Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Хыйлуңжандык кыргыздар жана Манас

Кытайдын Ыраакы Чыгышында Хыйлуңжан деген провинция бар. Картадан Харбин шаарын тапсаңыз, Хыйлуңжанды тапканыңыз. Ким ойлоптур, мына ошол жакта да кыргыздар өз алдынча айыл болуп жашайт деп. Ким ойлоптур, ошол жактагы кыргыздар дээрлик эне тилин жоготуп, кытай тилинде сүйлөшүп, кытай болуп кетсе да, жүрөгү Манас деп согоорун. Эгемендүүлүк алгандан кийин гана алардын дарегин угуп, бирин-экин замандаштарыбыз ошол Ыраакы Чыгыш кыргыздарынын турмуш-тиричилигин көрүп келген соң, алар туурасында гезит беттерине чакан макалаларды жарыялашкан.

"XX кылымдын 30 - жылдарына чейин биздин ата-бабаларыбыз өздөрүнүн кыргыз экенин жашырышып, манжубуз деп келишкен. 30-жылдары япондук милитаристтер биздин жерди басып алгандан кийин эл каттоо жүргүзүлүп, бизди "силер кыргызсыңар, кайдагы "манжубуз" дейсиңер, үрп-адатыңар, салтыңар, жашоо-тиричилигиңер, сүйлөгөн тилиңер кыргыздыкы эле болуп турбайбы. Силер кыргызсыңар!" деп так кесе айтышкандан кийин гана "кыргызбыз" деп калыптырбыз. Бирок, япондорду айдап чыккандан кийин кайра эле баягы кейпибизди кийип, кыргыздыгыбызды жашырып калган экенбиз. 60-жылдардан кийин гана Кытай коммунисттик партиясынын тапшырмасы менен эл каттоо жүргүзүлүп бизди "жыржыз" (кыргыз) деп катташкан. Кийин, 1979-жылдагы эл каттоодон тарта бизди Кызыл-Суулук кыргыздардай эле "кырыгыз" деп катташты. Ага чейин, силердегидей, Ала-Тоо кыргыздарындай "жыржыз" (кыргыз) деп катталган элек - дейт Хыйлуңжан кыргыздарынын башчысы У Жан Жу мырза.
- Силердин ата-бабаларыңар Алтайдан Батышты карай көчсө, биздин бабаларыбыз Чыгышты көздөп кетишиптир. Кытайдын архивдерин казып отуруп, качан, канча адам кеткенин тактадык. 1733-жылы 28-апрель күнү Энесай боюнан 273 адам козголуп, 2-августта ошол кездеги Хыйлуңжандын борбору болгон Чичихар шаарына келишиптир. Чичихардын өкмөтү келгиндерди үчкө бөлүп, Чичихар, Айхуй жана Мылгун деген жерлерге жайгаштырган экен. Ошол кездеги бийлик бабаларыбызга "өзүңөрдү кыргызбыз деп атабайсыңар, моңгулбуз, манжубуз дейсиңер" деген талапты коюшуптур. Азыр Айхуй менен Мылгынга отурукташкан кыргыздардан дайын жок. Алар жергиликтүү элге сиңип кетишсе керек, - дейт менин маектешим У Жан Жу мырза.
Бүгүнкү күндө, Чичихарга бөлүнгөн 116 кыргыз көбөйүп отуруп бир жарым миңге жетиптир. Өздөрүн Фуилик кыргыздарбыз деген ушул менин маектешим: "Жүсүп Мамайдын "Манас" эпосун ханзу тилинен окугандан кийин биз улуу элдин урпагы экенибизге сыймыктанып, чогулуп алып атайын жыйын өткөрдүк. Эми бизден манасчы чыкпай калды, бирок, канткен күндө деле биз кийинки муундарыбызга Манас атабызды таанытышыбыз керек деген чечимге келдик. Бизде "Манастын" оозеки айтымы жок болсо да, анын монументалдуу түрүн жараталы деп пландаштырып, долбоорубузду жергиликтүү бийликтерге сунуштасак, 20 миллион юань бөлүп берди. Ал каражатка момундай Манас лагерин жасадык, - дейт Фуи кыргызы У Жан Жу.
"Мага айрым адамдар "Манас-тын силерге кандай тиешеси бар?"- деп суроо узатып калышат,- дейт маектешим. Мен аларга мындай жооп берем: "Мен кыргыздын баласы болгондон кийин сөзсүз Манастын урпагымын. Манас Кыргызстанда же Кызыл-Сууда жашаган гана кыргыздардын атасы болбостон, менин да атам. Андыктан биз өз тарыхыбызды аздектешибиз керек. Бизге чейинки ата-бабаларыбыз Манасты жоготуп алса, биз аны кайрадан таап алдык. Бизди эл катары кармаган ушул Манастын күчү" - дейм. Тигил мага суроо салгандар ошону менен унчугушпай калышат. Бүгүнкү күндө улан-кыздарыбыз "Манастын" кытайча которулган вариантын жатташып, кытайча "Манас" айтышат. Жыл сайын 2- август күнү, бул күн биздин бабаларыбыздын Хыйлуңжанга келген күнү, ушул "Манас лагеринде" манасчылардын конкурсун өткөрөбүз. Бул бир керемет майрам болуп калды. 2- август күнү келип, биздин ушул майрамыбызды тартып кетсеңиз да болот. Кыргызстандагы манасчылардан ала келсеңиз, абдан жакшы болор эле. Биздин жаштарыбыз, деги эле адамдарыбыз чыныгы манасчыларды угуп, өз көздөрү менен көрүшсө, биздин кыргыздыгыбызга дагы бир дем кошулаар эле. Бүгүн эне тилибизде сүйлөй алган онго жетпеген гана карыларыбыз калды. Күнүмдүк турмушубуз кытай тилинде болгондуктан, эне тилибиз жоголуп отуруп чегине жетип калган. Бир карыя энебиз кыргызча ырдай алат, бирөө так сүйлөй алат, калгандары эптеп жүзгө чейин санашат. Мен өзүм эне тилимде жыйырмага чейин гана санаганды билем. Эми кийинки жаштарыбыз кыргыз тилин өздөштүрүшү үчүн аракеттенүүдөбүз. Жаштардын кыргыз тилине болгон кызыгуусун ушул "Манас лагери" аркылуу ойготсок деген тилегим бар",- дейт У Жан Жу мырза.
Хыйлуңжандык кыргыздар өздөрү жашаган айылын "Манас айылы" деп атап, айылдагы көчөлөрдү "Манас" эпопеясындагы башкы каармандардын аттары менен аташкан: Бакай көчөсү, Кошой көчөсү, Акбалта көчөсү, Семетей көчөсү, Сейтек көчөсү, Кененим көчөсү дешип. Узундугу 360 метр келген "Манас коридорун" түзүшкөн. Бул коридордун ар бир түркүгүнүн үстүндө Энесайдан көчкөн кыргыздардын элестери, жашоосу чагылдырылган сүрөттөр тартылган. "Манас коридорунун" оң тарабында Манас атабыздын сегиз урпагынын бюсттары коюлган. Сол тарабында Жүсүп Мамайдын айтуусундагы Манастын ар-бир урпагына тиешелүү болгон китептин ачылып турган бетинин айкели орнотулган. Бул китеп бетинен ошол баатыр тууралуу маалымат алууга болот. Баш жагында комуз чертип, Манас айтып отурган Жүсүп Мамайдын айкели, анын каршысында "Манас" китебинин айкели тургузулган.
"Сиздер айлап "Манас" айттырып уксаңыздар, биз бир сааттын ичинде Манас атабыздын ким болгондугун, анын баатыр урпактарынын таржымалын келген кишиге түшүндүрө алабыз, - дейт У Жан Жу. СУАРда болгонунда ал жердеги кыргыздар ага Табын Турсун деген ат беришиптир.
Куда кааласа, быйылкы жылдын август айынын башында Хыйлуңжанга сапар алалы деп турабыз. Биздин телевизиондук тобубузга алыстагы жакыныбыз - У Жан Жу мырзанын өтүнүчү боюнча манасчы жана комузда кол ойноткон чеберлерден да кошолу деген ойдобуз.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??