Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Консулдун "кожосу" ким?

Жаңы мамлекетти курууда кадрдык саясаттын маанисин үч сөз менен так жана кыска түшүндүргөндөрдүн бири Сталин болгону жалпыга маалым. СССРдин социалдык курулушунун жоопкерчиликтүү мезгили ХХ кылымдын 30-жылдарына туура келип, Сталиндин жаш Совет өлкөсүнүн келечегин: "Бардыгын кадрлар чечет!" дегени баарыбызга маалым.

Бирок, кадр саясатында катас-трофа бир учурда же бир эле мезгилде эмес, акырындык менен жүрдү. Бийликке ар кандай адамдардын келип, кээде кокусунан кызматка илинип калган адамдар тегерегине да өзүнө окшогондорду чогулткан. Бирок, ал кезде карьераны артынан кууган чиновниктерди Сталин "эл душманы" "бузуку" деп чечкиндүү түрдө жок кылып турган. Темирдей бекем кармаган күндө да өз кызыкчылыгын ойлогон адамдар барган сайын көбөйгөн. Алар мамлекеттин тагдырына кайдыгер карап, элди өздөрүнүн майда барат кызыкчылыгы үчүн колдоно башташкан. Мындай "профессионалдуу" адамдар көбөйгөндөн көбөйүп, акырында алардан арылууга да мүмкүн болбой калып, эл алардын жашоосунан, адамдарга жасаган мамилелеринен үлгү ала башташкан. Аягы эмне менен бүткөнүн мурдагы советтик өлкөдө жашаган атуулдарыбыз жакшы билишет.
Эгемендүүлүгүбүздү колго алгандан кийин Кыргызстанды башкарган ажолорубуз өткөн доордун трагедиясынан сабак алса болмок. Бирок, антүүгө алардын кудурети жетпеди! Кадр саясатындагы коррупция андан да ашып түшпөсө, кем калбады. Башыбыздан эки революция өткөндөн кийин бийлик эшелонундагылар уюшулган кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүүгө, экономикалык реформа жүргүзүүгө, инвестицияга жакшы шарт түзүүгө, мамлекеттик жетекчилерди кызматка кесипкөйлүгүнө карап алууга мүмкүнчүлүк болсо да, эч кандай чара колдонулбай, иштер жүргүзүлбөй коррупцияга белчесинен малынган, тажрыйбасы жок адамдар дагы да болсо бийликте отурганы-отурган. Жада калса чет мамлекеттерде Кыргыз Рес-публикасынын кызыкчылыгын коргоп, эл аралык кадыр-баркын бекемдөөчү элчилик, консулдук кызматтарда да коррупционер адамдар отурат. Мындай "кадр-лар" бул кызматтарда "бардыгын" чечпесе да туугандарынын, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн көп нерселерди чечишип, мамлекетти чоң зыяндарга учуратып жатканын биз тана албайбыз. Себеби, алар үчүн өз капчыгын толтуруп, туугандарын майлуу-сүттүү жерге жумушка орнотуудан башка маанилүү эч нерсе жок. Анткени, алар бул кызматына мамлекетке кошкон салымы же өз ишин мыкты билген адис катары эмес, дагы да болсо тааныш-билиши аркылуу, кээ бирлери криминалдык байланышы аркылуу келгендиктен, акча берип, чуркап жүрүп отурган кызматынан колдон келсе көп акча түшүрүп алууну, капчыгын толтурууну гана максат кылып "бул кызматта канчага чейин отурарымды бир кудай билет" деп бардыгынын чен-өлчөмүн акча менен эсептеп калары белгилүү. Аларга элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынын эмне кереги бар? Ал жөнүндө ойлоого да убакыттары жок. Кызмат деген - өмүр бою эмес убактылуу нерсе, ошон үчүн "колдон келип турганда акчаны кампайтып басып алуу керек" деген гана максат менен жашашат.
Мына ушундай кадрлардын "көрүнүктүүлөрүнүн" бири катары коомдук-саясый "Кереге" газетасы "Башкы консул Кубанычбек Өмүралиевдин жети керемети" (№23 (54) 29.08.2012-жыл) деген макаласында жазып чыгышкан. Ал макалада сөз Кыргыз Республикасынын Дубайдагы башкы консулу К.Өмүралиевдин мамлекетибиздин бетин жер каратып жаткандыгы жөнүндө, тагыраак айтканда чет жакта жүрүп жардамга муктаж кыргыз атуулдарына жардам берүүнүн ордуна алардан акча өндүрүп тургандыгы тууралуу сөз болгон. Анда Араб Эмираттарына өз каалоосу менен эмес, аргасыздан оор абалга тушугуп, мыйзамсыз жүргөн адамдарды да шантаж кылып, акча талап кылгандыгы айтылган. Башкы консулубуз Дубайда хандардай жашаганына караганда анын ары-бери басканына эле өкмөтүбүз көп акча бөлүп тургандыгы көрүнүп турат. Кыргыз жарандарынан акча алганы аз келгенсип, Өмүралиевдин бетинин калыңдыгын ушундан көр, Кыргызстандын жараны Наталия Шаб-лицкаяга мекенине кайтууга жардам берген БУУнун Швейцариядагы адам сатууга каршы күрөшүү борборунун өкүлдөрү Елена Газик жана Юрген мырзадан "мен да кол кабыш кылдым го" деп акча доолаган. Алар консулдун мындай жоругуна таң калып, мурдагы премьер-министр Ө. Бабановго маалымат-кат жөнөтүшкөн. Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн жарандарыбыздан акча доолагандыгы жөнүндө жабыр тарткандар расмий түрдө Башкы прокуратурага, КР ИИМ жана ТИМге кайрылышкан. Алардын арасында Эмиратта жашаган КР жараны Рано Чуприна да бар. Жогорудагы аталган мамлекеттик мекемелер башкы консулдун кылыктарын жакшы билишсе да, эмнегедир унчукпай келишет. Алардын мындай мамилесинин себеби, Кубанычбек Өмүралиевдин Темир Сариев менен табакташ болгондугунан го деген ой кетет. Балким, анын жоопкерчиликке тартылбай жаткандыгынын себеби башкадыр, бирок К.Өмүралиевдин үстүнөн жазылган арыздар боюнча эч кандай чара колдонулбай жатканы бул - факт. Журналисттерден алган маалыматтарыбызга караганда Өмүралиевдин талтаңдашынын негизги себеби, анын "криминалдык чөйрө" менен байланышы бар деген сөз айтылууда жана Жогорку Кеңеште мурда чоң кызматта отурган адамдын колдоосуна ээ экен. Ошон үчүн жогоруда аты аталган мамлекеттик мекемелерибиз чындыкты жаап-жашырып келатышса керек. Антпесе жооптуу дипломаттык кызматка агрардык билими гана бар, дипломаттык ишке тажрыйбасы жок, чет тилин билбеген адамды кантип отургузушту? Бирок, биз жалпыга мурда эле маалым болгон нерсени кайталабай, Өмүралиевдин жакында эле жасаган иштерине кайрылсак.
2012-жылдын 27-ноябрында Эл аралык инвестициялык "Шейх Ахмад бин Обейд Аль Мактум" фондунун Бишкек шаарында ачылышы болду. Бул ачылышка фонддун жетекчилиги президентибиз А.Атамбаевди чакырган эле. Ошого байланыштуу фонддун ишмердүүлүгүн билүү максатында КР Президент Аппаратынын тышкы саясат бөлүмү башкы консул Өмүралиевден маалымат берүүнү суранышат. Инвестициялык "Аль Мактум" фонду расмий ачылышына чейин эле Баткен облусундагы Баткен районун сугат суулары менен камсыз кылуу боюнча 10 млн. АКШ долларына инвестиция киргизүүгө Баткен районунун администрациясы менен келишим түзүп, биринчи кадамын жасаган.
Окурманга түшүнүктүү болсун үчүн бул фонд тууралуу кыскача маалымат берели. "Аль Мактум" инвестициялык фонддун негиздөөчүсү шейх Ахмад Аль Мактум - Эмиратты башкарган хандардын үй-бүлөсүнөн. Дубайдын экономикалык өнүктүрүү департаментинде мыйзамдуу катталган. Бул фонддун артыкчылыгы ички жана тышкы инвестициялык иштерин айыл чарба, жаратылыш ресурстарын иштетүү жана казуу, телекоммуникацияны өнүктүрүү ж.б. тармакта жүргүзөт. Фонддун мыкты тажрыйбасы, стратегиялык өнөктөшү жана башка бардык шарттары бар. "Аль Мактум" фондунун жетекчилиги биздин мамлекетке да инвестициялык жардам көрсөтүүгө макулдугун берген. Ошого байланыштуу Бишкекте фонддун расмий өкүлчүлүгүн ачуу мааракеси белгиленген.
Бирок, башкы консул К.Өмүралиевдин КР Президентинин Аппаратына берген жообу таптакыр башка нерсени билдирген. Анын айтымында ал Дубайдын дипломатиялык кызматынын расмий өкүлчүлүгү менен жолукканда алар бул фонддун ишмердүүлүгү тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын, делегациянын Кыргызстанга кеткенин такыр угушпагандыгын айтышыптыр, ал эми шейх Аль Мактум Дубайдын ханынын алыскы туугандарынын бири экен.
"Аль Мактум" фондунун жетекчилигине башкы консул К.Өмүралиевдин өкмөттүн сурамжылоосуна жиберген жообун билип коюп, фонддун төрагасынын орун басары Юсуф Аль Джанах КР Президентинин Аппаратына башкы консулдун мындай мамилесине түшүнбөй жаткандыгын жана К.Өмүралиевдин берген маалыматтарынын баары чындыкка шайкеш келбестигин билдирип, кат жолдоп, аны менен кошо фонддун катталгандыгын тастыктаган негизги документтеринин көчүрмөлөрүн жана шейх Ахмад Аль Мактумдун дипломатиялык паспортунун көчүрмөсүн жиберген. Ал паспортто фонддун ээси хандын үй-бүлөсүнөн экени даана жазылган.
Башкы консул К.Өмүралиевге өз Өкмөтүнө мындай калп маалыматты берүүгө жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга эмне түрткү берди? Инвестициялык булакты да өзү башкарып, андан өзүнүн "энчисин" алып калууга аракет кылган ачкөздүгүбү? Көрсө К.Өмүралиев "Аль Мактум" фондун өзү аркылуу иштөөгө көндүрө албай "энчисинен" кур калып жатканына ызырынып, ага башка жолдор менен кысым көрсөтүүнү чечкен окшобойбу. Анын бул аракети мамлекеттин инвестициялык саясатын үзгүлтүккө учуратып, анын экономикасына залалын тийгизип жатканы башкы консулубузду ойлонтпосо да керек. Айтмакчы, акыркы мезгилдерде кыргыз элчилеринин Өкмөттүн өз каалоосу менен Кыргызстанга келебиз деген чет элдик инвесторлор жөнүндө сурамжылоосуна мындай "сапаттуу" жооп жибериши көп кездеше баштагандыктан КР Өкмөтү мындай сурамжылоону УКМК нын сырткы чалгындоо бөлүмүнүн жардамы аркылуу жүргүзүүгө мажбур болууда. Мунун себеби, тажрыйбасыз жана керт башынын пайдасын ойлогон биздин элчилер менен консулдарыбыз кызматтык милдеттерин "жөн эле" аткаргысы келбегендигине барып такалууда.
Ал эми, биздин К.Өмүралиевдин дагы бир "Оммикс Групп" компаниясынын инвестициялык кызыкчылыгына бут тосуп жаткандыгы жөнүндө маалымат чыгууда.
Өкмөттүн инвестиция саясатынын абалы өтө начар, анткени К.Өмүралиевге окшогондордун айынан акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстанда жеке менчик инвестициялык долбоор иштебей келет.
Мына урматтуу окурман, бул Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттыгындагы генералдык консул Кубанычбек Өмүралиев туурасындагы алгачкы кеп. Алдыңкы күндөрү бул иш боюнча тиешелүү тармактардан жооп алууга аракет жасайбыз. Андыктан, экинчи тарап да өз чындыгын айткысы келсе, ММК мыйзамына ылайык аларга да сөз берилет.
P.S. Гезит бетинде айтылган сын-пикирлер боюнча биз экинчи тараптан да пикирин угууга, аны гезит бетине жарыялоого даяр экенибизди билдиребиз.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??