Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Башкы
прокуратура
Текебаевдин
заказын
аткарып
жатабы?

Өткөн жылдын 14-ноябрында ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Кубат Норузбаев "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбековдордун 2010-жылдын 7-апрелинен кийин мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына байланышкан офистердеги талап-тоноочулукка тиешеси жок экенин жарыялап, атайын бүтүм да чыгарган. Бул маселе талап-тоноочулук боюнча жетиштүү маалыматы бар депутаттарды жана коомчулукту нааразы кылып, анын негизинде парламент атайын мекемелер аралык комиссия түзүп, ишти өз көзөмөлүнө алган. Арадан бир нече ай өтүп, бул иштин арты сууганын байкаган Башкы прокуратура дагы ИИМдин бүтүмүн ошол боюнча алып, парламентке жөнөттү.


Эске сала кетсек, парламенттеги "Республика" фракциясы өз отурумдарынын биринде чуулгандуу 7-апрель окуяларынан кийин талап-тоноочулукка катышкан Абдулла Юсуповдун интервьюсун жарыя кылып, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын офистеринде кандайча жана ким менен чогуу барганын, кимдин буйругун аткарганын айтып, "Ата Мекендин" депутаттары Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбековдор ага буйрук берип, кай бир учурда телефон аркылуу буйрук бергенин, Райкан Төлөгөнов менен көп жерлерге чогуу барганын айткан эле. анын көрсөтмөсүнүн негизинде атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. аталган комиссия дагы өз корутундусун кечээ гана чыгарган. Бул корутунду дагы парламенттин 6-февралдагы жыйынында каралат.

Төмөндө ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын корутундусунун айрым жерлеринен үзүндү:

Искендер Бакиевдин Москва көчөсүндөгү №56 үйүндө жайганкан офиси боюнча:

Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсүнө ылайык, бул офисти алар Райкан Төлөгөнов менен бирге басып алышкандыгы, ал жерде өздөрүн мамлекеттик күзөт кызматынын адамдары деп тааныштырган 6-8 адам болгону, ошондой эле бул жактан ок атылуучу куралдар, сейфтеги документтер алынып чыккандыгы айтылган. Бул боюнча Бишкек УМСинин башкы адиси Темиров суракка алынып, бул офис эч ким жашабаган имарат катары 1995-жылы УМСтин карамагына өткөрүлүп, 2008-жылы Бишкек шаар кеңешинин атайын комиссиясынын чечими менен Э. Абдыразаковго а дегенде арендага берилип, акырындап сатылып алына турган келишим менен берилген.
Бул боюнча биз Абдыразаковду дагы суракка алып, ал 2008-жылы бул имаратты арендага алып, акырындык менен сатып алып, андан кийин Урматбек Бакиевге саткандыгын айтты.
Урматбек Бакиев болсо тергөөдө экс-президент Курманбек Бакиевдерге эч кандай тиешеси жоктугун айтып, ошондой эле алар менен фамилиясы окшош экендигин жана айылдаш экендигин баса белгилеген. Ал бул имаратты 2009-жылы алып, Искендер Бакиевге арендага берип жүргөндүгүн айткан. 2010-жылдын апрель айындагы тополоңдо ал Жалал-Абадда болгонун, кайра кайтып келгенде анын офисинде элдик кошуундун балдары жүргөндүгүн, алар аны кармап Туратбек Мадылбековго жеткиришкенин, ал жерден дагы Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тиешеси жоктугун айтканын баса белгилеген.

Муса Төлөгөнов Чүй облустук прокуратурасынын ичинде Абдулла Юсуповдун денесине оор жаракат келтиргендиги тууралуу факт боюнча:

Бул факт боюнча Абдулла Юсупов суракка алынып, Чүй обл-прокуратурасынын имаратында тергөө маалында Муса Төлөгөнов Чүй ИИБ СОБРдун балдарынын катышуусунда аны сабагандыгын айткан. Суракка алынган Чүй обл-прокуратурасынын тергөөчүсү А. Абдыкалыков көрсөтмө берип, 2012-жылдын 20-январында Райкан Төлөгөнов менен Абдулла Юсуповду көздөштүрүү учурунда облпрокурордун орун басарынын чакыруусу менен кабинетинен чыгып кеткенин жана кайра келгенде Муса Төлөгөнов кабинетти жарып кирип кеткенин, Абдулла Юсуповду тумшукка урганын билип калганын айткан. Ошону менен катар Юсупов жана анын адвокаты Абдиев соттук-медициналык экспертиза өткөрүүгө арыз жазуудан баш тартышкандыгын айтып берген.
Ошондой эле Мураталы ажы Жумановдун муфтийлик кызматтан бошотулушуна Эмиль Каптагаевдин тиешеси жок экендиги дагы тиешелүү күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен тастыкталгандыгы жазылат корутундуда. Мындан тышкары А. Юсупов камалып турганда №1 СИЗОго Райкан Төлөгөнов тарабынан белгисиз адамдар жиберилгендиги жана Мадылбеков өзү барып аны коркуткандыгы боюнча фактыны дагы жокко чыгарышкан. Мындан тышкары Бакиевдин жакындарына тиешелүү офистер тонолгондугу боюнча Абдулла Юсуповдун көрсөтмөлөрү дагы бүтүн бойдон жокко чыгарылып, ал имараттар "тонолгон эмес" деп жазылат корутундуда.
Ошондой эле 7-апрелден 8ине караган түнү Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков, Муса Төлөгөновдордун Абдулла Юсуповдор менен жана өз ара телефон сүйлөшүүлөрү аларды бул талап-тоноочулукка тиешеси бардыгын далилдегенге жетиштүү далил боло албайт деген бүтүмгө келишкен.
Кыскасы ушундай. Ондогон эпизоддон турган бул кылмыш иште жогорудагы депутаттардын бир канча жерде тиешеси бар экендиги ачык айтылса дагы, алардын бири дагы "далилденген" жок деген ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын бул корутундусуна ишенүүгө болобу? Ал эми парламенттин атайын комиссиясынын кечээ жакында болуп өткөн жыйынында комиссия мүчөлөрүнүн тең жарымынан көбү Абдулла Юсуповдун жана анын шериктештеринин көрсөтмөсүнүн басымдуу бөлүгү далилденгендигин тастыкташып, атайын корутундуга кол коюшкан. Ал эми Башкы прокуратура ошол эле ИИМдин корутундусун толук бойдон парламентке жиберип кутулду. Калган чындык кудайдын колунда жана депутаттардын аракетинде деп, жыйынтыкты күтө туралы.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??