Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

3-макала
САДЫР
ЖАПАРОВДУН
АРТЫНАН
САМСААЛАШТЫ

Урматтуу окурман, мурунку макалаларыбызда "Кумтөрдүн" экологиябызга келтирип жаткан зыяны жөнүндө учкай айткандай болдук эле, бул ирет ага толугураак токтололу.

Садыр Жапаровдун комиссиясы даана белгилегендей "Кумтөрдө" экологиялык нормалар кенедей да сакталбайт экен, ага көзөмөл кылууга бүтүндөй мамлекеттин да шаасы жетпейт тура! Биздикиндей мамлекетти ким көрүптүр: биринчиден, өз жериндеги алтынга ээ боло албай өңгөлөргө алдатып жатканы мыйзамдаштырылып да калган. Экинчиден, "кенди казууну эл аралык стандарты менен жүргүз, экологиябызга зыян келтирчү болбо" деп канадалыктарга сөөмөй кезей албаган мамлекет эмне деген мамлекет, мамлекетпи деги?! Канадалыктарың биздин жамандыгыбызды, биздин жетекчилердин алдым-жуттумдугун билип алып, кээ бир чиновниктерибиздин абийирсиз, наадан экендигин көрүшүп, алардын оозун доллар менен басып, көзүнө ошол эле доллардан чаптап турушпайбы. Канадалыгың кыйын калк экен, өзүн өзү билип, өтүгүн биздин төргө гана эмес, кулагыбызга да илип турбайбы! Аларга биздин чиновниктер гана эмес, окумуштууларыбыз да алданып турат экен, албетте, акчанын күчү менен. Жапаровдун комиссиясы төмөндөгүдөй көрүнүштү чукуп чыкканы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын докторлорубуз деп Рубцова, Давлетбаков, Чернявская дегендер канадалыктар алып келип берген жан-жаныбарларды жана топуракты текшерүүдөн өткөзүп "таптаза" деген чечим чыгарып беришкен. Окумуштуумун дегендердин бири дагы кен тарапка басып барган эмес. Баарынан кызыгы, Рубцова дегени биология илимдеринин доктору эмес, айыл чарба илимдеринин кандидаты экен, Чернявская дегени лаборант, 1-курстун студенти экен, ал эми Давлетбакову доктор эмес, кандидат экен. Булар Академияга башкача отчет, "Кумтөргө" башкача отчет беришкен, акчаны түздөн-түз "Кумтөрдөн" алышкан. Аталгандар эч кандай жооп беришкен жок, алган акчасына тоюнбай, дагы да "текшерип берсек" деп жутунуп турушса керек.
Кенди иштетүүдөн калган уу заттарды сактоочу жайдын алдына атайын пленка төшөлүшү керек. Антпесе, уу заттар жерге сиңип отуруп, туш-тушка тарай берет, сууга кошулса андан мал-жан ичет, анан зыяны өлчөөсүз да. Муну беш колундай билген канадалыктарың, ошол уу калдыктарын сактоочу жайдын жээк жагынан 100 метрдей эле жерге пленка салып, калганына салган эмес. Демек, жерге ээн-эркин сиңген уу заттар акырын барып Нарын дарыясына кошулуп, андан ары Нарын, Ош облус элдерине, аяк жагы өзбек кошуналарга чейин жетет. Ошол уу калдыктары сакталчу дамбаны курганда эле туура эмес иштер жасалыптыр.
Курамында баалуу металлдар жок тоо тектерин төгүү үчүн атайын жер даярдалган эмес, ошондон улам андай тектер түбөлүктүү мөңгү делген жерге ташылып төгүлөт экен. Бул дагы өтө чоң кылмыш, анткени, миңдеген жылдары жаткан мөңгүлөр төгүлгөн тоо тектеринин таасири аркасында эригенин тездетет, ал экологияга жаман таасирин тийгизет деген кеп.
"Кумтөрдүн" калдыктарын төгүш үчүн атайын, технологиясын сактап курулган жайлар жана полигондор жок. Анан калса уулуу делген заттар менен бирге уусуз заттар да чогуу эле көмүлүп жатат. Компаниянын Бишкектеги башкы офисинен, Балыкчыдагы ортомчу базасынан, Караколдон, Барскоондон чыккан бардык химиялык жана башка таштанды заттар контейнерлерге жүктөлүп барып, кен чыккан жердеги музга төгүлүп жаткандарын Жапаровдун комиссиясындагылар көрүп келишкен. Акыр-чикир төгүлгөн ошол жерлер оюлуп төмөн түшүп баратыптыр.
Экологиябызга келтирип жаткан зыянды жаап-жашыруунун негизинде компания өз отчетторун жалган түзүшөт, баары ойдогудай болуп жатканын окуйсуң ошол отчеттордон. Аларды биздин өкмөт кайдан текшермек.
Петров көлү деген бар эмеспи, мына ошондон беш чакырымдай ылдыйда уу калдыктар сакталчу жай бар. Эгерде кандайдыр бир кырсык болуп, көлдүн бир жери жырылып кетсе, анда андан аккан суу тиги уу калдыктарын кошо агызып түз эле Нарын дайрага барып куят. "Кумтөргө" байланыштуу экологиябыз күн санап эмес, саат санап бузулуп жатканын азыр бийлик тарап жашыра албай калды. Анткени, ал зыянды жаап-жашырууга таптакыр болбой калды, келип жаткан зыян аябагандай зор көлөмдө, өлчөмдө болуп жатпайбы. Ошонун баарын Жапаровдун комиссиясы жалпы журтка жарыялап салбадыбы, болбосо, "Кумтөр" "кыздын баласындай" эле татына иштеп жатат деген баа менен кете бермек.
Билесиздер, аз мурун өкмөттүк комиссия "Кумтөрдө" болуп жаткан иштерди иликтеп келди, анан парламент трибунасынан ал изилдөөлөрүн баяндап берди. Мына ошол баян менен алганда деле аябагандай чоң зыян келирилип жатканын көрсө болот. Албетте, өкмөт комиссиясы Садыр Жапаровдун комиссиясы иликтеген бардык мыйзам бузууларды ачыкка чыгарбаганы белгилүү эмеспи.
Канада мамлекети биз билгенден экологиясына мыкты көз салган мамлекеттердин бири. Аларда эч качан экологияга зыян келтирчү ишканалар иштетилбейт, токою боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлесе да ар бир карагайын аяп турганын айт. Көлдөрүн, сууларын биздин Нарынга окшоп булгабайт. Анда эмне ошол канадалыктарың биздин жердин тамтыгын чыгарып жатат? Анткени, биринчиден, эч ким, эч качан башка жерди өз жериндей сактабайт, бөпөлөбөйт, экинчиден, кен иштеткен жерде "экологияны сактайм" деген кеп аябагандай чоң каражат коротуу деген кеп, демек, канадалыктар, каражаттан үнөмдөйт, маселен, жанагинтип пленкаларын аяп коюп жатат, үчүнчүдөн, канадалыктарың акчадан башканы ойлобогон биздин чиновниктердин сырын жакшы билип алып, бир нерсе болсо акчанын күчү менен басып коет. Минтип санап отурсак канадалыктардын бизди тоготпогондугунун себеби көп эле бар. Тамак-ашты сатып алганда алардын баасын ашыра-ашыра жазып жатканын карабайсызбы! Ал жагдайдан да миллиондогон долларларды жейт.
Садыр Жапаров комиссия түзгөндөн мурун эле, анан комиссия түзүп изилдеп чыккандан кийин деле какшап жатпайбы, "биз канадалыктарга аябай алдатып жатабыз ошону кайтаралы, алар менен туура эмес келишим түзүп, пара алгандарды жазалайлы" деп. Өкмөттүн комиссиясы да алдатып жатканды айтты, күнөөлүүлөрдү айтты. Бирок, эч ким буга чейин жооп бере элек, биздин оюбузча комиссиянын чечиминен кийин деле жооп бербейт. Анткени, баарын басып койчу кудурет бар - акча деген, ал канадалыктарда кенен.
Өткөндө учкай айтсак керек эле, Садыр Жапаровдор "Кумтөрдүн" маселесин жаап-жашырбай картадай жайып салгандан кийин, айласы түгөнгөн өкмөт анын артынан барып изилдеген болуп келбедиби. Комиссия жетечиси Темир Сариев корутунду кебин айтып жатканда Жогорку Кеңеш депутаты Бөдөш Мамырова: "Силер түштөн кийин төшүңөрдү какпай эле койгула. Баарын мурун эле Садыр Жапаровдун комиссиясы изилдеп келген" дебедиби. Туура айтты да. Каражат коротуп, намыстанып отурбай эле өкмөт Жапаровдун иликтөөлөрүн колдонмо курал кылып "Кумтөргө" болгон мамилесин билдириш керек болчу...
Мейли дейли, өздөрүнчө барып изилдеп келишти. Эми жок дегенде тыянакта айтылган, аныкталган күнөөлүү деп саналган А.Акаев, Т.Чынгышев, К.Бакиев, К.Кудайбергенов, А.Жапаров, М.Бакиев ж.б. жооп бериши керек эле да. Ошону менен бирге азыр бийликте отурган Алмазбек Атамбаев менен Аида Салянова да жооп берүүгө тийиш. Анткени, 2009-жылы декабрда Адилет министри болуп иштеп турган Аида Салянова "Кумтөрдүн" 1,5 миллиард сом салыгын "төлөбөй койсоңор деле болот" деп кенендик кылып жол ачып бергенде, Данияр Үсөновдун өкмөтү ал чечимди 15-декабрда тыпыйтып бекитип берген. Ошол документке Аалы Карашев, Акылбек Жапаров, Арзыбек Кожошев, Тажикан Калимбетова, Аида Салянова сыяктуу чиновниктер кол коюп беришкен.
Былтыркы жылы 3-октябрдагы болгон митингде Садыр Жапаров төмөндөгүнү айткан: "2011-жылы Атамбаев премьер-министр болуп турганда "Кумтөр Оперейтинг Компаниден" Кыргызстандын пайдасына келип түшкөн 30 млн сом дивидендди Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн деп ошол жерде калтырып, андан ары Осмонбек Артыкбаев экөө чыгарып кетишкен. Биз бул акчанын изин кууп барганыбызда, кайсы бир кен байлык чыккан жерди изилдөө иштерине жумшалды дешет. Бирок, ал кен байлык чыккан жер СССР мезгилинде эле изилденип бүткөн экен. Мындан сырткары Атамбаев Бакиевдин премьер-министри болуп турганда 2007-жылы 27-августта "Иштамберди" алтын кенин кытайлык "Фулл Голд Майнинг" аттуу компаниясына берип жиберген. Ал жерде 4 млрд доллардын 80 тонна алтыны бар, Атамбаев болсо болгону 40 млн долларга берген".
Ошентип, эркиндик алган кийинки үч бийлик тең "Кумтөрдү"- канадалыктарды эркелетип, өздөрү тоюнуп келишти. Эми кеч болсо да "Кумтөргө" алдатканыбызды тык токтотуп, элибиздин ырыскысын, элибиздин өзүнө жумшагандай кылышыбыз керек. Ушул тилекте ишти баштаган Садыр Жапаровду болсо, камап турушат. Ал жигитти камаштын ордуна, тескерисинче, сый-урмат көрсөтүп, сыйлыктын чоңунан бериш керек. Кандай болгон күндө да, Садыр Жапаров кыргыз тарыхында эли үчүн күйгөн жигит катары калаары шексиз.
Азыр Садыр Жапаровду ак жеринен соттоп жаткандар мыйзамдан коркпосо да, Кудайдан коркушу керек!






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??