Бөлөктү коюп Бөөбүйдү айт

Бу жалганда "курбу-курдаш", "тели-теңтуш" деген бир журт бар. Эң кызыгы, аялыңа айтпаган сырыңды ошолор менен бөлүшөсүң. Тамашаңды да ошолор көтөрөт. Жамандыгыңда жаныңда, жакшылыгыңда төрүңдө болгон да ошолор. Аларды көрбөсөң тузу кем аш ичкенсип, туураң толбой бөксөрүп турасың. Жолукканда кайдагы кептен айтышып, карчытың чыга түшөт. Ошондой теңтуштарымдын бири - Бөөбүй. Бу, түгөттүн жалаң "курсак" жоругун эт-бышым айтып түгөтө албайсың. Ошондой болсо да айрым "урунттуу" жерлеринен айтып бербесем, өзүмдүн курсагым жарылчудай болуп турат.


Бөөбүй адрес…

Ошентип, Бөөбүй деген классташым бар. Алтымыш кишинин арасында турса да алыстан тааныйсың түгөттү. Аны тааныткан ата мурас курсагы. Ата мурас дегеним, атасы Салмоорбек аксакал эткээл, курсактуу киши болчу. Ал жагынан Бөкөм атасын "обгондоп" өтүп, курсак жагын "чыгармачылык" менен өнүктүрүп жибергендиктен, көзгө алда-немедей көрүнүп, дайыма күлкү чакырып турат. Өзү да сөзгө маани берген, керек жерде этиңди кесип алгандай сүйлөгөн эргул. Аны менен жүрсөң ар балээге кабылышың мүмкүн, бирок асты адашпайсың. Бир ирет Бишкек шаардык мамкаттоонун жанында турабыз Бөөбүй экөөбүз. Ошол жерде башта тааныш эмес бирөө менен жолукмак элем. Ал чөнтөк телефондон кайра-кайра чалып: "...каякта турасыз?...кандай кийингенсиз ?" деп эле экөөбүз табышпайбыз. Тажаганда: -" Аялдаманын жогору жагын карасаң, көзүңө бир шумдуктуу киши көрүнөт. Аны сүрөттөп айтканга тил жетпейт. Ошонун жанында турам" дедим. Эки мүнөт өтпөй таап келип калбаспы.

Бөөбүй паспорт…

Бир жолу Кочкорго барып, мурда келип-кетип эле жүргөн Бөөбүйдүн үйүн таппай калдым. Сураштырсам, баары эле билбейбиз дешет. Эки-үч киши турган экен, алардан сурасам арасынан бирөө куу неме көрүнөт, эңкейе калып эки кулачын кере жайып келип, курсак тушуна коюп, кайра өзүмдөн сурап турат:
- Бул жагы ушундайбы?
- Дал өзү…Колун жазбай ошо бойдон көтөрүп кекиртегине чейин алпарып, өйдөлөтүп башына келгенде чарадай айланта көргөзүп:
- Башы мо-омундай?..
- Жок…Башы элдикиндей эле болчу…
- А-аа, жанагы челекти айтып жаткан турбайсыңбы. Тигине аныңдын үйү…Барып, эшигин шыңгыратсам Бөкөм чыга келди "челкейип". Башында тай казандай калдайган "аэродром" шапке. Жанагы эргул ошонусун айтып жатса керек.
- Я, куурагыр, Бөөбүй деген атыңды ичип алдың беле?
- Эмне болду анчалык?
- Бу, Кочкордо атыңды эч ким билбейт экен. Курсагыңды айтсам дароо таап беришти го. Деги паспортуң кайда эле?
- Аны эмне кыласың?
- Алпарып атыңды өчүрүп, алдагы кардыңды жаздырып алсаңчы…

Бөөбүй бий

…Бөөбүйдүн той-топурда "толкундап" бийге түшкөнүң көрсөң "кыйрап" каласың. Бөкөң ортого түшүп, оңго-солго оогондо курсагы да ошол жакка кетет. Машинасын кайрыгандай эле курсагын да ойдолото кайрып келип, өйдө-ылдый кыймылдатып, көзүнө "оңураак" көрүнгөн кыз-келинди беттеп, отуруп-тура калып жөнөп бергенде арабдын курсак бийи быякта эле калат. Анан андайда бериле калчу байге-бачек Бөкөңдүкү болбогондо кимдики болот эле…

Бөөбүй "бөө"

Бөкөң бир сапар шаарга келишинде раматылык тележурналист Мелис Турусбековдун үйүнө барыптыр. Баарыбыз чогуу окуп, бирге өскөн теңтуштарбыз. Бөкөбүз:
- " Мага Зарылкан күнүгө лагман чоюп берчү" деп аяшыбыз Айнага катуу заказ берип, өзү ичкери кирип уйкуга кирет. Аңгыча Мелистин кайненеси келип калып, баягы Бөкөң жаткан комнатага баш багып эле бакырып эшикти жаба салыптыр. "Эмне болду?" - дешип эле беркилер үрпөңдөп калышат. Курган кемпир же тилге келе алсачы дейт "тиги-тиги" деп эле комнатаны көрсөтүп. Аяшыбыз Айна эшикти ача салып "а-аа" деп баратып араң эсин жыят…Көрсө, белге чейин чечинип салып, коңурукту кош тартып, диванда чалкасынан жаткан Бөкөңдүн курсагы алда немедей көрүнсө керек. "Анын Бөөбүй экенин билбесем мен деле бакырмакмын" деп Айна аяшыбыз ушу күнчө унуталбай келет.

Бөөбүй жорго…

Ушу ичкиликтин азабын көп тарттым. Ал кезде "Орто-Сай" базарынын тушунда туруучу элек. Жумуштан кайтканымда камоктордун биринен жүздү басып алып, аялым айтмакчы "жылтырап" кирип бараар элем. Кашайганда бул жоругум адатка айланып, баягы камоктордун жанынан түз өтмөгүм азап болду. Жакшы эле айланып өткөнсүйм, бирок буттарым кантип кайра алып барганын, бригадирдин атындай тегеренип, тумшугумду камоктун тешигине салып туруп калганымды өзүм да байкабай калчумун. Ошондой "сонун күндөрүмдүн" биринде "эсептен жаңылып калган" окшойм, эки бутум "эки жакка сүйрөп" кадимки эле арык көзүмө "канал" көрүнүп, аттаганга батынбай "айлампаш" болуп турганымда кудай бетин салбасын, жорго мингенсип жанып көшүлүп, кош арыкты катары менен аттап өтүп, жыргай эле түшпөдүмбү. Көрсө баягы Бөкөм кайдан келе калганын ит билсинби жонуна мингизе салып, үйгө жеткирип бараткан кербези экен. Ой, ошондогу ыраазы болгонум ай! Бала кезде таякемдин жоргосу болоор эле. Бир-эки жолу минип калганым бар. Бирок, Бөкөмдөй жоргону ушул күнгө чейин минип көрө элекмин. Эки аягын тең таштайт го чиркин!.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Айтайын десем Бөөбүйдү,
Ак кайыңдай жанашып,
Алдуусу жолду талашып,
Арачы бербей сабашып,
Ашып-ташып сөздөрдүн,
Келгендигин карачы,
Куушкан ошол далай сөз,
Куураган ушул Бөкөмүн,
Курсагынан өтө албай,
Өлгөндүгүн карачы.

Жөө калганда жөлөгүм,
Жөлөнөөргө терегим,
Желпиниши тоодой көрүнгөн,
Жеке басып бөлүнгөн,
Жетимиш кулач челегим.
Балаңдын күнүн көргүр ай,
Башкача мага керегиң.

Алланын ишин карачы,
Алтоо-жетөөң биригип,
Алачыктай түгөттү,
Атайлап түртсөң кулабайт.
"Баягы челек" деп коёт,
Паспортун эч ким сурабайт.

...Ажат ачкан дайыма,
Жолу жакшы Бөөбүйдүн,
Адашып түндө жүргөндө,
Ашкере ичкен күндөрдө,
Аттай токуп мингенде,
Жону жакшы Бөөбүйдүн.

Тамаша айтсам ушундай,
Тараза-ташың бузулбай.
Кубантып Бөкө эсен бол,
Курсактын кутун учурбай.