Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Текебаев кайсы мыйзамды
парламентке алып чыгат?
Өмүрбек Текебаевге айла жок экен. Буга чейин жетиштүү далилдер менен аны мародер катары күнөөлөп чыккан коллегаларынын суусунан кургак чыгып, кайрадан бакылдай баштады. Эми чеччү маселесинин баарын чечип алгандан кийин, кайрадан Атамбаев ажосун чанып, ага каршы иштей баштады деген сөздөр чыгууда. Буга чейин оппозициялык маанайдагы "Эл-Үнү" коомдук саясий кыймылы тарабынан даярдалып, "Алиби" гезитинин өткөн сандарынын бирине басылган "Кумтөр алтын кени боюнча келишимди денонсациялоо" тууралуу мыйзам долбоору Адилет министри Алмамбет Шыкмаматовго берилген эле. Акыркы убакта бизге жеткен маалыматтарга караганда, Өмүрбек Текебаев так ошол долбоорду Шыкмаматовдон алып, анча-мынча жерлерин оңдой коюп парламентке алып чыгууну пландаштырып жаткандыгын эшиттик. Эгерде бул маалымат чын болсо Текебаев дагы бир ирет мародерлук жоругун карматып, кырдаалдан пайдаланып кетти деп эсептесек болот. Эпчил кишиге айла жок экен да…


Бөдөш Мамырова туурасын айтты
Депутат Бөдөш Мамырова сүйлөсө мык каккандай сүйлөйт. "Кумтөр" боюнча өкмөт комиссиясынын жетекчиси Темир Сариев ЖК трибунасынан кылган иштерин мактанчылык кылып айтып жатты эле "Силер түштөн кийин төш какпай эле койгула, мунун баарын Садыр Жапаровдун комиссиясы изилдеп койгон" деп, сылык кагып койду. Айтса-айтпаса төгүнбү, өкмөт комиссиясы жоо чаап келгендей адыраңдап айтып жаткандардын баарын, булар айта албай, болбосо, жашырып койгондорун кошуп Жапаровдун комиссиясы капкачан эле эң сонун далилдеп келген. Демек, Садыр мырзанын комиссиясынан кийин Өкмөт комиссия түзүп, анын чыгымына 48 млн сом коротуштун эч кандай зарылдыгы жок болчу. Андан көрө, иштин жакшылыгы болсун деп, уялбай эле, намыстанбай эле Жапаров жетектеген комиссиянын иликтөөлөрүн негиз кылып алып, анан чечимдерин чыгарса болмок. Бирок, кыргыз бийлиги анткендин ордуна, С.Жапаровго кылмыш ишин козгоду. Эгер, бийликтин мына ушул С.Жапаровго жасаган мамилесинин логикасынан алсак, анда Өкмөт комиссиясына да кылмыш ишин козгой турган мезгил алыс эмес.


Тайырбек, Таластан колуңду тарт!
"Чоң жинди чыкты кыргыздан, чоку эле көрсө жол салган" деп акын агабыз Ш.Дүйшеев жазган, кадимки Жолчубек тоюс, Тойчубек Касымов деген бар эмес беле. Дал ошонун эрке талтаң күйөө баласы Т.Сарпашев кайнатасынын этегине эрмешип, жакасына жармашып жүрүп өлбөгөндөй оокат жыйнап алган. Таласта губернатор болуп турган Тойчукеңдин ошол кезде Акаев бийлигине жакындыгын байкаган Токтогулдук эпчил жигит эбин таап жүрүп Касымовдун өзүнө окшош кара каш, кара көз сулуу кызын ала качып, атасы милийса жөнөтсө тоону көздөй качып кетип, ортого жакындарын, аксакалдарды салып отуруп Касымовду кайната кылып тынган. Ошондон кийин эле иши жүрүшүп, Ысык-Көлдө губернатор болуп, ити чөп жеп турган Тойчубектин марттыгын пайдаланган Тайырбек кайын атасы аркылуу Кумтөр кенинде иштеген машинелердин баарына өзүнүн ээлигиндеги "Градиент" фирмасы аркылуу ташылган майды сатып байып алган. Акаев учурунда бир нече жолу депутаттыкка ат салышып, Токтогул шайлоо округунан бийликтин күчү менен буйдалбай өтүп, 2005-жылы Акаевди жаманатты кылгандардын бири да ушул Тайырбек болучу.
Эми ошол Тайырбек кайын журту Таласка чаламандын так түшүндө калайман салып туру. Жергиликтүү эл "Сарпашев кызматтан кетсин" деген талаптары менен аянтка чыгууга аргасыз болду. Дегенибиз, 28-январда Талас мэрин шайлоого жең түрө киришип, "Талас-та КСДПнын гана кишиси мэр болушу керек" деп, жергиликтүү элди бушайман кылган. Анысына карабай, шаардык кеңештин депутаттары "Республика" партиясынын талапкери, аракеттеги мэр А. Кушубековду шайлап салышат. Сарпашев ок жеген аюудай айкырып, көпчүлүктүн коалициясына кирген КСДП, Ата Мекен, Замандаш, Ак-Шумкардын депутаттарын мандатын таштатууга зордойт. "Атамбаевден кийин эле менмин" дегендей түр көрсөткөн Тайыр баатыр анчалык эле бийликке күйүмдүү болсо, шайлоо маалында Таласка барып, аталган партияларын алдыга чыгарып албайт беле. Төрт партия биригип, араң 16 орун алып, шаардык кеңештеги калган 15 орун бүт бойдон "Республикага" тийген. Бийлик өзү бирди көрөрдө эле Таласка сүйкөнүп калчы эле, сыягы Тайырбек тарыхты кайталатканы турат окшойт. А-у! Атамбаев мырза, бир көз салып койбосоңуз болбойт...


"Акжолчу"
Жуманазаровдун
жоруктары
Талас облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Жуманазаров деген бар. Убагында Таласта "Ак жол" партиясынын координатору болуп иштеп, Бакиев бийлигин "барктагандардын" алдыңкы сабында жүрчү. Арадан убакыт өтүп, 7-апрель ыңкылабында ишенген ажосу тактан кулап, революционерлер бийликке келгенде бөгүп, чээнге кире качкан дешет. Эми ошол эргулдун күнү тууп, кайрадан жаңы бийликтин тилин таап, Талас облусунун жетекчисинин бакыйган биринчи орун басары болгондон бери өзгүрүптүр. Кол алдындагыларды кол баладай жумшап, тил албагандарды шыйракка чаап, өз билгенин жасайт экен. учурунда Кара-Буура району боюнча КСДПнын координатору болуп, Бакиев бийлигине айбат көрсөткөн революционер Төлөгөн Наралиевге дагы сөөмөй кезеп, учурда иштеп жаткан кызматынан кетирүүгө далбас уруп жатканын өткөн сандарыбыздын биринде жазганбыз. Дагы деле ошол айбатынан жазбай, облус жетекчиси Койсун Курманалиева көпчүлүк кызматкерлердин алдында эскертүү бергенине карабай, баягы адатын карматып, Төлөгөн мырзага кастарын тигип жаткан чагы экен. Сыягы облус жетекчисинин алы жетпей жатканына караганда, колдогон кожосу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев деген чын окшойт ушу. Же "крыша" иметь эткендерге каалаганын жасаганга боло береби? Мыйзам деген кайда?





Темир Сариев
мыйзамды
уруп
ойнобойбу?
Бир кезде министрликтердеги биринчи орун басардын деңгээлиндеги "статс-катчы" деген кызмат киргизилип, ал жерге кадр кызматынын конкурсунан өткөндөр дайындалып келе жатпады беле? Учурда ошол кадр кызматынын элегинен өткөндөрдү дайындабай, өтүгүн төргө илген министрлер пайда болуптур. Өткөн жылы Экономика министрлиги менен Маданият министрлигине статс-катчы болуп дайындалган адамдар министр Темир Сариев менен Ибрагим Жунусовго барышса, алар "мыйзамды уруп ойнобойбуз" таризинде тигилерди дайындабай коюшуптур. Ал бечаралардын арызданбаган жери, кайрылбаган чиновниги калган эмес. Учурунда Адилет министри Марат Кайыпов дагы атайын конкурстан аталган министрликке статс-катчы болуп барган Аида Салянованы кабыл албай, ошондогу ЖК депутаттарынын басымы менен араң дайындалган эле. Эми так ушундай эле мыйзам бузуу болуп жатканда эч нерсе көрбөгөнсүп, тетири карап отуруп алган Башкы прокурор Салянованы кандай түшүнсө болот?





Акаев
"Центеррада"
акционер экен
"Уккан кулакта жазык жок", Акаев "Кумтөр" алтын кенине ээлик кылган "Центеррада" акционер экен. Буга биз таң калган жокпуз. Анткени, Кумтөр боюнча чалмакейди чалган ушул Аскар Акаев. Канадалык "Камэко" компаниясын Кыргызстанга сунуштаган айтылуу дүйнөлүк аферист Бирштейн Акаевде кеңешчи болуп иштеген. Кыргыздын мекенчил уулу, премьер-министр Насирдин Исанов табышмактуу жагдайда жол кырсыгынан каза болгондо, анын жанында отурган Бирштейндин төбөсүнөн бир тал да чачы түшкөн эмес. Элдин ырыскысын чет элдик компанияларга менчиктеп, анүчүн "кол кесерин" алган Акаев Кыргызстандан жердештери барса, "кайнаган суу, кара нан менен отурабыз" деп аксынат имиш. Арийне, Кумтөр боюнча канча комиссия түзүлдү, канча жолу алтын маселеси көтөрүлүп келатат, бирок чалмакейди чалып кеткен Аскар Акаев тууралуу бир да комиссия эстегиси келбегени кызык.
"Кумтөр" маселесин иликтеген өкмөт комиссиясынын төрагасы Темир Сариев "биз акционерлер менен соттошпойбуз, биз менеджерлер менен соттошобуз, анткени алар акционерлерге туура эмес маалыматтарды берип жүрүптүр" дегенин угуп, таңгалып турубуз. Эмне үчүн акционерлер менен соттошпош керек? Анткени, акционерлердин арасында кыргызстандык 30га жакын мамчиновник бар болгону үчүнбү? Ырас, С.Жапаровду жактырбай, Өкмөт ишти өз колуна алдыбы, анда ишти аягына чыгарсын! Урматтуу, Темир Аргенбаевич, Кыргызстан "Кумтөрдү" 2015-жылдан кийин эмес, кечээ эле башкарууга алышы керек болчу. Элге тил эмизгендин да чеги болот. Же эл кызыкчылыгынан, мамлекет кызыкчылыгынан "Центеррага" акционер болгон бир ууч мамчиновниктин кызыкчылыгы өйдөбү? "Центеррага" акционер Акаевдин аты аталды, калгандары ким болду экен, Өкмөт бул суроону ачыктоого кудурети жетер болду бекен?






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??