кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"

"Мародерлукка шектүүлөрдүн
тагдырын парламент чечет"
Бүгүн талап-тоноочулукка "Ата Мекен" партиясынын кээ бир депутаттарынын (Ө.Текебаев, Б.Шер, Т.Мадылбеков, Р.Төлөгөнов) тиешеси барбы, жокпу деген суроого чекит коюлат. Тагыраагы, бул маселе боюнча парламенттик убактылуу комиссиянын жыйынтыгы парламентте угулат. Алдын-ала комиссиянын төрагасы, "Ата Журт" фракциясынын депутаты К.Осмонов менен баарлаштык.

- - Курманбек мырза, талап-тоноочулук боюнча териштирүүнү комиссия аябай эле кечеңдеттиңиздер. Кечигүүгө эмне себеп болду?
- - Коомчулукка белгилүү болгондой, былтыр, 6-сентябрда, талап-тоноочулукту иликтөө боюнча парламенттик убактылуу комиссия түзүлгөн. Ишибизди 13-сентябрдан баштап, ноябрда аяктап, бир нече жолу күн тартибине киргизүүгө аракет кылганбыз, тилекке каршы кирбеди. Же комиссиянын ишин узартуу боюнча маселе койгонбуз, ал дагы чечилген жок. Анан мен төрага А.Жээнбековго расмий кат жазып, бардык топтолгон материалдарды тиркеп, 29-ноябрда киргизгенмин. Төрага "декабрда каралат" деген, каралган жок. "Январдын башында" деген, андан да жылып, "16-январда" деген, тилекке каршы, андан да ары жылып кетти. Кыскасы, "андан да маанилүү маселелер бар. Бюджет маселеси, ЖКнын алдында отчет берчү органдардын отчеттору чыгып калды" деп жылдырылып келди.
- - СДПК бул маселени алдын ала жабык эшик артында сиздин катышууңуз менен караганы маалым. Жабык эшик артында "макулдашуулар" болору жашыруун деле эмес да. Корутундуга кандай оңдоо, түздөөлөр киргизилди?
- - Корутунду эч кандай өзгөртүүгө дуушар болгон жок. Бул ишке башынан баштап коомдук уюмдар, ММКлар тыгыз катышкандыгына байланыштуу мурда гезиттерге (силердин дагы гезитке) чыккан. Ал эми өткөн жумада СДПК фракциясынын жыйынында бул маселе каралганы ырас. Мен аларга "Корутундуга кол койгон 5 депутатты, мурдагы ИИМ министри Зарылбек Рысалиевди жана Убактылуу тергөө абагынын (СИЗОнун) начальнигин чакырып, сурагыла" деп сунуштадым эле, бирок, эмнегедир комиссиянын төрагасы катары мени гана чакырыптыр. Ал эми "Ата Мекен" фракциясынан бардыгы катышты. Комиссиянын жыйынтыктоо материалдарына алымча-кошумчаны мен кийридим. "Экөөнүн кыйыр тиешеси бар" жана "Экөөнүн түздөн түз тиешеси бар" деген жери бар. Ушул эки момент боюнча өзүмдүн ой-пикиримди жаздым. "Кыйыр тиешеси бар" деген жерде - "Ата Мекен" партиясынын депутаттары Абдулла Юсупов менен 2005-жылдан бери туруктуу байланышы бар" деп жазылып жүрөт. Ал боюнча мен: "Ө.Текебаевдин, Б.Шердин, Т. Мадылбековдун 2005-жылдан бери туруктуу байланышы болгон эмес" деп. Экинчисинде "Ата Мекен" фракциясынын офисинде мародерлукка чейин бир гана жолугушуусу булардын мародерлукка кыйыр да, түз да мааниде негиз боло албайт" деп. Андан тышкары, "Асылбек Текебаев 2010-жылдын май айында Бакиевдердин үйүн өрттөөгө катышкан" деген нерсени факты катары кабыл албашыбыз керек, бул боюнча кошумча тергөө талап кылынат" деген пикиримди айттым. Калганына, мен дагы башка мүчөлөрдөй эле макулмун. Бул боюнча жыйынтык кандай чыгарылып, кандай чечим кабыл алат - ал парламенттин иши.
- - Райкан Төлөгөновдун телефон менен сүйлөшүүсү тастыкталды да?
- - Ооба.
- - Мурдагы ИИМ министри Зарылбек Рысалиевдин маалыматы туура чыктыбы?
- - Ооба.
- - Бешөө кол коюп, бешөө кол койбой койгон турбайбы. Кимдер кол койбой койду. Эмнеге?
- - Мен, Надира Нарматова ("Ата Журт), Заирбек Жоошбеков, Бахтияр Кадыров (СДПК), Кенжебек Бокоев, Абдыжапар Бегматов (Республика), Бактыбек Калмаматов, Наталья Никитенко (Ата Мекен), Анвар Артыков, Кожобек Рыспаев (Ар-намыс) бекитилгенбиз. Кол койгондор - мен, Н.Нарматова, А.Артыков, А.Бегматов, К.Бокоев. Эмнеге кол койбогонун өздөрүнөн сурасаңыздар болот.
Маектешкен
Назира СААЛИЕВА

P.S. Бул маселе боюнча ой-пикирлерди эмки сандан кенен окуй аласыздар.





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Яндекс.Метрика