Чүй дарыясы чүлүктөнөбү?
Кийинки мезгилде Чүй дарыясынын кыялы бузулду. Казактар капталга сайгылап жаткансып бери качып эле жээк-жеберин жемирип, кирип келатат. Кыргыз өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Азыранкулов Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө үчүн 1 миллиард сом керектигин айтып чыкты. Бууракандаган бу дарыя Камышановка айлынын тушундагы мүрзөлөрдү жана мал көмүлгөн жерлерди жууп кетерине аз калыптыр. Муну уккан вице премьер-министр Т.Сарпашев колдон келишинче жардам берели деп кутулду.


Каптагаев
менен кара көз
Негизи биз бирөөнү жөн жерден жазбайбыз. 16-февраль күнү Бишкек шаарынын Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишине жакын жайгашкан "Классик" кафесинде президенттин кеңешчиси Эмиль Каптагаев жаш кыз менен жолугуптур. Бизге маалымдаган адамдардын айтымында Каптагаев ал жерге B0470Y мамлекеттик номери бар кара түстөгү лексус машинеси менен эртең мененки саат 9: 30 чамасында келип, кайра 12:50дө чыгып кеткен. Ал кафенин төр жагында көпчүлүктөн далдараак жерге отурган. Жанындагы кыз чачы жазылган, кара түстөгү баллоновой куртка кийген, болжолу менен 25 чамасында. Ал эми Эмил Саламатович болсо башында кара тумак, үстүндө кара көгүш пальто кийип алыптыр.
Эми Каптагаев кайсы жерде ким менен жолукса өзү билет деңизчи. Бирок мамлекеттин тагдырын калчап турган адамдардын бири ушинтип көпчүлүктүн көзүнчө эле өзүнүн кызындай болгон бирөөнү жандап жүрсө, көргөндөр кызыктай абалда калат экен, таңгөрү десе. Демейде "ушакты жазасыңар, мен силерди окубайм. Силерге 20 сом короткон да жалко" деп бизге догурунуп басып жүргөн Каптагаев бул маалыматты эр болсо танып көрсүн! Андан кийин анын башка жердеги жолугушууларын дагы жарыялаганга даярбыз. Албетте далил менен.


"Гүбүрнатыр" менен орун басар омуроолошуп…
Жарандык коргонуу боюнча өткөн жыйында өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Азыранкулов менен Айыл чарба министринин орун басары Акылбек Жумалиев экөө айтыша кетти. А.Жумалиев: "Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаменти тарабынан американын ак көпөлөгүнө каршы бир нече миң гектар жерге дары чачылды" дей баштады эле Айбек Азыранкулов: "силер Чүйдүн бир дагы акими менен макулдашкан жоксуңар, ошондой эле чачканыңарды да эч ким көргөн жок" деп оозун жап кылды. Бирок, орун басар да оңой эмес көрүнөт, "жыйын бүткөндөн кийин отчетумду көргөзөм" деп оңураңдады.


"Талаптарыбыз аткарылбаса, массалык акцияга чыгабыз!"
15-февралда, "Достук" мейманканасынын конференц залында "Кыргызстандын бириккен прогрессивдүү күчтөрү" "Парламент таркасын!" деген темада тегерек стол өткөрүштү. Ага Мирослав Ниязов, Алманбет Матубраимов, Бекбосун Бөрүбашев жана Талас, Баткен, Сокулуктан келген жаштар катышты. Алар азыркы бийликке, өкмөткө, ЖК депуаттарына саясий баа беришти. Алардын айтымына таянсак, алар эч кандай кызыкчылыкты көздөшпөйт, башкы максаты - социалдык маселелерге көңүлдү бурдуртуу, элдин үнүн угуп, маселесин чечип берүү. "Эл депутаты элдин көйгөйүн чечпесе, парламент тарасын" дешет. Келээрки сандан ким эмне деп айтканын окуй аласыздар.


Абдулланын аялы абактан чыкты
Кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салып, бакандай партиянын баш оорусуна айланган Абдулла Юсупов деген "кыраан" бар. Анын аялы Рано Жоробаева да "көз боёмочулук" деген айып менен камакка алынган. Анткени, Абдулла Юсуповдун оозунан талап-тоноочулукка "Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын тийешеси барларынын аттары чыгып кеткенден кийин көп өтпөй Бакыт аттуу адам: " мага шаардан жер алып бермекчи болуп 18 миң доллар алдап алган" деп Рано Жоробаеванын жана Абдулла Юсуповдун үстүнөн арыз жазган. Бул кылмыш оор болбосо да, анын үстүнө алардын беш жаштагы кичине баласы бар экенин эске алынбай Жоробаева камакка алынган эле. Бирок, 16-февраль күнү үй камагына бошотулду.


Эл сүйүшсө, бул сабап...
Татарстанда иштеп-жашап жүргөн Кыргызстандын жараны абакка алынды. Көрсө, башка элдер сүйүшкөндөрдүн күнүндө сүйгөнүн куттуктап сүйүү балын татып жүрсө, биздин эргул сүйгөн кызын тоноп, кылтакка илиниптир. Айтымында, тиги кызды жакшы эле жолугушууга чакырып, белгиленген жерден кезигишип, ишти дурус эле баштаганы менен кызын таарынтып алып, анысы кетип калыптыр. Анан биздин "намыскөй" берен артынан барып, кызга кол көтөрүп, телефонун тартып алып, кыйратып койгонсуп кыңылдап ырдап келатканда, тиги кыз милицияга айтып койгон экен, "тиякка барып ырдайсың" деп кармап кетиптир. Ошону менен сүйгөнү көздөн учуп, абакта жатат.


Жарыяланганга кайрылабыз
Толук жана объективдүү изилденүүдө
"Алиби" гезитинин 2013-жылдын 29-январындагы №4-санына К.Мамыркулованын "10-башкармалык кытайды "узатып жиберди", бизнесичи?" деген темадагы макаласы жарык көргөн. Анда өз мекенинде адам өлтүрүү фактысы менен айыпталып, Кыргызстанда жашап жүргөн Хуанг Гонг Хуа аттуу кытай жараны мыйзам бузуу менен экстрадициялангандыгы тууралуу айтылган. Аталган макаладагы фактылар боюнча Башкы прокуратурадан жооп келди.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 2013-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине жана башка адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштардын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 19-беренесине ылайык, кылмыш иши боюнча жагдайлар ар тараптуу, толук жана обьективдүү изилденүүдө.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 173-беренесинин талабына ылайык, тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын башчысы Ж. Салиев