдыгын,
2. Такталган жерге тикенек зымдарды тез арада тартуу маселесин,
3. Коопсуздукту камсыздоо.
Өкмөт карап, комиссия иштеп жатат. Сохтун тегерегинде 137 чакырымдын 96 сы такталып, 90 млн.сом акча бөлүнүп, азыр өкмөттүк комиссия тендер өткөрүп тосконго чейин, чек ара кызматы азыр Өзбекстандын чек ара кызматы менен жолугуштук. Комиссиянын өкүлдөрү да катышышты. Согмент менен Чарбакта 1 - 2 чакырым аралыкка тикен зымдарды тарта баштасак деп турабыз.

"Кадрлар баарын чечет" - деген сөз бар эмес беле? Ички иштер органдары тарабынанбы же башкаруу органдары тарабынанбы, кадрларды коюуда тажрыйба жана башка маселелер эске алынуудабы? Анткени, чек ара, мамлекеттик коопсуздук маселеси биринчи орунда турат эмеспи?
М.Айбалаев: Кадрлар маселеси Акаев учурунан тартып эле туура эмес жүргүзүлгөн, ал жердин коён жатагына чейин билген, башкалардын түшүн жоруган кадрларды коюу зарыл.
Ж.Абдираимов: Сырттан барган кадрлардын алешемдигинен жергиликтүү эл бир топ эле азап чегишкен. Ал кадрлар башкалардын менталитетин билбейт. Алар болсо, сырттан барган жетекчилерди той - тоопурларга чакыра коюп, коюндарына алып алышат.
- Курбанбай мырза, жаны жылдан кийин Тажикстандын өкүлдөрү келишти эле, кандай маселелер каралды?
К.Искандаров: Ооба, жакында эле Тажикстандык делегация келип - кетти, бир да чакырымга макулдаша албадык. Себеби, жогоруда айтылгандай, эки тарап башында бир укуктук документке токтолгон эмес, тандап алышкан эмес. Материалдар жетишсиз болуп жатат. Мисалы, башында Тажикстан Өзбекстандын курамында болгон. Биз алардан бөлүнүп чыккандагы документтерди сурасак, "бизде жок"- деп жатышат. Биз аны Орусиянын архивинен карап келели деп жатабыз. Башында чек ара маселесин кароодо мамлекеттер юридикалык бир документтерди жетекчиликке алып, башка документтерди аралаштырбай, ошолордун негизинде чечели"- деп кабыл алышкан эмес. Ошондуктан, көп талаш - тартыш маселелер чыгууда, ар ким ар башка материалдарды сунуштап жатат. Биз азыр сунуштап жаткан документтердин ичинде эки мамлекеттин мамилелери тууралуу эки өлкөнүн жетекчилери макулдашып, кол коюлган укуктук документ - келишим бар. Эки өлкөнүн парламенттери ратификациялаган. Союз бузулгандан кийин КМШны түзүү максатында союздук республикалар Беларусияда келишим түзүшкөн, (8 - декабрь, 1991 - жыл, Минск шаары). Кийин протоколдун негизинде биз дагы ошого кошулганбыз. Ошондо так жазылып турат. Биз ошонун юридикалык күчү бар деп, Өзбекстанга да, Тажикстанга да сунуштадык, жообун берише элек. Анда, "СССР таркап жаткандагы союз курамындагы республикалардын чек араларын мамлекеттик чек ара деп тааныйбыз"- деп жазылган. Мындан сырткары дагы бир бөлүмүндө "Союз учурундагы кабыл алынган документтер жокко чыгарылсын"- деп киргизилген. Бул документти парламенттер ратификациялап бекитип берген, юридикалык күчү бар документ.
- Кыргызстандын шарттуу түрдөгү чек арасы болгон.Сиз айтып жаткан документтердин негизинде жана ар бир союздук республика өз алдынча мамлекет болгон учурдагы "Көз карандысыздык декларациясынын" негизинде көпчүлүк чек ара маселелери чечилген десек болот. Кээ бир аймактар боюнча жогоруда сөз болгон жерлер эки тараптуу макулдашууну талап кылат. Бирок, эгемендүү мамлекет болгонубузга 20 жыл болсо да, азырга чейин чек арабыз такталып бүтө элек. Жакынкы жылдарда аягына чыгып, чек ара көйгөйү жок жашайбызбы?
К. Искандаров: Биз чек ара маселелери боюнча жыйырма жыл мурун эмес, 2000 - жылдан тартып гана иштей баштадык.
- Эмне себептен ?
К. Искандаров: Мурда чек ара маселелерине көңүл бурулган эмес. Өзбекстан менен 2000 - жылдан тартып, Тажикстан менен 2000 - жылдан акырынан тартып сүйлөшүүлөр башталган. Балтика өлкөлөрү, Беларусия өз алдынча мамлекет болгон учурдан баштап эле чек ара маселелерин чечип алышкан. Бизде биринчи жолу 1997 - жылы Ошто башталып, юридикалык документтер такталбагандыктан токтоп калган. Ортодо апрель окуясынан улам токтоп калган. Экинчи жолу - 2008-жылы башталып, кайра Өзбекстан бир тараптуу эле өз алдынча токтотуп койгон. Кайра 2009- жылдын башында сүйлөшүүлөр болуп, дагы токтоп калган.
Такталган аймактарды демаркациялоо маселесин кечиктирбей жүргүзүп алуубуз керек. Делимитация маселеси качан чечилет, аны азыр эч ким айта албайт? Өзбекстан менен сүйлөшүлгөн жерлерди тосууну башташыбыз керек.Тажикстан менен дагы аныкталган, такталган жерлерди тосуп алышыбыз керек. Делимитация маселеси көпкө созулуучу маселе бойдон турат.
Орусия бир тараптуу Ельциндин учурунда тосуп алып, аны эл аралык денгээлде кабыл алышкан эмес, кийин эки тараптуу кайра каралып, анан бекитилген. Бир жактуу болгондо башка мамлекеттер аны кабыл албай коёт. Ошондуктан, шашылбай, эки тараптуу, бир пикирге келип, макулдашуу жолу менен чечилсе гана кийин эч кандай проблема болбойт.
Т. Мамытов: Украина - Молдова 2004 - жылы араң аяктады. Орусия Беларусия жана башка мамлекеттер менен 2009 - жылы аяктады. Биз чек ара маселесин 10 жылга кечигип баштадык.
- Токон ага, чек ара кызматтары кызмат үстүндө болгон учурда мыйзам чегинде кандай чараларды коро алат же тургундарга кошулуп таяк жеп отура беришеби ?
Т.Мамытов: Жок. Чек ара кызматкери колуна курал алып, чек араны кайтарып жаткандан кийин ким чек араны бузуп кирип жатса, курал колдонгонго мыйзам уруксат берет. Бирок, алдын - ала асманга же бутунун алдына атып эскертүү берип, болбосо "атып салам"- деп эскертет, ошол учурдагы кырдаалга жараша иш кылат.

- Түштүктөгү чек арага кошуналар тараптан коюлган куралдуу күчтөр эки тараптуу макулдашуунун негизинде ишке ашканбы?
К.Искандаров : Мисалы Сох анклавында Өзбекстандын куралдуу күчтөрү турат. Бул эл аралык нормага туура келбейт. Ал жерге бир солдатты дагы куралы менен киргизе турган болсо, биз менен макуладашуу керек. Куралдуу күчтөрдү кармоонун ал жерде эч кандай зарылдыгы жок. Биз жанагы мыйзамга ушуларды да киргизип жатабыз. Эгерде ЖК кабыл алып берсе, аябай жакшы мыйзам болот эле.
- Чек ара коопсуздугу, социалдык көйгөйлөр жыйылып олтуруп, ички миграция күч алып жатат. Кырдаалдан чыгуунун кандай жолун көрүп турасыздар?
М.Айбалаев: Туура, токтото албайсың, процесс жүрүп жатат. Лейлектин бир -эки, Баткендин бир - эки проблемасы бар, чек арадан сырткары.Чек ара - ал биринчи орунда турат. Ошолорду чечпесе эл Чүйгө, башка жактарга көчүп кете беришет. Эл жылды дегенден кийин ал жерди тажиктер ээлеп алышат.
Лейлекте суу сактагыч курулса, 8000 - 10000 гектар жер ишке кирет. Ар бир үй - бүлөгө 1 гектардан жер берилсе эл жумуш менен камсыз болот. Аркада тажиктерден насос менен суу алабыз, алар бизге май айынан кийин беришет. Эгерде суу сактагыч ишке кирсе, Аркада эки жолу түшүм ала турган жер. Кулунду дагы суу менен камсыздалат. Тажиктерден да суу боюнча көз каранды болбойбуз. Миграция ооздукталат. Баткендин Ак - Татыр айылы менен Ак - Сай айылынын ортосунда 4,2 чакырым узундукта туннель бар. Биз Исфайрам суусунун 21 пайызын алабыз. Мыйзам боюнча 52 пайыз суу алышыбыз керек. Суунун бардыгы биздин жерде чогулат, бирок бардык сууну тажиктер алышат. Эгерде ошол туннелден 15 куб суу өткөрүп берсек, кошумча 3500 гектар жер пайда болот. Ак -Татыр, Самаркандек айылдары суулуу болушат. Бүгүнкү күндө бул айылдарга 1 куб суу өтөт. Мурда кыргыздар дүкүр кылып тарыхый каналы болгон. Аны айыл - өкмөттөр боштук кылып, тажиктерге алдырып коюшкан. Чек ара мурда ошол каналдын ары жагынан өтчү. Суу жок, Самаркандектиктердин бактары кургап жатат. Анан кантип көчпөйт башка жакка.

Алып барган
Кулмахмат Авалбеков.

Делимитация (фр) - мамлекеттик чек араны аныктап, эки тараптуу келишимдин негизинде картага түшүрүү.

Демаркация (фр) - аныкталган мамлекеттик чек араны тосуу.









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??