Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

"Революция өз балдарын өзү жейт"
МЕЗГИЛИ КЕЛДИБИ?
- Арыбаңыз, Топчуке!
- Бар бол, Баке!
- Көптөн бери саясый майданда байкалбайсыз. Саясый күрөштөн баш тарттыңызбы?
- Жок, баш тарткан жокмун. Саясый күрөштүн дагы бир олуттуу жагында жүрөм.
- Кайсы жагында?
- Коомдук аң-сезимди сапаттуу жаңы жолго салуу түйшүгүндө.
- Тактап айтсаңыз. Эмне деген түйшүк?
- Өткөн кылымдын 70 жылдан ашык мезгилинде кыргыздын жан-дүйнөсү өз башатынан оолактап, орусташуу бизди ата мурасыбыздан, байыркы доорлордо калыптанып, улуттук касиетке айланган ыймандуулуктун, мекенчилдиктин далай кереметинен ажыратты.
Кыргызстанды оң жолго багыттай турган улуу ой-максаттар "Манас" эпопеясында, азыр мен андагы асыл нерселерди элге кеңири таркатуу иштери менен алекмин. Манастаануу институтун түзүп, адистерди даярдап баштадык. Ошол институтту башкарып атам.
Кыргызстан эгемен мамлекетке айлангандан бери ого бетер талкаландык. Мамлекеттик бийлик менен мафия бирикти; өлкөнү өлөсө соруп аткан шылуундук, уурулук, коррупция деген көп баштуу ажыдаарларга айланды; тэ-э 90-жылдардын башынан бери үч жолу элдик революция болду, бирок, алардын жеңиштери уурдалып, бийликти кайрадан эле ириген-чиригендер, шүмшүктөр ээлеп алып жатат.
- Мындай абалдан чыгуунун жолдору барбы?
- Бар.
- Кандай?
- Биринчиси, бүгүнкү бийлик да эл ишенимине киралбады. "Бали, өлкөнү оңдоп атат!" деп айткан кишини угалекмин.
Эгерде жакынкы айларда жакшы өзгөрүүлөр болбосо, анда эл бул бийликтен да биротоло үмүт үзөт.
- Анда эмне болот?
- Эмне болмок эле. Тажаган, чыдамы кеткен алдыңкы топтор, мүмкүн, кайрадан элдик революция жасашы ыктымал.
- Айтып айтпайсызбы, мурдагы революциялардын эртеси эле элди эңшерип жүргөн эски күчтөр жеңишти уурдап, бийликти ээлеп алып жүрөт деп. Мындан аркы революциянын да жеңишин ошолор ээлеп кетеби?
- Мурдагы революциялардын жеңиштеринин уурдалганынын себептери бар. Бир сөз менен айтканда, революциянын эртеси саясый кадамдар революциянын мыйзам жолдору менен эмес, контрреволюциялык амалдарга алдырып койгон жол менен кетип атты. Баса, тилекке каршы, тарыхта бир дагы революциядан кийин эле баары ийгиликтүү болуп, жеңиш келген эмес. Алыска барбайлы, тигине бүгүнкү Египетте да абал жаман жагына кетти…
- Дайым эле ушундай боло береби?
- Жок.
- Кандай шартта элдик революция биротоло жеңет?
- Отто Бисмарктын сөзүн кайталайын: эгерде өлкөдө, эң сонун мыйзамдар, мамлекеттик туура түзүлүш болуп, бирок башкаруучулар жараксыз чыкса (саясый кубаттуу эрки жок, уурулар, алдамчылар…), анда өлкө өспөйт; тескерисинче, мыйзамдар анчейин эмес болсо да, бирок, бийликке кыраандар, колу таза, башын канжыгага байлап, эл үчүн жалындай жанып иштегендер келсе, өлкөнү өсүү жолуна салат.
Кыргызстандын Баш мыйзамы, мыйзамдары укмуш деп айталбайбыз. Кеп мында эмес. Мыйзамдарды оңдосо болот. Биздин трагедиябыз башкада.
- Эмнеде?
- Эмнеде болмок эле, бийликке улам саясый сайпаналар, бапиштер, чыккынчылар, кылмышкерлер келип кууратып атат. Кеп ушунда.
- Бийлик башына кандайлар келиш керек дейсиз?
- Эң мыкты 3-4 касиети бар адамдар өлкөнү башкарса оңолобуз.
- Кайсы касиеттер?
- Биринчиси, ыйманы, демек, дили, жүрөгү, колу таза адамдар. Мындайлар эл байлыгын, казынаны жебей - ичпей иштейт. Экинчиси - мекенчилдер. Мекенчил башчылар улуттун кызыкчылыгын ыйык тутат. Айтсак, Кыргызстандын 5,5 млн. элин гана эмес, дагы 10 чакты миллион адамдарды бай турмушка жеткире турган табигый улуу байлыктары бар. Бирок, алар эларалык авантюрист-мафиозилердин, өздөн чыккан жат - кыргыз жетекчилеринин улуттук кызыкчылыкты сатып, миллионер, миллиардер болгондордун капчыгына түшүп кетип атат.
- Үчүнчүсү?
- Үчүнчүсү, мамлекетти ийгиликтүү башкаруу үчүн чыгаан ишбилги - профессионал адистер зарыл. Төртүнчүсү, чечкиндүү, кайраттуу - эр азаматтар керек.
- "Мындай сапаттуулар өлкөдө жок" деген пикирди кээде угабыз. Туурабы?
- Туура эмес. Эл уучу чаарбаш, чыгаан, кыраандарга дайыма толо. Азыр да ыймандуулар, мекенчилдер, ишбилгилер, кажыбас кайраттуулар көп!
Маселе башкада - ар бир революциянын эртеси эле элге жанын сабап таза иштеп бере тургандар, революциянын жеңишине чоң салым кошкондор көчөдө калып, бийликти мурдагылар кайра ээлеп алып атпайбы.
- И-и, туура айтасыз. Кечээги революцияны ишке ашыргандардын көбү бүгүн, сиз айткандай, көчөдө калган. Ал түгүл, революциялык кыймылдын башында тургандардын далайына каршы саясый себептер менен "кылмыш иш" таап, соттойбуз деп жатышат. Тигине, А.Бекназаров жана башка бир топ революционерлер бүгүн тергөөдө, суракта. Буга кандай дейсиз?
- Бекназаровдорго каршы "кылмыш иштин" изи тэ-э жогору жактан түшкөн. 2010-жылдагы элдик революциядан кийинки айларда бакиевчил контрреволюциялык топ өзгөчө Жалалабат, Ош аймактарында жанталашып, "Түштүктү бөлүп алабыз" дегенге чейин аракет кылып жатканда Убактылуу өкмөттүн чечими менен элдик кошуундарды уюштуруу, контрреволюцияга күндүр-түндүр тынбай каршы туруу, элдик курултайларды өткөрүү үчүн ( элдик курултай Бакиевдерди бийликтен оодаруу, жеңишти коргоо, сактап калуунун жолу болгон) 10 миллион сом бөлүнгөн. Эми "ошол акчаны Бекназаров жеп койгон" деп жалаа жабуу акылга сыйбайт.
- Бул иштин дагы кандай себептери бар?
- Эсимде, Апрель революциясынан кийин Бекназаров баш болгон атайын топ Акаевдер, Бакиевдер басып алган 50 дөн ашык эң пайдалуу мекемелерди мамлекетке өткөрүү иштерин аткарган, Убактылуу өкмөт чечим чыгарган. Акаевчилер, бакиевчилер, ошо майталкандардан ажырагандар бүгүнкү бийликте шыкалып калган. Албетте, алар Бекназаров ж.б. революционерлерди көрөйүн деген көзү жок, көзүндө огу болсо атканы турат.
Дагы бир себеби - эгерде Бекназаров бүгүнкү бийликке оппозиция кыймылын түзбөсө, мүмкүн ага каршы мындай чабуул болбойт беле дейм.
- Эмне, бүгүн-эртең өлкөдө оппозиция болбош керекпи?
- Демократияга умтулган, курган мамлекетте сөзсүз оппозиция зарыл.
- Эмне үчүн?
- Бир жагынан, оппозиция - бул саясый плюрализмдин белгиси. Экинчи жагынан, демократиялык өлкөдө сөзсүз саясый атаандаштык, саясый байге керек. Үчүнчү, эгерде "кыйратам, куунатам" деп бийликке келген күчтөр убадасынан тайып, теңирден тескери иш кыла баштаса, алардын көзүн чукуп, чындыкты элге айтып тура турган оппозиция абзел.
Төртүнчү, бийлик байгесине аттанып, шайлоолордо элге өз программасын сунуш кылган, өлкөнү оңдойм деген атаандаш саясый күчтөр сөзсүз керек.
"Оппозиция болбосо аны ойлоп табуу керек" деп У.Черчилль бекер айткан эмес.
- Бекназаровдорго каршы иш эмне менен бүтөт дейсиз?
- "Эсиң барда этегиңди жап" демекчи, эгерде бийлик эсине келип, "Бекназаров өзгөчө, беркилер да эки революцияга опол тоодой күч берген, бул ишти токтотолу" десе бир жөн. Жок, жаман жолго биротоло түшүп, аларды соттоп, түрмөгө салса, анда: а. Күрөшкө такшалган, кайраты, эрки, кудайга шүгүр, алар ал азапка чыдайт, чыгат;
б. Бекназаровдор жарыбагандай бир топ эмес, жактоочулары арбын. Эл арасында бүгүнкү бийликке каршы кыймыл ого бетер күчөйт…
- Демек, бул саясый куугунтуктун бир көрүнүшүбү?
- Ооба. "Революция өз балдарын жейт" дегендей саясый куугунтук. Мындайды көп көрдүк го, тэ-э 2000-жылы "Үзөңгү-Куушту Кытайга сатканың үчүн сени импичмент аркылуу бийликтен кетирүү керек" деп, Акаевге айбат кылганда Бекназаровду камаган.
Анан, 2005-жылдагы революциядан кийин Бекназаров Баш прокурор болуп турганда "инилериңдин, уулдарыңдын кылмыш иштери боюнча өзүңдү суракка алам" деп К.Бакиевдин бетине айткандан соң аны бийликтен кулатты, саясый куугунтук салды.
"Кыргызстанды туңгуюкка түртүп баратасың; узурпаторсуң - үчүнчү жолу шайланам дейсиң" деп мен 1993-1995-жылдары Акаевдин өзүнө айтып, күнөө койгонумдан баштап, мени канча жолу соттоду, түрмөгө салды, жаңы мезгилде эч ким айдалбаган сүргүндө жүрдүм. Бакиевди адегенде колдоп, анан арамдык кыла баштаганда ачык каршы чыгып, кетиребиз дегенде ал да мени каматты.
Айтор, саясый куугунтуктун азабын тарткандар акыркы 20-22 жыл ичинде бир чо-оң айыл калкынын санындай болуп калды…
- Топчуке, бүгүнкүлөр да кечээги бийликтегилердин жолуна түштү десе болобу?
- Кечээкилердин жолунан алыс кетелекпиз. Кечээкилер бийликте көпчүлүк болуп атса кайдан жакшылык болот!
Айттым го, бийликке жогоруда айтылган асыл сапаттагылардын бери дегенде 60-70% келгенде гана иш оңуна жылат. Азыр тескерисинче - жалпысынан 60-80%, бийликтин көп бөлүктөрүндө 80-90% эбак жыдыгандар, бүгүн да жыдытып аткандар.
- Оңолобузбу деги?
- Буйруса, оңолобуз. Революциялык кайратынан жанбаган эл, элдин эң алдыңкы топтору бийликтин жаман жоруктарын көрүп тура бербейт; же кадрлар тарапта революциялык чукул өзгөрүү болот, мыктылар бийликте көпчүлүк болот; же элдик революция келет.
- Сиз кайсынысын каалайсыз?
- Адегенде кадрлар тараптагы революцияны каалайм. Жок, бул ишке ашпаса, анда, элдик революция болсо мени алдыңкылардын катарынан көрөсүң.

"Манастаануу" институтунун башчысы,
коомдук ишмер Топчубек Тургуналив менен маектешкен
Бабырбек Жээнбеков






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??