Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

КСДПчылар
жыргатып жатышабы?


Декабрдын орто ченинде төрт күн катары менен тынбай бирде бурганактап, бирде себелеп жааган кар акыры токтоп, эл оозундагы акыр заманга бир күн калганда чайыттай ачылып берди. Сыртынан сыр бербей, ичинен "Кудай сактай көр"- деп келмесин миң кайталаган нечендердин маанайы жаркырай түштү. Ызгаарланып, колу-бутубузду койнубузга каттырган сууктун тумшугу сынгандай болду. Журтчулукту сестенткен күн да өттү. Кудайга шүгүр, караңгылык болгон жок. Элдин жүрөгүндө жакшылыктын шооласы кайра жанды. Бирок көпкө узабай эле ал күңүрттөнө баштады. Көр тирилик баягысындай эле желкеден басып, бир жагынан газы түгөнүп, экинчи жагынан электр шамы өчүп, бул дүйнөнүн тозогу карапайым калкты кыл көпүрөдөн сыноодон өткөргөндөй болду. Мындай акыбал эл бийлеген чиновниктерди тырнактай да түйшөлткөн жок. Алар үшүмөк беле? Жылуу дубленка, жылуу үй, курсак ток, кайгы жок. Бейишти бул дүйнөдө эле куруп алышкан. Байлык, бийлик ошолордун колунда. Алардын дээрлик көпчүлүгү байлыкты өзүнүн ак эмгегинин натыйжасында чогулткан эмес. Бир айлык маянасы дарыгерлердин, мугалимдердин маянасына салыштырганда он эседен ашуун көп болсо да жумуруна жук болбойт. Кулкунун эл байлыгынан коррупциялык жол менен толтурушат. Муну баары билет. Мамлекет башчыбыз элге айтып жатпайбы "аларга каршы күрөшүп жатабыз" деп. Чын эле күрөшүп жатабы - кеп ошондо.


Коомдук маалымат каражаттарынын материалдарынан байкасак, андай аракет анча-мынча болуп жаткандай. Бирок майда чабактар чабылып, киттер аман-эсен эле Кыргызстан деген киргил деңизде чардап жүрүшкөндөй (эгер көрсөтмө үчүн жумуштан алынган бир-экөөнү эске албаганда). Эмне үчүн алар кармалбайт? Кармайын деген эч ким жок. Бийлик аларды көрбөйт, себеби өз короосунда өстүргөн. Дээрлик көпчүлүгү Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) - ажонун адамдары. Бийлик ошолордун энчисинде. Байкап көргүлө: мамлекет, өкмөт башчылары, парламент төрагасы, Бишкектин мэри, Ош, Чүй, Ысык-Көл областтарынын биринчи жетекчилери, министрликтер менен район жетекчилерин санабай эле коелу.
Деги эле Атамбаевдин кадр тандоо саясатына эл түшүнө албай жүрөт. Адистердин, жетекчилердин ишке болгон жөндөмдүүлүгү, алардын тазалыгы эске алынбай эле өз партиясына таандыгы, жеке кызыкчылыктарына кыйшаюусуз кызмат кылуусу негизги критерий окшойт. Болбосо эл ишенимине, урматына ээ, алардын кызыкчылыгы, бейпил жашоосу үчүн бандиттер, алардын уюшкан топтору менен тайманбай күрөшүп, коомубуздагы мыйзамсыздыктарга кайдыгер карабай, тикеден-тике каршылык көрсөтүп жүрүшкөн Зарылбек Рысалиев менен Мелис Турганбаевди эмне үчүн орундарынан жылдырды? Иш билги, өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып жүргөн, коррупцияны ооздуктоодо кыйкырбай эле бир топ арзырлык кадамдарды жасаган Өмүрбек Бабановду премьер-министрликтен эмнеге алып таштады? Бул суроолорго жооп элге эми жетти.
Биринчиден , күч структурасын жетектеген тигил экөө тең кожоюнга колбала боло алган жок.
Экинчиден , ажонун кылыч көтөргүчү Текебаевдин абийирин жаап калыш керек эле.
Үчүнчүдөн , партиялашы, тил алчаак санаалашы Шамил Атахановго орун бошотуш керек болчу. Ал эми Бабановдун кетүүсүнө калайык-калктын оюнда Өмүрбек Текебаев себеп болгондой болуп калды. Чынында ал ажонун кылычын чапкан гана жоокер болду. Негизги себеп - Өмүрбек Токтогуловичтин активдүү ишмердиги, эл арасындагы күндөн-күнгө өсүп бараткан баркы, ажо менен кеңешпей өз алдынча иш алып баруусу жана анын алдында тизе бүкпөшү болду окшойт.
Болуптур, алар жакпай калышты, жумуштан алынды. Бирок, алардын ордуна татыктуу, тигилер менен теңтайлаш адамдарды алып келдиби? Жок. Талдап көргүлө - Жантөрө Сатыбалдиев ким эле? Эсиңерде болсо керек, Оштун губернатору болуп тургандагы цемент чуусу, курулуштар директору болуп тургандагы иштери. Ага козголгон иштин ушул күнгө чейин жабыла электигин маалымат каражаттары жазышпадыбы (а балким азыр жаап коюшкандыр!). Ал эми Шамил Атаханов кайсы кызматта кыйратып иш кылып, эл көзүнө көрүндү эле? Же азыркы ишинде арзырлык аракет болуп жатабы? Жок, болбой жатат. ИИМдин ички турмушу ал келгенден бери чаң-тополоң болуп жатканын көрүп жатабыз. Бирок, заказ аткарганга жарап жатат. Келээри менен 80 пайыздан ашык аныкталып калган "Ата Мекен" партиясына байланыштуу 7-апрелдеги мародерлук ишти шак жапты. Колунан келгени - бул жерде көптөн бери иштеп келишкен профессионал адистердин тымтыракайын чыгаруу аракети деп жүрүшөт. Кокус өзүм ыргып кетпейин деп такыр чочулабайт. Артында сүйөп ажо турат эмеспи. Керек болсо парламентти да тоготпойт. Төрт жолу алар чакырса "урганым жок" дегендей мамиле кылып барбай койду.
Ушуга окшоп, бийиктеги бийликке таянып, өз билген намазын окуп жүргөндөрдүн бири борбор калаабыздын мэри, КСДПнын мүчөсү, Атамбаевдин сүйгүнчүгү Иса Өмүркулов. Анын тоңмоюндугуна, ишмердүүлүгүнө ичи чыкпай жүргөндөр, ажо айткандай, эл арасында арбын экен. Анын уулу үч жапжаш өмүрдүн кыйылышына себепкер болду эле эмне жаза тартты? Эч кандай. Ойлошубузча таянган тоонун бийиктиги, "жашылбайлардын" арбындыгы мэрдин уулун түрмөдөн сактап калды окшойт, болбосо өзү күнөөмдү мойнума алам дегендей чамынып баштады эле, эми жымжырт. Деги эле күлгүндөй өмүрү кыйылгандардын ата-энелери күнөөлүүнүн атасынын акчасын алып, баласынын күнөөсүн кечирди бекен деген күңүрт ой да келет экен. Бул кайгылуу окуяны маалымат каражаттары жетпеген жерге жеткиришкен. Укук коргоо органында иштегендердин кулагы дүлөй, көзү көр эмес го. Угушту, окушту. "Мыңк" дешкен жок. Иса Өмүркулов аларга жол тапканбы же жогорудан колдоо болгонбу, ким билет? Кандай болгон күндө да ал уулун эптеп түрмөдөн кутултту, бирок моралдык жоопкерчилик деген мойнунда калды. Ошону сезип, бетин тултуйтпай кетип калса болмок. Же "кет демейинче кетпейм"- деген ойдо жүрөбү? Ажо колдоп турганда аны эч ким кетире албашын ал жакшы билет. Борбор шаарыбызда жергиликтүү кеңешке шайлоо бүтөөрү менен БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов мэрдин убактысы бүткөнчө өз ордунда калтыруу жөнүндөгү бүтүмүн, жаңы депутаттарга шайлатпай эле чыгара салбадыбы. Кантет, партияга баш ийет да. Кыргызда сөз бар эмеспи: "Базары жакын байыбайт"- деген. Болбосо мэр кылган иши менен деле көрүнгөн адам эмес. Көзгө илинээри Ош базарынын айланасы. Ал эми шаар ичиндеги жолдорчу? Борбордун чок ортосунан өткөн 2-3 жолду кошпогондо, калгандары мактаарга татыксыз эле акыбалда. Техникалык унаалар тынымсыз каттаган Тимур Фрунзе көчөсүн эле карап көргүлө. Өңгүл-дөңгүлүнөн шайтан бутун сындыргыдай. Ошол жол менен жүргөн айдоочулардын эле шору.
Ак-Өргө конушундагы жаңы асфальт төшөлгөн жолдорго бул жерде жашагандар анча ыраазы боло албай жүрүшкөндөрүн угуп калабыз. Троллейбус жүргөн жол өз убактысынан эрте жыртылып жатса, жаңы салынган Ак-Ордо менен Ак-Өргөнү туташтырып турган Өмүргөчү асфальт жолу жаңы болгону менен эки чоң машинанын кайчылаш өтүшү кыйын, өтө эле тар. Тротуар деген немеси жок. Жаш өспүрүмдөр мектепке, ата-энелер кичинекейлерин бала-бакчага жетелеп баратканда коопсузданып, улам артка кылчактамайынча баса алышпайт.
Кыш келгени борбор шаарыбыздын чоң көчөлөрүндө машина айдап жүрүү нервиңди далай чыңалтат. Көп жерлери күрөлбөгөнү аз келгенсип, кум да чачылбайт. Сүзүшкөн же кюветке тыгылган машиналарды шаардыктар байкап эле жүрүшсө керек.
Күн жылымдап, жаз келе баштаганы чоң көчөлөр кургап, арык жээктери, тротуар, парктардын ичтери ачылып, кыш бою көрүнбөгөн ыпластыктар, көчө боюна төгүлгөн таштандылар көрүнө баштайт. Көрүп туруп жийиркенесиң жиниң келет. Шаар ичин таза кармап турганга каражат жетпейби? Же көңүл буруу жетпейби? Шаар ичи тигинтип жатса, столбалардын бооруна гүл өстүрүп эмне кылабыз? Чет жакадан келгендер гүлдөрүбүздү көрүп түзүк дешсин, бирок балиттиктерибизди көргөндө эмне дешет?
Соңку жылы Польшага кызымдыкына бардым. Бир-эки саат эс алгандан кийин эле поляк саякатчысы Яцек Хуго-Бадер дегендин өз тилинде жазылган "Бейиш өрөөнүндө"- деген китебин алып келип алдыма, нааразы түр менен таштады. 112 бетине кагаз кыс-тарып коюптур. Окуп, которуп берди. Шаарыбызды "ыплас шаар экен"- дептир.
Варшавадан анча алыс эмес жерде жайгашкан Гитлердин бункерин көргөнү барып, ошол жердеги кафеге тамактаналы деп кирсек төркү столдо күйөө баламдын таанышы, эки аял отуруптур. Бири өзүнүн аялы, экинчиси Бишкектен командировкага келген мейман экен. Тиги жигит Орто Азияны беш колдой билип, орусча так сүйлөйт экен. Сүйлөшүп отурсак "Дүйшөмбү таза шаар, бирок томаяк, Бишкек ага караганда бай, эли да жакшы, бирок ыплас"- деп жатпайбы. Бир жагынан чычаласам, бир жагынан намыстандым. Бирок, чындыктан кайда качабыз?

Кашкабай АЛИШЕРОВ,
75 жаштагы пенсионер






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??