Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Ата-бабалардын конушу суу астында калды...
Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна байланыштуу Токтогул районундагы "Эл камынын ордосу - Камбар-Ата" коомдук бирикмесинин
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Ш.Жээнбековго,
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге

Кайрылуусу

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Урматтуу Асылбек Шарипович!
Урматтуу Жантөрө Жолдошевич!

Токтогул жергесинин өзүнчө көөнөргүс тарыхы бар, санжыралуу жер экенин Сиздер жакшы билесиздер. Илгертен эле бул жерде акылман карылар менен акылы курч жаштар элибиздин турмуш туткасы болуп келишкен. Кетмен-Төбөлүктөр чыдамдуу, сабырдуу, туруктуу жана чынчыл келишет. Бул - өрөөнүбүздүн республиканын тең ортосунда жайгашкандыгынан болсо керек.
Бирок, учурдун талабына ылайык, базар мамилесинин шартында мамлекеттик жана дүйнөлүк мыйзамдардын талабына ылайык граждандык укугубуздун, "Артыкчылык статусубуздун" негизинде талап кылабыз.
Көл алдында 33 миң гектар, анын ичинен 12,5 миң гектар сугат жерибиз калган. Кыргыз Өкмөтүнүн токтомунда 12,4 миң гектар жер өздөштүрүлүп, сугатка айландырылмак. Биздин райондун эсебинен 5200 гектар жер Ош областынын Бүргөндү массивинен өздөштүрүлүп, сугатка айландырылган...
Ырас, атайын чыгарылган мыйзамдын негизинде 1996-жылдын 23-декабрында Өкмөттүн №167 токтому чыккан. Андан кийин, 1997-жылы 11-сентябрда 520-токтом кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин алдында "Атайын фонд" уюштурулуп, жыл сайын 16,8 миллион рубль Токтогул районунун тарткан зыяндарын толуктоого жумшалмакчы болгон.
Тилекке каршы, министрлик өзү берген убададан тайып, Көк-Талаа, Кара-Жыгач, Чолпон-Ата, Боз-Тектир, жаңы-Арык, Кара-Күңгөй, Кайрак, Кызыл-Жар, Коңур-Өгүз каналдарынын курулушу ушул кезге чейин бүткөрүлгөн жок.
Токтогул суу сактагычы, Токтогул ГЭСи курулуп жатканда Кыргыз бийлиги суу алдында калган 33 миң гектар жердин жана суу алдында калган 26 элдүү пункттун ордуна 14 шаар тибиндеги поселок куруп берүүгө бекем убада берген. Анын ичинен жалгыз Токтогул шаарчасы да толук бүткөрүлгөн жок, курула турган 81 суу чарба курулуш обьектисинин 64ү курулбай калды. Токтогул шаарчасында экинчи кезектеги суу түтүктөрүн куруу четке кагылган, көчөлөр асфальтталбаган, кыскасы элдин жашоосуна толук шарттар түзүлбөгөн, экологиялык жактан зыяндар ордуна келтирилбеген.
Андан кийинки 2003-жылы февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү райондун эли тарткан зыянды эсептеп көрүп, №27 токтомун кошумчалаган. Натыйжада, мамлекет тарабынан чегерилген 43 миллион сом менен бүгүнкү күндүн шартында жаңы суу курулуш же жаңы социалдык обьектилерди курууга такыр эле мүмкүн эмес. Учурда жаңы мектеп кеминде 100 миллион сомго курулаарын кимдер билбейт? Токтогул шаарчасынан эле алтынчы кичи микрорайонго курула турган шаар тибиндеги мектеп, балдар бакчасы, поликлиника курулбай калды. Ушундан улам жер-жерлердеги жаңы курула турган 13 элдүү пункттардын абалы жөнүндө сөз кылуунун кереги барбы?
Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Урматтуу Асылбек Шарипович!
Урматтуу Жантөрө Жодошевич!
Кыргыз Өкмөтү Токтогул районунун элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой токтомдорду кабыл алган. Токтогул ГЭСи 1975-жылы 14-январдан баштап ишке киришкен. Жүйөөлүү далилдерге токтолсок, 1982-жылы эле ГЭС курууга жумшалган чыгымын актап койгону маалым. Ушул кезге чейин токтогулдуктар "Артыкчылык статусунун" талабына ылайык жеңилдиктерди албай келет. Жеңилдик деп берилген 150 киловатт саат электр энергиясы үчүн 4,5 тыйындан төлөгөнүбүз токтогулдуктарды алдоо же алаксытуу деп билебиз.
Биз, нарын каскаддарынын ири объектилеринен болгон Токтогул районунун аймагында жайгашкан Токтогул, Күрп-Сай, Камбар-Ата 1-2 ГЭСтери менен суу сактагычтарын куруудан улам жерибиз тарып, жашоонун негизги булагынан бөксөрүп жаткандыгын белгилегибиз келет.
Бул ГЭСтердин курулушунда токтогулдуктардын эбегейсиз зор салымдары бар. Биздин элибиз ушул суу сактагыч, ГЭСтер үчүн нечендеген гектар жайыттарын, турак жайларын, өсүп турган бак-дарактарын, мал кыштоолорун, кара топурактуу асыл жерлерин, жада калса ата-бабасынын түбөлүк жайларын суу алдында калтырышып, боз топурактуу, кум-таштуу, суусуз жерлерге там салып жашоого аргасыз болушкан.
Биз мына ушундай оор жашоого өмүр бою электр энергиясын, электр жылыткычтарын бекер пайдаланат экенбиз деп суу түбүнө үй-жайларыбызды калтырганбыз, бизди Кыргызстандын башка бир дагы райондоруна салыштырууга такыр мүмкүн эмес. Бизден башка кимдер ата-бабаларынын сөөктөрүн жүрөктөрүн сыздатып, казып көчүрүп кетиптир?

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Урматтуу Асылбек Шарипович!
Урматтуу Жантөрө Жолдошевич!
Жогорудагыдай жагдайларды эске алып, биздин райондун элин жапа чеккен эл катары эсептеп, мыйзам алдындагы "Артыкчылык статусубузду" эске алып, электр энергиясын бекер пайдаланууну талап кылабыз.
Эми Камбар-Ата 1-2 ГЭСтери курулса, анда 5-6 куб суу сакталат. Суу тосмодон улам токтогулдуктар 10 миңдеген гектар айдоо, жайыт, кыштоо жерлеринен дагы ажырайт. Толук, Торкен, Ничке-Сай, Кызыл-Өзгөрүш айылдарынын мал кыштай турган жайыттары суу алдында калат.
Тарыхка кайрылсак, Кетмен-Төбө өрөөнүнүн эли отурукташкан жеринен бир эмес, үч ирет көчүп чыгууга аргасыз болушкан. 1946-жылы болгон катуу зилзалада, 1968-69-жылдардагы Токтогул суу сактагычынын жана Токтогул ГЭСинин курулушунда, ошондой эле 1992-жылдагы жер титирөөдө тоо таянып, какыраган кумга көчүоүлгөн. Ал кезде 30 миң калк жашаса, азыр анын саны 90 миңден ашты. Райондун тургундарынын үлүш жерлери өтө аз, элдин саны жыл сайын өсүүдө, "алардын келечеги эмне болот?"- деген мыйзамдуу суроо жаралууда.
Албетте, биз элди көтөрүп, Камбар-Ата-1 ГЭСин курдурбай коёлу деген максатыбыз жок. Камбар-Ата ГЭСтери Кыргызстандын келечеги үчүн керек. Ошондой болсо да эң алгач өрөөндүн элинин абалы эске алынууга тийиш. Ошондуктан:
1.Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштаар алдында Кыргыз Өкмөтү райондун аймагында өкмөттүк деңгээлде комиссия түзүп, ГЭС элге канча пайда, канча зыян алып келээрин аныктоону талап кылабыз.
2.Камбар-Ата ГЭСинин курулуш техникалык-экономикалык негиздөөдө Токтогул районунун социалдык өнүгүүсүн эске алган атайын бөлүм киргизилишин, муну тийиштүү ведомстволордун пландоосун өтүнөбүз.
3.Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин, жыл сайын өндүрүлгөн товардын 10 пайызын үлүш катары Токтогул районуна берилип турушун долбоорго киргизүүнү сунуштайбыз.

Кайрылуу Токтогул районунун элинин жалпы жыйынында жактырылды.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??