Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Президент мырза, соттор, эксперттер акыйкатты көз көрүнөө бурмалап жатышат
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевге Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын Шевченко көчөсүнүн №66 үйүнүн тургуну Сманова Зульфия Жүзүмалиевадан

Кайрылуу

Мамлекетти башкаруунун эң акыйкат жолу - бул калыстык жана мыйзам алдында бардыгынын бирдейлиги. Тилекке каршы, Кыргызстанда мамлекетти башкаруунун аты аталган эң негизги принциптери жоголгондой. Себеби акты кара, караны ак деп туура эмес чечим чыгарышкандыктары үчүн судьялар, кызматтык кылмыштары үчүн чиновниктердин бирөө жарымы да жоопкерчиликке тартылгандыктарын укканым да, көргөнүм жок. Демек, мамлекетте тартип болбойт. Тартип, адилеттик болбогон жерде мамлекет да болбойт. Айдан ачык нерсени, көз көрүнөө будамайлаганга жол берген мамлекеттин келечеги болушу ыктымал эмес. Эмесе угуп туруңуз. Бир топ аракет жана кыйынчылыктардан кийин Түштүк Кореядагы ишкерлер менен байланышып, ал жактан жеңил машина алып келип, сата баштадым эле. Мына ушул бизнесим баштала элек жатып, жабыла турган болуп турат. Анын бирден бир себеби бийликтин алсыздыгы, акмакчылыгы. Иш мындай. 2012-жылдын 7-январында менин уулум Бостонов Марсель Дэн-Сяопин көчөсү менен кечки саат 14:15 те "Дордой Моторстун" тушунан батыштан чыгышты көздөй акыркы оң катарында өтүп бара жаткан болот. Аңгыча эле сол жактан ортоңку катарда келе жаткан Фольсксваген Гольф-3 машинасы чукул оңго буруп, Хюндай Траджетти капталга сүзүп калат. Чындыктан тайбаган Бишкек шаарынын Жол көзөмөлдөө кызматынын подполковниги мыйзамдын талабы боюнча 14.01.2012-ж. Фольксваген Гольфту айдап келе жаткан Даудов Ибрагимди күнөөлүү деп токтом чыгарат. (токтом тиркелет). Дөөгүрсүгөн Даудов Ибрагим бул токтомдун негизинде "машинамды оңдоп бергин" деп кайрылган Бостонов Марсельди "Эй кыргыз, (Даудов И. курд улутундагы адам) Кыргызстанда бардыгы сатылат, Президенти баш болуп, эмне деп дөөрүп жатасың, кетип кал, болбосо менин машинамды да төлөп каласың" деп кыйкырат. "Теректин башы жок жерден кыймылдабайт" дегендей, Даудовдун сөзүндө чындык бар экендигине Алмазбек Шаршенович, азыр ишенесиз. Чырдашкан тарап шарт боюнча Аламүдүн райондук сотуна келишет. Бул ишти судья Кубанычбеков карай баштайт. Салган жерден эле Даудовдор сотко "ишти токтото туралы" деген өтүнүч менен кайрылышат. Себеби алар Бишкек шаарынын Жол көзөмөлдөө кызматынын жогорудагы токтомун жокко чыгаруу үчүн Чүй облустук жол көзөмөлдөө кызматына кайрылышкан имиш. Биз тарап судья Кубанычбековго "жол кырсыгы Бишкек шаарынын аймагында болуп жаткандыктан, Чүй облустук жол көзөмөлдөө кызматы мындай арызды кабыл албайт, себеби Бишкек шаары Чүй облусунун администрациялык бир бөлүгү эмес" деп түшүндүргөнүбүзгө карабастан Даудовдун мыйзамсыз өтүнүчүн канааттандырып, соттук изилдөөнү белгисиз мөөнөткө жылдырды. 2,5 ай өткөндөн кийин судья Кубанычбеков эч кандай Чүй облустук жол көзөмөлдөө кызматынан жообун сурабай эле, ишти жандандырып, соттук териштирүүнү дагы бир топ убакытка токтотту. Себеби Даудовдор бул жолу ишти соттук - техникалык экспертизага жөнөтүү боюнча судьядан өтүнүшүптүр. Биз тарап судья Кубанычбековго мындай авто-техникалык экспертиза мурда болгондуктан, аны кайталоонун кереги жок экендигин түшүндүрдүк. Бирок судья Кубанычбеков Даудовдордун буйругун орундатып, ишти соттук экспертизага жөнөтөт. Өзүнүн жолдомосунда судья Кубанычбеков бир гана талап коет. "Хюндай Тражеттин күнөөсүн тапкыла" деген.
Даудовдун айткандары чын белем КР соттук экспертиза борборунун эксперти Сыдыков Т. Жолдо жүрүү эрежесинин бир жерин бузбаган Хюндай Тражеттин ээси Бостоновду "күнөөлүү" деп табат. Ал эми жол жүрүү эрежесин өтө одоно түрдө бузган (Фольксваген Гольф) Даудов жөнүндө сөз жок. Мына ушул, чала сабат, сатылган экспертти КР Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук Экспертиза борборунун директору Т. Бекбулатова ачыктан ачык эле калкалап комиссиялык экспертиза түзөт. Себеби бөлүм башчы Гудимова Л.Н Сыдыковдун экспертизасы туура эмес деп чыгат. Карга карганын көзүн чукумак беле же Даудовдун жашылдары көздөрүн тумандатканбы, эксперттер Сябро менен Сторошковдор акыл эске келбей турган нерселерди изилдешет. Мисалга, жолдун акыркы оң катарында келе жаткан Хюндай Трайжет жол жүрүүгө коркунуч келгенде, тактап айтканда ортоңку катарда келе жаткан (сол жактагы) Ф. Гольф машинасы оң жакка бурулууга белги бергенде Бостонов (Х. Трайжет) тормузду тээп, токтотконго аракет кылуусу керек болчу деп тамтаңдашат. Абийирсиз Даудовдун, сатылган эксперттердин талабы боюнча Даудов бурулам деп белги бергенде, баарыбыз токтоп, машинадан чыгып, колубузду боорубузга алып жүгүнүп туруубуз керек экен да, ал бурулуп кеткенче. Айтыңызчы Алмазбек Шаршенович, Сиз да сатылган сот, эксперттердей болуп Даудовго жүгүнөсүзбү? Сизди билбеймин, мен жүгүнбөймүн. Себеби жол жүрүү эрежесинин (ПДД) 8,4-беренеси боюнча оңго же солго бурулуп жаткан машиналар өз жолдору менен келе жаткан кошуналарына жол берүүсү керек. Мына ошондуктан жол жүрүү эрежеси боюнча эксперттер Бостоновго (Хюндай Трайжет) жол жүрүү эрежесинин 10,1-беренени колдонуусу бул кылмыш, себеби ишти мындай уюштурууда авария көбөйөт, жолдогу кыймыл токтойт, башаламандык болуп. Мына ошондуктан болбогон нерсени болду, акты - кара, караны-ак деген эксперттер Сыдыков Талант, Сябро Михаил Дмитриевич, Сторожков Николай Михайловичтер камакка алынып, директор Бекбулатова Т.М. жок дегенде кызматтан кетиши керек.
Ал эми кечээ кабыл алган чечимин бүгүн бузган, Бишкек шаарынын статусун билбеген, соттук-техникалык экспертиза менен автотехникалык экспертизалардын айырмасын айрып тааный албаган, абийирден такыр кетип, бир жактан кана буйругун аткарып, аныктама чыгарган Кубанычбеков сыяктуу судьялар түрмөгө отурбаса, анда Кыргыз мамлекетинин кулаганы. Ошондуктан жогоруда аты аталган судья менен эксперттердин үстүнөн кылмыш иш козгоо боюнча Чүй облустук, Бишкек шаарынын 1-май райондук прокуратурасына кайрылсам, мыйзамсыз жабылып калып жатат. Демек эмки кезек Сиздики, Алмазбек Шаршенович. Бул Сиздин түздөн түз конституция менен аныкталган кызматтык милдетиңиз.
Урматтуу Президент, ойлонуп көрөлүчү. Айдан ачык нерсени соттордун, эксперттердин көз көрүнөө будамайлап атышы - бул мамлекеттик бийликтин алсыздыгы, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирүү деп ким деле болсо айтат. Алмазбек Шаршенович ушинтип эле мамлекетти таркатып жибересизби же аракет кылып, жогорудагы абийирден кеткен акты-кара, караны-ак деген судьяларды, эксперттерди жана аларды калкалаган прокурорлорду тийиштүү жазага тартып, өлкөнү тартиптештиресизби? Эгерде жогорудагы аты аталган судья, эксперттер, прокурорлор өз жазаларын алып, мага келтирилген чыгымдар өндүрүлбөсө, элди мыйзам эмес, түшүнүк боюнча жашоого Президенттин зордук-зомбулугу (режими) экен деп билемин.

Сизди урматтап,
Сманова Зульфия Жүзүмалиевна
Бишкек шары






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??