Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

"Бүгүн "заказ" аткарган соттор,
эртең өз жазаларын алат"
- Азимбек Анаркулович, "Эл үнү" коомдук-саясий кыймылынын түзүлгөнүнө 2 ай болду, кыймыл алгачкы максаттарына жеттиби?
- Кыймыл 2012-жылдын 2-декабрында түзүлгөндө "Авторитаризмге жол жок", "Саясий куугунтуктоолор токтолсун", "Акаев, Бакиев бийиктен кет", "Эл байлыгы - элге", "Депутаттар Ташиевдин, Жапаровдун, Мамытовдун ж.б. баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн" деген ураандар менен бириккен. Ошол эле күнү "Кумтөр" келишимдерин денонсациялоо боюнча кол топтоо башталган. Эки айдын ичинде биздин мамлекеттик бийликтерге койгон өтүнүчүбүздүн бири да аткарылган жок. Бирок жоопторун беришти. "Кумтөр" келишимдерин денонсациялоо боюнча кол топтоо азыр да уланып жатат. Денонсациялоо боюнча тийиштүү кагаздар юстиция министрлигине тапшырылган. Жообун күтүп жатабыз. Биз "Кумтөр" маселеси - бир эле С.Жапаров, К.Ташиев, Мамытовдордун саясий упай топтоо боюнча көтөргөн маселеси эмес, жалпы элдик маселе экенин жер-жерлерде кол топтоодо түшүндүрүү менен аздыр-көптүр салым кошуп жатабыз. Аны элдик мүнөзгө айланткандан улам, мамлекеттик комиссия да С.Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын корутундусун аргасыз тастыктап беришти. "Реалдуу бийликте" турушкан бир топ депутаттар "реалдуу бийликте" болбогон С.Жапаровду колдоп жатышат. СДПК фракциясынан И.Исаков, "Ата Мекен" фракциясынан Ө.Текебаевдер "Кумтөрдү" денонсациялоо боюнча "Эл үнүн" жарыялаган мыйзам долбоорундай эле мыйзам долбоорун жазышкан. Премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин "Кумтөр" келишими эки-үч кишинин кызыкчылыгы үчүн, коррупциялык схема менен түзүлгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөбөйт"- деп берген интервьюлары биздин "Эл үнүнүн" жүргүзгөн ишинин таасиринен деп түшүнөбүз. Эми "а" дегенден кийин сөзсүз "б" деп, Кыргыз Өкмөтү өзү "Кумтөрдү" денонсациялоо мыйзамын киргизет деген үмүттөбүз.
Депутаттар С.Жапаров, К.Ташиев, Т.Мамытовдорду алар менен бирге жоопко тартылгандарды таза актатып, чыгаруу үчүн сотко катышып, өз салымыбызды кошуп жатабыз.
- Сот процесси кандай жүрүп жатат?
- Азырынча мыйзам алкагында жүрүп, соттолуучулардын күнөөсү жоктугу ар бир сот процессинде далилденип жатат. Кылмыш иштин саясий буйрук менен козголгону мурда эле белгилүү болсо, эми сот процессинде ар бир документ, кылмыш иштин ар бир барагы мыйзам бузуу менен алынганы аныкталып жатат.
- Мисалы?
- Мисал катары 2012-жылдын 3-октябрындагы митингде кыргызча сүйлөгөн К.Ташиевдин "биз бийликти алабыз, алмаштырабыз" деген сөздөрүн тергөөчү өзү орусчага которуп, "надо захватить власть, мне нужен 20 человек для захвата власти" бурмалап, айыпкер катары жоопко тартуу токтомуна ушундай Ташиев айтпаган сөздөрдү жазып салган, ошол эле учурда кылмыш иштин ичинде Ташиев эмне деп сүйлөгөнү боюнча видеотасманы, анын стенограммасын тиркеген, ал жерде бийликти "басып алуу" боюнча сөз жок.
Экинчи мисал, айыптоо токтомунда "Ташиев, Мамытов, Жапаров ж.б. 2012-жылдын 25-сентябрында С.Жапаровдун кабинетинде бийликти күч менен басып алуу боюнча алдын-ала сүйлөшүп алган"- деп айып коет. Соттук териштирүүдө Т.Мамытов 2012-жылдын 25-сентябрында Тажикстанда командировкада жүргөн, К.Ташиевдин, башкалардын (Кожоналиевден башкасы) Жапаровдун кабинетинде болбогону далилденүүдө.
Үчүнчү мисал, 2012-жылдын 3-октябрындагы митингди тарткан видеотасмада, анын стеннограммасында, азыр сот процессинде да С.Жапаров прокуратура органдарынын түздөн-түз иши болгон "Кумтөр" кенине байланыштуу "тири укмуштуудай" коррупциялык схемалардын, махинациялардын бетин ачып, далил катары ишке тиркелген.
Мисалы: азыркы башкы прокурор А.Салянова 2009-жылдын 2-декабрында адилет министри болуп иштеп туруп, "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" Кыргызстанга төлөй турган 1,5 миллиард сомдук салыгын төлөбөй эле койсо болот"- деген корутундусун берген, ага кол койгондор Д.Усенов, А.Жапаров, А.Карашев, А.Кожошев, М.Султанов, Т.Калимбетовалар кол койгон. Атамбаев менен Артыкбаевдин "Центерра Голддун" башчысы Стивендин Кыргызстанга берген 30 млн сомун бюджетке кириштебей койгону, 2007-жылдын 27-августунда 4 млрд долларлык алтын кени бар (80 тн түзөт). Иштамберди алтын кенин кытайлык компанияга болгону 40 млн долларга кетиришкени ж.б. фактылар митингде айтылган, видеотасма, стенограмма кылмыш ишке тиркелген. Бирок КР ЖКнын депутаттарынын эл алдында айткан бул фактылары боюнча прокуратура эч кандай чара көргөн эмес. Бул кылмыш жашырууга тете иш.
- Азимбек Анаркулович, анда бул иштин келечеги жок тура, мындай мыйзамсыз иштер боюнча жоопкерчилик барбы?
- Албетте, бар. Эртеби, кечпи депутаттар, анын жан сакчылары, К.Кожоналиевдер таптаза акталат. Анткени, алардын аракеттеринде кылмыштын курамы жок. Болгону ал адилеттүү күн качан келет, кеп ошондо. Аларды мыйзамсыз жоопко тарткандар, кылмыш иш козгогондор, камакка алгандар, "заказды" аткарган судьялар кийин азыр соттоп жиберсе да сөзсүз мыйзам боюнча жазасын алышат. Ал эми аларга "заказ" беришкен "кожоюндардын" айтаар сөзү белгилүү да. "Биз мыйзам чегинде жасагыла дегенбиз"- деп кутулушат.
- Өткөндө "Мекен шейиттери" ж.б. кыймылдар митинг өткөрүп 7-апрелдеги ишти аягына чыгарбай Убактылуу Өкмөт бизди алдап кетти- дегендей сөз айтышты, буга эмне дейсиз?
- Туура, мен аларды толугу менен колдойм, бирок Убактылуу Өкмөт дегенине түшүнбөйм. Убактылуу Өкмөт 2010-жылдын ноябрь-декабрь айларында тарады. Ошого чейин эле 7-апрель боюнча күнөөлүүлөрдүн ишин сотко өткөрүп берди. Сот жүрүп жаткан. 2011-2012-жылдарда азыр да сот процесси жүрбөй жатканына Убактылуу Өкмөттүн эмне тиешеси бар? Убактылуу Өкмөттүн ордуна "реалдуу" бийликте ошол эле Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү А.Атамбаев отурат. Убактылуу Өкмөттүн мезгилинде 7-апрель окуясы боюнча айыпты колдоо үчүн Башкы прокурор, орун басарлары менен сотко отургузулган. Азыр башкы прокурор эмес, орун басарларынын да бири жок.
- "Эл үнү" коомдук саясий кыймылы сыяктуу башка да кыймылдар, партиялар түзүлүп жатат, айрымдары Москвага, Казакстанга, Америкалыктарга да жолугуп жатышат- дешет буга эмне дейсиз?
- Ооба, угуп жатам. Алардын "Эл үнү" кыймылынан айырмасы алардын "акылдуулугунда". "Эл үнү" азыркы бийликтин элдин ырыскысы болгон кен-байлыктарды оңго-солго сатып жатканына катуу туруп, ачык күрөшүп жатсак, алар "акылдуулук" кылып "булар күрөшө берсин, биз шайлоого даярдана берели"- деп Москва, Казакстан, Америкадан колдоо алалы - деп чуркап жүрүшкөнүн угуп жүрөм. Айырмабыз алар акчалуулар, саясаттагы карт жорулар, бизде жалаң төш мекенчил-патриоттор. Алар адатынча "баары бир Жогорку Кеңеш таркайт, шайлоого акча топтойлу, шайлоочуларды акча менен эле алабыз. Миң мертебе патриот болсоң деле, шайлоочулар акчаң болбосо добуш бербейт"- дегендер. Да, бул ачуу чындык алар тарапта. Бирок биздеги жаштар, "жер-жерлерге "саясий дебат" жасайбыз, элге түшүндүрөбүз, элибиз акыры түшүнүш керек, акчалууларга канчага чейин алданат эле"- деген оптимисттик үмүттө.
- "Кумтөр" келишимин денонсацияласак Канадалык компаниялар эл аралык сотко берет, Кыргызстан утулат"- дешет. Буга эмне дейсиз?
- "Кумтөр" келишими 2009-жылдын 30-апрелинде негизсиз ратификацияланган. Эмне дегенде, Канадалык компаниялар эл аралык уюм эмес, алар коммерциялык, пайда табуу үчүн аракеттенген компаниялар. Экинчиден, Башкы келишим (1992-ж), кайра реструктарлаштыруу (2002 - 2003-ж.ж.) келишими, "Кумтөр" боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү ратификация болгон макулдашуу (2009-ж) бардыгы коррупциялык башчылар менен чет элдиктердин кызыкчылыктары үчүн келишимдер түзүлгөнү боюнча үч парламенттик чечимдер бар, эки кылмыш иши козголгон. Кыргызстан эл аралык документ болгон эл аралык коррупцияга каршы конвенциянын мүчөсү, эгерде адатынча өздөрүнүн былыктарын жашыруу үчүн эл аралык сотко берсек утулабыз, инвесторлор келбей коёт"- деген шылтоолорду бетке кармап, 1992-жылдан ушул күнгө чейинки "Кумтөр" боюнча жүргүзүлгөн мохинациялардын бетин ачса, эл аралык соттон утулмак тургай, эл аралык деңгээлдеги мафиоздордун да бетин ачып, жалпы дүйнөлүк сот адилеттигине көмөк көрсөтөт. Ал үчүн эртерээк мурдагы козголгон эки кылмыш ишти жандандырып, кошумча экологиялык зыяндар боюнча жаңы кылмыш иштерди ачып, соттук чечимдерди кабыл алдыруу керек. Эл аралык сотко ал талашсыз далил болот. Ал үчүн токтоосуз Москвада жүргөн Акаев, Танаев баштаган бир топ чиновниктерди, Б.Бирштейнди, Бакиевдин "Акжолчуларын", азыркы бийликте отургандарды тезинен жоопко тартып, эл аралык сотторго даярдануу керек. Азыркы бийлик ага барбайт, бул бийлик атайылап эл аралык соттон утулат, утулууну көздөйт. Анткени, азыркы бийликтин деле кен-байлыктарыбыз, анын ичинде "Кумтөр" боюнча "башкы кеңешчиси" болуп "Богдецский" деген неме отурат дейт. Чынбы, жалганбы Кыргызстандын кен-байлыктары боюнча реформа иштерин жүргүзөбүз деп 10 млн АКШ доллар өлчөмүндө грант "иштетилгени" да айтылууда.
Эл аралык сотто болобу, ички соттордо же укук коргоо органдарындабы "Кумтөр" кен-байлыктар, ж.б. чет элдик инвесторлор аралашкан коррупциялык иштерде өлкө башчысынын ролу чоң болот. Эгер өлкө башчысы же парламент бул маселелерде бекем турса, биз эч кимге уттурбайбыз, жабырлануучу болобуз. Эгер бийлик жөн гана эл аралык сотко шылтап, Кыргызстандын кызыкчылыгын дагы бир эл аралык адвокаттарга кармата берсе анда утуларыбыз анык.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??